Түштүк түнү, жалгызмын ээн перрондо...
* * *
Түштүк түнү, жалгызмын ээн перрондо,
соңку поезд келбейт кара баскансып,
күйүп-өчөт жашыл коңуз жаркырак,
үйүгүшөт үлпөт куруп жаткансып.
Жыты келет роза менен хлордун,
кандайдыр бир уруш четтен угулат,
жарык чачып учуп жүргөн от чаңдар
абаны да өрттөчүдөй туюлат.
Прожектор караңгыны как жарып,
темир жолдо сызган состав силкинди,
жарыгы өчүп, терезеден тамтык жок,
кавказдын бул өчүн шайтан билсинби.
Вагонго мен чемоданды ыргытып,
эптеп түшүп, артыма көз чаптырсам:
түнкү пальма, вокзал, деңиз — бүт баары
чычаладай күйүп-жанат астыртан.
Булар эмне: өгөй мекен — буттуу там —
аздектелген имараттар жалп этип —
жаңырыктап кымкуут дүйнө — ал анан —
терезеде ок-дарылар жарк этип?
Баары билет: аман калат ким кетсе,
жаралуу жан кусалыкка эмделген.
Париждеги Сеземан зек айткандай:
бул өлкө эмес, бул кылымга келгем мен.
Мага коңуз, жылдыздар да жанбастыр,
өчкөн үмүт жаздыгымда тумчугат.
Таңкы абада жаркын тилек жылт этип,
ок атылбай, музам менин унчугат.
Түштүк түнү, жалгызмын ээн перрондо,
соңку поезд келбейт кара баскансып,
күйүп-өчөт жашыл коңуз жаркырак,
үйүгүшөт үлпөт куруп жаткансып.
Жыты келет роза менен хлордун,
кандайдыр бир уруш четтен угулат,
жарык чачып учуп жүргөн от чаңдар
абаны да өрттөчүдөй туюлат.
Прожектор караңгыны как жарып,
темир жолдо сызган состав силкинди,
жарыгы өчүп, терезеден тамтык жок,
кавказдын бул өчүн шайтан билсинби.
Вагонго мен чемоданды ыргытып,
эптеп түшүп, артыма көз чаптырсам:
түнкү пальма, вокзал, деңиз — бүт баары
чычаладай күйүп-жанат астыртан.
Булар эмне: өгөй мекен — буттуу там —
аздектелген имараттар жалп этип —
жаңырыктап кымкуут дүйнө — ал анан —
терезеде ок-дарылар жарк этип?
Баары билет: аман калат ким кетсе,
жаралуу жан кусалыкка эмделген.
Париждеги Сеземан зек айткандай:
бул өлкө эмес, бул кылымга келгем мен.
Мага коңуз, жылдыздар да жанбастыр,
өчкөн үмүт жаздыгымда тумчугат.
Таңкы абада жаркын тилек жылт этип,
ок атылбай, музам менин унчугат.




