Юрий Гагарин

(китептен үзүндү)

Гагарин жана «жылдыз-агайындары»

Майор Гагариндин ийгиликтүү учушунан кийинки эле күнү СССР эмки максаты Айга учуу экендигин каңкуулап койду. Мамлекет башчыларынын эч кимисине бул тууралуу Кеннеди сыяктанып ачык жарыялоо талап кылынбады, бактыга жараша, ал учурдагы аудиториянын өзү атургай кыйыр каңкууну да адамча кабыл алууга жарабай, аябагандай кыйын абалда эле. Маселен, 1961-жылы 13-апрелде Парижде, Пале де Спортто «Уралдын 80 бийчиси» үч миң көрүүчү алдында «жасалма спутник бийин» аткарышкан. Космос ракетасын сүрөттөгөн артисттер тобу төбөсүнө — көңүл бургула, сак болгула! — абдан чоң сары шар орнотулган солистканы тегеренип айланышкан. Капилеттен L’Auroreнин кабарчысы кабатырлануу менен: «ракета тобунан бир киши бөлүнүп чыгып, Айга карай бет алды жана аякка советтик желекти сайды» деп жарыялайт. Ошол кезде сырдуу Башкы Конструктордун кудуреттүүлүгүнө болгон ишеним ушунчалык зор болгондуктан, ушул өңдүү жөнөкөй эле бий Американын бетине сүртүлгөн кара көөдөй кабыл
алынган.

«Космос доорунун таңында» кабарчылар америкалык атактуу физик Тейлордон: «Америкалыктар Айга барганда эмнени көрүшөт?» деп суроо салганда ал бир көз ирмем олку-солкусуз: «Орусту!» деп жооп берет. Бир катар бизнесмендер «Джеминай» жана «Аполлон» жаңы программасынын өтөле кымбаттыгын айыптап чыгышканда Линдон Джонсон «Мен коммунисттик айдын жарыгы астында уктаганды каалабайм» деп жооп берген. Том Вулфтун так өзү кейиш аралаш: «О, Кудай-ай, ар түнү төбөңдө орустар тарабынан басып алынган күмүш айдын айланып жүргөнү спутниктен да жаман эмеспи» деп таңдайын такылдатат.

Жакын арада Айга учууга ириде орустардын өзүлөрү чын ниеттен ишенишкен:

Таң калбагын эч кимиң,

Ишенимдүү айта алам.

Туулган күндүн эмкисин,

Белгилейсиз сиз Айдан!

Бул ыр «гагариндик кошуундун» журналисттеринин атынан күйөөсүнүн кезектеги турунда туулган күнүн Афганистанда белгилеген Валентина Гагаринага арнап чыгарылган. Анүстүнө, жакында эле Титов бир күн бою учуп-конгон, алдыда Андриян Николаев учканы турат; 1961-жылдын декабры «мына-мына, бардык каалоочуларды Суздалга саякатка алып чыккандай Айга алпара баштайт» дегенге шек санабагандар үчүн жакшы маал болчу.

Ай дегениң XXI кылымдын кишилери үчүн — контанта, кандайдыр бир өзгөрбөс, кайталанма, циклдүү болуп саналат; «өзүнөн өзү илинип турат». 1960-жылдардагы адамдар Айды башкача: кечиктирилгис иш-аракеттерди талап кылган объект катары карашчу.

Ай дегениң «кайдагы бир», «өзүнчө» эмес, көз алдыдагы «бу жердеги»; саатты болочокко чейин каккан, саат жебеси аны менен кошо чуркаган циферблат катары түшүнүлчү. Айга алып барбаган ар бир күн убакытты текке кетирүү катары кабылданган.

Айтмакчы, Айга байланыштуу бул «аллергия» 1950-жылдардын ортосунда эле башталган: анда бир нерсе ойдогудай эмес, Ленин айтмакчы «штык менен сайгылап көрүш керек» эле; Ай Советтик Россияны дүйнөлүк революциянын экинчи жана эң башкы очогу болуп саналган Германиядан бөлүп турган Польшанын аналогу болчу; алысыраак жана татаалыраак, бирок тобокелге баруу зарыл. 1980-жылы коммунизмге жетиш үчүн Ай аркылуу «өтүш» керек.

60-жылдардын адамдары илимий фантастикадан, гезит чуусунан, калк санынын өсүшүнөн (тинейджер-бебибумерлердин көптүгүнөн) «баштары тегеренип», өздөрүн ээн аралда калгандай сезишкен; ооба, Жер шары биздин бешигибиз, бирок бешикте түбөлүк жата берүү кантип болсун; футбол баяндамачылары дүйнөлүк чемпионат алдында байма-бай айтышкандай — «топтон чыгууну» милдеттүү түрдө жасаш керек.

Балким, бул болуп көрбөгөндөй кызыгуу СССРдин дал өзү негизги планетадан бөлүнүп чыккан, жашоо үчүн анча ыңгайсыз, бирок өз алдынча кооз, ажайып жана эң башкысы — «космостун чексиз океанындагы адамзат жолундагы алгачкы арал» (П. Клушанцев) аттуу өзгөчө милдетти аткаруучу «Айдын» ролун ойногондугунан улам болсо керек.

Азыр мунун өзүн өзү күз боёмочулук болгондугу түшүнүктүү, а бирок ал, Виктор Пелевин туура белгилегендей, улуттук өзүн өзү алдоолордун ичинен эң эле жүрөк толкуткандарынын бири экени талашсыз.

АКШ менен башталышында эле саясий түспөлгө ээ болгон «ким биринчи?» деген мелдеш эми моралдык жактан мурдатан Советтер Союзуна таандык нерсени кайтарып алуу сымал бирдемеге чейин «ойнолуштурулуп» кетти. Айды тек гана «баш ийдириш» эмес, «кармашып тартып алыш» керек болду; Ай менен, маселен, 2014-жылы Крымды алгандай «кошулуш» керек болду; бул башка деңизге чыга турган база, «терезе»; аякта — биздин тарыхыбыз, биздин өтмө желектер; биз биринчи болуп анын «караңгы жагын» сүрөткө түшүргөнбүз. Скепсиске караганда оптимизм дурус сатып өткөрүлөрүн аңдаган серепчилер тарабынан атайылап шөкөттөлгөн жана массага анчейин түшүнүксүз Айды өздөштүрүүнүн техникалык кыйынчылыктары (күн менен түн тезирээк алмашып туруш үчүн аны жардыруунун жардамы менен батыраак айландыруу, жасалма атмосфера түзүү ж.б.у.с.) 60-жылдары жамааттык аң-сезимде Айды тартып алган кандайдыр бир кас маданият менен кагылышуу саясий «терраформингди» ишке ашырууга, Айды өзгөртүү зарылчылыгына алып келе тургандай «кайра ойлонуштурулуп» алмаштырылды. Ай СССРдин болочоктогу он алтынчы республикасы сыяктуу кабылданып, дал ошол жылдары жазылып жана жарык көргөн «Незнайка Айда» аттуу китепте айтылгандай, капиталисттерден «кармашып жеңип алыш» керек
болду.

«Дегиңкиси» эмес, ким дегендин жеке өзү муну баарынан мыкты аркалап кете алат?

Албетте, анын ким экени ачык-айкын.

Ал — жогеле дегенде, поп-маданияттын элестетүүсү боюнча Айды ким баш ийдирген болсо, ошол.

Ал — бир топ жылдар бою дээрлик 1965-жылга чейин уланган советтик алдамчылыктын «ай жамалы».

Ал — Айды алам деп оолуккан оопайдын так өзү болчу.

Ай Гагариндин ой-санаасын тушаган идеясы, ыйык Граал чөйчөгү эле.

Ал өзү учканда аны көрбөй калганына аябагандай кабатыр болгон; капаланган, бирок «Эч нерсе эмес, эмкисинде көрөм» деп койчу. Ал ага жаштайынан сыйкыр сындуу таасир этчү — өмүр бою жатакананы жатак кылып өз батирин эңсеген адамдар сыяктуу ыңгайы келген-келбегенине карабастан аны эстей берчү, кыялга батчу. Саратовдо, ал жаңыле аэроклубга катталганда жакын-санаалаштары: «учканды үйрөнгөн соң бизди сала кеткенди унутпа» деп тамашалашканда, ал: «Ашыкпагыла, атургай мен силерди Айга алпарам!» деп түс үйүрөт. Капилет бет келе калганда «ой, сен кайдан?» деп сурагандарга токтолбостон: «Айдан» деген жоопту узатчу.

Ушулардын бардыгы бечел биографтардын ойдон чыгарган окуялары катары көрүнөт, ошондой болсо да көптөгөн кыйыр каңкуулардан улам, ага ырасында эле өзү дал ушу улуу миссия үчүн жаралгандай туюлчу. Буга анын өздүк туюму гана эмес, далайлары ынандырып-ишендиришкен. Тээ 1954-жылы эле анын колуна «№ 11 1974-жыл» деген «фантастикалык» ички бети бар «Знание — сила» журналынын ноябрдагы саны тийип калат. Анда кинорежиссер В. Журавлевдун кинону тартуу учурундагы Циолковскийдин кеп-кеңештери (ал Айга карай мээленген ракетопландын 30 чиймесин тарткан), СССР Илимдер академиясынын билдирүүсү, кораблдин бортунан берилген репортаждар, учуу кантип даярдалгандыгы тууралуу экипаж мүчөлөрү менен окумуштуулардын сөздөрү, космонавттардын кыскача өмүр баяндары менен сүрөттөрү, учуу траекториясынын сыпаттамасы жана кораблдин колго тартылган элестери тууралуу «Космостук каттам» фильми кантип жаралган» аттуу аңгемеси жарыяланган. Эң кызыгы — «Ай-1» кораблинин башкы конструктору жана борт инженери 1934-жылы төрөлгөн смоленскилик Ю. Н. Тамарин деген киши болот. Ырас, андан ары редакция тырмакчанын ичинде мындай деп сүрөттөйт: «Аталган адамдар ырасында жок экендигин моюнга алабыз, биз аларды редакциянын өзүндө ойлоп таптык, анткени болочоктогу планеттер аралык саякатчылардын аты-жөндөрүн али билбейбиз, бирок биз алардын төрөлүп, алардын айрымдары, мүмкүн, бул журналды колуна кармап тургандыгынан күмөнүбүз жок. Албетте, биздин көптөгөн окурмандарыбыз келечектеги планеттер аралык кораблди курууга катышышат, өз колдорунан жаралган курулманы Айга аттандырышат. Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз, болочокку он жылдыктын алдыңкылары, жакын арада Айга фантастикалык эмес, анык кораблдин аттанышы үчүн бардык аракеттериңиздерди жумшайт деп ишенебиз. А биз болсо фантастикалык эмес, планет аралык алгачкы учуу тууралуу анык отчетту басып чыгарууга даярбыз».

Гагаринден турмушта дайым түз жүрүп, башкасынан баш тартууну ПБКнын башчысы эмес, коммунизмди куруучунун моралдык кодекси эмес, дал ушу Айдын өзү талап кылган; Ай анын 108 мүнөт бою ал космосто «тек гана жатып кайтты» деген айыптоодон арачалап калар камсыздандыруу полиси болуп саналган. Ай аны ар убакта бир калыпта кармаган башкы өбөлгөсү эле. Ошондой эле «чыканак жакын болсо да, тиштей албайсың» жана «көз көргөн менен, тиш жетпейт» дегендей фольклордук накылдын анык сүрөтү катары көрүнгөн.

Ал ар күн сайын кечкисин төрт аяктап олтуруп алып бөрү өңдөнүп улуганды мындай кой, бирок не деген менен жакынкы ондогон жылдар ичинде, алы-күчү барында Айга жетүү мүмкүнчүлүгү жоктугун мыкты түшүнүп эле туруп, терисине батпастан «Ай» долбооруна катышуу үчүн колдон келгендин баарын жасаган; космонавттардын узун кезеги, мамлекеттик пропаганданын макамы, инженердик билиминин жоктугу, жумушуна байланыштуу толук эмес сергек жашоо образы — мунун баары анын жолун бууп турган.

Гагарин Ай дегенде эт-бетинен кетчү жана мына ушул өжөрдүгүн курчап турган чөйрөсүнө жугузганды жакшы билчү.

«Айга жетчү келечек» жакын жана кол жетерлик экендигине болгон ишеним адамдардын ой-санаасын өзгөртүп, аларды иррационалдуу аракеттенүүгө мажбурлаган. Азыркы учурдун көзү менен караганда ошо кездеги адамдар үчүн «Айга салган инвестиция өзүн актайбы?» деген эң жөнөкөй суроо да кызыксыз болгондой туюлат. А балким майонез же жарым өткөргүч чыгарган завод салуу жакшы чыгар? Албетте, жок!

Мынакей, Түштүк Корея 1970-жылдары космоско эмес, жарым өткөргүчтөргө акча коротушкан, азыр болсо аякта «Samsung»; качандыр бир убактарда корейлердин өзүлөрүндө канча жылдап эңсеп, МКСтын каптоочунун тешиктерин бургулагандарга караганда космоско алда канча бат-баттан учуп туруу ыктымалдыгы өтөле жогорураак. А балким, Гагарин «Союзда» учууга даярдык көрүүнүн ордуна жарым өткөргүчтөрдүн жарнамасы менен жана инвестиция издөө менен алектенсе бардыгы үчүн дурус болмок? Жок.

1965-жылы Павел Клушанцевдин жарым-жартылай документалдуу, жарым-жартылай ойдон чыгарылган «Ай» тасмасы — «Гагарин муунунун» иллюзияларынын компендиуму жана квинтэссенциясы болуп чыгат, ал боюнча калың калктын энтузиазмын мобилизациялоо эмне үчүн оңой болгондугу, ал эми рационалдуу жүйөлөрдү угуу кыйынга турганы түшүндүрүлгөн. Абдан ачык жана адамды өзүнө тарткан тасмада адамзат үчүн Айдын маанисин түшүндүрөт («космос мейкиндигине бара жаткандагы биринчи арал») жана адам аны жакынкы жылдардын аралыгында кантип көрктөндүрөрү айтылат. Айда адамга нурлануу коркунучу болгондуктан, терең жардырууларды жасоого туура келет, атайын шарттарды түзүп, жер алдындагы турак-жайларды куруш керек. «Адам Айдын түпкүрүнө топуракка урук сайылгандай кирет. Анан көтөрүлүп чыгат, серпилгич бүчүр сыяктуу көтөрүлөт дагы, айдын дыңын бузууга чабуул башталат». «Казына кампасы» Ай, албетте, адамды пайдалуу кендер менен камсыз кылары бышык: мунай, балким алтын, асыл таштар, муз кендерин тартуулайт. Ай космонавтикага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачмакчы: ракеталарды туурасынан ылдамдатууга болот, себеби атмосфера жок эмеспи. «Айдагы шаарлар кооз болуш керек. Адам Айдан бекем орун-очок алат. Анан, менимче, Айда наристе алгач тайтайлагандай мезгил дагы келет деп ойлойм... Айда төрөлгөн биринчи адам... Аны менен кошо Күн системасынын жашоочуларынын жаңы мууну башталат. Канчалаган ажайып көрүнүштөрдү көрөбүз! Мына ушунун баары болобу? Албетте, болот. Болот! Циолковский айткандай, адегенде бир аз тартынып, андан соң бүтүндөй Күндүн тегерегиндеги мейкиндикти багындырып алат... Жолуң шыдыр болсун, адам!»

Негизи Айга жетүүгө болот: 1961-жылдын 12-апрелинде адам космосто болушу мүмкүн экени ачык болгондон кийин жеңип чыккыс эч бир тоскоолдук калган жок сыяктуу. Оболу Айга жумшак конгудай, андан кийин Айдын бетинен кайра учуп кете турган учакты куруу таптаза инженердик милдет эле. Бирок, чындыгында миллиарддаган баалуу рублдерди талап кылган маселе.

Америкалыктар менен жерде сүзүшүп-тирешүүгө туура келген Коргоо министрлиги Айдын коргонуу, башкача айтканда, аскердик мааниси эмне экендигин түшүнгөн жок. Айрым советтик аскерийлер Айды жерден жетүүгө мүмкүн болбогон жана ядролук соккуларга дуушар болбогон идеалдуу командалык пункт деп эсептешкен: анткени ал жерде атмосфера жок, демек, атом бомбасынын жарылышы майнапсыз, жаркыраган эле бир нурлануу эмеспи. Бирок, мунун баары жөн гана божомолдор жана планеталар аралык саякатка коргонуу бюджеттерин сарптоо көз боёмочулугу жана ойго келбегидей нерсе сыяктуу көрүндү. Гагарин перспективалар бар экендигин түшүнгөн, бирок эч нерсени далилдей алган эмес. Ай абдан жакын сезилгени менен, кол жеткис — абдан алыс болчу. Кудум жүзүмгө жете албаган түлкү тууралуу тамсилдегидей.

Ошол эле учурда расмий түрдө Айды багындыруу идеясынан эч ким баш тарткан эмес, ошондуктан 1961—1966-жылдардын аралыгында СССР, алагушту атынан атасак, куру опуза кылганы ырас. Нечендеген бийлер чыкты, ырлар чыкты, «планшеттерге кымтылган космостук карталар» тууралуу да ырлар болду, ал тургай Гагариндин кабинетиндеги Айдын глобусу да турду, а бирок эч кандай конкреттүү Ай программасы болгон жок — мунун өзү тыңчы астроном Ловеллге, чын-чынына келгенде, АКШ Айга жетиш үчүн өзү менен өзү жарышып жатат, анткени СССР ал жарышка катышканы жок деп айтып жиберүүгө жол ачты десек болгудай.

Эйфория бүтүп, америкалыктар бардык жагынан космостук жарышта алдыга чыгаары айкын болгондо (АКШнын аскер мекемелери ойдон чыгарылган Ай коркунучуна жамынып салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнөн акчаны чууртуп өндүрүп, өз ишканаларына куюп жаткан) — «Ай маселесине» бир аз күлкү келгидей олуттуулук менен шымала киришип калышты. Айды багындыруу долбоору жалпысынан алганда (башкача айтканда, чын-чынына келгенде, Королевдун гана мээсинде) 1950-жылдардын аягынан бери бар эле, бирок бюджети жана учкучтарды даярдоонун белгиленген программалары менен аздыр-көптүр конкреттүү план эми гана иштелип чыккан. Ай экспедицияларынын потенциалдуу катышуучулары үчүн Москва планетарийинде сабактарды уюштуруп, аларга космонавттар гана эмес, Коргоо министрлигинин жогорку даражалуу аткаминерлери да катышып (аба аскер күчтөрүнүн башкы командири Вершинин, маршал Руденко), мынчалык ойго келбегидей көп акчаны эмнеге жумшаганы жатышканын түшүнгүсү келген. Айды изилдеген адистер бул планета тууралуу бүгүнкү күнгө чейин билгендеринин бардыгын төкпөй-чачпай айтып беришти. «Өзгөчө кызыктуусу, — дейт Каманин, — Козыревдин айтымында Айдын бети вулкандык процесстердин жана Жердин таасиринен улам толкун кубулуштарынын эпкини алдында калыптанган деген билдирүүсү болгон. Метеор телолору да Айдын бетине өз издерин калтырышкан. Мага айдын бети бир аз катып калган мох сыяктуу көрүнөт».

Айга экспедиция даярдоонун эң жакшы ойлонуштурулган планы — конкреттүү экипаждары, машыгуу программасы менен 1966-жылдын башында гана кабыл алынган жана эки жарым жылга созулган. Айды үч этап менен өздөштүрүү болжолдонгон. Биринчиден, айланып учуу (алты-сегиз кеме; албетте, бир эле учурда эмес). Андан кийин космонавттар менен кеме коно турган жерлерин изилдеш үчүн луноходду Айга олтургузуу зарыл болгон. Акырында чыныгы чабуул башталмак: адамдар менен кеме Айга барып конмок. Айды айланып учуу программасы боюнча даярдала турган космонавттар тобунун курамы дайыма өзгөрүп турган; ага сөзсүз конструктордук бюронун адамдарын кошкусу келишкен. Гагарин мына ошол экипаждардын биринин командири болмок.

1968-жылы, Гагарин кырсыктаарына эки жума калганда «Айга экспедиция даярдоо үчүн 2,5 жылдык космонавттарды даярдоонун жаңы программасы бекитилген. Чындыгында ошол жылдын январь айынан тартып биз ушул программа боюнча 18 космонавт даярдай баштадык». «Айды айланып учуу программасы боюнча конкреттүү экипаждар катуу машыгуудан өтүштү. Ал тургай, Түштүк Чырым топ жылдызын жана Москвада байкалбай турган Түштүк жарым шардын асманынын башка өзгөчөлүктөрүн визуалдык изилдөө үчүн Сомалиге дагы барышты». Бирок, ошондой болсо дагы, мунун баары «Жердин айланасындагы орбитадагы биринчи Ай кемесинин учуусу 1969-жылдын экинчи жарымында болушу мүмкүн», ал эми «Айга экспедиция 1970—1971-жылдардан мурда башталбасын»
туюндурган эле.

Өмүрүнүн акыркы жылдары Королев адашып, туңгуюкка кептелип, өзүнүн өжөрлүгүнөн улам гана Н1 Ай ракетасын жаратуу менен эксперимент жүргүзүүнү уланткан деген пикир болгону ырас, мындай пикирди Королевдун мураскорлору Мишин жана андан кийин Глушко дагы колдошкон. Чындыгында ал долбоордун келечеги жок экенин түшүнгөн. Аябагандай кызыктуу «Королевдун Марс долбоору» (26) китебинде Королев Айга анчалык кызыкпаган деген пикир айтылат, ал «Ай жарышына» аралашып, адашкан эмес деп ырастайт: анын кыялы Марс болгон, ал эми Айдын өзү аны ортоңку өткөөл этап катары гана кызыктырган, ошондуктан ал 1961 — 1965-жылдар аралыгында Ай программасын ашыгып алдыга камчылаган эмес.

Мунун баарын Гагарин түшүнгөнбү жана ал үчүн 1974-жылы кимдир бирөө, балким, ал өзү Марска учуп кетет деген үмүт канчалык жубатарлык болгону тууралуу айтыш кыйын (1966-жылы, ал тургай, вымпелдердин дизайны ойлоп табылган жана алыс аралыкка басым алдында кемелерде саякаттоодо психологиялык шайкештик маселеси канчалык маанилүү экенин билүү үчүн төрт морякты 200 метр тереңдиктеги суу астындагы контейнерге төрт ай отургузушкан). Теориялык жактан алганда, ал дагы бир келечектүү иш-чарага, Күндү тегеренип учууга катышууга мүмкүнчүлүк алган: Королев аны Ай менен Марстын ортосундагы маанилүү өткөөл этап катары пландаштырган. Биз Күндү айланып учаарыбыз талашсыз, бирок Королев Жердикинен айырмалуу гелиоцентрдик орбитада, кыязы, башка жол менен учмак окшобойбу. Мунун баары, албетте, абдан кызыктуу эле, бирок, кыязы, Гагарин дагы эле болсо Айга учууга ниеттенген, ал жакка эмне менен учаарына дагы — шыпыргыга олтуруп учса дагы кайыл болгон жана түрдүү шарттарда учууга даяр — ал тургай бир тарапка учууга дагы макул эле.

«Айды өздөштүрүү» дипломдук темасынын эң маанилүү пункту «Айды өздөштүрүүнүн коргонуу тармагындагы мааниси» болот деп болжолдонсо дагы, автоматтык түзүлүштөрдү, учуучу кемелерди жана Айга учуп барып, кайра кайтып келчү кемелер дагы дал ушул кырдаалдан каралышы болжолдонгону менен, «Ай» долбоору ишке ашаарына катуу күмөн санаган маршал Руденко муну колдогон жок. Тандап алыш үчүн Гагаринге: «Орбиталык чалгынчы учак», «Орбиталык тосмолоочу учак» жана «Жердеги объектилерге сокку уруу үчүн космос кемеси» аттуу үч дипломдук теманы сунушташты.

* * *

Гагарин менен Айдын ортосундагы байланыш азыр, жумшартып айтканда, анык болгондой туюлбайт:

Гагариндин өз тарыхы бар, ал 1961-жылдын 12-апрелине алып барат.

Айдыкы да өзүнчө, ал 1969-жылдын 20-июлуна чейин келет.

Иш жүзүндө биз бүгүнкү түшүнүктөрүбүздү өткөнгө байланыштыра беребиз, ал эми чындыгында 1960-жылдардын аралыгында, Гагарин өлгөнгө чейин бул эки сызык жамааттык аң-сезимде тыгыз байланышта болуп келген. 1960-жылдардын орто чендеринде Гагаринди биринчи «борттогу адам» катары эмес, а келечектеги «мына-мына» «айда боло турган адам» катары кабылдап келишкен.

Бул китептин авторунун божомолу боюнча дал Гагариндин өлүмү СССРдин Ай жарышынан толук түрдө түшүнүктүү боло бербегендей болуп чыгып кетишин алдын-ала аныктаган. Кеңири жайылтылган — атайылап сансыз түрдө кайталана берген «америкалыктардан кийин Айга учуунун мааниси жок» деген аргумент ынанымдуу көрүнбөйт: анда эмне үчүн, мисалы, америкалыктар советтик спутниктен кийин өз спутнигин учура баштады? Анда эмне үчүн биринчи голдон кийин, дегеле, футбол ойноонун кандай зарылдыгы бар эле?

Бул жарышка толук кандуу катышуу үчүн СССРде узак мезгилдер бою ашыкча каражат жок экендиги түшүнүктүү болчу: өлкө ансыз деле бир эле убакытта көптөгөн фронттордо Батышка каршы иш жүргүзүп жаткан; а бул арзанга турбаган. Ошол эле учурда — космоско адамдын башкаруусундагы учуулардын программасы ийгиликтүү жүзөгө ашырылгандан кийин «Айдан баш тартуу» ойго да келбей турган иш эле. Узак жылдар бою коомдук пикирдин бир аз көтөрүңкү кылып айткан, бирок аткарылуусу кыйын болгон «Айга аскерлерди жөнөтүү» талабына СССРдин жообу Ай программасын кабыл алуу эмес, а Гагариндин коммуникативдүүлүк жөндөмдүүлүктөрүн катаалдык менен пайдалануу болгон, ага атайылап жалган маалыматтарды таркатуу менен байланышкан аброй-беделдик тобокелдиктерди көкүрөк тосо өзүнө кабыл алуу буйругу берилген. Компетенттүү органдар бул жаатта анык бир нерселерди айтууну каалашпады жана айта да алышпагандыктан, дал Гагарин — советтик космостун номер биринчи элдик адамы бул куру кыйкырыкты өзү моюндаган (ошондуктан «пландуу амортизацияга» дуушар болгон).

Гагаринге эл берген суроолордун чөлкөмүндөгү эң көп кайталангандарынын бири «биз качан Айга учабыз?» деген суроо болгон: «ал Айга качан учат?» Анткени кийинкиси — Ай деген да бүткөндөгүдөй эле, 12-апрелде анын жашоосундагы «башкы окуя» бүткөндүгүн эч ким ойлонгусу келген эмес.

«Мына-мына уча турган болдук, мен өзүм да кайсы убакта болбосун учууга даярмын, окумуштуулар гана бир аз кечеңдетип жатышат, бирок жакында болот, аз-маз калды» — ал 1961-жылдын апрелинен баштап жана андан ары улантып ушундай таризде айтып келген .

Бул чынбы же жокпу, бирок «элдин аң-сезиминде» Гагарин бир жолку космонавт катары кабыл алынган эмес, тескерисинче, ага туруктуу негизде берилип келген суроолорго караганда, аны Айга учуучу башкы талапкер катары кабылдашкан; деги андан да мыктысы бар беле? Ал «бул ишти өзү баштагандыктан» аны андан ары улантышы, багындырышы жана өздөштүрүшү керек; бул «анын долбоору».

Балким, дал ушул багыттагы жалпы элдин үмүтү так Гагаринге багышталгандыгын түшүнүүдөн улам гагариндик жетекчилерди Ай программасында ага да орун берүүгө, башка космонавттар менен бирге даярдыктан өтүүгө тартууга аргасыз кылгандыр. (Албетте, биринчи кезекте Гагарин өзү буга катышууга болгон каалоосунун байкалышы үчүн бардыгын жасаган.)

Гагариндин өлүмү Ай долбооруна да катуу сокку урду. Бул «чабуулчу оюндан чыгып калды» дегендей жеңил-желпи иш эмес, бирок бизде кезектегилердин узун отургучу бар. Ооба, узун; бирок Гагарин — «баары эмес», аны механикалык түрдө башка бирөө менен алмаштыруу мүмкүн эмес болуп чыкты.

Гагарин өзүнүн «адамдык жүзү» менен Айдын автомат менен эмес, адам тарабынан өздөштүрүлө тургандыгын кепилдеген.

Жөн гана изилденбестен — гумандаштырылган, «адамдаштырылган».

Гагарин Жер менен Айдын ортосундагы көпүрөнүн негизги тутуму болгон; ал көпүрө техникалык жактан дээрлик курулуп бүттү деп болжолдонгон — ал эми «психологиялык жактан» али бүтө элек болчу. Айга чындап жетүү үчүн — өзгөрүлүшүң, жаңы эң мыкты адамга айланышың керек (балким, «жогорку коммунисттик раса болушуң»; анык эмес), өзүңдү өзүң жеңип чыгышың абзел.

Гагарин өзүн өзү жеңип чыккан адамдын үлгүсү катары кабыл алынган. Керемет сыяктуу. Ал тирүү Керемет болгон (Апрель учуусунун кеңири тараган диний коннотациясын дагы бир жолу эстейбиз: кудайлык чөйрөгө көтөрүлүп, символикалык түрдө өлүп, анан кайра тирилип, өлүмдү жеңген адам). Айды акыл жетпестик сезимге берилип, ага Керемет сыяктуудай ишенүү менен гана өздөштүрүү мүмкүн болчу.

Ай адам — абстрактуу эмес, а дал Гагарин тарабынан өздөштүрүлүшү керек ­болчу.

Эми Гагарин өлдү — символикалык түрдө болсо да муну ишке ашыра турган адам жок болду.

Гагарин үчүн — күч топтоого жана «Айды багындырууга» болот болчу. Жөн гана Ай үчүн — жок. Ай сыйкырдуу жана тарткылыктуу болбой калды: ал болгону космостогу чоң таш.

Гагарин каза болгон учурда «Ай жарышы» кимдин космонавты керемет жасай ала турган мелдештен кимдин акчасы көп деген мелдешке айланды — ал күн мурун айтылгандай болуп аяктады.

Бул өлүм жаңы стратегияга — СССРдин Айга адамдын башкаруусундагы учуулардан баш тартуу жана адамдардын космоско болгон мамилесин өзгөртүү стратегиясына өтүүнү билдирген.

Ай үчүн болгон күрөштөгү жеңилүүдөн алган басыңкы жаракаттан келип чыккан невроздун канчалык күчтүү болгондугун божомолдоого гана болот.

Биз азыр Айды «Гагарин аянты» катары кабыл албайбыз — азыр бизде ал жакка учуунун өзгөчө рационалдуу себептери болгон эмес жана болбойт дагы.

Саясий мааниси да жоголду: атүгүл, эмне үчүн ушунча убакыт бою чогуу жашаганыбызды Украинага түшүндүрө албай жатканыбызда кайдагы «Ай менен кошулууну» айта алабыз.

Космос эми улуттук сыймыктануунун булагы эмес, оор деле эмес жана төлөгүсү келип тургандай сыяктанган калкка эсептелген салык жүгү бар товар катары кабылданып келет. Совет бийлиги космосту багындырууга алган ишеним кредитин начар, жагымсыз пайдаланды. Адегендеги таза энтузиазм ашкере уюшкандыкка айланып кетти.

Космоско байланыштуу адамдардын жан-дүйнөсүн чындап козгоочу, резонанстуу окуялар барган сайып азайып, а эрмек-көңүл ачууларга кызыгуулар көп болуп баратат.