Империя боюнча саякаттар китеби

Бир өлкө

Жаш жигиттин саякаты

Азиянын дарбазасы. Башталыш

Бала кезимде Азияны көргөндү абдан эңсечүмүн. Семенов-Тян-Шанский, Пржевальский жана башкалар... Грум-Гржимайло — алар төө менен жүрүшкөн, өздөрүнүн топоздорун атып салышкан, кум учурган куюндарга туш болушкан жана географиялык улуу ачылыштарын жасашкан. Мен өзүмө жарашар татыктуу каймана ысым издеп көрдүм (мага өзүмдүн атым да, фамилиям да жакчу эмес — алардын даңкына кызыкчумун...). Сергей Карамышев! Бул эң сонун ысым да. Грум-Гржимайло жана Карамышев! Пржевальский ийиниме колун коёт, ал эми башкасы алыска ээрчитип кетет. Тигил жакта Сергей Карамышевдин тоо кыркасы бой керет. Улуу саякатчы Карамышев-Монгольский өзү ачкан тоонун фонунда жапайы төө менен кетип барат. «Өрнөктүү адамдардын өмүрү» сериясындагы китеп — андагы сүрөттөр: саякатчынын энеси, саякатчынын атасы, улуу саякатчынын балалык кези.

Мен китепти кармап апама чуркап келдим.

— Пржевальский минтип жазып атпайбы... Кантип улуу саякатчы болуу керек, кандай сапаттарга ээ болуу зарыл?.. Менде болсо анын бардыгы бар: мен саякатчы болуп төрөлгөм, саякатчылыкка өтө кызыгам, илимий жактан даярдык көрөм, мүнөзүмдү оңдойм, эмгекчилдикке үйрөнөм, ал эми буларга күч-аракетим жетет... — дедим мен манжаларымды кармалап.

Эми мен Тоо-кен институтунун студенти болуп калдым. Мен эми ак так деген эмне экенин билем, мүмкүн билбестирмин. Ушул билбестиктин айынан Грум-Гржимайло (бул деги эмне деген фамилия!) далай азап тарткандыр. Деги эле балалык деген эмне? Бирок балалык деген эмне экенин али биле бербейм, мүмкүн эмнеден уялбаш керектигин гана билеттирмин.

Мен Япония — эч кынтыксыз көңүлүмө төп келген жана миңдеген жылдар бою далай татаал жолду басып өткөн өлкө тууралуу кыялданам... Мен Япониянын асем кийимин кийип чөк түшүп отурам. Турналардын сүрөтү тартылган эки жаак эшик ачылып жатат. Бул менин артымда, бирок мен бурулуп караган жокмун: алар эмне үчүн ачылганын жана анда ким бар экенин билем. Ал мага жакын келип, кандайча жүгүнүп, алдыма чыныны коюп, дагы бир жүгүнүп, анан жүгүнгөн боюнча кетенчиктеп барып, акырын эшикти түртүп, дубалга кирип кеткендей жок болорун да билем. Мен кабагым-кашым дебестен мостоюп отура берем: мен мунун бардыгын билем. Муну башкалар да билгенине көп жылдар болду. Ушул бөлмө, анда эмнелер кандай турганынан бери белгилүү. Бул аял да тааныш. Мунун бардыгы мага беш манжамдай белгилүү...

Япония... Бул мен качан гана бир кетирекей, сары чач жана бөйтөйгөн татынакай кызга үйлөнгөндө гана бүтөт окшойт. Эми мага Япония тез-тез келип турат.

Ал эми ачылыштарчы? Менин адистигим — жер казуу, жыйырма үч жылдан бери бул эмне деген жумуш экенин жакшы билем.

Алдыда практика турат. Жай бою Орто Азияда болом. Иштегени барам. Бирок мен эвакуациялык балалыгым байланыштырып турган Азияга барам.

Дагы бир дарбаза

— Бул жердин кадрлар бөлүмү каякта?

— Түз барып солго буруласыз.

Түз жана солго. Караңгы коридор. Коридордо эшик ачылуу экен. Андан жерге жарык тилкеси түшүп турат. Каалганы жаап, «Кадрлар бөлүмү» деген жазууну окудум. Мага ушул керек болчу. Каалганы кайрадан ачып, кирип бардым. Чакан шкафтар бар экен. Полдо темир сандык турат. Столдо сүрдүү көрүнгөн килейген ак саргыл киши отуруптур. Абдан ынтаа коюп кайчы менен бир нерсени кесип атыптыр. Жакын барып карап калдым. Кызыл кагаздан Щ деген өтө чоң тамганы кесип жатат. Бул мага бир топ убакыттан кийин гана белгилүү болду. Ишине абдан берилип алыптыр. Охолоп-уфулап атып акыры тамганын куйругун кесип бүттү. Колун түшүрүп, мени үлүрөйүп карап калды.

— Ошентип... — деди ал. — Кандай болуптур?

— Менимче, жакшы, — дедим.

Ал киши силкинип алды да, мени таңыркай карап, кызарып кетти.

— Сиз эмне, окуганды билбейсизби? — деп айкырды ал.

— Билем, бул ща, — дедим мен.

— Сыртка чыгып каалгада эмне деп жазылганын окуп келиңиз, — деди ал эми жумшарып, мени аягандай карап.

Сыртка чыгып, окудум да кайра кирдим.

— Эмне деп жазылыптыр? — деп күлүмсүрөдү ал киши.

— «Кадрлар бөлүмү» деп жазылып турат.

— А төмөн жагындачы? Төмөн жагында! — Ал мыйыгынан жылмайды. Кайра сыртка чыгып, окудум да кайра кирдим.

— «Бөтөндөрдүн кирүүсүнө тыюу салынган», — дедим мен.

— Эми көрдүңүзбү, — деп күлдү ал, — ошол жердеги терезеге келиңиз.

Чынында эле дубалда тордолгон кичинекей терезе бар экен. Терезенин жанына бардым.

— Келдим, — дедим.

— Эми эмне дейсиз? — деп каткырып койду.

— Мага кадрлар бөлүмүнүн башчысы керек эле...

— Мен дал ошонун өзүмүн. Эмне дейсиз?

— Менин келгеним...

— Солго бурулуп, түз барыңыз. Начальниктин атына арыз жазыңыз.

— А сиз эмне үчүн тордун ичиндесиз?

— Апенди десе, — деп күлдү ал, — бул жерде документтер бар... Солго жана түз.

Тыкылдаттым. Кирдим.

Столдо толугунан келген ак чач адам отуруптур. Мен чечкиндүү түрдө анын столуна жакын басып бардым. Ал башын көтөрүп, мени тике карады. Мен ким экенимди, эмне үчүн жана кайдан келгенимди кыйлага түшүндүрдүм. Мени тамашалашпас үчүн абдан жакшы түшүндүрүүгө аракеттендим. Ал мени көңүл коюп укту, көгүлтүр көзү менен жакшылап карады. Ал мага жагып калды. Мен бардыгын айтып бүттүм.

— Андай болсо... — деди ал. — Анда сиз начальникке кайрылышыңыз керек. — Ошентти да, жанаша столдо отурган, кичинекей кара баланы көрсөттү.

Мен тердеп кеттим. Экинчи столго басып келдим. Начальник башын көтөрбөстөн, кандайдыр бир кагазды окуп жатты. Мен жолдомомду сууруп чыгып, анын кагазынын үстүнө койдум. Ал окуганын уланта берди.

— Эчтеке түшүнгөн жокмун, — деди ал капысынан. Башын көтөрүп мени карады. — Бул сиздики беле? — Көзү чарчаңкы, кайгылуу.

— Меники.

— Жумуш ордун бир жумадан кийин гана бере алам.

Телефону чырылдап калды.

— Бир жумадан кийин келиңиз, орноштурабыз, — деди ал трубканы көтөрүп. — Ооба, мен. Ооба, начальникмин. Мен сизге канча жолу айтам, азыр болбойт! Мени түшүнсөңүз, уйкум келип атат! Болду эми, токтотуңуз... — Ал трубканы ыргытып жиберди. — Бала эмес эле балээ окшойт! — Башын көтөрүп мени карады.

— Сиз дагы эле бул жердесизби? Бир жумадан кийин келиңиз.

Мен күңк-мыңк этип туруп калдым.

— А-а-а... түшүнөм. Эмне акчаңыз жокпу?

— Жок, коюңузчу! Бар! — эмнегедир мен ушинтип айттым.

— Анда сиздин барар жериңиз жок болсо керек?

— Кантип эле? — дедим мен, —Азиянын жарымы туугандарым да!

— Андай болсо бир жумадан кийин келиңиз.

Мен сыртка чыктым. Эми кайда барам?

— Эй! — деп бирөө мага добуш салды. Бул кадрлар бөлүмүндөгү ак саргыл адам экен. — Сиз бул жерди такыр билбейт көрүнөсүз? — Чогуу басып жөнөдүк. — Айтмакчы, ушул жердеги эң мыкты пивону көрсөтөйүнчү...

Ал мага мейманкананы да, пивону да көрсөттү. Үч күндөн кийин акчам түгөндү.

Соргоктун жазгандары

Мен кантип курсак тойгуздум

Мен чөнтөк китепчемден издеп атып, бир даректи таптым да, ошол жакка жөнөдүм. Бул орус киши болучу. Биз ушул жакка келатып, поездде таанышкан элек.

«Ал мени жакшы кабыл алат», — деп ойлодум ичимден.

Ал жашаган көчө таптакыр эле жаңы экен, ага кантип барарымды мага эч ким түшүндүрүп бере албады. Ошентсе да билген бирөө чыкты, мен эски шаарда көпкө каңгып жүрдүм...

Көчөсү өтө эле тар, ага салыштырмалуу үйлөр бийик экен. Оң жана сол тараптарымдагы дубалдарга ийиндерим тиер-тиймексен болуп араң бараттым. Кичинекей үйдүн капталдарын акырындык менен тешип, каалга орнотуптур. Эшиктин алдында чачы кырк өрүлгөн, сөйкө тагынган, колдору менен буттарынын манжалары боёлгон, гүлдүү көйнөк кийген жыңайлак кыз бөбөгүн ойнотуп отуруптур; чындыгында эшиктин алдында эч ким жок экен, эшик кенен ачылган, эки дубалдын ортосунда кууш коридор көрүнүп турат, анын аягы ченде дагы бир ачылган эшик бар экен, андан ары бак, мына ошол жерде жанагы мен айткан кыз бөбөгү менен ойноп отурат. Туулгадагы казанда бир нерсе кайноодо, темир торчодон жүзүм салаңдап турат, бактын ичине темир керебет коюлуп, килем төшөлгөн, андан нараакта үстү жабылган мотоцикл көрүнөт...

Мен эски шаарды аралап көпкө каңгып жүрдүм жана мага керектүү көчөнү таба албадым. Мен кайрадан сураштыра баштадым жана мен башка тарапка кетип калган болуп чыктым.

Мага жолду туура эмес көрсөткөн адамга жиним келип, өзүмдү өзүм урушуп, кайра артка бурулдум. Ал өтө эле семиз, менменсип кекирейген адам болсо керек эле, мен анын семиздигин жана кекирейгендигин шатырата сөктүм. Ачуум тарагыча мен анын улам жаңы кемчиликтерин таба бердим жана бул сөккөнүм бара-бара жөнөкөй эле бир оюнга айланып калды.

Курсагым абдан ачты... Өзөгүм карарып баратканын сездим. Улам куркураганы көбөйдү. Оозум да кеберсип чыкты.

Мен магистралга чыктым. Жанымдан автобустар өтүп жатты. Мен алардын бирине түшүп кете берсем деле болмок, анткени абдан чарчадым. Бирок менин белет алганга акчам жок калган эле. Аптапта күнгө какталып көпкө турдум. Күн түштөн ооп, ысыктын илеби кайтып, саат төрткө таяп калган мезгил. Мен карабаска аракет кылып квас, балмуздак, газдалган суу саткан жерлерден өттүм: аларды көргөн сайын жүрөгүм сайгылашып кетип жатты.

Бирок бардыгынын аягы болот да. Ошентип максатыма жеттим окшойт.

Мен көчөнү да, үйдү да таптым.

Эми менин курсагымды тойгузушат.

Мен аны короосуна кире бериштен таптым. Ал машина менен келди. Туруп калган да жок. Мени менен эски таанышындай жылуу учурашкандай сезилди. Бирок, чынында, анысы деле байкалбады. Машинесинен май агып, өңү кабатырлангай туюлду. Ал менден кечирим сурап, бир аз күтө туруумду өтүндү, анткени ал кайра кетчүдөй сыяктанды. Ал капоттун астына башы менен кирип кетип, мени унутуп калгандай болду, бир убакта башын көтөрүп мени көрдү да, капысынан кайра эстеди. Өңүн бырыштырып, мага тамашалуу суроолорду бере баштады. Анын мага берген суроолору жана сөздөрү маанисиз эле болуп жатты, анын машинасынын жанында отургучта отурган мага мени унутуп калганга караганда кыйла эле жакшы болду. Эгерде ал мага сүйлөбөгөндө мен да аны унутуп калат элем — ооба, бул дүйнөдө бар экенимди да унутуп калмакмын — курсагымдын ачкандыгынан айласыз жоош болуп калгамын.

Мен ордумдан туруп, кечирим сурап, кийинчерээк келээрмин деп (азыр шашып турам, бир мүнөткө гана кире калдым эле деп) кетип калуу эчак эле оюма келген. Бул жерди экинчи эч качан бутум баспайт деп ойлогом, бирок курсагым абдан ачкандыктан бул ойду ойлогондон да баш тарттым. Анын үстүнө, машинанын жанында ушунча мезгил отургандан кийин, туруп алып кетип калуу абдан эле оңтойсуздай сезилди. Ал эми өзү болсо мени шылдыңдап, кекирейип жатат деп ойлогонумду өңүмдөн байкагансыса да, менден уялып, кечирим сурап койбоду. Анын ушундай мамилесине менин ого бетер жиним келип, каяктагы тууганымды таап алганыма кабатыр боло баштадым.

Ал болсо кандайдыр бир, дегеле мааниси жок эле иштерди жасап жатты: бураманы тазалады, аны майга салды, бурап көрдү, кайра чыгарды, чаңын үйлөп тазалады. Өзүнүн машинасына гана ыракаттанып, пейли кеткендей биротоло мени унутуп калгансыды.

Ошентсе да бир учурда менден кечирим сурады, бул тек гана менин көңүлүмдү көтөрүмүш болгонсуганы эле. Мунусу мени чындап эле келекелеп жаткандай сезилди.

Мен көгөрүп отургучта отура бердим, кетип да калбадым, жок дегенде оңтойсузданып отурганымды да сездирбедим. Бул жакка келгенден бери эмнелер болгонун айтып бергенге күчүм жеткен жок. Гезиттен али окуй элек маалыматты издеп отура бердим.

Бул адам менин эмнеге келгенимди билгенде, мен анын көзүн карап отурганымды сезгенде машинасын тарс жаап, мени карап да койбой кетип калат го деп ойлодум. Жок дегенде эмнеге келгенимди түшүнсө болмок... Бирок ал менин азыркы абалымды түшүнсө, мүмкүн ал уялып, мени машинасынын жанында кечке кармабай, мүмкүн эчак эле дасторконун жайнатып, мага меймандостугун көрсөтмөк. Ошону менен ал кедей эмес экенин да көрсөтмөк... Жолдо келе жатканда, курсагым абдан эле ток мезгилде канча жолу мени тамак ичүүгө чакырган, тамак ичким келбей турса да аны таарынтып алгандан чочулап, аны менен бирге далай жолу тамак ичтим эле. Ага болбой эле улам эле чакыра бергенде баш тарткан учурум да болгон. Баш тарткам... Менин ушул баш тартканымды азыр байкаса эмне? Өмүрүмдөгү ар кандай майрамдарда, үйлөнүү үлпөттөрүндө көп эле жолу тамакты жей албай калдым!.. Ушунун баарын бүт өмүргө бөлүштүрүп койсо эмне? О кудай, деги калыстыгың жок да!..

Бул болсо жеткен кара мүртөз экен.

Мен эски шаардын бардык адамдарындай эле арамза ойлорду ойлоп отурдум: анын эң жаман жактарын издедим, жеткен жүзүкара экен деп ойлодум. Барган сыйын кыжырдануум күчөй берди.

Менин жей турган эч нерсеси жок экен деп ойлобосун деп, менин геологиялык ишимде болгон сыяктантып сүйлөй баштадым жана өзүмдө болгон узун акчаны сууруп чыктым. Ал дагы эчак эле эскирип жарабай калган эле. Биз поездде келатканда бир сөздү баштагам (бул балалык кыялдануу гана эле), бирок анда мен көп акчамды Москвада чачып жок кылганымды, бир таанышыма буюмдарымды калтырганымды, экспедицияга бир сыйра кийим менен гана келатканымды айткан элем. Азыр болсо такыр башканы ойлоп таптым (бул дагы баланын сөзү болчу): мени кечээ пляжда тоноп кетишти дедим. Ошол мезгилде мени вагон-ресторанга чакырып сыйлаган (мен ал кезде ток болчумун жана арам ою жок эле калп айтып койгом), ал менин айткандарыма ишенип «сыйлап калган» жана мага суктанган. Ал эми азыр болсо машинасын чукулап жатып мени камкорсунган текебердик менен карады, эшигинин алдында туруп, уулун көздөй итин кубалады.

«Ачка адам ушинтип кадыр-баркын кетиреби, аны менен адамдар эсептешпей калабы? Бирок, башкысы, мен эмне үчүн ордумдан туруп кетип кала алган жокмун?..»

Ал мени түшүнгөнүн мен да байкап, мен да көгөрүп отура бердим.

Ал эми анын уулу болсо мени аянычтуу карап коюп, буту менен баарын аралаштырып, чаканы ыргыта тээп, майды төгүп, гайканы бураган ачкычты кармап алып итти кубалап чуркап жүрдү... анын дагы мени жактырбаганы билинип турду.

Мага ушундай туюлду.

Караңгы кире баштаганда гана кожоюн колун чүпүрөк менен мазесин чыгара аарчып, мындай деди:

— Эми тамактансак болот.

Ал аялына кыйкырып, дасторкон жаюуга буйрук берди.

Дасторкондо эмне бар дебейсизби?! Помидордон жасалган салат! Кочкул-кызыл түстө жылтылдаган борщ. Эт! Ичке тууралып, кызарта куурулган картөшкөлүү эт. Дасторкондун ортосунда суусундук куюлган графин. Жер-жемиш салынган чоң идиш.

Дасторкон даяр болгондон кийин кожоюн мурункусундай эле камкорсунган текебердик менен, бир аз кекээрдүү жылмайып мени дасторконго чакырды.

— Ыракмат, менин курсагым ток, — дедим.

Бирок ушинтип айткан жокмун — тек гана ушинтип айтканды ойлоп койдум. Ойлоп койдум да, дасторконго отурдум.

Кожоюн жана кожейке — абдан мээримдүү жана сүйкүмдүү адамдар экен!

Базария

Эски шаар — жаңы шаар. Жаңы базар — эски базар.

Базар алдындагы аянт фанера менен жамаачыланган күркөлөргө, ларекторго, лотокторго, чатырларга жана көрнөктөргө толгон. Базардын өзүнө узун жана үстү жабылган тоннел алып барат. Күн баткандан кийин ал абдан эле караңгы болуп калат. Тоннелдин дубалдарын бойлото кичинекей терезелери бар ларектор тыгыз жайгашкан. Тоннелде колуна капчык кармап, бетин жоолук менен жаап алган кара кемпирлер ары-бери агылууда. Коңгуроосун ыракаттануу менен шыңгыратып велосипед тепкен жигиттер жүрөт. Базардын чайканасынан чайга курсактарын кампайткан ала чапанчандар жана башка ар түркүн адамдар кетип барат.

Тоннел бүттү, ачуу, ысык күндүн нуру мага кайрадан түштү. Чакыйып тийген күндүн ысыгына сөөнгөн, коондор менен дарбыздар үйүлгөн кеңири мейкиндик. Жүк жүктөлгөн машиналар, арабалар. Аңылдап айкырган эшектер. Күчү кетип бараткан кол өнөрчүлүктөрүн колдон чыгаргысы келбеген өтө арык, картаң абышкалар. Абышкалардын алдындагы жайылган жоолугуна карарып кеткен жана дат баскан темир буюмдары коюлган. Бирок аларды эч ким карап да койбойт. Алар чайканачы бала алып келген чайдан ичип, түшүнүксүз сөздөрдү сүйлөшүп, бири-бирине баш ийкешет.

Бир абышка арабча китептерди сатып отурат. Ал өзүнүн жоолугуна андан башка эмнесин коймок эле? Китептер капкара, абдан эски болчу жана сырдуу көрүнөт. Мен ага жакындап, колума тийгенин кармадым да, билерман кейиптенип барактай баштадым.

Ушул жерден мен кары кишини коркутпай эле койсом болмок экен деп калдым. Ал мени тиги дүйнөдөн келген кишидей карады. Жаңы эле ойгонгондой болуп, эки жакты элеңдеп карай берди. Балким, ал базарда отурганын эми гана түшүндү окшойт деп ойлодум мен.

— Жакшысызбы, аксакал! — деди ал мага чочулаган түрдө жана жылмайыңкы карап. Ал жанаша отурган абышкаларды колу менен түртүп, бир нерсе деп койгулачы дегендей киркиреди. Абышкалар баштарын ийкешип, далдырап калышты.

Ал мага паспортун көрсөттү.

Мен моло таштай зыңкыйып туруп калдым.

Бизге олбурлуу, башкача жылтылдаган түстөгү кир чапан кийген өзбек киши жакындап келди. Ал абышкалар менен сүйлөштү. Жанагы абышка капысынан эле түптүз боло калып, мени сөөмөйү менен көрсөттү. Ошол учурда бардык абышкалар сакалдарын мени карай көтөрүп, мени сөөмөйлөрү менен көрсөтүштү.

Мен басып кеттим.

Эми мөмө-жемиш катарлары... Муну көрбөй деле койсом болмок экен! Кандайдыр бир күч мени аларды карай түртүп, жылдырбай салды. Бул жерге эмнеге келдим экен? Мен тек гана шаар аралап жүрүп, жолду кыскартып, базар аркылуу өткүм келген... Бирок эмне үчүн жолду кыскарткым келди экен, тек гана бекерпоздуктан басып жүргөм жана шашып бара турган деле жерим жок эмес беле?

Бул жерден мен соода жүрүп жаткан жерди көрдүм. Мөмө-жемиштерди өтө чебер тизип коюшат экен. Бул адамдардын жүрөктөрү сүрөтчүлөрдүкүндөй эле тура.

Мен баш-аягы жок жабууларды бойлоп, данеги бар жана данеги жок, жаңгактай болгон тоголок жана чоң, аялзатынын манжасындай узун, кара жана кызыл, ак жана алтын түстүү жүзүмзарларды аралап, алмаларды жана алмуруттарды, анжирлерди жана анарларды, шабдаалыларды карап бара жаттым... Шабдаалылар шилекейиңди чубуртат тим эле. Курсак тойбой араң жүргөндө мунун баарын карай берүү ого бетер напсиңди ачат. Мен ал жерден кетип, үйүлүп жаткан дарбыз деңизине туш келдим. Жашыл толкундар сыяктуу чоң-чоң дарбыз дөбөлөр. Же болбосо кум дөбөлөр жылтылдаткан дарбыздуу чөл. Ушул деңизде колум менен шилеп сүзүп бараттым, ушул кум дөбөлөрдө күн жыттанган ала чапанчан өзбектер көчүп жүрүшкөн.

Мен дарбыз дүйнөсүнөн кетип, кайрадан жабууларга туш болдум.

Мунун баарын мен түшүмдө көргөндөй болдум. Бардыгы кычап турганда жана убактың жокто бардыгы кайталана берет, ал жерден кетип калайын десең кеткиң келбейт, кыйкыргың келет, бирок анте албайсың.

Мен кайрадан дарбыз деңизине келдим. Ал жерден тезирээк чыгып кетүүгө аракеттендим, тезирээк чыгып кетүүгө...

Базар бүткөн жерден базар башталат. Базардын аяк-башы жок

Бул таптакыр эле башка базар экен. Бул жерде мени эч нерсе өзүнө тарткан жок. Соодасы да таптакыр башкача экен.

Бул жерде катарлар өтө эле көп, кээ бири топ-тобу менен абдан тыкан таңылган, кээ бири башаламан чачылып жаткан түрдүү түстөгү кездемелердин жанында аялдар чурулдап жүрүшөт.

Төбөсү чуштуйган собордун түбүндө турган адам өтө эле сүйкүмсүз көрүнөт.

Ага өзүмчө эле кыжырым келди...

Капысынан эле жомокко туш болдум — килемдер. Бактардын ортосуна тартылган кермеге илинген абдан зор, ачык түстөгү, ала-була килемдер... аларды эч нерсе менен салыштырууга болбойт. Алар тим эле коридорлорду жана көчөлөрдү пайда кылыптыр жана алар кадимки көчөлөрдөй эле кесилишет экен. Ушул көчөлөр менен адамдар басып, кесилиштерден жолугушат. Бул жерден адашып кетүүгө да ­болот.

Мен килемдерден чыгып, мотоциклдерге туш болдум. Бул бир ызы-чуулуу жер. Жөн эле сүйлөшүү кыйкырышууга, колдорун жаңсап көрсөтүү мушташууга алып келет экен. Кыйкырышып, сөгүшүп-сагышып, көкүрөктөрүн койгулап сүйлөшкөн ачуулуу кызык адамдар жүрөт.

Андан ары букалар, уйлар, эшектер, эчкилер бар... Койлор өздөрүнүн өтө чоң куйруктарын көтөрө албай ары-бери чайкашат. Бир топ тоокту бири-бирине байлап коюшуптур. Мунун бардыгы мөөрөп, маарап, какылдап атышат, бирок аларды башкарган адамдын үнү бардыгын басып кетет. Мен ошол жерде жүргөндө эки төөнү алып келишти. Алар кичинекей баштарын жогору көтөрүп, парад кабыл алган командирдей мойнун созуп туруп калышты. Андан арыраак жакта сыртка чыга турган эшик бар өңдөндү.

Дал чыга бериште өтө эле сөөлөттүү көрүнгөн жана алдына койгон товарлары көп түрдүү тоголок, кашка баш адам отурат. Ушул жерде адамдардын ар кандай эски-уску кийимдери үйүлүп жатат, кандайдыр бир идиш-аяк, примус, жез илеген, ойготкуч саат, тапанчанын сабы — мунун бардыгы Базариянын көркөм дүйнөсүндөгү көрксүздүктү элестетип тургандай сезилди. Ошол адамдын ээк алдында, ушул буюмдардын үстүндө «Каалаган буюмуң —10 сомдон ашпайт» деген кулактандыруу турат.

«Ушундай экен да! — деп ойлодум мен. — Бул жөн эле бир алдоо го...»

Ушул жайкалып отурган аңкоонун катарында, анын каптал жагында, күрүчтүн саманынан жасалган жакшынакай шляпа жатат, өтө эле көрктүү жана жапжаңы. Ал, албетте, он сом эмес экени көрүнүп турат.

Заңкайган киши мени карай бурулду.

Мен шляпаны колума кармап, бош чөнтөгүмө колумду салдым:

— Он сом дедиңизби?

Эмне болуп кеткенин түшүнбөй да калдым. Турган ордунда секирип кетти. Көзүн чекчейте теше тиктеп, мени көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй жаман көрө карады. Бети-башын бырыштырып, заары жүзүнө чыкты. Айтканга сөз таппай калгандай сезилди мага.

Капысынан эле колумдан шляпаны жулуп алды да:

— Жогол бул жерден!!! — деп кыйкырды.

Мен чыгып кеттим... Тынч, бардыгы уйкуда жаткандай ээн көчө, дымырап турган бак-дарактар, дубалдар, бак-дарактар менен дубалдардын көлөкөлөрү, көчөнү бойлой көөлгүп жаткан аптап...

Кандай гана укмуш!

Палоо, Ленинград

Акырындык менен көчөдөн акча таап алам деген ой келип, ага өзүм да ишене баштадым. Шаарды аралап каңгырап жүрө берген сайын курсагымдын курулдаганы көбөйүп (чыдамым кетип, кантээримди билбей!), азыр, береги бурчтан бурулганда, ушул таштанды челектин жанынан... эми азыр акча таап алам деген ой ачык эле мээмди жеп жатты. Акчадай болуп көрүнгөн канчалаган эч бир кереги жок, булганыч кагаздарды алып карабадым дейсиң!

Кеч кирип баратты, аябай чаңкап чыктым. Ушунчалык суусундук ичким келгендиктен курсагымдын ачканын да сезбей калдым. Алдымды караган боюнча кыдырып жүрүп, караңгы кире баштаганда акча табуудан акыркы үмүтүм үзүлдү. Капысынан эле кандайдыр бир күч кадамымды жайлатып, артты карай тартты: көчө чырагынын жарыгы түшүп турган дубалдын түбүндө бир нерсе жаткандай сезилди, бирок мен ага анча деле көңүл бурган жокмун. Мындай сезим менде мурда деле болуп, бирок эч нерсе тапкан эмесмин. Андан ары кетүүнү ойлодум. Бирок кайра эле кандайдыр бир күч мени коё бербеди, кайрылып дубалдын түбүнө бардым... чыныгы үч сом жатыптыр. Кубанычым койнума батпады, ошентсе да бул анча деле көп акча эмес эле. Бирок буга бир нерсе алса болот да...

Адегенде сигарет сатып алдым, анан чайканага кирип, бир чайнек чай алдым. Чаңкоомду кандыргандан кийин курсагым ачканын сездим. Сигаретимден алып чеге баштадым. Жанаша отурган тажик мени сөзгө тартып, бир аз кобурашкандан кийин сигарет сурады. Тамеки бердим. Тажик мени менен кобурашып отуруп, чайкананын ашканасында дымдалып аткан палоону улам барып карап келүүдө. Мен аны менен сүйлөшүп отуруп, ал мага палоосунан берээр бекен деп гана ойлоп жаттым. Аны күтө берип, ичким келбей калса да болбой, дагы бир чайнек чай ичтим. Чайдын ордуна бир сомго нан алсам болмок экен деп ойлодум.

Тажик техникумдун студенти болуп чыкты.

— Бүткөндө ким болосуң? — деп сурадым мен.

— Коомдук тамактануу боюнча инженер-инструктор, — деп сыймыктана жооп берди ал.

— О, абдан кызык кесип экен. — Мен ашказаным сайгылашып ооруп атканын сездим. — Сага стипендия төлөшөбү? — деп мен аны коркуткансып сурадым.

— Стипендия, акчабы, жакшы эле! — деп ал колу менен кокосун сүрүп койду. Анда мен мындай дедим:

— Мен геологмун, беш жыл мурда институтту бүткөм. Үч миң сом алам.

— О-о-о-о! — деди тажик.

Мактанып баратканымды эстей коюп, сөзүмдү оңдогонго аракеттендим.

— Бирок башка шаарда акча өтө эле көп кетет экен! — дедим мен. — Жекшемби күнү келдим эле, андан бери жүз сомду жок кылдым, азыр ачкамын.

— Ооба, башка шаар деген башка шаар, — деди да, палоосун караганы кетти.

Мен жагдайды байкап, ал келгенде мындай дедим:

— Ошентип сен инструктор турбайсыңбы... Демек тамакты да жакшы жасасаң керек?

— Ооба, — деди ал, — ооба.

— Мыкты палоо басыш абдан эле кыйын болсо керектир?

— Ооба, ооба, күрүч, эт, май, пияз, калемпир, помидор, кишмиш...

Менин көзүм жалжылдап кетти. Шилекейим чубурду.

— Эти эмненики? Койдуку да, ээ?..

— Койдуку, койдуку, — деп ырастап койду тажик.

— Бизде, түндүктө кожейкелер күрүчтү ойдогудай бышырыш кыйын дешет, — дедим мен.

— Күрүч, күрүч, — деди ал. — Силердин Ленинградда да чайкана жана палоо бардыр?

— Жок, — дедим мен мага боору ооруйбу деген кыязда.

— Чын эле жокпу! Чайкана да жок, палоо да жок... — күңкүлдөп койду тажик.

— Мен аны биринчи жолу ушул жерден гана жеп көрдүм, аны да ашканадан.

— О-о-ох, — деп инструктор көзүн жүлжүйттү.

— Бирок ашкананыкын үйдүкү менен салыштырууга болбосо керек?

— О, үй! Сеники — Ленинградда, меники болсо — Ура-Төбөдө.

— Үйдүн палоосун такыр эле жеп көргөн эмесмин... — дедим мен, инструктор болсо палоосун караганы кетти. Менин чайым түгөп калганын байкадым, жөн эле олтура бергенден уялдым.

Дагы бир чайнек чай алдым.

Инструктор келип дагы тамеки сурады. Мен ага сигарет да, чай да бердим.

— Бышып калдыбы? — деп сурадым.

— Даяр болуп калды. Демдеп келдим.

Палоонун майлуу буусу буркурап, капкагынан чыга албай атканын элестеттим...

— Ооба, — дедим мен, биротоло баш ийгенимди билдирип, — үйдүн палоосун жегенди абдан каалап турам...

— Ооба, — деди тажик, — Ооба... Дагы бир сигарет алсам болобу. — Ошентти да бир сигарет алды.

«Мен кайдамын, деги эмне болуп атам?..» — деп ойлодум каңырыгым түтөп:

— Бизде, түндүктө деле даамдуу тамактарды жасашат. Бирок силердикинен башкараак. Ленинградга келсең — мен сени коноктойм.

— Ооба, сөзсүз келем, — деди ал. — Кой, мен палоону карайын, эмгиче бышып калгандыр.

Мен дагы ордумдан туруп, аргасы түгөнгөн адамдай айттым:

— Кандай жасап атканыңды мен дагы барып көрөйүнчү...

Биз адамдын боюндай болгон, буркулдап кайнап аткан эки чоң жез самоордун, чайын демдеп аткан чайканачынын жанынан өттүк. Кичинекей бөлмөгө кирдик.

Ал жерде коондорду тегеректеп он бештей аял сүйлөшүп отурушуптур. Мага күрүлдөгөн таш талкалагыч иштеп жаткандай эле туюлду. Ошол эле учурда алардын эбиреп-жебиреген ооздорунан мага түшүнүксүз сөздөр чыгып жатты.

Мен киргенде, таш талкалагыч токтоп калды.

Бардыгы инструкторду карап калышты.

— Рафикон колонсолон Ленинград, — деди ал күлүп, — канибадам хушт либос палоо.

Бардыгы күлүп калышты. Таш талкалагыч кайра иштей баштады. Мени шылдыңдап атышат деп ойлодум да, аларды карап тек гана жылмайып койдум.

— Палоо, Ленинград, — дедим мен маанисиз эле жылмаюу менен.

Биз караңгы (терезеси жок) ашканага кирдик. Очокто көмүрдүн өчүп бараткан чогу гана жылтырап, кошуна бөлмөнүн ачылып турган эшигинен бир аз жарык түшүп турат. Караңгылык жагдайды экзотикалуу көрсөтүп турат. Очокко эң чоң казан орнотулуптур.

Инструктор капкагын ачты.

Жардыруудан чыккан толкундай болуп буу көтөрүлүп, палоонун жыты бөлмөгө толуп кетти.

Чоң казан топтолтура болчу.

Инструктор казандын капкагын алып салды. Сузгусу менен сайгылап көрдү да:

— Даяр болуптур, — деди.

Мен кызарып бышкан күрүчтөрдү, казандын май баскан капталдарын карап, акылдан адашып калдым.

Инструктор кошуна бөлмөдөгү аялдар менен кыйкырышып сүйлөштү, алардын бири өтө чоң табак алып келди — мен мындай табакты али көрө элек болчумун! — жана кичинекей табак алып келди. Ал казандагы болгон палоонун бардыгын чоң табакка салды, аны келген аял көтөрүп кетип, ортолоруна коюп алып жей баш­ташты.

Инструктор казандын капталдарындагы калдыктарды кырып-сырып, кичинекей табакка салды.

Бул бизге болсо керек деп ойлодум мен.

— Мына бардыгы бүттү, — деди ал. — Мындай ашкана Ленинградда жок да.

Биз сыртка чыктык. Аялдар табакка кол салып, палоону ныктай тоголоктоп туруп ооздоруна салып жатышты. Мен палоонун үстүнө жата калгым келди. Инструктор кичинекей табакты чайканачыга берди.

— Дагы бир чайнек чай алалы, — деди да, жыйырма беш сомдугун сууруп чыкты. Мен анын жыйырма беш сомдугуна суктана карадым да, биротоло аягына чыгарайын деп ойлодум.

— Кесек акчаңды майдалатпай эле кой, — дедим мен, — менде майдалары бар. — Ошенттим да чайканачыга акыркы тыйындарымды бердим.

Инструктор жыйырма беш сомдугун кайра катып алды. Биз бир нерселерди сүйлөшүмүш болуп чайды ичип бүттүк.

— Көк чай, жакшы чай, — деди да, ал чайдын калганын чыныга куюп, мага жылдырып койду. Мен болду дедим. Анткени ашказанымда эки литр ысык суу кайнап жаткан эле, андан башка эч нерсе жок болчу.

Инструктордун таарынып калганы жүзүнөн байкалды.

— Сөзсүз ичишиң керек. Биздин элде чайдын калдыгын эч кимге бербе, эң жакшы досуңа гана бер деген кеп бар.

Ошентип биз ордубуздан туруп, бири-бирибизди ийинге таптап, бир туугандардай күлүп турдук.

Инструктор саатын карады.

— Ой-боой! — деди ал. — Он экиге он беш мүнөт калыптыр... Мен кетишим керек.

— Болуптур, түнүң бейпил болсун, — дедим мен ага жылмайып.

...Мен парктагы скамейкага барып жаттым жана ашказанымдагы үч литр көк чай кандайча курулдап-шурулдап атканын угуп жатып уктап кеттим.