Бейбазар куттуу күнү, майрамдардан сырткары...

* * *

Бейбазар куттуу күнү, майрамдардан сырткары,
өзгөчө зарылдыгы болбосо да эч кандай,
үйүңдөн багыт алып борбор жакка чыкканы,
кулактын тарсылдагын жарат ичтен тыткандай,
кыйч-куйч, чы-ыйк, калдыр-шалдыр, ызылдакты укканы,

дегеле жин ургандай ылдамдыкта арымдап,
көнүмүш жер астынан өткөн поезд барганы
Павелец-Автозавод ортосуна жарымдап,
бул жерде үй-бүлөлүү бир курбалым калганы,
жоош эле, андай асыл эми кайдан табылмак,

кыйылбай шарап иччү, китепкөй жан андан да,
кымырбай таза иштеген байкуш Боря Гелибтер
(эстеп кой бата кылып алаканды жайганда!),
бүлүндү бүт денеси — жарган бомба кириптер,
эки миң төртүнчү жыл Иса туулган майрамда,

тогуздан отуз эки мүнөт өткөн жума күн,
капарсыз эртең менен жумушуна бараткан,
элүү төрт күндөн кийин кырк төрт жашка чыгаарын
шоркелдей ойлосо да, билмек эле каяктан:
күтпөгөн кырсык болду жалп өчүрүп чырагын,

кайталап келем элдин каргап айткан жардыгын:
«Мерез ким коркунучтуу буйрук бере сүйлөгөн,
ал ишти аткаргандар сезип-билип баардыгын,
өткүлө жай табалбай эки бирдей дүйнөдөн —
сыз мүрзө, жылуу төшөк көрсөтүп да тардыгын,

жаныңар чырылдасын от-тозоктун чогунда!» —
бул ошол жан күйгөндөн айтылган сөз айла жок,
купуя кандай сыр бар бул асмандын оюнда,
жердеги акыл менен өлчөгөндөн пайда жок,
төрөлүп, жашап, өлгөн — Жараткандын колунда,

Ал кайра үндөп келет момундарды жубатып:
«Мен сүйгөн пенделерим жыргалдыкта жашасын!» —
бул сезим элес-булас, көпчүлүктү ынатып,
кеменгер акыйкаттап, так эсебин атасын:
келечек жанданышы качан, кайсы убакыт,

бул жерден тапса болот өзгө ойчулду утурлай,
сунулган кермек сөзү суу кечпесин белгилеп,
Освенцим, Хиросима, ГУЛАГ, Багдад тушундай,
Нью-Йорк же кандуу канча согуштан соң, ким билет:
Поэзия кандай болот? — балким, болот ушундай.