Поптун уул-кыздары

Өлүп баратканда оюма эмне келет? Акыркы ирет эмнени көрөм? Кетип бараткан жашоонун кайсыл элеси көз алдыма тартылат? Жарнамалык неондун сабындай кайсыл сөз көз кысат жана шартсыз түбөлүк түнгө көз ирмем калганда эриндер кайсынысын шыбырайт? Ушул секунддарга алдын ала, мөөнөтүнөн мурда, жылы бою даярданууга жана репетиция кылууга болобу? Бирок, керекпи ушул? Мисалы, төлөнбөгөн суунун акысы же сосиска менен туздалган бадыраңдын натюрморту сыяктуу маанисиз нерселерди элестетпеш үчүн, кызыксыз жана болбогон нерсени айтып салбаш үчүн...

А маанисиз эмне бар?

Же сыйынуудан башка туура нерсе барбы?

Бул кишини үчүнчү жолу, лакталган табытка салып чиркөөнү айлантышты, ак, жука тор жабуу менен кооздолгон, каймак түстөгү тортко окшош — ачык табыт, бирок, бети өзүнчө чүпүрөк астында, калган денеси шейшеп менен жабылган — бул адам кечки азанды айтып баштагандан кийин каза болду.

Ибадаткананын ичин түтөткүч-кадил менен айланып өтүп, чиркөөдөгү ар бир адамга, арасында аялына жана балдарына жыпар жыттуу заттын түтүнүн чачып бүттү, анан ал дайыма чыгып насаат айта турган уясына көтөрүлдү, Падышанын ачык дарбазасына бурулуп, өзүнүн бийик үнү менен: «Тынчтык менен Теңирге сыйыналы!» — деди, анан эле, «Теңир, ырайым кыл!» деген хордун муңдуу үнү созулар замат теңселе барып жыгылды, үстүндөгү оор жана бүктөмө алтын чепкенин чүмкөнгөн бойдон кыймылсыз жатып калды. Кызмат токтоп, аны эсине келтирүүгө аракет кылышты, тез жардам чакырышты, бирок баары пайдасыз: жүрөгү заматта кармаптыр.

Ошол күнкү кечки кызматты ал жалгыз кылган. Жаназага беш поп чогулду: аппак кийимчен, алар башчысынын артынан коңгуроонун жай чыккан шыңгырына чайпалып, табыттын оордугунан бети-башы бырышып, кээде мүдүрүлүп басышса да, ырдаганын токтотушпайт. Аларды ээрчигендер азага батышкан.

Күн бул ак-карадан, жарыктын жагымдуу жана жагымсыз оюндарынан дүүлүгүп, жаркылдаган түстөрдөн мээси айланып жаткандай сезилет.

Түндүктүн көк айнектүү асманы жансыз. Таштардын тегиз эмес тиштеринин арасында ширелүү жашыл чөптөр.

Табыт чуңкурдун жээгиндеги жыгач отургучтарга коюлду.

Ак сакалдуу протоиерей бырыш баскан колу калтырап, жаркыраган күмүш кашык менен кездеме бетине кайчылаштыра саргыч-кызыл топурак септи.

Маркумдун кубарган алакандары ачылып жатат. Алардан башкасы көрүнбөйт. Адамды шыпырып кеткендей. Бети да көрүнбөйт. Үстүндөгү абаны, кебез кездемени көтөрүп, акыркы ирет сурагым келет: кандайсың ал жакта? Анте албайсың. Жаназа учурунда поп Кудайдын алдында турат, ошондуктан анын жүзүн көрүүгө болбойт.

Тоңгон манжаларында жез крест, көкүрөктө жез Инжил.

Жай ортосундагы касаба.

Мен жолдуу эмесмин, мен жалгызмын, ал эми Сретенскийлерде, адаттагыдай, поптун үй-бүлөсүндө балдар жетиштүү: эки эркек жана эки кыз, баары удаа, биринин артынан бири төрөлгөн.

Мен он экидемин. Кышкы каникулга аларды бул жакка, Вологда айылына жиберишкен, мында атасы чиркөөнү карайт, анын жанында чоң жыгач үй бар, айланасы карагайлуу түнт токой.

Бул жерге Ярославлдан Охапкиндер да келишкен: атакеси, энекеси, эки уулу жана кызы.

Күндүз Шарженка дарыясынын тоңгон жээгиндеги карлуу чептин жанында салгылашабыз, ойнойбуз.

Бул керемет чепти Сретенскийдин балдарынын улуусу, өспүрүм-алп Никита кесек муздардан кынап, кире беришти жана жылчыктарды чеберчилик менен оюп жасаган. Мындайларды «алтын колдуу» деп айтышат. Ал кандай гана аба ырайы болбосун мээлейи жок жүрөт. Бармактары жүрөк түшкүдөй, какталып бышырылган жөжө тоокторго окшоп үрөй учургандай шишиген, кээде канталагансып турат.

Биз ага баарыбыз чогуу жардам бердик: карды тоголоктоп, күрөп, талкалап, чогултуп, ошондой эле ылдый түшүп муз тештик, бууланган сууну ташыдык. Челектерден суу себүүчү идиштерге куюп, чептин кенен беттерин тегиз сугардык.

Никита скульптор кесибине жетти (негизинен көрүстөндө) жана кызыл жыгачтан эмерек жасоочу болуп калды, жакшы ичет жана буйрутма бергендер толтура, анткени, ал өз ишин мыкты билет.

Үч баатырды арыраак жайгаштырды, аларды устанын жылаңач манжалары менен кардан чаптап, суу менен бекемдеди. Никитага окшошкон бул эң сонун фигураларды алгач эжеси Дуся гуашь менен тарткан. Баатырлар дарыя музунун тынчтыгын коргоп, зооттору, калкандары, кылычтары, туулгалары алтын түстө жаркылдап, окшошкон кызыл жүздүү жана көк көздүү, үчөө тең сакалчан: кара, сары жана ак-боз болуп турушат.

Кичинекей кезинен сүрөт тартуу менен алектенген Дуся-Евдокия кийин алыскы Бурят монастырына кирет, ошол жерде икондорду тартат жана калыбына келтирет. Ал чепти да боёкту аябастан кочкул-кызыл жана көк түскө боёп, дубалдын үстүндөгү өзөгүнө бекем чапталган эки куполго окшогон шарга алтын жалатты (кресттерди коюшкан жок, бул өтө эле аша чапкандык болмок).

Дал ушул чептин ичинде эски рухий үй-бүлөнүн тукумуна кирген Сретенскийлер коргонууну колго алышты. Ал эми Охапкиндер (алардын аталары биринчи муундагы дин кызматчылар) жана мен чепти басып алууга аракет кылдык.

— Алга! Орус жери үчүн! — деп жүрөк сыздата кыйкырды Петюнья, кичүү Охапкин, алдыга умтула атылган окторду аралап, душмандын бут алдына атылган октордон агарган бойдон барып жыгылды.

Аны кайрадан артка ыргытышты.

— Биз менен күрөш! — деп кыйкырды ал.

— Кудай! — деп Маша эжеси анын айтканын оңдоду, моюн орогучка жана куличке окшогон күлкүлүү кызгылт баш кийимине жабышкан ак таттуу кебездерди күбүп жатып, бирок көп узабай ал кайрадан эле мурунку күжүрмөн ураанын кайталап кыйкырып шыктандырып чабуулга чыгып жатты.

Бирок, ал ар бир салгылашуу алдында колун кере крест жасап кудайга сыйынат, тайманбастык менен алдыга умтулат, кадил сыяктуу жылаңач бутакты булгалайт, бир мүнөттөн кийин анысы куралга айланат жана коркуткан үн менен: «Тынчтык менен Теңирге сыйыналы», — деп өзүнчө көп үндүү хорду чагылдырууга аракет кылат.

Күлкүлүү бул көрүнүш ушакчы Лида Сретенская (келечекте супер-активдүү волонтер; ал аракетин жазбай издеп, бактыга жараша, дайынсыз жоголгон адамдарды табат) чоңдорго айтып койгончо уланды. Анан алар Петюняны жана баарыбызды урушту.

«Кудайга сыйынуу оюн эмес, келесоо, билбейсиңби?» — деп сурады апасы жумшак болууга аракет кылып, анын көздөрүнө өтө муңдуу тигиле карады, ал башын ийкеп, аргасыздан макул болду, а бирок салгылаш башталар алдында бырылдап, мурду алдынан бирдемени айтып жиберди, сыягы, дагы эле жеңиш үчүн тиленип жатты окшойт.

Петунья чиркөөгө кызмат кылат деп күтүшкөн, бирок ал жолдон тайды, үйүнөн чыгып кетип, жер астындагы өткөөлдөрдө гитара чертип жүрдү, бир күнү жолдон өтүп бара жаткан бирөө жинденип анысын сындырып салды, көрсө атасы экен. Петюнья фотограф болуп алды, тынымсыз дүйнө жүзүн кыдырып, баш калкалоочу жай таппай жүргөнсүйт, социалдык тармактарды жапайы жаратылыштын назик, же катаал кадрлары менен толтурду.

А бирок, Сретенскийлердин арасынан Митрофан дин кызматчысынын ролун эч коркпостон ойной алды. Мен анын өңүн-жүзүн унутууга үлгүрдүм, менин эсимде кездемеден тигилген тумактын ичинде кандайдыр бир ачык түстүү момдун тагы калды.

Ал өзгөчө салтанаттуу жана кайгылуу үнү менен айырмаланып, ага кооз кыймылдуу жаңсоолорду кошумчалачы. Митрофан, жалпысынан, бирөө тарабынан тыюу салынбаган насааттарды айтууну жакшы көрчү.

— Урматтуу бир туугандар! — дейт ал муз дубалга чыгып алып, а туугандары ошол маалда буттарынан жөлөп турушат, ал болсо кейип баштайт. — Келгиле, олуялардын үйрөткөндөрүн эстейли. Силер жана биз — жакынбыз, эч кимди катуу урбаш керек, эч кимди муунтпаш керек, эч кимди бетке кар менен урбаш керек...

Ал коркуткан жазаларды тизмелеп айтып бүткүчө, кайрадан тоголок ак снаряддар эки тарапка уча баштайт.

Аныкы баары жакшы: поп болду, Вологданын өзүндө храмдын насаатчысы, көп бүлөлүү.

Согуш оюндарын ойногонду билбеген жана каалабаган, бопбоз араңжан Тимоша Охапкин да поп, балким монах болот деп ойлогом. Ал карды акырын бүжүрөп, коркуп ыргыткандыктан, ок бутага жетпей же чачырап кетчү, кээде салгылаштын ортосунда, өз ичинен бир нерсеге сыйкырлана тиктеп жөн эле катып калчу. Мүмкүн, ал адамдын анатомиясын ушинтип үйрөнсө керек, анткени аскерден кызмат өтөп келип, хирург болуп алды.

Поповнялар катуу салгылашты. Дуся менен Лида чыныгы ашпозчулук өнөрү менен кар тоголоктошту, жана алардан мен мергенге таандык таамай, ооруткан соккуларды жедим, бирок көбүнчө буттарыма, тизелериме, ошол себептен кар бат эле чокоюма толуп калчы.

Биздин алсыз армиябызда Маша менин мыкты жардамчым болду, ал өтө ыкластык менен мээлеп, түптүз ыргытчу, ал тургай жырткычтык менен, кумарлануу менен урчу. Мен ордо дарбазасынын алдында турган алп Никитаны кулатууга аракет кылдым, менин аткан огум тийсе, Машанын эриндери кызгылт түскө боёлуп, жумшарып, ачылып, кубанычка бөлөнөт. Өзүнүкү тийсе: «Ох!» же «Ах!» деген шаңдуу үн чыгарат. Кокус өзүнө катуураак тийгизип алса унчукпайт, жооп берүү үчүн чечкиндүү эңкейип, сокку урууга даярданат.

Маша үй-бүлөсүнөн жана чиркөөдөн алыстап, Москвада бир бөлмөнү ижарага алып, хипстер барда официант болуп иштеди, ал жактан мага бир ирет кружка сыра куюп берген (кубануу менен, жана чымырканып), анын бактысыз сүйүүсү болгон окшойт, анан ал Валаам аралына кетип, ал жерде башталгыч класстын мугалими болуп иштеди.

Эгерде кар жабышпагандай өтө суук болсо биз бетме-бет келип, армиялар жакындап, карды уучтап көздөрүбүзгө, жакаларга, моюндарга ыргытып, аппак сүттүн буусундай кар менен бири-бирибизди көз ачырбай жаттык.

Орус кышы, Пикассонун алдамчы тынчтыкты сүйгөн көгүчкөнүндөй бизди калай тумшугу менен көтөрүп, согуштан канаттары менен калкалап турду...

Биз баарынан башкача элек. Ал тургай, поповичтердин сырткы көрүнүшү да кызыктай эле. Ата-энелер бизди адаттан тыш тагдырларга эле салбастан, кызыктай кийимдерди да кийинтчү.

Аркы жээктен ойногону келген коңшу айылдын балдары начар кийинишээр эле, башкача, түркүн түстөгү синтетика, бирок жарашыктуу болчу. Биздин кийимибиз мурунку мезгилди эске салып, эскирип калгандай көрүнчү. Өтө тыкандык менен бейкапарлык айкалышып, муну бул жашоого кайдыгер кароо деп атоого болор эле. Эртерээк дин кийимин кийүүгө умтулгандай баары бираз чоң, кененирээк жана узунураак болуп көрүнчү. Эки үй-бүлөдө тең балдар жынысына карабастан улуулардын кийимдерин жамаачылап кичүүлөрү кийишет. Жылаңач Никита койдун терисинен тигилген тон жана өтүк кийип жүрөт. Кыздар токулган үй блузкаларын курткалардын жана тондордун астына катып кийишет. Петуньянын кара свитеринин жеңи башка түстөгү, азыр эсимде, көк жүн жип менен жамаачыланган болчу. Ал эми жазуусу же сүрөтү бар кийимдер эч качан болгон эмес! Моделдин образын жараткан Лида юбкасынан таптакыр ажырачу эмес, атүгүл калың кардуу кармашта тоскоол болсо да чечкен эмес.

Мен атама сыйынганы келген картайган аялдын күйөөсүнөн калган эски туулганы, ыңгайсыз болсо да кийип жүрдүм. «Накта булгаары! Суукта жыпжылуу!» — дейт апам суктанып.

— Бу эмне? — деп сурады айылдык балдардын бири ышкырып. — Байталдын ээриби?

— Учкучтун тумагы! — дедим мен мактанып. Мен мамык жоолук салынган татынакай Машаны таң калтырыш үчүн күчтөнүп сүйлөдүм.

Ал боороруп, балдардан алардын жашоосу тууралуу сурайт, алар бой көтөрүшөт, бирок баары жашырбастан жана кууланбастан моюнга алгандай жооп беришет, балким, биздин чын ниеттен айтылган сөздөрүбүз жакса керек: «Атам каза болду», «Меники кетип калды», «Алар мага жумуш издеп жатышат, кыйналып кетишти», «Мен музыкант болгум келет, сабактан кийин ийримге барам, өзүбүздүн тобубуз бар, мен клавишник болуп ойнойм, а үйдөгүлөр: слесарь болосуң дешет, бул деле туура...»

— Музыкасы жакшы! — дейт кайраттуу Петунья уруксат бергенсип.

Балким, ошондо эле Маша карапайым элге кызмат кылууну каалай баштаса ­керек:

— Силер өзүңөр ичпегиле, тамеки тартпагыла, — деп эркелете көндүрчү ал, — жакшы окугула, суранам силерден...

Лида анын сөзүн бөлүп, ушул жердин кожойкеси катары насаат айтат:

— Жакында бул жерде жекшембилик мектеп ачылат. Силер сыйынуунун кандай бир түрүн билесиңерби? Жекшемби күнү чиркөөгө келишиңер керек, менин атам — батюшка, ал силерге туура китептерди берет.

Сретенскийлер үйдөн окушкан, Охапкиндер гимназияга барышат.

Бир ирет сыйынууда туруп, кызмат кылып, бир аз ырдап, сыйынып, таштай каткан просфораны аязга карабай кемирип сепилди көздөй чуркап жөнөдүк, ал жерде балдар бизди күтүп турушкан эле.

— Чайнаганыңар эмне? — деп шектенип сурады алардын бири. — Берчи, бир тиштеп алайын!

— Силерге болбойт, — деди Никита балбан кабагын бүркөп.

Айылдыктар көздөрүн алайтып бирин-бири карады, сыйкырдуу нерсе жеп жаткансып бизге көз арта, сый-урмат менен карашты...

Бирок, кандайдыр бир мааниде кээ бирибиз аларга көз артчубуз же алардан жана жалпы эле теңтуштардан артта калгандай сезчүбүз өзүбүздү. Алар телевизорду каалаганча көрүшчү, анын ичинде түн жарымынан кийин чыккан адепсиз берүүлөрдү да, «Сектор Газа» сыяктуу топтордун бардык поп хиттерин жана сөгүнгөн ырларын билишет, кассеталардан угушат.

Биз унчукпай макулдашып алгандай, айылдагы сөгүнгөн сөздөрдү өзүбүздүн кулагыбыздан тышкары өткөрө берчүбүз оюбузду билдирбей. Тоголок кар тийсе же муштум жегенде: «Ёлки зеленые!» же, атүгүл, «Теңир, сактасын!» дегендей күңкүлдөп көз жашыбызды аарчып коёр элек. Бул ошол эле учурда тааныштарыбыздын бейкапар сөгүнүүлөрүнө караганда биздики периштелердин ыйындай айырмаланып турчу. Аларды эч ким кой дечү эмес...

Бирок, биз кышкы Вологда коомунда кабыл алынган курч жана таасирдүү сыр сөз менен бири-бирибизди: «Барбайт!» деп токтотуп койчубуз.

Бир жолу Никита анекдот айтып берди, аялы менен ойношу жаңы эле чай ичип отурса күйөөсү келет экен, мен сюжеттин кандайдыр бир кемчилигин сезип, күтүлбөгөн жерден мектепте уккан дагы бир анекдотту эстеп, кубанып кеттим.

— Күйөөсү командировкадан келсе, — деп баштадым мен, — аялы ойношу менен жатыптыр...

Жалпы кыжырданган кыйкырыктар менин оозумду жап кылды.

Поповичтер (мен муну башка да ар кандай поповичтерден көрдүм, балким, ал менде да болгондур) жапайы да жана жыгачтай да болушат. Тормоздуу да жана тормозсуз да. Кээде ооздукталбаган, баш ийбеген, атургай өтө эркин сезишет, себеби, балким, алар башка балдардан айырмаланышат, чоң кишилердин арасында адаттан тыш көп убакыт өткөрүшөт, кээде такыба кишилердин такай көзөмөлүнөн улам уялчаак, тартынчаак болушат.

Балким, алар тозок тууралуу шыктануу менен талкуулап, тыюу салынган темалардын ордун толтургандыр. Азыр күнү бүгүнкүдөй эсимде, Петянын шыктануу менен авария болгон машинеде бүрүшүп-чүрүшүп күйүп өлгөн адамдарды: «уясы күйгөн кумурскадай» дегени, Дусянын өлүм алдында жаткан атасын ээрчитип келгенде: «Бир чоң эненин бүт жаагы чиригенин, алтын тиштери көрүнүп турганын» сүрөттөп айтканы. Бул коркунучтуу кепте орто кылымдык гротеск бар эле.

Бирок, ошондой эле, поповичтер ачык-айрым ыракат менен, мисалы, жаныбарлар, балыктар, канаттуулар жөнүндө өтө элжирешип, таасирдүү кеп кылышар эле.

— Биз үйдө жалгыз болчубуз, чоңдор жок... Там үстүндө, чатырдын астында жашайбыз, — деди Маша күлүп да, шашып да, анын айткан окуясынан кан тамырлар тез-тез согот. — Ваннада жел чыгаруучу түтүк бар. Петя ошол жакка барып, күтүлбөгөн жерден: «Ээ, чымчыктар!» деп кыйкырды. Биз кирдик, чын эле, токойдогудай, куштар сайрайт. Анан алар ушунчалык уккулуктуу сайрап жатышат: чирли-чирли... Биз торду чечип карасак: балапан түтүккө тыгылып, тыбырчылап жатат, энеси өйдө жактан сооротууда. Мен Тимошага айттым: аны колуң менен алып чык, бирок ал куйрук жүнүн гана үзүп алды. Анда мен куту алып келдим, балапан ага кулап түштү. Үлпүлдөк, сары тумшук. Биз аны балконго көтөрүп чыктык, ошол замат апасы учуп келип, анын жанына кутуга конду, өз тилинде бир аз чыйпылдашып, анан учуп кетишти. Мен кийинчерээк энциклопедиядан таптым — бул ак жылкычы чымчык. Эмнеге ак? Алар, чынында, көп түстүү — боз-кара-ак, бирок эмнегедир аларды жөн эле «ак» деп жазышат.

Алтындай жылтылдап, кумдак ак-саргыч түстө өрүлгөн чачы бар бул сулуу Маша кыз айткан кадимки окуя Библиядагы Густав Дорэнин сүрөттөрүндөй укмуш жана таң калычтуу көрүндү.

— Мен аны өлүмдүн жарчысы деп уктум, — деди Тимоша.

— Ким? — деп биз жабыла сурадык.

— Чымчык, — деди ал акырын жана ишенбестен, — учуп келди, демек бул өлүмгө эмеспи?

— Ыр! — Митрофан-үгүтчү анын сөзүн жоон үнү менен бөлүп, анан айыптоочу паузаны кармап: — Эмнеге сен ырды айттың келжиреп?

Көрсө, ал «ырымчыл болбо» деп айткысы келген экен.

— Канаттуулар жакшы жаңылык алып келет, — деди Лида маанилүү колдоо көрсөтүп, — Силер унутуп калдыңарбы: топон суудан кийин Нухка көгүчкөн учуп келгенин?

— Бизди да сел каптаган, — деп макул болду Маша. — Чатырды дат басканда...

Биз жакын тегерете отуруп, ойлонуп, унчукпай калдык, ишендик, жана күтүлбөгөн өзгөчө нерсе күттүк.

Матушкалар, бети чоң Сретенская жана арыкчырай-сымбаттуу Охапкина төрөттөр, балдардын оорулары, көзү ачык аксакалдар жана даамдуу жана пайдалуу тамактын сырлары жөнүндө көпкө кеп курушту. Батюшкалар бокалдан ууртап коюп же жүз граммдан уруп коюп ар кандай чиркөө агымдары жөнүндө, алыскы Ватикандагы татыктуу жана анча татыктуу эмес иерархтар, бардык жерде пайда болгон секталар, ошондой эле чиркөөлөргө кол салганга көнүп алган бандиттер жөнүндө талкуулаганды жактырышат.

— Мага келишти, баары кан ичерлер. «Сен попсуңбу? Жигитке жаназа окуу керек!» — деп кең жүздүү, буурул тарткан, айры сакалчан отец Василий Охапкин, жулкунуп айтып баштады, — Мен алардан түз эле сурадым: «Ал ким? Сыйынабы, кудайды моюнга алабы? Силерге окшогон бандиттерби? Жок, анте албайм». Мени кармап көрүстөнгө алып барышты. — «Жайлайбыз, көмүп салабыз. Жаназа окуйсуңбу?» Мен башымды чайкадым. Ошол жерге ыргытып салып кетип калышты...

— А мен, сиздин оюңузча, мүмкүн, туура эмес кылдым, — деп каршы болду Иоанн Сретенский атаке, анын башындагы суюк чачтары кызарып, пасха жумурткасынан жаңы эле чыккан жөжөнүн майрамдагы сүрөтүнө окшоп турду, — кээде мен джипке татыктуу кызмат өтөйм. Бирок ар дайым сүйлөйм башында, Ырайымдуулук жөнүндө айтам. Балким, бул сөздөрүм кимдир бирөөнүн жүрөгүнүн түпкүрүнө жетсе керек.

Кечинде кээде козу карын, же капуста кошулган пирог менен чай ичип отурабыз, ал убакта бирөө үн чыгарып окуйт — Аксаковдун «Багров-неберенин балалыгы», Лесковдун «Сүйүнгөн тентимиш», Шмелевдун «Теңир саратан...» Башкаларга караганда Лида өзү ыктыяры менен окучу, аныкы абдан аракет кылгандыктан чыныгы турмуштагыдай псалтырь же насаат сыяктуу сезилчү.

Жапалдаш бойлуу Митрофан апасынын талабы боюнча колун жаңсоо менен өзүнө жардам берип, демин ичине катып, толкундана ыр айтып берди:

Жана кургак жыландын уусундай

Оозумда тоңуп калгандай

Кандуу оң колун салгандай...

Ал «тоңуп» дегендин ордуна «тоңуп калдым» деди, тиш доктур укол салгандан кийин оозун кенен ачып айткансыды.

Кээде чайдан кийин, ак пардалуу кара-көк көйнөк кийген Дуся электр пианинодо Чайковскийди же Свиридовду ойнойт, бирок көбүнчө жалгыз машыгат. Эч кимге тоскоол болбос үчүн кулакчын кийип алчу, анан анын бөлмөсүнөн көпкө чейин сөөк клавиштердин тыкылдаганы угулат.

Анан Маша ырдайт. Ичке белин кырсылдата түздөп, кичинекей, салмаксыз көкүрөгүн көтөрүп таза үн менен ичке созолонтот. Нымдалган, толкунданган көздөрү жалжылдайт. Ак-саргыл каштары мурундун үстүнөн бириккенсийт.

Ал өткөн каникулдарда эки гана жолу ырдаган. Тоңгон кыртышка түшкөн кардын күкүмдөрүндөй, түшүнгөн кулакка жай жана кубаныч менен кирген бул «руханий элдик ырга», адегенде, анын жакындары туш келди созолонто кошулса, экинчисинде баарыбыз жардам бердик:

Ой, ушул жолго береке,

Бейтааныш адамдар кайда барат?..

Алар Русалимге барышат,

Аларды периштелер жетелейт.

Аллилуйя, аллилуйя,

Аларды периштелер жетелейт...

Жаздын жыты келип, айылдагылар менен эртеден-кечке жыргап, кардан килейген кант тоголоктоп, анан дөң жасап, бутубуз менен, күрөк, жада калса дөңгөч менен таптап жаттык.

Эртеси суук кайтып келгенде муз тешиктен чака менен суу ташыдык. Андан чайпалып төгүлөт, чачырайт, муз тешикке жакындаган сайын боз муз каптап, тайгак болуп, жол кооптуу бийлетет.

Никита жазалоочу желдеттерге окшоп атайын оюлуп жасалган жана муз кесектери төшөлгөн тепкичтер аркылуу дөңчөгө чыгып, чаканы кылдат кыйшайтып, жылмакай, жантайма музга жай куюлтат. Ошентип чака артынан чака куюлуп, уламдан-улам бекем катмарлар менен капталат. Тез эле караңгы кирди, биз чыдамсыздык менен күткөндүктөн ар нерсени тантырап, муштумубуз менен «чүчү кулакты» кармап жаттык — келечектеги учууларды кыялданып (чана аз болчу), ошондуктан биз кыйкырыкты дароо уккан жокпуз.

Өлүп бараткан ач айкырыкты...

Слесарь болгусу келбеген баягы эле айылдык бала биринчилерден болуп жардамга жетти.

Жээктин жолу менен чуркап баратып, мен кеч күүгүмдө тартылгандай сүрөттү көрдүм: анын муз чуңкурга учуп жеткенин, эңкейип, карайган бир нерсени күч менен тартып жатканын, анын артынан Никита жардамга келгенин, аны күтүүсүздөн шамдагай Митрофан кучактап кармаганын көрдүм.

Чамгыр жөнүндөгү жомок заматта мээмде үч ирет ойнолду, караңгыда онтологон, улугандай үн чыгарган, муздун тешигинен сууруп чыгарылган Лида экен. Аны азыр үйүнө алып баратышты. Узун юбка бутуна оролуп, суу перисинин куйругуна окшоп муз кабырчыктары жабышып жылтырайт.

Бул окуя майрамдын калган бөлүгүн бузду, атүгүл, дөңсөөдөн сыйгаланып түшүү жарышы да жомоктогудай кызыгын жана шыктануусун жоготту.

Лида, күтүлгөндөй, жөтөлүп, ысытма менен ооруп жатып калды, чиркөөдө ага арнап ар кандай тропариялар менен аралаш сыйынуу кызматын аткарышты — ыраазычылык жана айыктыруучу, биз үй ичинде буттун учу менен басып калдык, сезимталдык менен тынчып, ошол кырсык үчүн өкүнүп жаткандай болдук, өтө кутуруунун айынан биз аны жоготуп ала жаздадык.

Жыйырма беш жылдан кийин бирөөсү каза болду, телефон чалышып, негизинен смс жазышып, сөөк коюуга барууга, жаназага турууга макулдаштык.

Мен Медведково метросунун жанынан автобуска түшүп, түнү бою жүрүп отурдум. Уктай албай койдум, эмнеликтен — билбейм, башыма уламдан-улам калың ойлор кирип, беттерим ысып-күйдү. Эмнеге баратам? Мен Сретенскийлер менен Охапкиндердин ортосундагы бул жакын достукту билчү эмесмин, кокусунан алардын чөйрөсүнө кирип кеткем, ошондон кийин мен анда-санда алардын айрымдарын, көбүнчө Москвада атама кызмат кылган үй-бүлө аталарын көрдүм. Мен бул поповичтер жана поповнялар менен бир топ илгери кыш мезгилиндеги кыска каникулдун убагында байланышкам. Бирок, бир нерсе мени баарынан баш тартууга жана аны менен кийин анча деле сүйлөшпөгөнүмө карабастан коштошууга шашып бараттым. Мен айнектен белгисиз караанды карадым, анда мени белгисиз, тынчсызданган жүзү менен кандайдыр бир фоторобот карап баратты, ал талаалар менен токойлор пайда болгондо гана эрип кетти, ал кээде кызгылтым чырайлуу жарыкка келгенде күңүрт чагылышып турду. Мүмкүн, мен адашкан уулдай, ошондой эле, же окшош эмес, бейтааныш, сөз менен айтып жеткире алгыс өзүмө кирип, чиркөө балалыгынын жылуу босогосунан ары көчө, аллеялар менен жылдар бою мени ары-бери айдап келген жетимдикти канааттандырууга аракет кылгандырмын? Анткени биз башкабыз, башкачабыз, өзгөчөбүз, демек, биздин жылдарыбыздын жолунда канча жолуксак да, бири-бирибизди бир көргөндө тааныгыдай нерселер башка адамдарда эч качан болбойт. Бул бизге ыйгарылган бата жана каргыш — биз азыткы-жиндерди жана коргоочу периштелерди бирдей тартабыз дегендик күлкүлүү жана коркунучтуу чындык болсо керек. Мүмкүн бизде өчпөс театралдуулук, а балким турмуштук оюн, ошол эле учурда чыныгы, жат, байыркы, жалындуу курмандык жана кызматка суусап жаткандык бардыр?..

Ичимден ызылдаган, тиштеп-чаккан бул көп сөздөрдүн баары капысынан тарап кетти жана менин ой-мээм аза күтүүнүн коңгуроосунан, аялдардын ыйынан, корккон балдардын үнүнөн, өлбөстүккө жана даңктуу өлүмдүн жарыгына болгон ишенимден кайрат алгандардын арасында бошой түштү, анткени, маркум алтарь алдында асманга чакырылды.

Ар бир коңгуроо кезектешип бирден жаңырып, кичинесинен чоңуна чейин өсүп келе жаткан турмушту эске салып, анан эле бардык коңгуроолор бир убакта жапырт урганда, бул — бүттү, үзүлдү, кыйрады дегенди билдиргендей. Анан кайрадан башынан...

Менин көңүлүм тынч, бир аз таң калгансыйм, эски такталарга бир нече жолу мүдүрүлдүм, кимдир бирөөлөр менен акырын баш ийкештим, кээси менен кол алышып (кээлери келе алышпаптыр) учураштым, жашыраак үч жана эки орто жаштагы эки поптун артынан ээрчидим, алардын бири бактысыз ата эле.

Алар ак аркандар менен табытты түшүрүштү.

Аны бат эле көөмп салышты, үстүнө кара металл пластинка жабыштырылган крест коюшту, анда: «О. Митрофан Сретенский, 1981 — 2017» деген жазуу аптаптуу күндө алтын түскө боёлуп турду.

Мага кара көйнөк, кара жоолукчан Маша акырын басып жакын келди, жоолук четинен баягы ак-саргылт чачтын учу чыгып турду.

Биз кучакташып, унчукпай турдук.