Жолборс ыйы

Эч-эч ким билбейт чыгар —
кантип ыйлайт жолборстор.
Буркурашат, улушат
оозун басып алышса да алар.
Жаңгактай көз жаш
кулабашы үчүн
жабышат көзүн.
Ах десең,
эх десең!
Жолборстор кантип ыйлашат
көнүшкөн башкарганга?
Үндүү, үнсүз дагы,
каткалаң да,
ыркырап ыйлашабы?
Сүйүүдөгү жиндиликке
алдырып, ооналакташкан.
Курмандык көрүп
көлөкөсүн
аскадан бой ташташкан,
жолборстор кантип ыйлашат?