Света, же Мен чыныгы адам болгон күн

(үзүндү)

Эгерде наристенин чочутуучу салмагын, коммунист атадан сегиз жүз чакырым алыстыкта кылдаттык менен жасалган чокундурууну жана Дондун башатынын үстү жагындагы туулуп-өскөн панелдүү үйдүн сыпаттамасын эске албаганда (тигине, подьезддин оң тарабында эт чабуучу кескиленген дөңгөч, барактардын жанындагы домино ойноочу столдор, үйлөнүү тойлорунда маскарад кийимин кийишкендердин арасында муруту боёлгон милиционер дароо көзгө урунат) былтыр жайында менин кызым (аны Алисс деп атайлы, бул «кызгылт кызылча гүлү» дегенди билдирет; Аверилл «камандын кыргыны» дегенди түшүндүрөт) «Бирдиктүү мамлекеттик экзамендин жыйынтыгы боюнча» деген графадагы суктанта турган эки орундуу цифрага жетишүү үчүн репетиторлорго берилген өзүнүн энесинин бир нече миң фунтун алмаштырып, менин туруктуу түрдө берип келген кеңештеримдин бирин да угуп койбостон беш университеттин кабыл алуу комиссияларына лотерея билеттерине кезекке туруп алганынан баштаганыбыз туура болот.

— Алардын кайсынысын окуп бүтсө да Алисса катаал гуманитардык муктаждыкка кабылат, — деп атасы алдын ала айткан, — аны ата-эненин мурастарын ичип-жеп бүтүрүү, күйөөсүнө кор болгон көз карандылык (ажырашуудан да жаман нерсе бар, балам!), ресторандардын арт жактарында бир үзүм нанды жалынып-жалбарып сурап алуу жана ата-энелеринин ой-пикирлерин урматташкан бай классташтарынын үй-жайларын жууп- тазалоо тагдыры күтүп турат.

Карыган атага башка эмне керек? Ансыз деле тренажёр залындагы чактабай машыгуунун тозоктуу жемиши болгон кыр арка сөөктөрүнүн чуркусунан ийрейип-кыйналып да бүттү.

Узатуу. Бош чөйчөктүн картон четтерин тиштегилеп коюп, тосмолордун, «тоскоолдуктардын» жана «чектердин» жанында күтүүлөр — кош эспрессо! Алисса кандай маанай менен чыгат деп жоромолдоппу? А капысынан — капа болуп чыксачы? Бардык суроолорго жооп берүүгө үлгүрдүңбү? Шпаргалкаң барбы? Андан көрө ал жардам берет! А балким кокусунан ушул көз ирмемде анын гүлү бул дүйнө адилетсиздик менен курулганын, баары төлөнгөнүн жана сатылып алынганын жана баары эң жакшы орундарга үйлөрүнөн эле каттоодон өтүп коюшканын түшүнгөн болсочу?!

Азапка толгон ошол күндөрү мен ушуга окшогондордун, сөөктүн алынып чыгышын күтүп жаткандай сыяктанган үн-сөзсүз топтошкон элдин арасында турдум. Справкаларын көрсөтүшкөн абитуриенттерди киргизишип, дипломдорун көкүрөктөрүнө бекем кысышкан бүтүрүүчүлөр чыгып жатышты. Булар Билим храмына бирдей жат болушкан (өз ара «дагы» жана «болгон» деп бөлүп алышкан) ошол эле адамдардай, пайдасыз, окушкан беш жылынын тез өтүп кетишин таблеткадай натыйжасыз жутуп алышкандардай көрүнөт; болгону бойлорунун кош сантиметрдей жана келбеттериндеги айырмачылыктар — киргендердин толкундануусу, чыгып жаткандардын кайдыгерлиги; анан да каптал тараптарында — ар түрдүү багыттарга кетип жатышкандар.

Бүткүл өткөн жашоомдо Алиссага баалардын, сынактын, жаман маанайдын же экзамен алуучунун жумшактыгынын, окууга кабыл алынышынын жана окуу жай жайгашкан жердин аталышынын Тагдырга эч кандай тиешеси жок экендигин ынандырып келген мени капысынан эле эскерүүлөр кууп жетип, анын артынан эмне кылар айламды таппаган үрөй учуу каптады (ооба, мына ушуну менен азыр жашоо жана тагдыр чечилип жаткандай туюлду), мен эми абитуриент эмес экендигим кандай гана бакыт деп Жаратканга ыраазычылык билдирип шыбырадым!

Биринчилерден болуп отличник кыздар — сулуулар же өңү серттер, бирок билинээр-билинбес сылтый баскандар чыгышып, кемсинтүү менен көздөрүнүн кыйыгы менен карашып: ушундай бир жеңилдик, атүгүл кызыксыздык сезилип турду! — отличниктерди эч ким тосуп чыккан жок, эркиндикке чыккандагы биринчи эле кыймыл-аракеттери менен алар телефонду кулактарына жакындатып көтөрүшүп, — эмне болду? Кандай тема экен? Аудиторияда канча адамдан экен? — деген суроолуу кайрылууларды жоопсуз калтыруу менен өтүп кетишти. Алардан кийин жөнөкөй эмес адамдардын көндүм эместей чарчашкан жана адаттагысындай жайбаракат тартышкан балдары пайда болушту, аларды «мерседестердин» катарларын аралай чыгып келишкен кызгылт көйнөкчөн чоң көчүктүү адъютанттар тосуп алышып, басып баратышып эле: «Биздин мындан аркы кадамдарыбыз кандай болот? Кайсы подьездде? Кызгылт-көк калем менен жазган!», — деп телефон чала башташты. Андан кийин гана — «негизги масса» чыкты.

Мен өзүмдүн элеттиктеримди аяп кеттим: үтүктөлгөн шым кийген жигиттер, жылтырата тазаланган бут кийим, көйнөктүн топчусу топчуланган, бет келбеттери таза, оор баштыктарды көтөрүшкөн аталар, банкалардагы котлеттер, уялыңкы тартып бадыраңды кырсылдатып тиштеп, тосмо тумбасынын кырына жумуртканын сырт кабыгын ургулап коюшат. Элеттиктер ары-бери өткөндөргө ашыкча сылыктык менен кайрылып, четте көпкө шыбырашышып, «кайда барышыбыз керек?» деп урматтоо менен кароолчунун тынчын алаардан мурдагы жоопкерчиликти бөлүштүрүштү. Ал эми сүрдүү көрүнгөн адам аларга ырай кылуучулук менен жол көрсөтүүчү белгини көрсөттү: (жергиликтүүлөр эч кандай суроо-талапсыз эле кадам ташташты), элеттиктер биринчи экзаменден өтүп, чечүүчү кадамдардын биринчиси жасалганы — чоң ийгилик экенине абдан ыраазычылык билдиришип жана кубанып жатышты!

Элеттиктер — пулемётко карай чуркашкан жөө аскерлер, бирок тескерисинче: бардык жөө аскерлер согуш талаасында калышат — элеттиктердин бири дагы калбайт; алар жээк кырларда, тамбурларда, ата-энесинин ийнинде ыйлап кала беришет: бар болгону — нөл беш балл жетпей калды! — Курск вокзалында таштаган биринчи кадамынан тартып эле кузгундар тарабынан аларга көз салууга коюлгандар баракчаларды сунушат: бизге — акы төлөп окууга келгиле.

Сактанып, журфакка аркамды салып, Азия жана Африка өлкөлөрү институтун түз карап бурулдум — тарыхый боз кирпичтерин ачуу менен анын шыбактарын сыйрып салышкан, чатырдагы көп жылдык бадалдар шамалдан термелип турат — бирок, баары бир эстедим... Мына ушулар чындап эле адамдардын үстүнөн ээлик кылат, күздүн ошол жумалары мына ушул жерде, тайыз толкундары менен шарпылдап: кире бериштеги баскычтуу аянтчада жана дароо босогодон арыда кала берди; мен кейип кеттим. Муну башкача кантип атоого болот? Толкундануу жана бир аз кайгыруу. Ооба, токтоп турган унаалар көбөйгөн. Жок, машиналар эсимде жок. Ооба, унаалар болгон эмес! Чыгып жаткандардан мен жыйырма жыл мурункуларга абай салып жаттым: Ошолбу? Албы? Мен бул жерде кимдир-бирөөлөрдү таанып-билмекмин. Эмнеге сен кирбейсиң? Бир гана жолу мен Алисстин артынан ээрчип ичине кирип барсам, каным катуу дүргүп, жалын мени каптап кетти. Абитуриенттер менен күйөрмандар тепкичтин сол тарабындагы мурунку китепканада отурушат, факультеттин ичи эскирип кейпи кеткен, паркет кычырап калган. Мен тепкичтин арткы жагынан айланып өттүм; кандайдыр бир «жайгаштыруу бөлүмү» турат — а гезит окуучу жай кайда кеткен? Вокзалдардын жер төлөлөрүндөгүдөй тамак-аш күркөлөрү, тепкичтери жантайма болуп калган, «институт» деп жазылган такта дагы жогорулаган; мен аудиторияга кирдим, ал мага: «Үч жүз он алтынчы!» деп өзү эле шыбырап айтып тургандай болду — такта, бордун бир бөлүгү, ушул жерге окууга киргем, кийинки столдо дүйнөдөгү эң сулуу кыз жылмайып турду. Азырчы? Оорутпай турган гель сыйпанып алган чал манжаларынын изин калтыруудан коркуп жаткансып манжаларынан борду аарчып жатты.

Алисс, мен факультетке бир миң тогуз жүздө, ноябрда келдим, ал учурда картошка жыйноодо болушкан биринчи курстагылар биригишип, ойготкуч сааттарды койгондор жана стипендия деген эмне экенин билбегендер болуп бөлүнүп калышкан.

Ойготкуч сааттардын ээлери «биринчи сабакка» турушчу, «бүгүн мен экинчи сабакка барамын» дегендер суук күүгүмдө катуу тыгыз бириктирилген жана дөңгөлөктүү тележкаларды тарткан жыйырма алтынчы трамвайды күтүшүп, секиришип, түрткүлөшүп, жабышышып, кучакташып, асылып турушуп, оң бутун киргизе коюп же эшикке кыпчыттырып алышып же кар бороонун жирей короолорду кыйгач илээлеп аралап «Академиялык» тарапты көздөй «Улан-Батор» кинотеатрынын жанынан өтүшөт, ал жерде жекшемби күндөрү думуктурган залда нумизматтар тер жыттарынын шаардык фестивалына чогулушат.

Алар факультеттен күн батканда чыгышып, сүйүктүү окутуучуларын метрого чейин узатышып, ашканада кечки бир стакан каймакты ичкен соң жатакананын китепканасында жолугушуп, ал жабылганда журналистика факультетинин кабаттарында (экинчиден сегизинчиге чейин) окуу залдарындагы үстөлдөрдү ээлешчү же ашканада тамак бышырышып, кир жуушуп, дубал гезиттерин даярдашчу, Днепропетровскидеги апаларына кат жазышчу же саясат жөнүндө талашып-тартышуу үчүн тогузунчу кабатка топурак таануучуларга чыгышчу — топурак таануучу кыздар (эмне үчүн эркектер топурак таанууга тапшырышпагандыктары — кандуу коммунисттик режимдин ушул кезге чейинки жаман жөрөлгөлүү сырларынын бири) кандай гана эркек келбесин ушунчалык сүйүнүшкөн, изги аял жана өз жанын аянбаган эненин баарына угуза жана уялбастан: Москва мамлекеттик университетинин топурак таануусун бүтүргөмүн деп моюнга алганында мен ушул кезге дейре кызарып кетем! Ким эле ушунусу менен мактана алат?

Сааттын коңгуроосун койбогондор (КПССтин улут саясатынын «жумушчулар факультети» аркылуу айланып өткөрүлгөн армиянын ардагерлери, өндүрүш ардагерлери жана тоолуктар — сакал-муруттары алынбаган уруулар!) узакка укташчу, дээрлик дайыма күнү бою уктап жатышчу жана дамамат ичишчү, кээде кароолчу, эшик шыпыргыч болуп иштешчү же майда-барат алдамчылык кылышып, окуудан чыгарылышып, кайрадан калыбына келтирилишип, карызга акча алышып, конокторду тосушуп, психологдор жашаган биринчи корпустун моралдык жүзүнө доо кетиришип, участкалык милиция кызматкерине түшүнүк кат жазышып, университетте сессия учурунда гана пайда болушчу, бирок көбүнчө уктап, тамак жеп, ичкилик ичип, азыркыча жана так кантип айтаарды билбейм — кыскасы, алардын көптөгөн тааныш кыздары болгон. Сааттын коңгуроосун койбогондор ушундай таанышууларды издешчү. Мындай аракеттери дайыма эле ийгиликтүү боло бербейт. Бирок дайыма ушундай болчу. Ошентип, алар Шверник көчөсү, он тогуз, экинчи корпус деген бейиште жашашты.

Совет бийлигинин акыркы, уйкуда жаткан, кыймылсыз жылдары окуунун, кызмат издөөнүн, мамлекеттик мүлктү сыйлоонун, мыйзамга баш ийүүнүн, адал жашоонун, Мекенге кызмат кылуунун калган бардык зарылдыктарынан да ажыратып салды — жок, эч ким жакын арада бекер керектөө түрүндөгү акыркы адилеттүүлүккө алып баруучу жол дубалга кептелээрин жана жана артка карай кетээрибизди, андыктан биринчилер акыркысы болуп калаарын билген жок, бирок баары кетип калуунун эч бир мааниси жок экендигин кандайдыр бир сезип турушту. Анча-мынча пионер, көбүрөөк комсомол, баарыдан да армия (партия бизди күтпөдү, эки сантиметр жетпей калды!) адамга эң мыкты түшүндүрдү: дегеле тирүү калууну кааласаң — баш тарт жана ичип-жеп жата бер. Аз жоготуу менен, аянтка чыкпастан, уйгактай жабышкан мезгилдин буйруусун өзүңдөн акырындык менен алыстат: катталуу керек болсо — ошент, кагаз жүзүндө — катыша бер; эгерде кысмакка алса — добуш бер; суранса — сүйлөп кой; аргасыз кылса — кел да, акыркы катарда уктай бер, бирок жипти бекем тартып кармап тур, бирдеме боло турган болсо — баш тарт, ооруп калуу баракчасын ал, унутуп же уктап кал жана шишип-көөп жүрө бер, чоңойбо, күлгүн кыздардын арасында бейкапар жана жаш бойдон кала бер.

Ноябрь айынын биринчи күндөрүндө комсомолдук билеттин жоголушу менен жок кылынган окуу бөлүмүнө келгенимде биздин курсубуз ушундай болуп бөлүнүп турган. Менин жолум болуп, бөлүктөн мени биринчи бошотушту. Менин аскердик кызматым Матросская Тишинанын штабынын жертөлөсүндө аба желдеткичтин дүңгүрөгөн добушу астында өттү. Жападан-жалгыз терезеден бетон кудук көрүнүп турат, ага көгүчкөндөр өлүш үчүн түшүшөт; кар жана жалбырактар эсимде жок. Биз ошол эле жертөлөдө, коридор менен алдыга карай отуз метр жана сол тарапта келемиштердин жана биттердин каптоосу астында жарым жыл чыдап уктадык.

Эртең менен офицерлер менен генералдар келгиче мен экинчи кабаттагы дааратканага тиштеримди жууп-тазалап, жуунуп, майда-барат кирлерди жууп алуу (ишемби күндөрү чоң кирлерди жууганга Аюу көлүндөгү мончого барчубуз) үчүн чыкчумун же экинчи кабатты үй шыпыргыч тазалап-жыйнап жүргөн болсо үчүнчү кабатка, же тыл кызматы жайгашкан төртүнчүгө көтөрүлчүмүн.

Ал күн өзгөчөлүү болду — тиш пастасына акчамды короттум. Акчаны үнөмдөө үчүн тиш порошогуна щётканы малганды токтотуум керек болду — анын тактарын эч качан аягына чейин колуңдан жана бетиңден жууп кетире албайсың! Жакында казыналык жакырчылык бүтөт, бизди башкача жашоо күтүп турат — өзүмдү ушунчалык кубанычтуу сезип, оор тюбикти сый-урмат менен кысып, ашыкча сыгып албайын деп манжаларым менен жеңил кармадым. Бирок паста чыкпады.

Көрсө, тиш пастанын оозу кандайдыр бир жалтырак... фольгадай болгон нерсе менен чапталган экен — бардык күч менен аны сыкпастан адегенде аны тешип алуу керек тура. Москвадагы паста мына ушундай. Албетте, биз артта калдык. Эмне менен тешүү керек? Мен аны чыпалагым менен чукулап көрдүм, тиш щёткасынын сабы менен баскыладым — фольга бир аз кабырылгандай болду, бирок тешилип-айрылбады. Кандайдыр-бир курч нерсе керек. Мык үчүн жертөлөгө барып келгенге убакыт жок эле, мына-мына азыр кабаттарга лампастар жана папахалар көтөрүлүшөт, анан мен эки колум менен тюбикти тез катуу басып кыссам паста өзү эле тосмону тешип, сыртка атып чыгат деп ойлогом. Албетте, бир аз ачууланып кеттим. Эгерде кымбат товарды сата турган болсоң аны ыңгайлуу кылып жасаш керек.

Тездик менен катуу басып кысуу керек.

Мен даярданып, колумду жуунмага сундум... Ашыкча чыгып кетсе... Эгерде капысынан тамчылап кетсе, полго түшпөсүн деп...

Бир жолу!

Чыкпады.

Жана дагы бир жолу!!!

Мен болжолдоп күткөндөй болду. Ал тургай, ашыгы менен.

Ооба, тюбик жөн гана менин колумда жарылып кетти!

Анын ичиндегисинин баары көптөн бери кайнап, барсайып, сыртка чыга албай жаткандай болуп, анан сыртка бир да тамчысы калбай атырыла чачырап чыгып, жарыбаган бир нерсеси гана калды — бүттү эми! — ичи кабырыла түшкөн таңгакты тоголоктоп бүктөп туруп, ыргытып салдым. Мына сага деп ныгырып сыгып жибердим. Бир жолу тишимди жууюн десем...

Мен щетканы жуунманы көздөй сундум — пастаны түкчөлөрүнө илип алайын дедим. Бирок жуунмада паста жок экен! Бир дагы тамчысы. Анын баары бир жакка житип кеткендей. Мен айланамды карадым: бул эмнеси? Бардык эле уйкусу канбаган кишилердей болуп баары көрүнүп тургандай туюлуп, ал болсо баарын көрбөйт... Анын үстүнө үч кабинанын жанындагы жуунманын үстүнкү кичинекей бурчунда бир заттын из калтырбай жок болуп кетишине туш болгондо... Күзгүнүн каршысында... Күрөң кафелдин үстүңкү бетинде...

Ал дагы эле ойгоно электей — жаман, укмуштуудай түш көрүп жаткандай.

Анан калса экинчи кабаттан тезирээк чыгып кетүү керек.

Тюбик дегеле бош болсо керек! Жараксыз! Жөн эле жарылып кетти.

Анан күтүлбөгөн жерден эмне болгонун түшүнө баштаганымдан мурда үрөй учурарлык бир нерсе болгонун туя өзүмө көз жүгүрттүм... О, Кудай ай!!! Көрсө, мен өзүмдүн колдорум менен байкуш пастаны ушундай бир күч менен басканымда ал тюбиктин алды жагынан, оозунан атырылып чыкпастан, а арт жагынан, бириктирилген жеринен жарып чыгып, жуунмага түшпөстөн эле менин курсагыма жалп эте жабышып калыптыр да, эми ал кителден ылдый карай майлуу жалбыздай агып, шымыма муруттай болуп жайылып жатыптыр.

Качуу керек! Мен щетканы курсагымдагы жыттуу аталага малып, тез тишимди жууп, крандын алдында колумду эки сыйра жуудум — бетимди аарчып, чачымды сылагылып, өз буюмдарымды кармаган боюнча тепкичке жүгүрдүм (ар дайымкыдай эле биринчи тыңшашым, андан кийин карашым керек болчу). Ал жакта бардыгы айырмаланышпай какайып турушуптур — анткени Маршал, биздин Куралдуу Күчтөрүбүздүн аскерлеринин командачысы, узун бойлуу, өзү менен өзү болгон, эч качан айланасына карабаган, Варшава Келишимине кирген өлкөлөрдүн армияларынын агрессивдүү ой-пикирлерге карама-каршы туруусунун кыйынчылыктары тууралуу ойлорго чөмүлгөн сулуу, бул жердегидей болбогон жүзүнөн көзү жок болгонсуп жалгыз өзү көтөрүлүп, отуруучу ордуна баратыптыр... Мен кетенчиктей түштүм, тайсалдап, күтүп калдым: эми эмне болот? — эми штаб боюнча кезметчи, куралдаш досторунун — аракечтердин чыккынчылыктары менен атагы чыккан полковник Г. эмнегедир шыбыраган үн менен кайталады: анын артынан жөнө! Куралдуу Күчтөрдүн аскерлеринин командачысы сени артымдан келсин деп айтты! Полковник Г. калтырап-титиреп, колу менен көрсөтө албай (анын кезметинде болуп жатса!) кайталай берди: артынан ээрчи! Анын артынан тез ээрчи!

Мен эми эмне кылышым керек? Барып өтүгүмдү тазалашым жана керебеттин астынан фуражкамды издешим керекпи? Укмуштуудай болгон толкун мени кармап алып, тездетип, күүлдөгөн үн менен мени Тагдырдын айбаттуу күйүп-жанган оозуна — кабылдамага түз эле сүйрөп жөнөдү, саламдашуудан кийин өздөрүнө келише элек эки адъютант-майор жарыша кыйкырышты: кайда?! Мен эсим оогон тейизде мыңкылдадым: жолдош командачы кирсин деп айтты дедим да, туңгуюкка карай секирдим.

Маршал алдыдан он метрдей алыста үстөлдүн капталында, бут кийимин алмаштырып жаткандай болуп отуруптур, мен «Сиздин буйругуңуз боюнча катардагы баланча» дегендейди аткарып, Гагарин жерге кайтып келген «Восток» космос кораблинин түшүүчү аппаратынын өлчөмүндөй болгон глобустун жанына келип токтодум.

Маршал он сегиз жашынан баштап Американы бомбалоого даярданган, аны бомбалоочу учактар, учуулар, ракеталарды учуруулар гана кызыктырган, а калган катар менен басуулар, катардагы жоокерлер менен ефрейторлор, күйүүчү май кампалары, кышкы кийим формалары жана кагаздарды окуу ага оор жүк болгон; Маршалдын бордюрдун өңүнө, айдоочунун кечиккенине көңүл буруп урушканын эч качан уккан эмесмин, акырын келип, акырын чыгып кетчү; бул биздин биринчи жана акыркы жолугушуубуз болду.

Маршал мени ушунчалык айран таң калуу жана капалануу менен караганда мен кызыктай боло түштүм: а кокусунан кезметчи жаңылып калган болсочу? Күтүлбөгөн жерден Куралдуу Күчтөрүбүздүн аскерлеринин командачысы өзү менен кошо мени түбү жок белгисиздикке жаңсап чакырган жокпу?! — эми ал өзү да түшүнбөй калды: аскер эмне үчүн келди жана Маршалдын булуттун үстүндөгү жана үндөн ылдам учкан дүйнөсүн өзүнүн түрүнүн күнүмдүгү менен кемсинтип, бут кийимин алмаштырууга тоскоолдук кылып жатат.

Мен кырк алтынчы өлчөмүндөгү эски өтүктү кийип алгам (сол жагынын тумшугу бычак менен бир аз кесилген) жана буттарымды кадимкидей шилтегенде чечилип ыргып кетиши мүмкүн эле (менин өз өтүгүм «машыгууда» жоголуп кеткенде мага бул эң эле чоң өтүктү «убактылуу» деп беришкен, андан бери бир жарым жыл өтүп кетти); мен шымыма кабатыр болгон жокмун: жаңы (эскиси гауптвахтада цемент жүктөөдөн жыртылып жок болгон), бирок меникинен эки өлчөмгө чоң, чалбарлары менен улуттук бийди аткарууда секирип туурасынан шпагат жасагандардын ичиндеги украин жигитине абдан окшошуп калдым; сол төшүмдө «Аскер аба күчтөрүнүн отличниги» төш белгиси, оң көкүрөгүмдө капчык, аскер билети, «дюшес» набаты, шариктүү калемсап, ийне-жип жана комсомол билети (эгерде аны уурдап кетишпеген болсо!) салынган майлуу чөнтөк көрүнүп турат, бетти эки көз арасындагы бөлүгү чапталган көз айнек кыйшыгынан кесип өткөн (алардын кыйшык отурганынын себеби оң кулагынын бурамасы бошоп, жерге түшүп, тоголонуп кеткенде анын ордуна мен кеңсе скрепкасынын кесиндисин салып койгом), оң колума тиш щеткасын, сүлгүнү жана самын салгычты, сол колума уставда каралбаган жуулган, болушунча аябай сыгылган байпактарды жана ыштанды кармап алгам — чулгоо жана дамбал гана кийишибиз керек болчу; курсагымда футбол тобунун тийгенинен калган изге окшош бозоңку, килкилдек так сарыга ылдый карай ага баштаган. Мен эмне болгонун түшүндүрүүгө аракет кылган жокмун: анын эмне кереги бар? Биз бала эмеспиз, сен жөнүндө эч ким «эмне болду?» же «кандай жардам бере алам?» деген мааниде ойлобой турганын түшүнүп калдык. Бардыгы үчүн сен ачыксың — ар ким өзү жөнүндө гана ойлойт, армия сени керексиз ойлордон куткарды, бирок сен кимге керексиң? Мүмкүн, мен дайыма ушинтип жүрө берээрмин жана маңдайыма ушул жазылгандыр.

Командачынын жүзү украин атасына окшоп кетет. Бир гана чоң атасы Никита кичинекей болчу. Ал эми жай жана айырмасыздык менен сүйлөгөнү — энесинин өзү. Таня чоң энеси дайыма жылуу жоолук салынып, бүгүлүп, бырыш баскан, ыйлагандай болгон жүзүн көтөрбөй басып жүрчү. Ал биринчи каза болуп, чоң атасы Никита (көчөдө аны хохляттыкча «Ныкита» деп коюшчу) атүгүл: «Эрте өлбөйт белең, жашоомду жөнгө салып алмакмын» деп таарынган, кулагы укпай жана аябай арыктап катып калса да, дагы бир топ жыл жалгыз жашап жүргөн. Он беш жылдан бери мен аны вокзал базарындагы эт чапкычтын аскердик өтмүшүн кыйытып жаткандай, жалпы аскердик фуражкасыз жана офицердик көйнөгү жок көргөн эмесмин. Ал ошондой эле тапочка жана өтүк тиккен (уразовдук туугандары булгаары заводунан кыйкымдарды алып келип беришчү) жана азыр айтып жүрүшкөндөй, Валуйкиде таандарды жана каргаларды атып алып, түшкү тамакка кайнатышкан, ал эми Никита Ворошилов көчөсүндөгү кыймылсыз мүлккө каражат салып жүргөн кездерде «карыз милдеттенмелерин жөнгө салууда ашыкча катаалдыгы» менен айырмаланган.

Үйдө аны менен эч ким деле ачылып-чачылып сүйлөшчү эмес — Маршалдын шайыр иниси муздаткычтарды оңдоп, ичип, балык кармачу, жеңеси оорукчан кызын бакчу. Ошондуктан, жаан жаабаган учурда чоң ата тосток көздүү Бимо деген итин ээрчитип, таягына таяна басып биздин үйгө келип калчу, кенедей жаңы кадам таштаардан мурда көпкө эмес, бир мүнөттөй күтүп калчу да, чоң олтургучта отуруп кемпирди бир түрдөгү («А Рита кайда? Сашкачы?») баарлашуусу менен жүдөтчү — ага үйдүн алдындагы баскычтуу тепкичтер менен өйдө басып чыгуу кыйынга турчу, ал эми биздин убакта жана биздин аймакта конокторго чай беришчү эмес. Тосмо кашаанын жылчыктарынан жапалдаш бойлуунун бир калыптагы, жай жылып бараткан кыймылы көрүнүп өткөн кезде кемпир бүт көчөгө угуза кыйкырганда калгандарыбыз ар кай жакка чачырап чуркап жашынып калчубуз, а кемпир болсо чыдачу: тууган! — анын уулу Никитанын кызына үйлөнгөн; адегенде тең эмес нике болсо да, жылдардын өтүшү менен ал тең эместик жок болду. Эми ал толугу менен жоюлду — эч кимиси калган жок, мен бул өтмүштүн үстүндө жалгызмын, биз көтөрүлгөнүбүздү жана башкалардан кем эмес жашап жатканыбызды кимге далилдейт элек. Биг-Бендин фонунда сүрөткө түшкөнбүз. А менин далилдегим келген эле.

Башкача айтканда, менин байкем маршалдын бир тууган карындашына үйлөнгөн, Маршалдын өзү, Куралдуу Күчтөрдүн аскерлеринин командачысы, албетте, жалпы жонунан анын жакшылыгынан улам бир жоокер Мары-1 аэродромундагы учактардын куйруктарына жөлөнүп турбастан жана Арединскиде күнү-түнү карды тазалабастан (ар бир аскер бөлүгүндө тозок менен чек арасы таптакыр корголбогон жерлер бар; чоң адамдар Арединскиге кызмат өтөөгө учуп жатышканда менин көз алдымда ыйлашкандарын көрдүм), кайсы бир жылуу жерде, Москвада, жакын жерде (штабдын жертөлөсүндө адамдар жашаарын жана оперативдүү оюндар үчүн залдын кинобудкасында жарандык кийимдеримди сактап жүргөнүмдү жана ишемби күндөрү гараждын арт жагындагы Аба-десанттык аскерлердин бардыгына жана бүтүндөй Аскердик-транспорттук авиацияга белгилүү болгон жашыруун жердеги тосмодон өтүп турарымды ал кайдан билсин) жүргөнүн кайсы бир жерлерден уккан болушу мүмкүн, болду, ушул эле жетиштүү, майда-чүйдөсүнө чейин айтуунун кереги жок.

Кыязы, Маршал өзүнүн жакшылыгын эбак эле унутуп койгон болуш керек, бирок бүгүн эстей жана ырайым кыла турган ыңгайлуу күн болду.

Адамдардын өздөрү айткандай, уктаар алдында бутуна жууркан төшөп жатканда өзү менен өзү күбүрөнүп, сүлгү менен бетин аарчып жатып күңкүлдөп, басып баратып тамеки сурап жатышкандагыдай түшүнүксүз жана кайдыгер сүйлөдү — мен бир дагы сөзүн уккан жокмун, бирок мен жакындагандан же кайталап суроодон корктум, ошондуктан мен интонация боюнча, мааниси боюнча (командачы болсом мен эмнени сураар элем) боолголодум, биз котормочу аркылуу сүйлөшүп жаттык, мен маектешүүчү да, котормочу да болдум: сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң? — Маршал ушул сыяктуу бирдемени сурады окшойт.

Мен жооп бердим: кызмат кылып жатам; бул аны таң калтырды: Коргоо министринин запаска бошотуу жөнүндө буйругу эбак эле жарыяланган, ал муну уккан болушу керек дегендей. Мен дагы ойлодум: балким, ушул убакыттын ичинде Командачы менин бул жерде турганымдан, анын боорукердигине туура келбеген оорчулуктан жадап турган жокпу?

Мен түшүндүрмө бере баштадым: дароо эле бошотуп жиберишпейт. Буйрук чыккандан кийин бир ай өтөт жана сиңирген эмгектери жана жетишкендиктери боюнча бөлүштүрүү менен «нөлдү» — эң биринчи партияны чыгарышат, бир жумадан кийин — биринчини, дагы бир жумадан кийин — экинчини болуп кете берет. Өзгөчө «көрүнүктүү» жоокерлерди акыркы партияда — 31-декабрда жыйырма үч элүү тогузда бошотушат. Куралдуу Күчтөрдөгү эң бир коркунучтуусу: «Жаңы жылдык куранттардын биринчи кагылышы менен кетесиң».

Маршалга көңүлсүз жана кызыксыз болуп, тунарыктан улам эч нерсе менен иши жоктой боло тактап сурады: булар эмне деген партиялар?

«Нөл», жолдош Куралдуу Күчтөрдүн аскерлеринин командачысы, сиздин айдоочуңуз. Биринчи партия — каптёр, нан кесүүчү жана улук сержант Руденко (коңшу байланыш бригадасынан арааланган тактайлары менен унааны уурдаганы үчүн — бирок ал жөнүндө айтпадым); экинчиси (Маршалга манжаларымды ийип санап жатканым жакпай калганын байкап, антпей калдым) — медкызматкер (бит басып кеткенин жашырганы үчүн), улук прапорщик Ковальчуктун жээни жана штабдын начальниги генерал-лейтенанттын айдоочусу...

Командачы колун эки жолу шилтегиледи: унчукпа, кете бер, — мен кабылдамага чыкканымда ал жерде турушкан адъютанттар менен чогулган генералдар жыгылып өлүшү керектигин аңдабастан талааны аралай чуркаган өлөрчө жарадар болгон адамдын сыртка чыгып калган ичегилериндей болгон менин боорумдагы тиш пастама аябай жийиркенүү менен карап калышты.

Түштөн кийин менин командирим, подполковник Фролов, арак мына-мына анын түбүнө жетээрин билбеген укмуштуудай кичинекей баштын ээси (сулуу аял — азык-түлүк базасынын башчысы аны сүйчү! Топурагы торко болсун!) ызалангандай болуп бышылдап, армиядан бошонгонум тууралуу зарыл документтерди, анын үстүнө «Катардагы баланчаевге Куралдуу Күчтөрдүн аскерлеринин командачысынан» деп чегилип жазылган электрондук саатты (бир убактарда жайнап кеткен — темир билериктерге, сандарга, мелодияларга, капталындагы мүйүздүү тырс этмелерге жазуулар) менин астыма койду; жатаканада саатымды уурдап кетишти, мен буга бир да жолу өкүнгөн эмесмин; өтмө жерден мен катуу чалынып кеттим да жерге учуп туштүм.

Комсомолдук билетимди үч күн издеп жана комсомолдун шаардык комитетинде беш мүнөт көз жаш чыгарымыш болуп (элүүдөн аша элек жаштардын жаңы жол башчысы менин артымда ары-бери басып келип: «Сен буга кантип жол бердиң? — деп кайталап сурап, үшкүрүнөт, көз жашымды кантип аарчып жатканымды карап кайрадан эле: «Жок, мен түшүнбөй жатам: сен буга кантип жол бердиң? Мүмкүн, сен эс-учуңду жоготуп койгон абалда болгондурсуң?» дейт), «Октябрдан» трамвай менен Шверниктеги бейишке, көңүл ачууларга жана ыракаттанууларга толгон («күнөөсүз» деп жазып жибере жаздадым) бактылуу балалыктын беш жылдыгына келдим.

Бөлмөдө мен өзүмө окшогондорго туш болдум: чек арачы, өрт өчүрүүчү, ички аскерлердин ардагери жана кылмышкер (аны төртүнчү сезондун ортосунда Саратов облусунда өлтүрүп кетишти); мага кире бериштин каршысындагы муздак дубалдын жанындагы керебетти беришти, эң акыркы болуп келгендиктен мен буга таарынбадым.

Ойготкуч сааттарды коюп алгандардан жана конспект жазгандардан айырмаланып биз кызматты, туурасын айтканда, жашоону туура түшүнүү менен ден соолугубуздун начардыгын, жакындарыбыздын оорулуу экендигин жана каза болгондугун, элеттен келгенибизди бетке кармоо жана эркектик, жапайы күчтүн жагымы (кимде бар болсо) менен окутуучулардын жүрөктөрүн жибитип жүрүп биз окуган деле жокпуз, экзамендерде отличниктердин конспектилеринен көчүрүп жазып алчубуз.