Карап жатып бир көз менен Бейрутту...

* * * Карап жатып бир көз менен Бейрутту басуудамын бир бут менен Багдатты, Дамаскга колум сунуп, бутума кийдим чарык Ливандын тоолорунда батууда күн кызарып... Ал эми көздү жумсам — жүз эсе күчөйт жарык. Кирдим да Ерусалимдин жылдызынын астына. Өптүм мен бырыш баскан маңдайын ак таштардын уйпаланган май жемишин Гефсимандын багынын жана да ачуу иссобун, кыпкызыл бугенвилин. Эриндерим дале сезет чыйрыктырган илебин. Шербет токоч берди кечил Иудейдин чөлүндө гректердин идишинен суусун берди дубалап крест менен чөл куюнун алыс-алыс кубалап сел албасын, жин-шайтан адашсын деп. Фавордун жарыгындай сактайт мени ошол крест. ...Фермопил, Афина үчүн, Босфор үчүн, Кара деңиз Царьград, Патмос үчүн, Солунь үчүн кош эгиз ишараты, көз карашы, тоолору үчүн, шаары үчүн Жаратканга кантип берем карызымды баары үчүн? Бардык аттар балдан ширин мен үчүн. Жок дегенде маңдайга илип куштун ыйык канатын шаркыратма агып түшкөн шапаталуу жерлерде үйрөткөнүм үчүн «Отче Нашты» индеецтерге, алар мага «Patep noster» жаттатышты жооп кылып. Курч карандаш жүрөгүмдө тооп кылып. Кемелерим Сциллия толкунунда турган кезде термелип качыр күтөт Фавор тоонун этегинде кезерип, сур булутту түнү бою уялаган баш ичин айдап кетти деңиз жели сергитип — коркпойм эми эч бир, эч бир душмандан коркпойм көркоо уурудан. Биротоло кеткенимде — кыбырап кербен сымал, аркамдан ээрчийт Ефрат, Ермон, Дарданелла, карыган, шарапка мас, арсыз Нил да, Евксин понту, шамал урган төрт тараптан. ктатат таптап, көңүл кирин жууйт Иордан. Дүйнөнүн жарымысын ала кетем. Калтырып Баскунчакты, Нью-Йоркту, Дакарды — көрбөймүн мен аларды тыйынчакты, эшилген чоочун кумду эмне кылам. Калганын алам катар жете албайт ал жерлерге бир да Макар... Көз алдымда туйлайт Кура, чекемди чертип турат дайым Эльба. Сүйгөндөрдүн баары болот мени менен! — Көргүн, — деп, — менде сууң, менде жериң сакта, — деп, — даамын, түсүн, бариктерин Кудайдын бут алдына жайып салам. Түбөлүк шаар майрамына дайынданам. О, керемет! — баары өзүмкү — сонун элес а бирок эч бирөөсү меники эмес!.. Миң кубулуп каалгыйт булут асман толуп бирде тоо, бирде сепил, дайра болуп... Артынан кол булгалап калат балдар!