Фин чек арасындагы кыштакчадан...
* * *
Фин чек арасындагы кыштакчадан
болгону бирин-экин кыштар калган.
Мештер жана морлор анан коркоюп,
чириген дөңгөч, жыгач, токой толук
көмүлгөн ыңкып жаткан калың карга,
окшошуп отунду каткан дворянга.
Суукта ыр да жагымсыз, жасалмадай.
Туз менен Рождествого төлгө тартсаң
жан түңүлөт, Кудайга ишенмек тургай,
из калбайт пионердик шыктанууңдан.
Бирок качан айлана тынч, кызгылт батыш,
Ишенбей коюу дагы андан жаман,
күлкүлүүдөй кандайдыр талаш-тартыш,
П. Морозовсуң чоң атасы менен айтышкан.
Фин чек арасындагы кыштакчадан
болгону бирин-экин кыштар калган.
Мештер жана морлор анан коркоюп,
чириген дөңгөч, жыгач, токой толук
көмүлгөн ыңкып жаткан калың карга,
окшошуп отунду каткан дворянга.
Суукта ыр да жагымсыз, жасалмадай.
Туз менен Рождествого төлгө тартсаң
жан түңүлөт, Кудайга ишенмек тургай,
из калбайт пионердик шыктанууңдан.
Бирок качан айлана тынч, кызгылт батыш,
Ишенбей коюу дагы андан жаман,
күлкүлүүдөй кандайдыр талаш-тартыш,
П. Морозовсуң чоң атасы менен айтышкан.





