Билал

Жети жашар чечен уулу Москвада мектепте.
Парталашын мууздаймын деп коркутат.
Колунун кыры менен мойнун кезейт.
Мектепте чогулушта кыйкырат ата-энелер
Качанкыга чейин коркобуз бул баладан
Башка жерди тандасын анда булар.
Биз жакпасак ктишсин бизден узак.
А бизге буларсыз Москва да тынчыраак.

Карагыла кандай жырткыч бул бала
Бул баланы оорулуу деп айтышат.
Сүйлөгөнү тез тез да кызуулана
Атам келип атат дейт баарыңарды
Айтып дагы жеткиргиле калганына
Деп тынчтанып калат арык купкуу Билал
Чөөлөр койлор силерсиңер деп тынчтана.

Шкафтын артына өтүп олтурат да
Грозныйда агам бүркүт кармады дейт.
Аны камап торго анан өрдөк берет.
А апасы атасына билгизгенге
Чогулуштан уккан жок бир жакшы кеп.
Бул жерде бир мүнөт да жашай албай
Аралашып кете албай чыдайт Билал.

Сөөктөрун таза мулжүп өрдөктүн
Канын кошо жеп койду деп бүркүттү.
Мактанат да сыймыктанып жаш Билал
Да бир агам уйду атып өлтүрдү.
Уйдун этин баары жешет чогулуп,
Көчөдөгү кошуналар баарысы
Эшик алды үстөлдөрдү коюшуп,
Уйдун этин жеп бүтүшүп тарашты.

Жоош апасы чечен кызы кавказдык
Чогулушта айтат ага энелер
Аталар да унчугушпайт а эне
Асланга айтамын деп баш ийкейт.
А Билалдын көгүш болгон көздөрү
Күйүп турат тырыгы бар бетинде.
Аянычтуу өлгөн уйдай бул жерде.

Көздөрүндө,жүзүндө да Билалдын
Куса толо ачуулу бир сагыныч.
Кудай сындуу бүт Кавказды белгилүу
Алган өңдүү чоң бөлүгүн багынтып.
Эки колу менен көзүн ушалайт.
Ачса ооруйт, ооруйт абдан кусадан.