«Мен окшобойм өзүмө, эбак жүгүм оор болгон»

* * *

«Мен окшобойм өзүмө, эбак жүгүм оор болгон» —
Дейм да, өжөр шамалдын үнүн уксам обдулуп:
Бариктерди үрпөйтүп, сурнай тартып морлордон,
Муздак жайды апкелген куйругуна кондуруп.
«Мен окшобойм өзүмө, мен окшобойм өзүмө...»
Какап калды үн табак!.. Түнүм винил түстөнүп,
Болду мына ушундай кызык кино сезиле...
Мен өзгөрдүм, карыдым, жатамбы же түш көрүп.

Айнек чертип көпөлөк башка өмүргө талпынат —
Шам алдында ырыңды оңдо деген аяндай.
«Ойгон» дейби периште, ал сөз кимге айтылат...
Аллеяны алдейлеп термейт шамал аянбай.
Жандүйнөмдү кезеби бейкам түштөр жаралып...
Эч капарсыз жай айы шамга кактап чекесин,
Ошон үчүн көбүрөөк кара түнүм агарып,
Тынчтыгына бөлөдү ырларымдын нечесин.