Кандай турса — тура берсин ошондой...
* * *
Кандай турса — тура берсин ошондой,
Алмашпасын орундары буюмдун.
Консерватор, педанттыктан бошонбой,
Анан калса, коркок болуп туюлдум.
Калсын баары, жакпаган иш жасаба,
А баардыгы калыш үчүн өзүндөй,
Тийбегиле текчедеги вазага,
Тура берсин көзгө илешпей, көрүнбөй.
Оюуларын көрбөгөнүм жакшы анын,
Адатым бул калыптанган, жат эмес.
Билем сенин эскичил деп жатканың,
Таарынгыдай анча жаман ат эмес.
Бул өмүрдө, кабырдын да кырында
Айтпа эрдик, ар-намысты Туу кылып!
Калса болду баардыгы өз сынында:
Жылт-жулт этип куюлуша кубулуп.
Даңктай берсең эгер февраль айыңды —
Октябрь табат парда жактан түнөгүн...
Жандай сүйөм экстремист айымды,
Төңкөрүшчүл кыялкечти сүйөмүн!




