Жети саптан үчилтик
Алп тоолордун кучагына түнөргөн
кыйгач учуп күч келтирбей канатка,
эки катар тобу менен күүлөнгөн
карлыгачтар ойкуп-кайкып баратса,
ортосунан жарып өттү чагылган —
(жашыл дүйнө бөтөлкөдөй тарылган)
булут түтпөй күйүп кетти заматта.
Кайыр кош, тоо. Кош канаттай чатырың,
кабырчыктуу тектириң да жабырлап —
бир четинен түнгө чөгөт акырын,
бирок түтүн алоо чопкут жамынмак,
(түтүн арты кызаргандан кызарып,
кула аттын куйругундай узарып,
тулкуң улам күйөт мына жалындап).
Тоо, кайыр кош. Жандан бетер сугалак
оп тартып от күлгө айлантып келет тим,
өрдөн ылдый кара түндү кубалап,
өрт чалгандай мыйзам гүлүн теректин,
(ажал тапкан карлыгачтын канаты
куйкаланып жарымы жок карачы,
түштөр кирет, көрбөйт аны, тек, эч ким).
кыйгач учуп күч келтирбей канатка,
эки катар тобу менен күүлөнгөн
карлыгачтар ойкуп-кайкып баратса,
ортосунан жарып өттү чагылган —
(жашыл дүйнө бөтөлкөдөй тарылган)
булут түтпөй күйүп кетти заматта.
Кайыр кош, тоо. Кош канаттай чатырың,
кабырчыктуу тектириң да жабырлап —
бир четинен түнгө чөгөт акырын,
бирок түтүн алоо чопкут жамынмак,
(түтүн арты кызаргандан кызарып,
кула аттын куйругундай узарып,
тулкуң улам күйөт мына жалындап).
Тоо, кайыр кош. Жандан бетер сугалак
оп тартып от күлгө айлантып келет тим,
өрдөн ылдый кара түндү кубалап,
өрт чалгандай мыйзам гүлүн теректин,
(ажал тапкан карлыгачтын канаты
куйкаланып жарымы жок карачы,
түштөр кирет, көрбөйт аны, тек, эч ким).





