Өзүмдү мен өтөм эми жемелеп...

* * *

Өзүмдү мен өтөм эми жемелеп,
өз күнөөмдү сезип ичтен сызгандай:
кете бердиң а дүйнөнү сен ээлеп,
жоголууга дуушар болуп из калбай.

Жүз жыл бою аткарып ак кызматың,
бир заматта тең экиге бөлүндүң, —
жок, жарабайт, балык жандуу кымбатым,
түпкүч болуп түйүлгөндөй көрүндүң.

Жол бербеймин — сен калбайсың унутта:
жөн күндөрдү жөндүү майрам кылчу элең,
дасторкондун үзүрүндөй уюп да,
жашарбадың, бирок гүлдөп турчу элең.

Бүт дүйнөлүк эки согуш, төңкөрүш,
оош-кыйыш бийлиги да советтин,
дагы канча көзүң менен көргөн иш...
башым жетпейт: кантип түтүп сен өттүң.

Кечирип кой, ашты самап туздалган,
бычак менен пияз туурап, май сүйкөп,
кээде сага ысыкты да ышталган
же болбосо муздакты да салдым көп.

Дүр-дүйнөдөн кымбаттыгың сездим мен,
оңой бекен чексиздикке айланыш,
калдым кантип сактай албай мезгилден
баба салтын, жандуу болбой байланыш?

Утурумдук кылымдын нак уулдары
курутам деп сага асылды бекерге:
торгсин жүргөн отузунчу жылдары
алмашпады нанга дагы, шекерге.

«Кузнецовский», түпкү тегим, кош болгун! —
балдарыма бере албаймын мурастап,
түптүү нерсе түк өлбөйт деп токтолдум,
ага өзүнчө бейиш барын ырастап.