Үч көз-караш
1
Кышкы кашаа алынбаптыр дагы да —
май айынын таңкы суугу көнүмүш,
нарцисс гүлдөп айдоонун чет жагына,
көрчү кандай көз арбаган көрүнүш.
Кара жердин курчоосунда калышкан
эрдик жасап ар кай тушта кар кетпей,
сууга, кыкка талаа абдан каныккан
көп элести камтып алган каректей.
2
Ээн бөлмөдө жалгыздыкка жараша
не бир түркүн ой-кыялга толмоксуң,
эгер бирөө терезеден караса:
кабыктагы жибек курттай болмоксуң.
Мейкинге бир жараңканы шар ачып,
үй жарыгы караңгыны кууп салсын,
парда артында өз дүйнөңдү жаратып,
жымжырттыкты кере-кере жутмаксың.
3
Тамчы-жамгыр — буу каптаган айнекте,
четин талы өнүп кызыл дөңгөчтөн,
анан кургак кебез турса, албетте, —
табигатты натюрморттой көрсөткөн.
Унутулуп турмуш жарым-жартылай,
көп кырсыктан мени коргоп турабы,
бул бейпилдик узак болуп калсын-ай,
тунбай ошо тунук мезгил кулагы.
Кышкы кашаа алынбаптыр дагы да —
май айынын таңкы суугу көнүмүш,
нарцисс гүлдөп айдоонун чет жагына,
көрчү кандай көз арбаган көрүнүш.
Кара жердин курчоосунда калышкан
эрдик жасап ар кай тушта кар кетпей,
сууга, кыкка талаа абдан каныккан
көп элести камтып алган каректей.
2
Ээн бөлмөдө жалгыздыкка жараша
не бир түркүн ой-кыялга толмоксуң,
эгер бирөө терезеден караса:
кабыктагы жибек курттай болмоксуң.
Мейкинге бир жараңканы шар ачып,
үй жарыгы караңгыны кууп салсын,
парда артында өз дүйнөңдү жаратып,
жымжырттыкты кере-кере жутмаксың.
3
Тамчы-жамгыр — буу каптаган айнекте,
четин талы өнүп кызыл дөңгөчтөн,
анан кургак кебез турса, албетте, —
табигатты натюрморттой көрсөткөн.
Унутулуп турмуш жарым-жартылай,
көп кырсыктан мени коргоп турабы,
бул бейпилдик узак болуп калсын-ай,
тунбай ошо тунук мезгил кулагы.





