таянып таягына жолоочу суу боюнда...

* * *

таянып таягына жолоочу суу боюнда
жайылып мажүрүм тал жазгы аарылар тапкан жай
булутту учкул өңдөр үйлөп айдап коңулга
түндүктү көк мелжиген жамап-жаскап жаткандай
жүзүмзар чакан чиркөө ай-талаасы зыгырдын
чак түшү чаламандын жана орто кылымдын

кара таан айланага чачыладай чачылган
элби же алды жакта атчан бирөө ыргалат
жайыктан жүзүм өскөн ким экен ал чакырган
зымырайт бакма жейрен селки колун булгалап
жашылга жерди бөлөп зыгыр оттой жанабы
жолоочу ажал тура чалгы болуп таягы

төгүлүп капюшонго мажүрүм тал үзүлбө
эл жалпы ырдаса да бул тарапка угулбайт
мажүрүм талдай селки жейрен менен жүзүмдө
колу жок узун шамал жүзүн бурбай уңулдайт
обону аарылардын — алтын жиби жарыктын
жолоочу көк шиберде суусун тиктеп арыктын

денесиз өңү көр да тери көзү жок дене
чапан бош ичи көңдөй бирок бардай туюлат
чиркөөдө алаканын кечил жайып кечке эле
жашынан үшү кетип бөө-кудайга сыйынат
бүт жашоо эгеси жок бир берилген энчиңе
өтө албайт суудан эми кечмелик жок селкиге

жаркытып сур булутту жаздын алтын аарысы
түшүнө шоола кирет ойгонбогон ак таштын
көгүлтүр оттой жанып баткак жердин баарысы
жарса да кара түндү бөө-кудайды таппассың
бир гана химия жейт бу мезгилди кулачтап
жебедей жейрен сызат селки дөңдө буластап