Бүт Европа жылтыры өзүн жоготпой...

* * *

Бүт Европа жылтыры өзүн жоготпой,
трансазиялык бир акынга конобу,
мен унутам Свердловскини жомоктой,
анан Вторчермет* мектебинде короону.

Өмүр отум өчүп калса капилет
үп Парижде же ным тарткан Лондондо,
Свердлов мүрзөсүнө аты жок
Алпаргыла сөөгүмдү койгондо.

Ашыкча бир көркөмдүкту кошподум,
айтканым жок артистикке берилип,.
ал-анткени жатат анда досторум,
мармар ташка сүрөттөрү чегилип.

ШРМди** үчкө бүтүп салбаспы,
көгүлжүм кар басып эми ордосун,
Кайра куруу жоокерлери алгачкы
Үнсүз жатат мээге уюп коргошун.

Вторчермет күүлдөтсүн түтүгүн,
Пластмолимер*** ышкырсын бир созула.
Мени күткөн аял үйлөп түтүнүн,
альбомду ачат чылым тиштеп оозуна.

Көгүш альбом ачылганда көрөбүз:
Жаркын үмүт жүзүбүздөн билинип,
Баарыбыз тең тирүү бойдон жүрөбүз
кудай урган акын, бандит биригип.

________________
* Екатеринбург шаарындагы кичи район. Бул аталыш металл калдыктарын экинчи ирет
иштетүү деген мааниден алынган.
** Жумушчу жаштардын мектеби. Совет учурундагы кечки мектеп. Окуудан өксүгөн жумушчулар жумуштан кийин билим алышкан.
*** Орусияда желимден курулуш материалдарын жана буюм-тайымдарды жасап чыгарган
компаниянын же заводдун аталышы.