Орусчадан котормолор
1. Михаил Лермонтов
Элирген бала деңизди алгач көрүп,
өз сезимин сүйүктүү чоң энесине сездиргени
карасаң тыякка тиги кемени көрдүңбү?
(бозоргон асман булуңдун тунарган суулары)
мага айтып бере аласыңбы өз портун таштап
ал эмне үчүн биздин аймакка келди?
сен өзүң элестетип көрчү: мухит мейкини
муп-муздак жамгыр бут алдыңда көчүп бараткан палуба
мен билемин аларды ээликтирген жөн эле бакубаттык эмес,
андан да чоң бир нерсе
жок башкача болгондо бул булуңдун
түтүн баскан караанынан да
түндүктүн бул кеч баткан Күнүнөн да
ал эч качан ажырамак эмес
2. Александр Пушкин
Жаштык кетет, үмүт үзүлөт;
тун сүйүү жөнүндө ойлор гана сооротот.
мен бул учурду кайтадан-кайта эстечү болдум
биз алгач ирет жакындашкан учурду
сенин көз уялткан жылаңачтыгыңды
сенин жөн эле айтылган сөздөрүңдү
алар менин көз алдымда көпкө чейин турду
көр тирликтин көйгөйлөрү арасында
шалдыраткан чарчоонун арасында
сезимдин башка азгырыктарынын арасында
мезгил эскерүүлөрдү жууп кетет
элестер өчөт
үндөрдүн тынымдары унутулат
кызыгуулар төмөндөйт
бирок сүйүү өзгөрсө да өзү боюнча кала берет
улам тереңдеген бырыштарда
түн ортосунда ооруксунган жүрөктүн кагышында
керемет көз ирмемдер камтылган шордуу түштөрдө
3. Федор Тютчев
Императордук парктардын биринде жазгы сейилдөө;
жыл өткөн сайын ашыгың көз жумгандагы сыздоо күчөй берет.
мына кайрадан жазгы кечте ушул аллеяда баратам
күн батты эрий элек муздан суук урууда
көрдүңбү: баардыгы ошондогудай
биз бирге жүргөн учурдай
уламдан улам караңгылап барат
алыста оттор жанат
көрдүңбү: бул качандыр экөөбүздүн дүйнөбүздө болгон эле
биз аны өзүбүзчө сүйчүбүз
эртең сенин жылдык-ашың
капалыкта куран окутчу күн
көрдүңбү: биздин жанчылган жан
бул паркта кайра чогуу каңгып жүрөт
4. Осип Мандельштам
Үй-бүлөлүк кирешеден ажырап, жашап кетүүгө буржуазиялык
жөндөмү жок отуз жаштагы ойчул инсан аз-аздап акылынан
айнып барат.
мен эми эстегенге дарманым жок
качантан бери бул обон менде жаңырат
ал жан чыдагыс тажатма
кудум канга тойбос чиркейлердин чыңылдагы
мен жан жагымды байкоого ширеңке чагам:
кашымда оор дем алып калдайган түн
аны түртүп сала албайсың
аны козгой албайсың
төөбасты аба думуктурат
бетиме кайыш каптап койгондой,
о күч барбы анын коюу жыпар жытын тытканга
анан укканга
укканга: бул мейкинде
сапсайган уйкулуу үймөктөгү
кургак чөптүн майда кан тамырынан
сарыгып аккан канды кызгылтым
5. Борис Пастернак
Сүйгөнүнөн таң атканда кайтып келип,
акын кубана болгон ишти дагы бир ирет баштан кечирет.
мурда болуп көрбөгөндөй ак бороон
ушул түнү уруп өттү биз жакты
балким бул терезени
белчесинен кар басты
сен ортого шам жактың
созулуп анын жалыны
сүрөт болуп шыпка тартылат
тири шумдук көлөкөлөр
улангандай
сенин узун манжаларың
чайпалгандай
жазып ийген чачың жайылып
сен ушундай чечинесиң таасирдүү
башмактарың «түрс» деп түшөт тактайга
аруу денең ак шамга окшоп кашкайган
пайда болот маңдайыма капкайдан
мына мени өзүң менен ороп-чулгайсың
жапкандай аппак таза кар менен
терметет желаргы улам катуулап
үстөлдөгү шамдын жалынын.
6. Аноним
Белгисиз жаш акын өз темасын, өз үнүн табууга аракеттенет;
көп сандаган мурдагы жана азыркы калемдештердин таасири күч.
али да баш алоодо мен эмнени байкаганга үлгүрдүм
чабыксыз жайкы талаада жупуну гүлдөр көркү жок көпөлөктөр
күздө өлүмдү карай шатыра-шатман учкан жалбырактар
жөргөмүш желесин бетиңе түкүргөн тайга
анан баш баккан кыштын эмнесин билем
өзүнчө анын маани-маңызы жогунан башка
эч качан үмүт үзбөй билинер-билинбес жаз ыргагын
бүт нерседен угуудан башка
кыйгап өттүм не бир нерселерди байкабай
жер тиктеген калыбымда басмырланып өткөн чагыма
ушул арышым менен жан талаша сактап калсам деп
жыл санап өчүп бараткан үнүмдү
7. Балкан ыры
Вильнюстагы кафеде болгар жаш акыны Достена Ангелованы күтүп,
ал өзү сапма-сап жөндөп берген ырларын которуудамын.
Кокусунан келе калган
(ооба чындап эле кокусунан)
бир нече сөз айкашындай
терезе парда тагылып тур
жаандан жана
саргайыңкы жалбырактан
(алардын бийи таң калгыдай
жакшы эле буласташат)
адатта так ушундай
музыкалык каяшалар
(ыргактуу сүрөттөрү
жазылган тулку-бойдун)
Бул үн катмары
эми (эмне үчүн?)
толук жетишерлик
кумардан бир чыгарат
(бөпөлөйт сугарат —
туурасы кайсы?)
бул обон
Талашсыз багынамын
сен эми
каалаган нерсеңе
ишендирсең болот мени:
ийкемдүү жылан бул
соймоңдоп бара жаткан
ачык терезеге —
мен даярмын
толкунданып апкаара
эңсеп анын тизелерин капкара
бирок мага айтып койбой унуттуң
не кылайын
бул муздак балакетти
8. Авторимейк
Мен өзүм, чыгармачылык кризистен чыгыш үчүн чыйралып,
мурдагы ырларымды жатам кайра көчүрүп.
мүмкүн мен миңинчи ирет ошол эле бир жолдон өтүп жатып
(кеч кирип калса дагы күн али бийикте)
сезип калдым капыстан ушундай нымдуу жытын жатындын
ууз жытын жаш дененин
(бак алдында алигиче эрибеген кар укмуштай таптаза
кээде андан чыйрыгасың)
сездим анан калдастап калганымды
а чын эле эмне айтайын дедим эле?
кечээгиси, бүгүнкүсү меникиндей болгон жан
өз ырында эмнени айтмак эле
жагымсыз осол саптар: жок эч кандай катынпоздук кошомат
(сөз айтат аңдабастан коркунучтуу маанисин)
күүгүм кирип калганда
дайрага да жеттим мен
а мүмкүн болдум бекер убара
турган экен аны дале муз каптап
9. Гавриил Державин
Жүрөк кармагандан кийин;
өлүм коркунучу убактылуу чегинет
токтото алгыс кыбыраган мезгил агымы
чайкап мени кемирет
мени менен кошо анда эрип барат
элимдин тилин пирин шерлерин да туткан эс-тутум
калдыгы кандай болот түбөлүктүн мухитине чөккөндө?
келгин фольклорчулар жазып алгандары
китепканаларда чирип жаткан китептер
жанды суурган ырлардын сан тонналык үн катмары?