Сыр сандык
Дин кызматчысы жөрөлгөсүн жасап жатканда күйөөсү эшиктин артында маймылга окшоп жаны тынбай тыбырчылаган кызды кармап турду, кыз бир орунда тура албай дароо эле зериге баштады, анан ал оорукананын коридорунан эч нерсени түшүнгүсү келбей таарынган бойдон палатага чуркап кирди. Ал өзүнө көңүл бурдура турган нерселерди жасаганды жакшы көрчү. Анын кылык-жоруктары кичинекей баланыкы болгону менен, айлакердик менен жасалып жатканы айдан ачык. Анан ал атайылап атасынын урушушун каалагандай түр көрсөтүп, бирок баары бир андан коркпой тургандыгын билдиргенсиди. Кайра эркелей басып, баш ийип жаткандай атасынын үстүнө секирип, тыюу салынган эшикти көздөй чуркап жөнөй берерде атасынын шадылуу колдорунан чыга албай калды. Кыз өзүнүн көздөгөнүнө жетиш үчүн бардык айла-амалдарды колдонуп жатты, ал атасынын жаман, ташбоор экенин айтып өкүрүп-бакыра: «Апа! Апа-а!» — деп кыйкыра берди. Аябагандай ачууланган атасы оозго чаап жиберди. Мына, эми кыз чындап ыйлай баштады, ыйлап жатып абаны туура эмес жутуп алып чакап да кетти, өпкө-өпкөсүнө батпай, жер-сууну бузуп ыйлап жатты. Бир заматта анын көздөрү тунаргансып да кетти. Аны коркунуч басты... Көзүнөн аккан жашы аны сокур кылып салчудай сезилди. Кыз колдору калтырай жашын сүртүп, көзүнөн жаш эмей эле кан агып жаткансыган жан азабын айтып кимгедир арыздангысы келди. Ошондо титиреп, деми кысылып: «Жү-рө-гүм жа-ры-лып кет-ти ок-шойт», — деди калтырак баскан үн менен.
Атасы эч нерсе болбогондой оорукананын дубалын тиктеп турду.
Апасы жанында болсо, «жаагыңды басып, үнүңдү чыгарба» демек болуш керек.
Алардын жаңы баласы бар да, менин кимге керегим бар? Мага деген мээриминин баарын эми ошол жаңы төрөлгөн баласына берип жатышпайбы...
Тирүү эле болгону болбосо, куурчактай болгон наристе ага жаккан жок. Эгер ал кыздын куурчагы болгондо, аны эч аябай туруп сындырып, буту-колун, башын жулуп салмак. Анткени ал тынымсыз кыңкыстап ыйлап, баарынын көңүлүн өзүнө бура берчү. Шалтактап ага ырайы суук көрүнө берди. Ошентсе да ата-энеси аны бооруна басып бөпөлөп турат, алардын уруксатысыз кыз ымыркайга кол тийгизүүгө да батына алчу эмес.
Албетте, ата-энеси кызга чоңоюп калганын, бул «жандык» өзүнүн бир тууганы болорун, ошондуктан бөбөгүн жакшы көрүшү керектигин айтышкан.
Кыз болсо араң-жан, алсыз, жагымсыз бул ымыркайдын ашыкча боло бербей өлүп калышын күтүп жүрдү.
Мындай жеңил ойлор аны эрксизден түйшөлтүп, ушул каалоосу көктөн издегени жерден табылгандай оңой эле аткарылып каларына ишене берчү.
Ал бул сырын жан адамга билгизбей, ичине катып жүрдү.
Ал гана эмес, бул сырды өзүнүкү эмес, башканыкы сыяктуу сезди, анткени бул качан жана кантип ишке ашаарына көзү жетчү эмес. Бирок ал, эгер бул сырды кимдир бирөө билсе, ишке ашыраарына ишенген.
Бул сыр ал үчүн жаман ой сыяктуу деле сезилген жок. Ал жөн гана инисин мүмкүн болушунча тезирээк унуткусу келди: уктап ойгонгусу, анын жок экенин жана кайрадан жалгыз сүймөнчүк экенин көргүсү келди.
Ата-энеси наристени төрөгөндө өзүн унутуп калгандай эле, ымыркайды да унутуп каларына ишенчү.
Алар унутушат, ал тургай анын чарчап калганына өкүнбөй да калышат.
Алар ыйык кызмат кылуучуга өзүнүн туура эмес иштери тууралуу айтса, бул үчүн алар сыйлык аларын айтып алып келишкен ибадатканада дагы ал унчукпады.
Кыз асманда кудай бар экенин билчү, ошол кудай жерди, адамдарды жаратканын, ага ар бир адам баш ийбесе ал жазалап, оорутуп же таптакыр өлтүрүп салат деп түшүнчү.
Апасы мажбурлагандыктан улам атасы алар менен чиркөөгө барган. Өзүн абдан акылдуу деп эсептеген ал Кудайга ишенбегендиктен, жөрөлгөлөргө деле олуттуу карачу эмес. Апасы аны Вера чоң энеси жаман тарбиялаганын айтчу. Ал тургай Вера чоң энени келесоо деп да атап жиберди. Муну уккан кыз каткырып күлүп калды, анткени ал апасына өзүнө кандай ишенсе, так ошондой ишенчү. Ал апасынын Кудайды сүйүп калганын көрдү да, өзү дагы аны так ошондой сүйүп калгысы келди. Аны жомок катары кабыл алып, уктаар алдында ал жөнүндө китеп окуп берүүнү өтүндү, уктап баратып кудай менен жолугушуу үчүн түз эле асманга учуп баратам деген ойго чөмүлдү. Анан апасынын аны менин периштем дедеп атады.
Кызга чиркөө алар конокко барган үй сыяктуу көрүндү.
Кыз апасына жана кудайга жагыш үчүн үйрөнгөн сыйынуусун айтып сыйынып, ырасымдарды жасады, ал жерде өзүн майрамга атайын чакырылган конок катары сезди, эгер мында чуркап ойноого жана каткырып күлүүгө уруксат берилсе, анда балдар үчүн уюштурулган майрамдай эле болуп калмак.
Бирок туулган күндөгү торттогудай шам күйгүзсө болот экен.
Алар ибадаткананы шамдар менен кооздошот.
Кызга бардык кооз нерселер жакчу, бирок чиркөөнүн кооздугу өзгөчө туюлду. Баарынан да ал икондорду, сүрөттөрдү өпкөндү жакшы көрчү, кээде сүрөттөрдү кунт коюп караганда кудум кудайдын өзү жагымдуу көз караш менен аны карап жылмайып тургандай сезилчү. Ошондой эле ал ар дайым сыйлыгын алганда, апасы кызынын канчалык жакшы экенине суктанып, сыймыктанчу. Кыз өзү да өзүнө ыраазы боло эрдемсип калар эле. Дин кызматчысы боорукер жан экен. Ал андан корккон жок, анткени ал мойнуна алып, тобо кыла турган нерсени апасы буга чейин эле билчү жана ал үчүн чын жүрөктөн өкүнүү менен тобо кылуу керектигин түшүнгөн. Анан дин кызматчысы аны алтын алжапкычынын астына катып, башына колун коюп бирдемелерди айтты, башкача айтканда, кечирди. Анан ал кыздын апасынын да башын жаап так ошондой эле ырасымын жасап кечирим берди. Бирок апасы кызга өзүнүн күнөөлөрү тууралуу эч качан айткан эмес, ошондуктан кызы апасынын айтып жаткандарына канчалык кулак түрбөсүн, эч нерсе уга алган жок. Апасынын ыйлап жатканын гана көрдү. Апасы эчкирип, өксүп ыйлап жатты, ал алда кимгедир таарынып, ызаланып жаткандай жаш төктү. Кыз өзү минтип ыйлай албады, канча аракет кылса да апасына окшошо алган жок. Ал бардык нерседе апасын так өзүндөй туурагысы келчү. Апасынын көзүнүн жашынын көл кылганына караганда анын жүрөгүнүн үшүн алган кандайдыр бир нерсе бар окшойт, ал эми кызы анын ыйлаганын көрүп коркуп турду.
Ал Кудайдан кечирим сурады, ошондой эле өзүнүн жана ата-энесинин ден соолугун тиледи. Анан ата-энем менин каалоомду аткарышсын деп суранды, бул кылыгы атасы менен апасы үчүн Кудайга арызданып жаткансып кызыктай сезилиши мүмкүн эле.
Бирок бөбөгү төрөлгөндө ал Кудайга кыжыры келди.
Ал бир тууган сураган жок эле го, анан ал кайдан пайда болду?..
Бул үчүн кыз ата-энесине таарынып, жатаар алдында атайын алар үчүн Кудайга сыйынганын токтотуп салды.
Ал өлүмдөн да коркпой калды. Ал үчүн коркунучтуу эч нерсе калган жок. Ал гана эмес, ал үчүн өлүм күлкүлүү да сезиле баштады.
Кыз буга чейин кээ бир келесоолор ооруп, анан өлүп калат деп ишенчү.
Алар жөн туруп эле жоголуп кетишет да, абага айланып, көрүнбөй калышат дечү.
Ата-энеси дарыгер болгондуктан, ал өзүн акылдуу деп эсептечү. Андан чоңойгондо ким болорун сураганда: «Мен дарыгер болом», — деп жооп берчү. Анан да кыткылыктап: «Чоңойгондо мен бир адамды сүйгүм келет жана бир нече тил билгим келет!» — деп жыргай берчү.
Атасы эртең менен аны машинеси менен гимназияга алып барчу — ал жерде кыз англис тилин үйрөнчү, жанында келишимдүү, бай парталаш бала отурчу.
Сабактан соң апасы өзүнүн машинеси менен бий ийримине алып барат.
Ал чоң кишидей сүйлөшкөндү, чоң кишидей ойлонгонду жактырат. Чоңдордой ой жүгүртүп, өзүн чоңдорчо алып алып жүрүү бир кыйла жеңилдей сезилер эле. А ачуулануу менен таарыныч өзүн кармай албай, алсыз болууга түртчү.
Ал эми эң чыдагыс нерсе — өзүңдү өзүң аёо сезими эле, башкача айтканда, өзүңө өзүң картайган, кебетеси кеткен бирөө катары көрүнүп, өзүңө боор ооруу.
Анын бөбөгүн сууга чөмүлдүрүлгөн учур ал үчүн өтө кызыктай жана эң коркунучтуу күн болгон. Алар машинеде бара жатышты — ал арткы орундукта бир бурчка тыгылып, буттарын бүрүштүрүп, унчукпай отурду, ага көңүл бурган эч ким болгон жок. Ымыркай да мында, өз бешигинде жатыптыр: апасы артына бурулуп аны бир колу менен терметип баратты. Анан атасы аны колуна алып, адаттан тыш толкундоо менен кучактап, чиркөөгө алып кирди. Мунун баары өңүндө эмес, түшүндө болуп жаткандай туюлуп, акылга сыйбай турду. Анан ал келесоодой болгон, эч бир кишиге пайдасы деле жок келжирек Верочка чоң энеси колунан кармап турганын гана билет, башка эч нерсе эсинде жок.
Балким, ал апасын, атасын, бир тууганын, ал тургай Кудайды да таштап, өлгүсү келгендир? Уктап эле, ошол бойдон ойгонбой калса ээ! Ушундай ойго чөмүлүп турган кезде бөбөгүнүн башын сууга салып чөмүлдүрүшүп жаткан экен. Ага бир тууганы ошол сууга тумчугуп өлүп калчудай сезилди, бирок кайда-а-ан, чаңырып ыйлап жиберген наристени дароо суудан алып чыгышты.
Кыз апасы чиркөөдөн сатып берген, үйдө турган кудайдын сөлөкөтү түшүрүлгөн сүйүктүү иконун жерге ыргытып салды да, кайра эңгиреп бош турган бөлмөнү карап ыңгайсыздана мыйыгынан жылмайып, этияттап аны алып, эч ким байкабасын деп акырын ордуна коюп койду.
Эми ал эч кимге ишенгиси келбей, такыр эле үмүтү үзүлгөнсүп, бөбөгү алар менен жашаарын жана баары аны гана жакшы көрөрүн толук моюндоого аргасыз болуп турду.
Күтүлбөгөн жерден тиги кыбыраган ымыркай биякта калып эле, апасы башкача боло баштады.
Апасы керебетинен турбай күнү-түнү жата бермей адат таап алды.
Аябай чарчап жатканын айтып ордунан козголбойт.
Анан эле аларды калтырып кайдадыр кетип калды.
Апасы көп жолу башка өлкөлөргө же шаарларга кетип жатты, буга кызы капа деле болгон жок, тескерисинче, атасы менен калган ага жакчу. Азыр болсо кыздын элестетүүсү боюнча, апасы бейтапканада эс алып жаткан болчу, доктурда адамдар эч нерсе кылбай, тамактанып, уктап эс алып, доктурлардан кеңеш угуп эле жыргап жата беришет. Атасы жумушка барбай калды. Кызы экөө көп нерсени чогуу жасашты: сейилдешти, өздөрү тамак бышырып жешти, идиш жууп, сыналгы көрүштү. Кыз апасын унутуп калгансыды, алар өз эркинче, каалаганын жасап, ал тургай, адатта апасы уруксат бербей турган нерселерди да жасап жыргап жаткандай сезилди. Эми кыз бөбөгүн карашканга жардам берип, кол арага жарап калганына сыймыктанды. Бирок жалгыз калганда керебетине тымызын келип, уктап жаткан ымыркайды үйдөн алып чыгып, бир жакка ыргытсам деп кыялданганын койбоду. Бирок наристе ойгонуп кетти, кыз аны багып жаткандай түр көрсөттү, тигилер буга ишенип калышты.
Минтип алдап коюу оңой эле.
Кыз апасынын ким экенин дагы деле түшүнчү эмес, ошондуктан апасын сүйбөдү, жок дегенде аяп да койбоду.
Ал апасы өзүнүн айынан ооруп калды деп ойлогон эмес...
Апасынын оорусу ага табышмактуу болуп жатты, андан жашырган сайын мага деле айтып коюшпайбы деген өзүмчүлдүгү ойгонду.
Кыз табышмактуу окуяларды билгиси келип чыдамы кете баштады. Ал тургай Верочка чоң эне да үйдөгү сырды билет окшойт, жардам бергени келип калганда өзүн үйдүн кожейкесиндей сезип, баарын башкара баштаган өнөр таап алды. Бүгүн да атасы аны ээрчиткиси келбеди. Алар андан абдан маанилүү нерсени жашырып жатышканын ал түшүнүп эле турду. Башына топу кийген дин кызматчысы ага келесоодой көрүнгөндүктөн, ал өзүн кармай албай күлүп жиберди, кайра билмексен болуп анын жүзүнө тигиле чоң кишидей карап турду. Аны көчөдөн эле кармап келгенби деген да ой кетет. Бул киши эми апасынын бардык сырларын билип алышын каалабай турду. Кыз азыр бул жерде сүйүктүү кудайына сыйынган ибадатканадагыдай болорун болжолдоп турду: апасы өңүн бырыштырып-тырыштырып алда неге даярдангансып жатканынан улам азыр ал көз жашын көлдөй төгөт го деп күтүп жатты. Жымжырттык өкүм сүрүп, анда кыжырданган жана жалооруган өтүнүч угулду: «Кеткилечи баарыңар!.. Неге турасыңар?.. Силерге мүмкүн эмес!» Анан кыз апасына чуркап жетип, жаңы эле кыса кармаган колунан өөп, жалынып-жалбарды: «Апа! Сүйүктүүм, апаке! А мен жаман болсом деле сиздин жаныңызда болоюнчу!»
Бул убакта оорулууну кирип көрүүгө тыюу салынган болчу. Бирок күйөөсү дин кызматчысынын келерин айтып уруксат сурап койгон эле. Дин кызматчысын табуу оңой болгон жок, тааныштарына чалып, чиркөөгө барып жүргөндөрдөн сураштырып атып араң тапкан. Ага бир нерсе деп кеңеш берүү да оор эле, анткени мындай абал мурда-кийин болгон эмес. Аны каза болуп калбайбы деп чочулап турушту. Ал бүтүм чыгара: «Жок, жашагысы келет», — деп жооп берди.
Хирург, жүздөгөн операциялар...
Ал өзүнө ишенчү, анткени эч нерсеге ишенчү эмес.
Бирөөлөрдүн ичегисин аңтарып көрдүң беле?
Бул иште жагымдуу нерселер болду беле?
Же бул коркунучтуу болду беле?
Өзүн үйрөткөн. Дарыгерлер ооруулууларды аяп отурбайт. Эгер боороруп аяса жек көрүп же коркуп башташмак...
Сокур ичегилер, чуркулар, жаралар... Ал каныгып бүткөн: алардын кан жана жан боюнча алмаштыргычтарынын үстүнөн мындан бираз гумандуураак тажрыйба жүргүзүүдө жасагандай адамдарды кесчү жана тикчү. Мындай сенек, бири-бирине коёндой окшош бирдемелер ишти көндүм кылып коёт. Ал тургай — «жамаачы» деп тамалашагандай жарыбаган маяна дагы. Анын бардык каалоосу — жок дегенде кана уктап алуу болчу. Кадимкидей турмуш: үй-бүлө, анан иш. Андан башка бирдеме тууралуу ойлонуп көрдү беле?.. Эмне үчүн жашады? Бул маселе дал өзү өмүр тартуулаган балдары тууралуу ойлонгондо ого бетер кыйнап ийчү. Өз канынан чыккандай, эркекче сүйчү. Тукумдун уланышы... Андан кала турган... Бирок ошол сүйүү менен эч кандай ыйман бере алмак эмес... Ал өзү сөөктөрдөн, тарамыштардан, булчуңдардан, нервдерден турарын, өзүнүн өлүмүнөн чочулабасын билчү. Кимге керек болсо, ошолор үчүн жашаган. Өмүр да, өлүм да айырмасыз аягы жоктукка алып кеткен түз сызык. Аяктан эч нерсени жана эч кимди издештин кереги жок — а бул жердечи?
Болпогой эриндер, нымдалышкан тери сымал аппак жана жупжумшак чоң эмчектер. Бардыгы көрксүз. Одурайган, бодурайган. Кадимки аялдар түрү. Медицина окуу жайында адатта бир түнгө таанышышчу. Уктап тургандан кийин достордон болуп калышчу. Физиология — патологоанатомия сыяктуу эле окуу сабагы болуп саналат. Бардык адистиктер жалгыз жыныстуу. Ал эми жыныстардын теңдиги — бул достук. Айлампа кең болушу ыктымал. Ошентип алар айлампа менен жөнөшчү. Студенттер ичинде мындай тамаша болор эле: «Бардык врачтар — бир туугандар, а бардык медайымдар — жалаптар!» Врачтар — өтө жийиркеничтүү кишилер. Мүмкүн, достук сүйүүгө караганда таза болуп жүрбөсүн? Ортопед жана окулист, кардиолог жана уролог, стоматолог жана проктолог... же, аларчылап: хирург жана дерматолог жуптары түзүлчү. Андан кийин үй-бүлө... Качан гана бири-бирисиз жүрө албай калганда. Кийин бирге окугандардын көпчүлүгү:«төмөндөгү антты менин алы-күчүмө жана менин акыл-билимиме жараша ак ниет аткарууга аларды: Аполлонду, врачтар Асклепий, Гигей жана Панакейди, бардык кудайлар менен кудай-айымдарды күбө кылып алуу менен ант берем...» дегендей бир анты бар жолдоштор, кесиптештер, эскулаптар үй-бүлөлөрү менен катышып калышчу...
Ал бир суткадан кийин ооруканадан үйүнө кайтып келип, короосуна машинасын койгон соң эчтекени кабыл алалбай калчу. Аялы аны илгертпей сезчү, алдаш маанисиз болгондо ал чектен аша кетчү эмес. Алардын баары бирге бөлүшө турган жалпы нерсе эле. Ушунун бардыгынан эң кызыгы: орток балдар. Аялдын өз акчалары табыла баштады. Чогула берди, чогула берди — кайсы бир курбусу менен саякатка чыгып кетти. Кетип баратып артына кылчайган жок. Бул качуу аракети болчу. Анын кайтып келбей коюшу ыктымал эле, а күйөөсү муну сезген. Аялы Испанияга... андан ары Таиландга учам деген... Үйүнө, ага, кичинекей кызына бош, көңдөй, чачырап-чачылып кайтты. Ошентсе дагы жетимсиреген белек-бечкек ала келди, бирок эч нерсени айткан жок. Ал да эч нерсе деп сурабады. Үйдө түнөгөнү менен, андай күндөр азайгандан азая берди — бирөөлөрдүн нөөмөттөрүн сурап алчу. Мунун баары акыр бир күнү аягына чыгышы керек эле. Бир нече ирет, балким, ал аны чаап жиберсе аягына чыкмак... Бирок өзүн өзү кармады. Анткени ал алдуураак болчу, эч кимге өзүн сындырууга жол бермек эмес. Аялы аны ушуга чакырып жаткан, сөз түкүрүктөй болуп турганда ал айтпаганды айтып салмак. Алардын арасында боло калчу жакындык дене кумарына гана таандык болуп, анда да кандайдыр бир итерүүнүн илеби бар эле. Талап коюу, талап коюу... Же өзүңдүн жаныңда анын турганын да тааныбастан, аны, ал тургай адам катары да жок катары түр көрсөтүү — андан соң анын көзүнчө чуу чыгарып, чыңырып, бакыруу... Өзүн бир кемпай катары сезиши үчүн гана. Ошентип ал ар күнү өзүн андан да бактысыз бечара кыла берген. Ыйлачу: түшүндө кичинекей баладай болуп солуктачу. Өз турмушунан ыза көрүп, ичтен жараланган, жардамсыз калган бечара. Бул оору сыңар сезилген... Ошентип болуп жаткандардын бардыгы өзүнөн өзү эле жакындарынан, бир туугандарынан ал тууралуу, оору тууралуу чындыкты жашыргандай жашырып жаткан. Болгону ошол үн катпоо убадасы турмуштун өзүнө окшогон жалгызсыраган, дудук бирдемени узартып турган.
Ал тууралуу бардыгы билишет деп ойлогон... Ал өлгөндөн кийин жек көрө алыстап кеткен атасынын кызы апасына караганда атасына жакын эле. Ал аны чоңойтуп үй-бүлөсүнөн кете берди да, анын теңтушундай болгон жаш кызга үйлөнүп алды. Ал эми эки жылдан кийин аны жесир калтырып, түз ичегинин неоперабелдик рагынан каза тапты. Бардыгына чыккынчылык кылуу менен баары аны сатып кетишкенсип кайдыгер каза тапты. Кызы ага эч кимдин кереги жок экендигин, анын атасы болгон адам өзү жалгыз крематорийдин от жаккычына өрттөөгө берилгенде түшүндү. Ал болсо ата-энесинен ажыраган көпчүлүк кишилердей эле бардыгын түшүнгөндөй түр көрсөттү. Балким, кечирди деп чечип жана өзүнүн сезимдерин сыр сандыкка катуу менен канааттануу алгандыр?.. Ал бардыгы аны, жалгыз гана өзүн сүйүшүн каалаган. Ошондуктан анын бар экени менен келишүүнү каалабастан апасынан кызганчу. Ал атасы жок чоңойду. Жаманбы-жакшыбы, алар бардыгында бар эле. Анын күбөлүгүндө болсо сызык гана болгон. Апасы өткөндү жашырчу: уулу атасы тууралуу ойлоого да, айтууга да батынчу эмес. Ал өсүп-чоңойгон көптөгөн мыйзамдар болгон, а аны бузсаң чыккынчы болуп калчусуң, эгер ал аны апасы катары санай турган болсо, анда ал киши тууралуу эстутумду жок кылгандыгынан улам болчу. Ал үчүн бул кимдики экени айырмасыз, бөтөн сыр болуп калган. Акыр-аягы, ал эч качан атасына окшомок эмес; а кандай болуш керектигин өгөй бала катары турмуштун өзү үйрөттү.
Бир ирет аялы аны өөп ойготту: эриндери жумшак аймалап, чекеси ысый түштү. Ал эми кайра төрөлгөндөй назик туюм менен ойгонду. Ачык-айрым жана камкор, чыдамдуу жана боорукер болуу менен ал фантомдой пайда болду. Бирок тек бир саатка гана, анын буйругу менен, анын каалоосу менен анын бардык өмүрү өзгөрүлдү. Ал кичинекей кызын жетелеп алып чиркөөгө баргандан кийин болду... Батирдин бардык жерлеринде жамандыктан коргой турган икондор пайда болду. Аял динге ишенген. Ооба, ошондой... Бирок чиркөөдөн кайтып келгенде анын жүзү ар дайым бошонуунун бактылуу нурларын чачып турчу — а ал андан канчалык алыс экендигин сезүү менен эмненидир күтүп, чыңала катып калчу. Анан ага ичиркене жан кирип, ал кандайдыр болочок тууралуу ар бир жаңы ою менен убаракерчилик алып келчү, бирок эмне керек болсо дароо азыр тандап сатып алыш, дароо чечип жасаш керек болуп чыкчу. Ал кың этпей баш ийчү жана анын абалынан андан калбаат өзгөрүүлөрдү байкабай көр сокур болгон экен. Ал боюнда барын жашырып жүрүптүр. Ошентип алдоо менен, кыязы, өзүнө өзү сыймыктанса керек. Чыдады. Катты. Ушунун баары шам алдында жупуну кечки тамакты ичип атканда сырдуу жылмайып анын балалуу болорун, уулдуу болорун айтыш үчүн эле. Ал ушунчалык жоомарт болчу, укмуш сулуу көрүнүп турган. Ошентип ал күйөөсүнө эң кымбат белегин тартуулады.
Бала анын атасынын атын алат деп чечти ал.
Баары жеңил айтылып жатты.
Ал дароо макул болду.
Андан кийин мүнөт сайын жеңил боло берди. Ал майрам болушун каалачу, а ал болсо аларды ойлоп таба салчу: паркта сейилдөө, шаар сыртына саякаттоо, досторду кечки конокко чакырып сыйлоо.
Бала энесинин курсагында уктап, эч убара тарттырбачудай сезилчү. Эркиндикке чыгарылган убакыт желдей тарап жатты. Ал аягына жакын калган кезде чыдамсыздык менен созула берди. Ошондо ал унчукпас тартып, ар күн сайын жалгыз болгум келип жатат деп өзү менен кошо кызын албай чиркөө кызматына барып жүрдү. Андан кийин жоголду, кетти да үйгө кайрылып келген жок, ошентип бир топ күн ал тууралуу эч кимге эч нерсе белгисиз болду... А күйөөсү болсо аны бир гана өлүкканадан башка жердин бардыгына телефон чалып издеди.
Ишеним — бул күтүү. Чыпчыныгы. Эгер ишене турган болсоң — күтөсүң.
Анын күтүшү керек болчу.
Аял болсо түшүнгөн жок... Бул ага капысынан ушунчалык ачык болуп чыкты. Кайтып келгенде бир да суроого жооп бере алмак эмес. Анан дагы чочута турган бирдемеси аңдып турган бакыракай көздөрдөгү жумшак эркелетүү дагы. Жыргап жылмаюу... Ичин бүлкүлдөтүп... Мына-мына көз жарар астында... Эч кимге эч нерсе айтпастан... Жарым эс акмак эмес... Жана да аң-сезимсиз айбан эмес...Ал сурак качан бүтөрүн күтүп унчукпады жана жылмая берди. Ага карап алып ал өзүнөн өзү чочуп турду... Аны эркиндиктен айырсабы? Азап тарттырсабы? Бирок анын курсагында бала бар. Бардыгын унутуш керек. Төрөгөндө ал унутту. Кечирди. Уул төрөлдү! Эми аны беймаал кубаныч жылытып жатат... Анын биринчи кыңылдаганы... Биринчи көз ачышы... Биринчи жылмайганы... Чокундургандан кийин өзүн бул кичинекей кишиден акылсызыраак жана чөгүңкү сезүү менен колуна алды да, болгону ал үчүн жашоону, ага кызмат өтөөнү каалап турду... Мынчалык кубана толкундануу мүнөттөр өткөн сайын коркунучтуу боло баштады: эмне үчүн? Баласын пластмасса илегенге жуунтуп жатканда алардын кубанычы купель* экенин эстей койду...
Капилеттен колдору калчылдап кетти. Эмнегедир: телефон чырылдап, аяктан «Сиздин аялыңыз кайтыш болду» деген үндү угам деп элестетти... Бүттү — андан башка эч нерсе, эмне үчүн андай болорун ойлонбостон анын өзү деле бул сөздөрдү канча жолу айтпады? Ал адамды сак-саламат бутуна коюуга жөндөмсүз экендигин моюнга алуу менен ушуга чейин мынчалык алсыз экендигин сезе элек болчу. Ар бир врач мындай кырдаалда, албетте, Америкада муну кадимкидей дарылай алышат, а Россияда болсо муну өзүлөрү билбесе да болгон дарылардын баарын тандап байкап көрүшөт, болгон тамак-аштардын баарын тандап ичүүгө сунуш кылышат... Ал убакыт аралыгында гемоглобин түшүп кетет. Гипоксия өөрчүйт. Ал муну билчү. Ошондуктан корко тургандыгын туюп, аны өзүнө эмес, алдын ала сүйлөшүп башка жерге жаткырды... Өмүр — бул түбөлүк эместигин, өмүр — бул өлүм экендигин боолгологон болчу... Калтыраткан оорунун капилеттен тынчый калган толкунунан соң баш жаздыкка салаңдап калганда гана ар бир нерви менен кадимки жымжырттыкты баамдайт — жылмаюу кан-сөлү жок жүздү жумшагыраак көрсөтүп калат.
Оорукананын алдында, коркунучту жеңип чыгыш үчүн коштошуу ырасымын өткөрсө керек... Ал аны эч кимге белгисиз мөөнөткө ооруканага алып барып жаткыруудан башка жол жок экендигин бул болгондой, ал аны абдан берилүү менен аткарып жаткандай салтанаттуу жана кадыресе кабыл алды. Эртең менен эрте, жарык кире баштаган маалда алар кызды ойготпойлу деп коляска менен короого чыгышты. Наристе болсо каргыш тийген ушу жайда шаар тумчугуп турган ысык аптаптан тазаланган таңкы таза абадан таноолорун кыпчылта акырындан дем алып уктап жатат. Алар ээн калган шаардык балдар аянтчасынын асанүсөндүн бардык түсүнө боёлгон күлкү келтирерлик скамейкасында отурушкан жана минералдык сууга арлаштырылган ак винону Жаңы жыл алдында ар ким өзүнө бир эмес, кайра-кайра тилек тилеп аткансып, улам ууртап ичип жатышкан. Аял ошол тилек-каалоолордун көп жана ар кыл болушун, аларды бири-бирине ачык айтпоону каалап жатты... А ал болсо тамашалап ойноп жатты. Ошентип тамагынан дээрлик эч нерсе өтпөй калган ушу тапта абдан муздак, тиш какшаткан суу баарын, атургай ооруну да жеңилдетип, жагымдуу кылып койду. Алар балдары тууралу: сүйлөшүп отурушту... Ал алар менен жалгыз кантээр экенин... Бирок өз үйүнөн, үй-бүлөсүнөн, балдарынан бөлүнүп калган ал эмнегедир эң акыркы жана табигый кубанычынан — кичинекей баласын бир көрүүдөн баш тартты... Эч убакта, эч кандайча ушуну кыла көрбөгүлө деп жалынып-жалбарды. «Менин балакайым эч нерсени билбейле койсун. Үйгө кайтып келгенде көрөрмүн» деп
койду.
Ал аялы өзүн сак-саламат, эркин катары көрүп жатканына уялган.
Оору аны ипичке, жан кейитер келишимдүү кылып койгон... Артында ага жагымсыз бирдемелерди кылып жатышкан анын палатасынын эшигинде туруп, ал азыр дагы анын ичиндеги ооруну сезүү менен аны аялы катары ойлоп турду. Аны көрүш үчүн келген...
Ал өзүн сүйдүргөндү билчү, анткени ал жөпжөнөкөй эле... Процедурага же оорукана тамак-ашына кезекке турганда кимдир бирөөгө жылмайып коюу. Санитаркага же медайымга таттуу-татым, жер-жемиш тартуулоо. Ал өзү нымдуу сүлгү менен гана сүртүнүп алып, өзүнүн жуунчу бөлмөсүн башкалардын колдонушуна уруксат берген. Кээ бирөөлөрү ошондон кийин заманбап косметологиянын кереметтери тууралуу, терини туура күтүү тууралуу анын дарстарын угуш үчүн келип турушчу. А кечкисин анын өзүнчө бөлмөсүнө сыйынууну чогуу өткөрүүгө ынандырган жалпы палатадагы динге ишенген аялдар чогулушчу. Бирок анын алардан өтүнүчү тимеле укмуш, ыйык нерседен бетер: «Мен үчүн дуба кылып койгула» деп
суранчу.
Ал муну: «Мен үчүн көп аялдар дуба кылышат» деп каргангансып жаткандай айтчу.
«Тимеле кимдир бирөөнү тирилтип алса болчудай» деп тамашалап койчу күйөөсү.
Бир маалда ал Дивеев тууралуу сөз баштады, Дивеевге, кайсы бир аялдар кечилканасына алып барса айыгып кетерин айтты. Бирок антиш мүмкүн эмес болчу. А дин кызматкерин чакырууну суранганда ал анын жок дегенде аткара ала турган бир каалоосу барына кудуңдап сүйүнүп кетти. Анын ушу абалында өзү сыяктуу эле буга окшогонго тыюу саларын түшүнүп туруп эле дарылоочу врачы менен сүйлөштү. Ал анын аялына буга караганда психиатрдын кеңеши пайдалуу экендигин каңкуулады, бирок аны талап кылууга батынган жок... Ал кыжырдана: «Албетте, кимдир бирөө сенин ооруканаңда онтоп жатат — бирок ал кадимкидей көрүнүш... Сенин өзүң кимдир бирөөгө кыпындай жардам бере албайсың — бирок өзүң антидепрессанттарды ичпейсиң да... Акыл-эсиң толугу менен ордунда... Дени-кардың сак... Ошондуктан баарын билесиң, баарын сен чечесиң... Оорулуулардын өмүр-тагдырын башкарасың...» деп ойлоого үлгүрдү.
Күнбү, жумабы, айларбы... дагы канча керектигин билбестен ушунча чыдады.
Оору жана жабышкак муздак тер, окшуу жана кан...
Кубаты, күчү жок болсо да күрөшүп жатты.
Эч нерсени түшүнгөн жок.
Ыйлап солуктаган кызды өзүнө чакырып, атасы кызына карады... Апасына куюп койгондой окшош ал терс бурулуп, көздөрүн жашырды... «Эмне, мени жакшы көрөм дегиң келип турабы?» дегенсип мурчуюп койду. Аны кечиргиси келбесе дагы ал аны бооруна кысканда кыз акыры жоошуду: «Мынакей, дагы бири мага ашык болуп калыптыр...» деп күңк эте.
Оорукананын коридору менен өздөрүнүн үй тапичкелери менен жалгызсыраган аялзаттары аркы-терки басып жүрүштү... Акыры палатадан тердеп-тепчиген дин кызматкери чыга келди. Же баш ийкегени, же жүгүнгөнү билинбеген кыймыл жасап, шашыла чыгып кетти.
Ал жүзү менен жаздык кучактап жаткан. Ошо замат ага кызы «Апаке, ооруп атасыңбы? Ооруп атасыңбы?» деп чочулай кучактап калды.
Эсине келгенден кийин түшүнө киргендей көптөгөн жүздөрдү көрө, оорулуу көзүн ачты...
Бул оорулуу менен алышкандан чарчап бүткөн врачка эмне болгондугун сурап коюу да жетишкен жок.
Медайым анын венасына ийне сайды, андыктан бираз жеңилдеп, астындагы жумшак, боштук сындуу бирдемени сезе өзүн өзү унутуп койду.
«Ата, эмне, апам өлүп калдыбы?» деген ичке үндү эшитти.
Алар ушул муздаткыч, телевизор, стол жана тимеле кимдир бирөөнүн турагына окшогон дагы бир бош койкасы бар таптаза жана картаң жытка толгон жылаңач дубалдуу бөлмөдө жалгыз калышты.
«Ал уктап калды. Биз аны ойготпойбуз, биз кетебиз».
Ошентип ал кетээр алдында: «Кана силердин Кудайыңар?» деди боштукка карата маанисиз бирдемелерди кобурана.
Эмнегедир апасы барда анын суроолоруна аны менен ачылып сүйлөшпөй тургандыгын билдириш үчүн маалката орой жооп узатчу ал өзүн чоочун сезген үйдөн канча бир ирет уят болгон ал эми кетти: ал үчүн баары бир болчу.
Кыз өзүнүн кичинекей бөлмөсүнө жашынып алды, бирок жалгыз өзү болгон коркунучтуу экен. Ал эмнегедир иниси тууралуу ойлоду, үрөйдү үч кескен жымжырттык аны балдар керебети турган ата-энесинин бөлмөсүнө түрттү. Ал болсо мемиреп уктап жаткан, дем албай жаткансып кетти. Ал аны акырын-акырын чакырып жатты...
Ошондо ал акырындан тирилип, көзүн ачты.
Ал аны акыркы ирет көрүп тургансып ыйлап жиберди.
Ымыркай аны карап, ага колун созуп жылмайып койду.
Анын көздөрү нурданат — анда толо кубаныч, жарык, жашоо бар эле.
* Христиандардын чокунуу ырымы иштеле турган идиш




