Сүйрү тамчы коюуланып ичинде камкор теринин...
* * *
Сүйрү тамчы коюуланып ичинде камкор теринин,
Календарда экинчи сан басылган бекем бекилип.
«Сүйүүнүн — бул жашоосу» дейт, туюкка кирип эридим,
Денем улам демдүү болуп, күн сайын өсүп жетилип.
Чыргоолонгон ымыркайда кан дүргүп бекер жатпаган,
Киндик эне сүйүнчүлөп, жок жерден бала тапкандай.
Сын-сыпатсыз тулкум менен айткамын күнгө нак салам,
Курск вокзалын чугуевдик бир тукум жаңы ачкандай.
Согуштагы урандыдан көтөрүп боорун жер-эне,
Нева-Балкан арышталып, дубалын бойлойт күзөтчү.
Төрөлгөнүм — төлгөсү төп аяндай сезип дегеле,
Түбөлүккө керең болгон өлкөдө кандай күн өттү?
Далай шаарды кыдыргамын жар салып токой бейишин,
Ак сарайдын каада-салтын жактырбай күйгөн жан мына.
Өч алдым го: жек көрүндү сөздөрдүн сыйрып терисин,
Канжалатып айдап чыгып эртеси элдин алдына.
Ушул дүйнө — дөңгөлөк бейм, алкагы колду чатыган,
Ушул жашоо — сүйүүбү дейм, жылдыздай чөккөн кудукка.
Ким үчүн мен жашап жүрөм, вокзалда кимге бакырам?
Кутургандай канча поезд бөрүдөй турат улуп да...