20-апрель не деген күн?..
* * *
20-апрель не деген күн?
Бийлейт ак кар.
Иш жумалык башталды.
Жүрөт адам.
Аялдама. Олтурат ал дүмүр сындуу,
да бирөө мас тантып турат,
көлөкөдөй ээрчиген, боосу жок батиңкеси,
кар жаап, борошо урат.
Кана, досум, жүргүн дейт дүкөн көздөп,
майрамды улагыдай.
Жашоо дагы чоюлуп, жайлап өтөт,
Кудайым-ай!
Суроо берет бизге анан кашайып:
Кампа барбы, бул кар кайда жыйылган?
Көзүбүздөн суукта жаш агып,
Эриндер да муздап кымтылган.
Тоңуп калдым, суук өтүп барат жанга,
жылынгыдай керек от.
Илинген тактайларда, барактарда
жар салынган бегемот.
Кыялымда: жайдын айы, көл жана,
чабак урам...
Бегемотту кара, — дедиң сен мага,
карап турам.
20-апрель не деген күн?
Бийлейт ак кар.
Иш жумалык башталды.
Жүрөт адам.
Аялдама. Олтурат ал дүмүр сындуу,
да бирөө мас тантып турат,
көлөкөдөй ээрчиген, боосу жок батиңкеси,
кар жаап, борошо урат.
Кана, досум, жүргүн дейт дүкөн көздөп,
майрамды улагыдай.
Жашоо дагы чоюлуп, жайлап өтөт,
Кудайым-ай!
Суроо берет бизге анан кашайып:
Кампа барбы, бул кар кайда жыйылган?
Көзүбүздөн суукта жаш агып,
Эриндер да муздап кымтылган.
Тоңуп калдым, суук өтүп барат жанга,
жылынгыдай керек от.
Илинген тактайларда, барактарда
жар салынган бегемот.
Кыялымда: жайдын айы, көл жана,
чабак урам...
Бегемотту кара, — дедиң сен мага,
карап турам.





