Сабыр, сабыр-бардыгы ушул, эми бизге калганы...
* * *
Сабыр, сабыр-бардыгы ушул, эми бизге калганы,
Жоготуулар куюлуп бир кумдай болуп келгенде.
Таштабаска ташты, күчтү бош убакыт бар дагы.
Эгерде сен айтчу болсоң: Эсиңе кел, кайт, чогулт
-же ичиңден унтулдубу дүйнөң бүчүр жарганы.
Сага жооп берсем: Кыйын, бул оордук салмагы.
Мени жерге сай да-назик дарак кылып сактагын,
Кандай көчөт өсөт мында, бул жер кум-таш билгениң.
Көлөкөдө олтурасың куу бутактар сындырып,
Алар сенин бир карасаң өтүп кеткен күндөрүң.
Баркталбаган бакыт менен жашайт былжырагандар,
Өткөн чакты жуттуң уурдап билбей өзүң ким дедиң...
Убагы өтүп кеткен канча баатырдыктар өтө көп,
Суу үстүнөн добушу жок кантип басып өтөбүз.
Душман күлүп турса мылжың, тийбейбизби киймине,
Ызалыкты кантип ичип, аягына жетебиз.
Дубал ашып турса касың, кантип өнүп-өсөбүз?
Ийбей колдон кыйынчылык, анда жашап нетебиз?





