Сонет
Кир жуугуч машинамды иштетемин
ишемби күнү бою. Башым катты:
түз жүрүп келе жаткан иш кедерин
кетирип ийри түтүк татаалдатты.
Жүрдүм мен оңдоп койбой кимди күтүп,
аттигиң, болот эми мунум кандай,
тозоктой тоскоол кылды ийри түтүк
башканын тагдырына бурулгандай.
Олег дейм, жакшы жоруп тилегимде,
бул бурулуш бекер эмес бул өмүрдө,
болом, балким, чын бейиштин нак төрүндө.
Айланып өтүш аны кыйын белем,
жубатып көңүлүмдү чылым менен,
турамын туңгуюктун кырында мен.





