түн түшүрө түшкү шамал жулкунат...
* * *
түн түшүрө түшкү шамал жулкунат
өчкөн дене карайып да тим турат
курмандыкка чалышкандар жаңы эле
тараганга шашылбады дагы эле
кең пейилден бирөө туштап найзаны
кабыргасын аралата сайганы
себеп бар го бир жакшылык кылгандай
тез арада жайрасын деп кыйналбай
эбак эле денеден жан бөлүнгөн
найза бирок урулган соң көңүлдөн
кыпкызыл кан суудан бетер атылат
латын жоокер туулгасына чачырап
обочороок эрдин тиштеп каранган
улан күтөт крестке да кадалган
ал өлөөрдө табыштаган энесин
петр дагы мария да не десин
кечээги үйдөн жүргөн окуп китебин
майрам сууну алып келди никодим
ак кансупка ороп-чулгап салып да
күзөтчүнү коюшту анан табытка
а койчулар алат колго таягын
түйүнчөктөп пасхалык аш тамагын
жакшы кабар айтып келчү периште
жайланышат ал жердеги эңишке
шашылышта петр муңдап тур анда
пайдасыз деп таңда бармай храмга
келе турган чыгашаны сезгенби
иниси экөө иштей турган кез келди.
мариянын оту дале өчпөгөн
теше тиктейт дубалды көз өтпөгөн
үч күн өтпөй убадага кирет ким
ишенимсиз күл болгону крестин
түн түшүрө түшкү шамал жулкунат
өчкөн дене карайып да тим турат
курмандыкка чалышкандар жаңы эле
тараганга шашылбады дагы эле
кең пейилден бирөө туштап найзаны
кабыргасын аралата сайганы
себеп бар го бир жакшылык кылгандай
тез арада жайрасын деп кыйналбай
эбак эле денеден жан бөлүнгөн
найза бирок урулган соң көңүлдөн
кыпкызыл кан суудан бетер атылат
латын жоокер туулгасына чачырап
обочороок эрдин тиштеп каранган
улан күтөт крестке да кадалган
ал өлөөрдө табыштаган энесин
петр дагы мария да не десин
кечээги үйдөн жүргөн окуп китебин
майрам сууну алып келди никодим
ак кансупка ороп-чулгап салып да
күзөтчүнү коюшту анан табытка
а койчулар алат колго таягын
түйүнчөктөп пасхалык аш тамагын
жакшы кабар айтып келчү периште
жайланышат ал жердеги эңишке
шашылышта петр муңдап тур анда
пайдасыз деп таңда бармай храмга
келе турган чыгашаны сезгенби
иниси экөө иштей турган кез келди.
мариянын оту дале өчпөгөн
теше тиктейт дубалды көз өтпөгөн
үч күн өтпөй убадага кирет ким
ишенимсиз күл болгону крестин





