токтоолук сендей жанга камтылат...
* * *
1
токтоолук сендей жанга камтылат
уяга жарык агып жай жылат
акпай эле тамчылап да жарк этип
жан күйгүзөт анан сөзү айтылат
боштукка койдум беле жол салып
изди көрөм мен өзүмдү колго алып
акпай эле жарк этип да тамчылап
жалган айтат жалындабас жан сымак
дүйнөгө дүмүр болгон аралда
тилинген согончокто анан да
ток эмес тамырында жүгүргөн
кан толуп калгандыгы билинген
айтат анан жашабаймын дегеле
мен сага таянычмын жөн эле
токко барам түпкүрүмдө бар ошол
жападан жалгыз кан ошол
бийден бетер жер тебет
кадалган каректерге эркелеп
ыпысык нокотторго умтулду
толтуруп бүткүл ойдуң-чуңкурду
ал — бий өзү алып учкан кушуңдай
жансыз карлыгачтын оозунда
ыпысык нокот болуп ушундай
капталып калың түтүнгө
бийге түшүп бүт баары
ойкуп-кайкып учканы
үзүл-кесил шыңгырап
бүт камтыган ыр сымак
жепжеңил арсак-терсек тепкичте
испандар бараткандай ыргалат
көргөн түштүн баарысы
ушул түшкө жыйналат
2
бүгүн жааган кар менен
күн күркүрөп чатырайт
баратсаң ортосунда жол менен
көз чакчайып чачырайт
алардын жалган издей көптөрү
ыйыктан бетер саналып
жылдан аттап өткөнү
боштукту жөлөк кылып таянып
кырсыкты бакытты да ыр кылат
оозунда жер шыңгырап
бозоруп чоочун ысымдан
тартипке түшүп кысылган
жайылган акыл-эси желектей
негедир өзүнүкү эместей
мылтыктай түтөп бурчта камыгат
Эч нерсе эместей агылат
кош бол эми кабыл алгын күнүмдү
үнсүздүктүн бир куймасы аз энчи
түнөрбөгөн тамда тосом күүгүмдү
— а сенчи а сенчи а сенчи?





