Шамал өкүмдары

(романдан үзүндү)

Шамалдын табиятына ээлик кылган кишинин бою бүкүр, дени арыкчырай, өңү жашыл. Бети жукасынан келип, өтө көп сүйлөйт, суукту, туманды көтөрө албайт, дегеле муздактык менен буудан жаралгандын баарына чыдабайт. Адамга табияттан берилген энчи анча көп эмес, өмүр кыска, уйку үстөмчүл. Калп элестердин жаратуучусу ырдын, күлкүнүн, чыр-чатактын жана ок атуунун күйөрманы. Кебетеси таз жоруга, чөөгө, итке жана түлкүгө окшош. Мылтык же жаа атканга чебер киши шамалдын табиятына эгедер эмес. Элестерди жаратууга чебер адам аларга арстандын белгилерин алып жүргөн шамал өкүмдары сыяктуу ээлик кылат. 

Вайду-Онбо, тибеттин медициналык трактаты 

Так ушундай адаттан тыш дал келүү жана мына момундай эпчил ыкмалар коомго кызмат кылуунун маанилүү көп түрдүүлүгүнүн өзгөчөлүгүн түзөт. 

Чарлз Диккенс. «Издөө полициясы»

1-бөлүм. Көлөкөлөр театры

1-бап. Өкүм

1

Белгилүү болгондой, 1893-жылы борбордук издөө полициясынын айтылуу башчысы Иван Дмитриевич Путилин отставкага чыгып Новгород губерниясына көчүп барып, Волхов дарыясынын жээгиндеги алма бактуу үйгө отурукташты. Көп өтпөй көрүнүктүү басып чыгаруучу сунуштаган калем акыга азгырылып мемуар жазганга киришти да, өз алдынча кандайдыр албан эмгек жарата албасына көзү жеткиче эки жумадай болочокто жаза тургандарын чуктап, бөлүмдөрүнө аталыш берип, баш сөз жазып, алгачкы аракетин жасап көрдү.

Кимдир бирөө ага петербургдук адабиятчы Сафроновду сунуштады. Кат жазышканда ал чынында сунуш кылынган калем акынын теңин сурады, бирок бетме-бет жолугуша келгенде сураганынын жарымына макул болбосо арзаныраак калемгер издээрин угуп, кол алышканга макул болду

Алар вокзалдан коштошушту, ал эми эки күндөн кийин Сафронов ошол эле поезд менен Волховдун жээгине келди. Бул жерде, Иван Дмитриевичтин үйүндө кожоюндун эскерүүлөрүн жазганча бир айга жакын жашады. Мындан соң бул кол жазманы кайрадан иштеп чыгып, китеп кылыш үчүн басмага даярдады. Мукабада бир гана аты-жөнү жазылышы керек болчу, акча алганы гана болбосо Сафроновко бул иш эч кандай даңкты убадалаган жок, антсе да алаар акчасы бул кыйналуусуна татыктуу болчу.

Иван Дмитриевичтин жеке өмүрүнө саякаттап, күн сайын талдоо жүргүзүп, кагазга түшүргүчө адабиятчы үч карандаш түгөттү, ортоңку манжасына суусу исиркектеген жара пайда болду. Алты кырлуу карандаш тогологуна алмаштырылды, бирок ал деле кыйноонун куралына айланды. Сафронов бир нече дептерди толтуруп, кете турган болуп калганда бакчадан акыркы алмалар терилип, жалбырактар жапырт саргайды, эртең мененкисин дарыянын үстүнө туман туруп калчу болду. Кол жазма жетиштүү болчу, Петербургга кайтып келери менен аларды стилистикалык жактан оңдоо, бардык окуяларды хронологиялык жактан иреттөө, айрым жерлерге тарыхый өң берүү, аба ырайы боюнча жана психологиялык сүрөттөөлөрдү кошуу калган.

Сафронов өз үйүндөгү жымжырттык, жылуу халаты, жанындагы креслодо үргүлөп жаткан сүйүктүү мышыгы, сүйүктүү эмес аялы бул олбурлуу эмгекке берилүүнү канчалык таттуу кыларын алдын ала сезген. Ошондой болсо да аялы бели жоголуп, тулку-бою канчалык жоонойгон сайын күйөөсүнө берген кофеси жыттуу, ысык чайы менен берген наны жумшак болушу керектигин мойнуна алууга эрдиги жеткен жан эле.

Алга карай чуркап айтчу болсок, жазда бул жумуш аяктады. Иван Дмитриевичтин мемуары басмадан чыгары менен Сафронов бүт кол жазмаларды жок кылып, архивинде сакталган бир гана дептерди алып калды. Анда камтылган окуя китепке кирген жок. Сыягы, аны Сафронов келечекте жазыла турган романы үчүн сактап койгондой, бирок аны жазганга ошол бойдон чыгынбады.

Бул бети крахмалданган катуу кездеме менен сыртталган калың дептер эле. Биринчи бетине Иван Дмитриевичтин китебине карата пикир жазылган журналдын эки барагы жабыштырылган. Макаладагы «Анын талантынын сыйкырдуу ийиги чыгарманын сюжеттик жана психологиялык жиптерин бирдей чеберчиликте айкалыштыра токуп жүрүп отурат» деген саптын алдын кимдир бирөө сызып койгон. Анын капталында: «Ийик токуй албайт», — деген белгилөө бар. Кичине ылдыйыраакта буга карата башка кол жазма менен каяша айтылган: «Сөз сыйкырдуу ийик тууралуу болуп жатат. Сыйкыр баарын жасай алат!»

Дептердин ар кайсы мерчемдүү беттерине «Азия» гезитинин 1913—1914-жылдары чыккан сандарынын кесиндилери жабыштырылган. Мындан көрүнүп тургандай, ушул окуяны уккандан жыйырма жыл өткөндөн кийин Сафроновдун кызыгуусу буга кайра козуган. Эмне үчүн мындай болгону дептердин аягына жеткени калганда түшүнүктүү болот. Ушул сыяктуу эле, буга чапталган гезит кесиндилеринин мааниси да дептерди толук окумайын өтө чоң табышмак бойдон кала берет.

Ошентсе да булардын баары Монголия менен байланышта экенин дароо байкайсың, анан дагы мында 1913-жылы моңголдордун козголоңчул аскерине аскер кеңешчиси болуп барган орус офицери Солодовниковдун эскерүүлөрүндөгү тандамал жерлер көрсөтүлөт. Ошондон бир жарым жыл мурда Сырткы Моңголия (Халха) Бээжинге болгон көз карандысыздыгын жарыялаган. Мындан улам Солодовниковду жетекчилери кытайлар менен согушууга жөндөмдүү аскер бөлүктөрүн түзүш үчүн Моңголияга жиберет.

Бир караганда анын белгилөөлөрү мында жазылгандар менен эч байланышпастан, дептер боюнча чачыранды сыяктанат. Мисалы, Сафроновдун Иван Дмитриевич менен таанышуусу төмөндөгү үзүндү менен капысынан алмаштырылат:

«Чыңгызханды эске алуу менен мен моңголдордой жоокер элдин согушка жутунуп киришинен үмүттөнүп, аларды европанын заманбап куралдары менен жабдып, азыркы согуштун тактикасы менен тааныштыргыча зордоп кармап турууга туура келерине ишенгем. Бирок көп өтпөй эле азыркы моңголдор өз ата-бабаларынан канчалык алыс болсо, жогорудагы менин алар жөнүндөгү пикирим чындыкка ошончолук чендебестигин түшүндүм.

Алардын баары эми буддистер экен, бул «сары диндин» зордугу ушул байкуш урууну каргышка калтырыптыр. Чабуулдарда же коргонууларда эскадрондор толугу менен жакынкы кечилканаларга «сыйынганы» кетип калышчу, пулемётторго хорза* бүрккөндөрү менен майлашчу эмес, штабда кармалган лама топтору дайыма менин көргөзмөлөрүмө кийлигишер эле, ошондо да биздин бөлүктөрдүн жайгашуусуна же артиллерияны колдонууга карата ушундай бир диний каршылыктарын кылышкандыктан мен алардын кытай тыңчылары экенине шегим жаралган.

Ок-дарылар сакталган жерде дайыма суу көп болчу да, пулемётту муздатуучу каптоочтордо суу жок болуп калчу. Замбиректерди ташууга чегерилген өгүздөрдөн дайыма эле чума чыга берчү, аларды эмдетүүгө жөнөтсөң, айдоочулары менен кошо изсиз жоголуп кетишчү. Качкындар абдан көп болчу, бирок уурулар андан көп эле, баары бири-бириникин уурдашчу да, ошол эле учурда белектерин алмашышчу. Баары жакшы ниеттүүлөр эле, бирок эч кимиси эч нерсе жасачу эмес.

Маанилүү документтер менин моңгол башчыларымда кармалып жата берчү, бул дагы жакшы, кээде аларды сатып жиберишчү. Анткен менен изрухайчин-төлгөчүлөр ишмердигин укмуштай жүргүзүшчү. Согуштук аракеттердин планы туура экени асмандагы жылдыздарга жана отко ыргытылган койдун далысына түшкөн жаракаларга карап текшерилчү. Ал эми ийри буттуу пифийлер кайсы бир буйруктун үстүнө жазылган санды бактысыз деп табышчу болсо, ал чын жүрөктөн же таза абийир менен аткарылчу эмес, анткени бул сан жөндөн-жөн гана жылнаамадан алынып салынган болуп чыкчу.

Мисалы, Айдын экинчи күнүнөн соң келе турган үчүнчү күн төртүнчү күн катары эсептелчү, андан соң эки бешинчи күн келчү. Ар бир айдагы бардык күндөрдүн үчтөн бир бөлүгү жокко чыгарылганы жарыяланчу, ал эми жуманын шаршемби, бейшемби жана жума күндөрү бир эле дата менен белгиленерин мен ишемби күнү эртең менен билген элем.

Качанкы бир кезде жапайы кыйкырыгы менен Бээжинден Иерусалимге чейинки бүткүл жандуулардын жүрөгүн түшүргөн менин моңголдорум чабуулга чыкканда эс-тутумунда сакталган даңкка мас болуп, алдынан чыккандын канына суусап тургансып качырганы менен, бир гана жолку замбирек атылышта бытырай качып жөнөшчү. Тартипти кармоонун жападан-жалгыз каражаты таяк болчу. Мен боштондукка чыгаруучу армиядагы уруп-сабоону жол берилгис жорук катары эсептечүмүн, маселени чын жүрөктөн жана терең камтыган жүйөлөрүмдү аскер министрлигинде да толук түшүнүү менен кабыл алышкандыктан, ал көйгөй биротоло чечилген сыяктанган.

Анткеним менен мында келгенде таяксыз тартип жогун түшүнүп, баарына кол шилтөөгө туура келди, бара-бара эч нерсени байкабагандай түр көргөздүм. Жалтырата лакталган кутуга салынган таякты да кандайдыр бир культка тиешелүү ыйыктыкты алып келе жаткансып, салтанаттуу түрдө кастарлай көтөрүп келип катардын алдына коюшчу. Байкуш жесир жаш жана назик бутактарын жеп тоюнушу үчүн кайсы бир ыйык ламанын башынан кереметтин күчү менен бир түндө касиеттүү бамбук өсүп чыкканын, дал ошонун бир бутагынан жасалган бул таяк Улуу Абатай хандын өзүнө тиешелүү экенине моңголдор бизди ишендирүүгө аракеттенишчү.

Ал бамбуктун бетинде кан аккан тилими бар дагы бир бутагы штабда акча сакталган куту менен бригаданын туусунун жанында сакталып турчу. Ошентсе да анын пайдасы баары бир эле аз болчу, анткени тигил же бул жорукка моңголдордун өз баа берүүлөрү бар эле. Мисалы, атты жөнсүз тердеткен чабандести өлөөрчө сабаганга чейин барышса, кечмеликтен өтүп баратканда замбиректин алыстыкты өлчөгүчүнүн чөгүп кетишине күнөөлүү жоокерди карап, таңдайын шыкылдатып гана коюшчу.

Анын үстүнө мен эскадрондор менен бөлүктөрдү кандай негизде түзүү керектигин таптакыр биле албай койдум. Өзүнчө уруулардан турган бөлүктөр көп болчу, мындай тартипти четке кагуу коркунучтуу болчу; аралаш түзүлгөн бригадаларда башаламандык орун алып, бирок көпчүлүк катышкан тартип бузуулар анча көп эмес эле. Акылдан айныткан жылнаамалары менен биригип булардын баары айламды кетирчү, жабышкан балээ сыяктуу кежигени кер тарттырганга чейин жеткирчү, чарчатчу, алдан тайдырчу.

«Чыгыш адамы үчүн сутканын бардык сааттары бирдей», — деген сөздү Киплинг индиянын темир жолдорундагы жүргүнчү поезддердин өтө өзгөчө күн тартибин мүнөздөш үчүн айткан. Ушул чындыктын бул жакка да жарамдуулугун мен Богдо-гэгэн Сегизинчинин**, ургин хутухтасынын***, ошону менен бирге эмики бийлик ээсинин шаар сыртындагы сарайында болгонумда билгем. Биз, тактап айтканда, аскер министри баш болгон бригаданын жетекчилери анын кабыл алуусун кырк мүнөттөй күткөнбүз, мындан соң сүйлөшүү дагы ушунчага созулган. Бул убакыт аралыгында сааттардын тынымсыз түрдө каккан, чырылдаган, ырдаган ар түрдүү үндөрү угулуп турган. Сарайдын ар кайсы дубалдарына тагылган, иш үстөлдөрүнө, мерчемдүү жерлерге, ал тургай эс алуучу бөлмөлөрүнө коюлган сааттар чынында эле өтө көп болчу.

Мага Богдо-гэгэн акыркы үч кайра төрөлүшүндө көбүнчө катуу үндүү, музыкасы бар сааттарды чогултуп жүргөнүн айтышты. Аларды соодагерлер, зыяратчылар, цин аткаминерлери, чет элдик дипломаттар тартуулашыптыр. Бирок бир жарым жылдан бери трахоманын (көздүн жугуштуу оорусу) курч түрү менен ооругандыктан ал көрүүсүн дээрлик жоготуптур, анын үстүнө, бүткүл күчүн сокурлугунан пайдалангысы келген кутумчуларга короткондуктан сааттарына көп көңүл бура ­албаптыр.

Мындан улам сарайдын жашоосу кандайдыр бузула баштаптыр да, ага байланган сааттар да туура эмес жүрчү болуптур, айрымдары таптакыр токтоп туруптур, жүргүзүлүп, бирок жебесин жылдыруу унутулгандыктан иштеп жаткандарынын көпчүлүгү ар түрдүү убакытты көрсөтүп калыптыр. Буга жараша бирөөсү эрте чырылдаса, башкасы көрсөтүлгөн убакыттан кечигип үн салгандыктан сутка бою бир туруп мындан, тигинден, тепкичтен, хан тактысы жайгашкан залдан пружина бошотуп, балка уруп, кандайдыр бир увертюранын үзүндүсү же эбак кыйраган империянын гимни, болбосо көрүстөндөрдө эбак сөөгү сөпөт болгон полктордун чабуулга чыккандагы маршы ойнолуп турат экен. Натыйжада бул темир чатыр алдындагы түбөлүктүүлүктүн үйү, кыштан курулган музыкалык куту, мында өкүмдарлык кылган будданын резиденциясы ушундай болсо, анда отурган жашыл көз айнекчен адамдан моңголдор өздөрүнүн ыйыктарынын бирин көрө алышса, анда мен алардан көптү талап кылууга укугум жок экенин ойлобоско аргам калбады».

Антсе да, кайрадан Сафроновдун аңгемесине келели.

Ошентип, кийинки күнү ал Петербургга кайтмай болуп камынды. Азырынча жылуу болгондуктан Иван Дмитриевич экөө эки тарабынан алма бакка курчалган ачык чатырда түштөнүп отурушту. Үчүнчү каршы жактан Волхов дарыясына кысылган талаа, жээк бойлой созулган коңур түстүү жапан талдардын тилкеси ачылып турду.

Экөөнөн башка да үстөл боюнда Мжельский аттуу, кебетеси чечкиндүүдөй көрүнгөнү менен кара көздөрү муңдуу тарткан жаш жигит отурду. Кесиби боюнча пейзажчы сүрөтчү ал эки жумадай мурда бир нече этюд жасаганы жергиликтүү бобылдын (жерсиз дыйкан) үйүнө келген.

— Кызык, — деп Иван Дмитриевич өзүнүн кадимки кычырагансыган адатында ага кайрылды. — Быйылкы сентябрь абдан кооз болду, анын үстүнө биздин жер абдан сулуу эмеспи. Бирок сиздин сүрөттөрдү карасам жалаң эле жамгыр, шамал, дарактар ийилген, үйлөрдүн үстүнөн саман учкан көрүнүш го?

— Кечээ жамгыр жаабадыбы, — деп актанды Мжельский. — Жума күнү да тамчылап аткан.

— Жумадабы? Эмнегедир мен байкабапмын.

— Жааган, Иван Дмитриевич, — деп бекемдеди Сафронов.

— Жок дегенде бир жолу ачык таңды, бейпил кечти тартып койсоң боло. Жо-ок, же тумандуу таңдар, же канжалаган кечтер, карайган күүгүмдөр, тумандын артындагы кандайдыр жүрөк түшүргөн жаркылдоолор. Булуттарың болсо мышык тытмалап кеткенсип салбырайт.

— А мобулчу! — Мжельский дубалда жөлөнүп турган али боёгу кургай элек жаңы этюдун көргөздү. — Баары тынч, бир да жалбырак кыймылдабайт.

— Силерде кандай? Эгер шамал болбосо, демек бурганактын алды. Күн булуттан чыгып, жаркый тийсе, демек, бурганактан кийин. Жакшылык жөн жерден болбойт. Татыксыссыз! Ал эми буйрук болуп Италияга келип калсаңыз дароо эле күн алдындагы жалтыраган деңизди, жаркын асманды тартасыз. Карагайлуу токой четиндеги палаццо (италия хансарайы), жадыраган айлана. Кыздар жүзүм жеп жатышат, балдар сууга түшүүдө, бийлешүүдө. Бул жерде болсо аял аттуу көрүнбөйт, көрүнсө да кандайдыр жесир же жоокер, же чыбык менен эчки айдап бараткандар. Эгер балдар болуп калса чана сүйрөп баратат же бурганактан корголоп отурушат. Эмне, Италияда жамгыр жаабайт деп ойлойсузбу? Бир жума бою төккөндө мейманканадан баш бага албай каласың.

— Сиз Италияда болдуңуз беле? — деп Мжельский суроо узатты.

— Болгом.

Иван Дмитриевич Сафроновдун жүзүнөн таң калууну көрүп, мунун китепке тиешеси жогун, ал жакка жеке иштери менен барганын айтты.

— Бир эле жеке иштериңиз мененби? — Иван Дмитриевичтин жеке иштери дайыма кызматы менен өрүлүшүп келгенин билип калган Сафронов ишенген жок.

— Ооба. Ал эми чынын айтсам, жеке иштерим менен барымыш болуп, бир кылмыш ишин иликтегем.

— Мына, эми сонун болду, айтып бериңиз. Биз жатар-жаткыча бошпуз.

— Аңгемеңизди угууга куштарбыз, — деп колдоду буга кошо курсак кампайтууну ойлогон Мжельский.

— Мен айтчу окуя Италияга эмес, Моңголияга тиешелүү болгон үчүн кызыгууңарды кайт кылабы деп коркуп турам, — деп жооп берди Иван Дмитриевич.

— Сиз ал жакта да болдуңуз беле?

— Жок, бирок дайыма болгум келчү. Силердин ченемиңерге салган күндө да, таңгалычтуудай кооз өлкө экенин айтып жүрүшөт. Моңголдордун ыйык шаары Урга жайгашкан Тола дарыясынын бою Ломбардия өрөөнүн эске саларын окуганым бар.

— Андай болсо создуктурбай баштай бериңиз. Мен даярмын, — деп Сафронов крахмалданган жашыл кездеме менен сыртталган жаңы дептерди өзүнө тартты.

Ушундан улам төмөндө келтирилгендерди анын кол жазмасынын түздөн-түз туундусу деп эсептегенге болбойт. Ошондой эле Иван Димитриевич баштан өткөндөрүн чындыктан тайгылтпай айтып бербеген сыяктуу эле, бул аңгемелерди алар өздөрү деле калыпка салгандай сөзмө-сөз келтиргени арсар. Бардык үч учурда тең дал келишпестик болушунча чоң, биринчиде ал кийинки экөөнө караганда көбүрөөк. Анткен менен Солодовниковдун кол жазмалары түшүрүлгөн дептерге чапталган тексттер кол тийгис бойдон сакталган.

2

Май айынын ошол жаркын таңында Иван Дмитриевич балдарынын ичинен наристе кезинде жападан-жалгыз чарчап калбаган он үч жашар уулу Ванечка менен эртең мененки тамагын ичкен. Аялы дасторкон боюна отурган эмес. Эркектерди тамактандырып, бирин кызматына, экинчисин гимназияга жөнөткөн соң, ал дагы бираз уктап алайын деген.

Мурда мындай пландарын жашырчу, бирок жакында кошуна айым аны аялзатынын денеси эркектикине караганда узак уйкуга алда канча көбүрөөк муктаж экенин далилдеген макаласы бар аялдар журналы менен куралдандырган. Эми аялы өзүнүкү туура экенин толук аңдоо менен жууркан алдынан орун алчу болгон.

— Болуптур, мен сени тажатыпмын, уулуң менен сүйлөшкөндү болсо каалабайсың, — деген ал Иван Дмитриевичтин колунан гезитти алып жатып, — ошентсе да чындап эле ашказаныңды талкалагың келген болсо, анда жок эле дегенде китепти колго ал. Эмнегедир сенин китеп окуганыңды көптөн бери көрө элекмин.

Чынында эле издөө полициясынын башчысы катары Иван Дмитриевичтин колу дайыма эле бошочу эмес, андыктан аз окучу да, замандаш романчыларды таптакыр билчү эмес. Ошондон эки саат өткөндөн кийин Николай Каменский аттуу жазуучу Караван көчөсүндөгү сегизинчи номурлуу батиринде өлтүрүлгөнүн билдиришкенде, Иван Дмитриевич бул аты-жөндү биринчи жолу укту.

Билдирүүнү окууну бүтпөгөнү үчүн Студент лакап аттуу Гайпель деген агент алып келди. Ошондой эле ал не бар, не жок деген ойдо сатып алган Каменскийдин акыркы китебин берди. Иван Дмитриевич аны чөнтөгүнө салып, Гайпелди арабакечке жиберди. Экипаж беш мүнөттөн соң даяр болду. Жаңы гана отуруп жөнөп кетишеринде жакшы пальточон, колунда таягы бар орто жаштагы киши басып келди.

— Эсимде, эсимде, — деди ага ооз ачырбастан. — Сиздин фамилияңыз Печеницын, сиз Обуховский жин оорулуулар ооруканасынын деректирисиз, менде бир жума мурда болгонсуз. Силерден кандайдыр бир акылдан айныган неме качып кеткен.

— Сиз аны таптыңызбы?

— Издеген да жокпуз. Айтпадым беле, биз андай иштер менен шугулданбайбыз.

Экипаж жылып жөнөдү, бирок Печеницын жан жыгачты кармап катарлаш басты.

— Мен мында анын белгилерин тизмелегем, — деди ал кандайдыр кагазды сунуп. — Алыңызчы, абдан суранам. Балким кереги тийип калар?

Бул тизмени Иван Дмитриевич алиги кишини аяганынан гана алды, бир аз бара түшүп көз жүгүртүп, мындай белги көчөдөгү ар бир экинчи адамда бар экенин ойлоду. Чынында, анын эки көзүнүн ортосунда тобурчак сыяктуу томпогун өзгөчө белги катары эсептесе болчудай. Бирок аны да кандайдыр сүрөттөө менен дааналап жазышпаптыр.

— Эми биз жиндилерди кармасак, өзүбүз да акылдан айныйбыз, — деди ал Гайпелди карап.

Ал баш ийкеди. Баракчаны будалай кармап ыргыткан Иван Дмитриевич Каменскийдин китебин алып чыгып аталышын окуду: «Кесилиш жолдо». Башкы барагынан бул роман эмес, аңгемелер жыйнагы экенин билди. Иван Дмитриевич мындай учурларда өзүнө тарта жүргөн тагдырына тапшырып, төлгө тарткансып китептин туш келген жерин ачты. «Көлөкөлөр театры» деген аңгеме көзгө урунду. Аны Караванныйга бараткан жолдо окуп чыгууга жетишти.

Бул баян төмөнкүдөй мазмунда экен:

«Моңгол князы, «туулуу аскердин» полковниги, Чыңгызхандын тукуму, баш кийимине тоос кушунун үч көздүү куйрук жүнүнөн экини тагып жүрүүгө укуктуу Намсарай-гун Петербургга кытай элчилигинин курамында келет. Элчи менен биргеликте борбордун көзгө урунарлык жерлерине байкоо салат, бал-кечелерге барат, операга кирет. Көргөндөрүнүн баарына катуу таасирленет. Бир айдан кийин Намсарай-гун христиан динине өтөрүн, грек салты боюнча чокунууну кааларын жарыялайт.

Баяндап берип жаткан киши Драгоман Н., ал сибирлик князь үчүн адаттагы, буддачы үчүн өтө күтүүсүз ниетин биринчи болуп билет. Башынан эле аңгемеге Салтыков-Щедриндин болуп кетиши мүмкүн болгон фантастикасынын түсүн берген бул эч ким каршылык кылбаган кайталангыс жорукка көпкө күмөндөнүшүп, диний төбөлдөрдөн кеңеш алышып, бир далайга чейин бюрократиялык электен өткөн соң гана Намсарай-гундун каалоосун канааттандыруу чечими чыгарышат.

Чокундуруу ал сурангандай жашыруун түрдө өтөт. Өзүнүн жан-жөкөрлөрү, элчиликтин башка мүчөлөрү, элчинин өзү да эч нерседен шек санашпайт. Дипломатиялык татаалдашуулары менен бул эч кимге коркунуч туудурбайт, анткени княздын орус букаралыгына өтүшү боюнча сөз да болгон жок, бирок министрликтин чиновниктери мындан ары Намсарай-гундун Бээжинге мурдагыдай кызмат кыларына ишенбей калышты. Аларга бул ишенимди өзгөртүүнүн артында кандайдыр саясий маани бар сыяктуу туюлду. Мунун маңызын княздын символикалуу түрдө болсо да, Орто Азиядагы орус таасирин күчөтүүгө даярдыгынан көрүштү. Мындай экенин байкаштырып көрүүнү ошол эле Н.га тапшырышат.

Чокундурулгандан кийин Намсарай-гун расмий адамдардан куттуктоолорду, алардын аялдарынан белектерди кабыл алат. Мындан соң ал Н.нын коштоосунда өзүнүкүнө барат, дал ушул жерде чай ичип отурганда гана бул моңгол князына үмүт артуу бекер экени түшүнүктүү болот. Көрсө мындан эки жума мурда Мариин театрында коюлган «Фауст» операсын көргөнүндө Намсарай-гун дүйнөдө адамдын жанын сатып ала турган желмогуз барын билет, туурараак айтканда, ишке аша турган кайсы бир каалоосуна жанын алмашса болорун түшүнөт. Элчиликке бекитилген тилмечтердин бири князка мындай иштер өзгөчө келишим менен бекемделерин түшүндүрөт. Мында сыянын же туштун ордуна кан колдонуларын, бирок желмогузга бир гана чокундурулган кишинин жаны керектигин, башкаларды ал тааныбастыгын, алардын ээлери менен эч кандай мамиле түзбөстүгүн билет.

Бул мүмкүнчүлүктүн азгырыгы Намсарай-гунду багындырат. Н.га князь өз жаны үчүн адамзаттын душманынан эмнени алгысы келгени табышмак бойдон калат, бирок аны чиркөөнүн куполу алдына алып келген жүйө түшүнүктүү болот.

Онон дарыясынын жээгиндеги моңгол талааларында өткөн бала чагында Намсарай-гун ар бир адамдын үч жаны бар экенин бекем өздөштүрөт: сайнс-сунс — жакшы жан, дунд-сунс — орточо жан жана мунс-сунс — жаман жан же кара ниет жан. Ал дал ушул акыркы жанын желмогузга сатмай болот. Князь чынчылдык менен чиркөө кызматкерине үч жанынын акыркысы мун-сунсту гана чокундура аларын эскертет. Бирок тилмеч аны туура эмес түшүнүп, «жаман» же «кара ниет» эмес, «күнөөлүү жан» деп которот. Чынында бул жерде тилмечти күнөөлөгөнгө болбойт, анткени анын алиги үч жан тууралуу түшүнүгү болбогон, андыктан княздын мурда «сары ишенимде» болгонун, башкача айтканда, буддачылыктын туура эмес жолунда жүргөнүн, муну эми түшүнүп чокунуу аркылуу тазалангысы келип жатканын аңдап, чиркөө кызматкерине түшүндүрөт. Бул ыйык атаке да княздын бул аракетин баалап, аны эч кандай ыргылжыңсыз жеңил жүрөгү менен ­чокундурат.

Ошентип иш жагдайы Н.га жана анын жетекчилерине түшүнүктүү болот. Ыңгайсыз абалда калган алар тилди тишке катууну туура көрүшөт. Ал эми князь өзү болсо керектүү сапаттагы товарын сатыкка койгонуна ынанып, сатуучу да көп күттүрбөйт деген ишенимде болот. Бирок сатып алуучу элчилер Петербургдан жөнөп кетерине бир нече гана күн калып, малайлар оокаттарды жыйнаштырып жатса да шашылбайт. Анткен менен Намсарай-гун үмүтүн үзбөйт. Андан чокундурулган му-сунсун канчага баалаганын чекмелеп сурап көрөт, бирок князь үндөбөй койгондуктан бул аракети текке кетет. Князь ар бир жолу саат он экини какканда эшикти ачып далиске чыгат же терезеге барып, көчөдөгү караңгылыкты карайт, тыңшайт, күтөт. Эч ким жок, бул арада элчилик бир күндөн кийин мекенин карай жолго чыкмай болот.

Жөнөп кетердин акыркы кечинде Н. княздын батиринде көпкө отуруп калды. Эбак эле үйгө кетиши керек болчу, бирок эмнегедир кармалууда. Кызматчылар эбак уйкуга кетишкен, Намсарай-гун чокундурулганында белекке алган смоорунан өзү чай куюп ичип отурат. Терезелерден арыда бүксүгөн саз жыттуу питер сентябры, бүркөлгөн асман, жалбырактардын шуудуру, сырткы шамалдын шапаатынан түрүлүү парда акырын желпилдеп, калай карниз шыртылдайт, үстөл үстүндөгү чырактын жалыны жатып тура калып жаткансып жалпылдаган сайын көлөкөлөр дубал бойлой чуркашууда, алар бурчка жетип жашына калышат да, шамал жаңырта желпкен сайын обой үстүндө кайрадан оюн салышат. Түн ортосу канчалык жакындаган сайын алардын токтобостой сезилген оюнунан кандайдыр ойго келгис элестер жаралчудай туюм келет. Бул башаламандыктан бүдөмүктөгөнсүгөн, аягы жок арбая-тарбая бутактангансыган, антсе да акырындан туруктуулукка ээ болуп бараткансыган элес чыга келди. Үндөбөгөн актёрлор алданган үмүттөрдүн, кандырылган бирок бакыт алып келбеген каалоолордун, ишке ашчу болсо өзүнүн карама-каршысын жаратчу кооз кыялдардын оюнун көп түрдөнтө ойноп киришти.

Бул улам токтоосуз алмашкан, суудай аккан, бийлеген, оймо-чиймеленген кара тактардан турган көлөкөлөр пардалардын желпиниши менен, терезеден аркы бактардын ыргалышы менен, ал тургай, айдын, чырактын, панардын жарыгы менен эч кандай байланышы жок экенин билдирген сырдуу туюм Н.га капысынан келди. Бөлмө байкалбастан заттан турбаган кандайдыр күчтөрдүн кийлигишүүсү менен ойго келбес түрдүү оймо-чиймелерге толуп, кытайлардын көлөкө театрына айланды. Кебетеси бири-бирин өлүп баратса да түшүнө албаган цивилизациялар ашташкан бул жерди илгертеден байырлаган көрүмчүлөр азыр ушул оюнду коюп жаткансыды.

Эки университетти бүткөн Н. ушундай ойго келди. Ал эми Намсарай-гун мүштөгүн соргуча көп күттүргөн коногу кандай кебетеде келерин ойлонуп отурду. Ал операдагыдай болуп, кочкул-көк береткачан, капталына шпага тагып, калем катары түнкү канаттуунун кара канатын алып келеби же өзүнүн эле кебетеси менен келеби? Анекдот, бирок авторго эми күлкүлүү эмес.

Булуттардын ортосунан жарып чыккан ай уулантчудай көгүш туманы менен айнекти камалады, дарактар улам катуураак тынчсыздана шуулдай башташты. Көлөкөлөрдүн башында кооз, чоюлгансыган бийи акырындан шайтандын шапар тебүүсүнө айланып бараткансыды. Н. таптакыр ырымчыл болбосо да, мистикага ишенбегени менен, кара күчтөргө байланышкан жаман ойлорго курчалды. Ал князды коркунучтуу максатынан айнытууга аракет кылды. Бирок Намсарай-гун бир аз да ыргылжыңданып койгон жок. Актёрлор ак дубалга кара көлөкөлөр менен жаңдаган тил ага түшүнүксүз эле.

Коштошуп, босого аттап чыгып баратып Н. дубалдагы оюн жөн-жайлыгынан чыгып, алдамчы элестерди уратып, кан, өлүм коштогон акыркы кадамдарын жасап баратканын байкады. Христиан жана будда цивилизацияларынын артында ыйыктыктардан тыш коркунучтуу кырсыктар жашыруун болуп, мөөнөтү келген алар эми жанар от сымал морт кабыкты жарып чыгып, жолундагылардын баарын күлгө айланта агып келаткан.

«Тагдырды сыртына белги коюлган карталарың менен ойносоң да ута албайсың», — деп ойлоду Н. Бул түштөгүдөй же жөөлүгөндөгүдөй жаман ниетсиз ой азыр өзгөчө маанилүү сезилди. Ал далис менен келатты, Намсарай-гун муздап бараткан чайын ууртагыча туулуп-өскөн талааларын, андагы жашыл шибердеги апакай боз үйлөрдү, үйүр жылкыларды, көк асмандагы келгин куштардын тобун элестетти. Күз, аялдар кербендердей кыркаар тарткан каркыралардын артынан сүт чачып, ушул бактылуу «ак жол» менен жазында мекенине кайра кайтуусун тилеп турушат. «Ал жакка кайтып барар бекен Намсарай-гун?» — деп ойлоду Н. сырткы тепкичке чыга бергенинде.

Бул жерде княздын жан-жөкөрлөрүнүн катарындагы картаң лама чөгөлөп отуруптур. Ал таштан салынган үйдө дем жетишпегендиктен уктай албай атыптыр. Н. тамеки менен сыйлагыча, андан үч жандын бирин жоготкон адам эмне болорун сурады. Лама жакшы жан болуп эсептелген сайнс-сунсуз адам айбанга айланып кеткени менен, узак жашай аларын, орточо жан дунд-сунсуз ал эч нерсенин ченемин билбей калып, көп өтпөй өлөрүн, ал эми үчүнчү жан болуп саналган мун-сунсуз дароо жан берерин, анткени жамандыктын катышысыз жер жашоосу мүмкүн эместигин айтты.

Капысынан Намсарай-гундун бөлмөсүнөн жүрөк селт эттирген кыйкырык угулду. Н. кайра артка чуркап, эшикти аңырайта түртүп кирип барды. Эч ким жок. Караса князь жерде жатыптыр. Ал жансыз экен. Денесинде бир да жаракат жок жан бериптир, бир гана сол колунун бир манжасынын учу акырын кесилиптир. Жерде каздын канатынан жасалган калем жатыптыр. Аны колго алган Н. терезедеги шоолага салып карай берип, учу кургай элек жаңы канга малынганын көрдү».

Аңгеме Иван Дмитриевичке абдан сырдуу сезилди, бирок андан да таң калычтуусу — бул чыгарманын цензурадан өтүп, жарык көргөнү болду. Кебетеси цензор мунун моңгол князы чокунган жерине чейин окуп, колунда жакшы ойду көздөгөн чыгарма турганына ишенгендигинен, акырына чейин окуудан эринип койгон окшойт.

* Хорза — кымыздан тартылган самогон.

** Бо́гдо-хан — Монголиянын диний башчысы (1911—1921-жж), Монголиянын укуктары чектелген монархы (1921—1924-жж).

 *** Моңгол буддистери өзүлөрүнүн кайра төрөлүп келген хубилган ыйыктарын (гыгэн ыйыктарын) жаратышкан Алардын ичинен эң таасирдүүсү XVII кылымдагы Ургин ке чилканасындагы хубилгандар болгон, Чыгыш Моңголия батыш моңгол-ойротторуна кар шы күрөштө алсызданган соң жана Кытайга баш ийгенден кийин (XVII кылымдын аягы) ургин хутухтасы (же богдо-гыгэн — улуу ыйык) буддисттердин ичинде абдан урматтал ган буддист илимпозу Даранатанын кайра төрөлүп келген улантуучусу деп эсептелген.