Коюу түс
Поль Гогендин альбомуна
Төрт түн бою жалынсам да жалдырап,
Бир дагы сөз конбой койду төрүмө.
Көктөгү Ай — сапсары бир калжырак,
«Кандай» дебе, бул атаңдын көрү де!
Талмудуң да, ырларың да эмне экен,
Жарык бар го мээге сиңип окулган:
«Варвар үнү», «Кудай күнү» теңме-тең
Кызыл-тазыл кездемедей токулган.
Ал — кур кыял, баскынчылык санаасы,
Жер кепеден Европага жөнөткөн,
Сүрөттөрдө ай-ааламдын даанасы,
Гороскоптон алда канча көп өктөм.
Маорийче кийинип да, кубулуп,
Галлдай сүйөт жаш балдардын порносун.
Сүрөттө Күн батат каны чубуруп,
Жазгантып да жашыл бадал ордосун.
Кайык мына, менсиз кеткен турабы,
Мында — жума, анда — деңиз асмандай,
Йод түспөлдөш креветка, крабы...
Бул коюу түс бүт баардыгын баскандай.
Сүрөтчү ана, күүгө келип салтанат,
Өмүр-өлүм чоорун уккан конокмун.
Бир шилтемде коркунучту талкалап,
Баасын төлөйт эртеңки бир жомоктун.
Мына, мына, бул ыр чыкты, чиркин-ээ,
Калган ырды карабаймын дегеле.
Сөз токудум сенин кооптуу циркиңе,
Ыйлап-сыктап, уйкаштырып жөн эле.
Төрт түн бою жалынсам да жалдырап,
Бир дагы сөз конбой койду төрүмө.
Көктөгү Ай — сапсары бир калжырак,
«Кандай» дебе, бул атаңдын көрү де!
Талмудуң да, ырларың да эмне экен,
Жарык бар го мээге сиңип окулган:
«Варвар үнү», «Кудай күнү» теңме-тең
Кызыл-тазыл кездемедей токулган.
Ал — кур кыял, баскынчылык санаасы,
Жер кепеден Европага жөнөткөн,
Сүрөттөрдө ай-ааламдын даанасы,
Гороскоптон алда канча көп өктөм.
Маорийче кийинип да, кубулуп,
Галлдай сүйөт жаш балдардын порносун.
Сүрөттө Күн батат каны чубуруп,
Жазгантып да жашыл бадал ордосун.
Кайык мына, менсиз кеткен турабы,
Мында — жума, анда — деңиз асмандай,
Йод түспөлдөш креветка, крабы...
Бул коюу түс бүт баардыгын баскандай.
Сүрөтчү ана, күүгө келип салтанат,
Өмүр-өлүм чоорун уккан конокмун.
Бир шилтемде коркунучту талкалап,
Баасын төлөйт эртеңки бир жомоктун.
Мына, мына, бул ыр чыкты, чиркин-ээ,
Калган ырды карабаймын дегеле.
Сөз токудум сенин кооптуу циркиңе,
Ыйлап-сыктап, уйкаштырып жөн эле.





