Новочеркасск аңгемелери

Жаман бака

  — Сиз бүттүңүзбү, атаке, — деп Аскердик собордун аятында отурган кембагал кемпирлер Тронго кайрылышты. Кез-кезде Троня дагы кембагалдардын ортосуна отура кетчү. Эки колун тизесине коюп, жорткон жел менен асманда күн көрүнгөн собордук аянттын мелмилдеген мейкинин мелтирей тиктеп какайган бойдон беймарал отурчу. Ал ушинтип анын алдын тороого батына алышпай чыдамсыздык менен катарлаша бири-бирин жөөлөшкөн, ага уламдан-улам алакандарына уучтаган түйүнчөктү сунуп жатышкан кембагал кемпирлерге да, кычырай кийинишкен байбичелерге да көңүл бурбастан сааттап отура берчү.

— Меникин ал, Трофим... Меникин ал, — деп кемпирлер Троняны чочутуп алгандан кооптоно акырын кайталап жатышты: анткени ал каалаган убагында туруп, эч кимдин түйүнчөгүн албастан собордон чыгып кете бериши мүмкүн.

Түйүнчөктөрдө бакалар оролгон.

Троня бир маалда кудум жолго камынгандай ордунан калбаат обдулуп турду. Бирок эч кайда жылган жок. Кайсы бир кемпирдин колундагы түйүнчөктү жулуп алды да, баканы чалкасынан аңтарып, эки колу менен алдыңкы буттарынан керип өйдө көтөрдү. Канча бир убакыт аны кызыгуу менен карап турду. Андан соң аны капилеттен таш тепкичтерге былчыйта бир чапты да:

— Сенин бакаң жаман экен, жакын арада өлөсүң, үйүңө бар, апкөчкө айлан, көчүгүңдү меш көрсүн! — деди быдылдап.

Бечара кемпир Троняга кенедей да таарынбастан четке чыга берди: акыйкат кабарды айтканы үчүн алкап, улам-улам жүгүнүп, тепкичтен ылдый түшүп кетти.

Троняны тирүү бака менен чекеге же жаакка чапкан башка кемпирлер да алкап:

— Батасын берди! — деп бири-бири менен кубанычтарын бөлүшүп жатышты. — Дагы жашайт экенбиз.

— А өзү канча жашайт? — деп сурадым кемпирлерден ыңгайдан пайдаланып.

Чоң энем кээде мени аяктан Троняны таап, үйүнө чейин узатып коюш үчүн соборго жумшачу: ал башы оогон жакка желдей желип жөнөгөндү жыктырган Троня атакеси токтоно албай шаардан Крещенский кыясы менен талаага чыгып кетип, кете берип, кете берип Кавказ тоолоруна, Кара деңизге чейин жетет деп элестетип алыптыр.

— А сен муну анын анын өзүнөн сурап билип ал канча экенин... Же өзүңдүн чоң энеңен сура, — деп жайма-жай жооп узатышты кээлери. Башкалары жактыра беришпей:

— Эч канча. Эч качан туулган эмес, эч качан өлбөйт, — дешчү. — Жолуңа түшүп кете берчи...

Бирок менин «жолго түшкүм» келбечү. Чоң энемдин тапшырмасын эстен чыгарып салып, мен кыртышы сүйбөгөн кемпирлердин ачуусуна тийгим келчү.

— Баары эле төрөлөт жана өлөт, — деп айтыша кетчүмүн алар менен.

Ошентип алар менен кумарлана айтыша берчүмүн: аларды, өзгөчө, башын ары-бери силкилдетип мени «кудай албагыр шайтан» деп каргаган, үндүктүкүндөй узун жаагын кара баркыт жакетинин жакасына каткан кичинекей, шиш тумшук кемпирди жаман бака менен коркутчумун.

— Көрөсүң, — дечүмүн ага, — эртең Троня сенин бакаңды момундай чабат дейсиң, аның ал тургай чар-р дегенге үлгүрбөй калат.

Бирок эртеси Троня соборго келген жок.

Али эсимде, ошо күнү дудук Фирс мени таң ата ойготту. Мен короодогу алчанын алдындагы тапчанда уктап жаткам. Мыны-мына, жаңы эле түш көрө баштагам. Анткени үч арка эшиги жана шыпка жакын көп сандаган төрт чарчы терезелери бар бийик таш сарайдын үстүнө чыгып алып (илгери-илгери, Анна чоң эне гимназистка кезинде бул сарай аткана болгон экен), түн ортосуна чейин мен бүткүл округ боюнча кароосуз көчүп-конгон —Кавказская жана Почтовая көчөлөрү менен өйдө-ылдый жүгүргөн; Разин кыясы менен Атаманский бакчасына чукул заңгыраган кооз үйлөрү бар Архангельскаянын төбөсүнө чейин көп ирет көтөрүлгөн, Аксайдын жээгиндеги саздак көчөлөрдүн биринде аз жерден чирип кала жаздаган, акыр-аягы бир ууч шуруга алмашылып менин колума тийип суктанткан чоюн буттуу байыркы телескоп менен айды карап отургам.

Фирс мени түртүп ойготуп, уйкуга мас бойдон мени солкулдаган жыгач тепкичтер менен түндө мен телескопту калтырган жана күндүзү аяктан шаарды түштүктөн кыйгап өтүүчү калың камыш жана жапыз талдар жыш өскөн Аксайдын сол жээгинен андан ары Дондун өзүнө, таңкы асман алдындагы ала-була крайга чейин бозчаңгыл тартып тегиз саргайган чаптан тартып камышы жок, талы жок ачык талаага чейин алаканга салгандай көрүнгөн сарайдын үстүнө сүйрөп чыкты.

Фирс бир колу менен талааны көрсөтүп, жан-алы калбай булгалап, экинчи колу менен бирде башымды өйдө көтөрүп, бирде ылдый түшүрүп көзүмдү бир жактарга буруп жатты. Акырында мен көзгө илешпеген Дон суусуна күндүн нуру төгүлө баштаган тээ алыс-алыстан адам караанын байкадым. Капилеттен:

— Ква-ква! — деген үн жаңырды кулагыма.

Ошондо барып ойгондум да, сойлоп өчүп бараткан түштү эстегенсип кечегүнкү баканы да, майланышкан баркыт жакетчен кичинекей кемпирди да, чоң энемдин аткарылбай калган тапшырмасын да, ошол кемпирге багыштаган, аткарылбай калган коркунучтуу убадамды да дароо эстедим.

— Ква-ква!

Муну бир нече тыбышты гана билчү Фирс айтып жатты.

«Ква-ква» — ал баканы карап өмүр менен өлүмдү алдын ала айта билген Троняны ушинтип атачу...

Бакыт чүчпарасы

Рождество түнү Анна чоң энеге жасанып алышып округдун баш-аягы бүт айттап келишчү.

Семиз катын болуп кийинген дудук Фирс да келди — беттери кызгылтым боёлгон, башынын эки капталында кош өрүм чач, көйнөгүнүн көчүгүндө көлкүлдөгөн жамбаш, көкүрөк тиреген эки жаздык куюп койгондой окшошуп, кокус ал үн катпай турса эч ким аны тааныбай, жабыла төмөнкү жыл ажыраш ырын ырдап ийишмек:

Кайыгы жок, талаа менен биз келдик,

Биз талаада таарынтпадык эч кимди,

Жылдыз карап ушул үйгө туш келдик,

Көктөн көрдүк биз наристе Христти!

Бирок Фирс Анна чоң энеден белектерди — майда жез тыйындарды, жапжаңы колкаптарды, моюн орогучту унчукпастан алып кетүүнү каалаган жок, өзүнүн жыл ажыраш ырын:

— Му-мы-мы! — деп мойнун койкоңдото бийлеп, му-мы-мысын обонго сала мыңкылдап коё берди.

Ылдыйтадан тээ илгери-илгери ал өзүнүн ылдый жагында күзгүдөн бирде күрсүйгөн төшүн, бирде шырыктай узун жоон санын карап коюп, саргыч жүнүн сапсайтып гантель же экспандер менен ары-бери басып жүргөндөй болуп, тизесинен төшүнө чейин эликтин боз терисин оронгон, түйдөктөлгөн кендир сакалчан жана килейген таяк көтөргөн аябагандай коркунучтуу, жылаңайлак Латыш чыгып келатты.

Каалгадан бур-р этип чыккан ысык бууга аралаш ызгаардан аюу кийинген Манилов чоң ата калжалаңдап кирип келди — аны Манилиха байбиче тизгиндеп жетелеп алыптыр. Өзү болсо өтүкчөн, кызыл-тазыл атлас шароварчан, боёк менен тартылган капкара мурутчан жана тегерек сөйкөчөн — цыган болуп көрүнгөнү.

— Гэй-на-на-нэ, алтыным! — деп аюуга кыйкырып жатты үнүн каргылдантып: — Ай-да, тоңкочукта, айланайыным, элди күлдүр!

Разин кыясынын чокусунда, бир топ жылдан бери жабык турган Александровск чиркөөсүнүн алдындагы күңүрт кооз үйдө жашаган Василий атаке — поп Васёк муштуму менен каалганы каардана такылдатты, койгулады, тепкиледи, бир маалда шарт этип кирип келди: кичинекей, толук үстү-башын бүт айрык-жыртык сүлгү менен оронгон, сөгүлгөн көйнөк, туурулуп түшкөн чапанчан. «Майрамдын урматына жарды-жармач тентимишке бирдеме берип койгулачы!» деп шаңкылдап кыйкырып койду.

Анын артынан тескери тон кийишкен маниловдордун эгиздери, Манилов чоң атанын неберелери жорголоп келишти — баштарында капталына тептегерек көздөр менен жалжайган ооз кесип түшүрүлгөн бош ашкабак.

Рождество түнү Троня дагы жасанып кийинди.

Үстүнөн түшпөгөн болотной шымы жана майланышкан көйнөгү менен (жайдын аптабы менен кыштын суугун тоготуп да койчу эмес) келсе дагы, ал башына кадимки эле саман шляпаны кийип алган. Анысы Ангелинанын уулу, Атаманск кинотеатрын башкарган Лёсик жумушуна кийип барчу шляпанын эле так өзү. Аны кийип алса эле өзүн эч ким тааныбай калат деп ойлосо керек.

Троня бардыгынан кеч келди. Терезеден түшкөн жарыкка жаркыраган карды тепсебөөгө тырышып, кире бериш эшикке акырын жылып жетти. Каалганын катарындагы кашекте аянычтуу чыйылдаган электр коңгуроосу бар эле. Андан тышкары, ичимден өзүм жакшы көргөн дагы бир коңгуроо бар болчу. Анткени ал эгерде жүргүзмө оюнчуктун чоңойтулган бурагыч ачкычына окшогон жана каалганын капкагынан чыгып турган айланткычты катуу бураса үй ичин жаңырта сергек чырылдачу. Алардын асты жагында жүз жылдан бери эшикти кага берип жешилген терең оючага ыктаган оор коло шакекче да бар. Бирок Троня коңгуроого да, айланткычка да, коло шакекчеге да тийген жок. Ал эшиктин алдында шляпасын кийип алып, башын кулагы ийинине тийгиче кыйшайтып, акырын минтип үн чыгарды:

— Тук-тук! Кимдир бирөө келди!

Анын үнүн ошол замат угуу мүмкүн эмес эле, анткени кире бериш бөлмө көптөн күткөн шаанини коштогон шаңдуу ызы-чууга чумулган: Анна чоң эне жыл ажыраш ырларынын коштоосунда жасанып кийингендер алып келген түйүнчөктөрдөн ооз тийип, алардын баштыктарына белектери менен тыйындарын ыргытып жаткан, а Ната менен Ангелина түтөгөн арчанын жана шамдын билигинин жыты аңкыган коңшулаш залдан кечетеден бери Анна апаке даярдап жаткан баягы сыйкырдуу чүчпараларды алып чыгышкан. Бардык чүчпараларда быштак, болгону үчөөндө гана быштак жок. Бирөөндө болсо жалаң ун: таманында күр-шар түшкөн деңизде же каракчылар, же балким балыкчылар жанталаша түртүп жатышкан парустуу параход тартылган чоң фарфор табактан ал кимдин аш-айрысына илинсе, ал жыл бою ундуу болот. Дагы бири — ичи бош, жалаң камырдан: аны ким жесе, ага жакшы да болбойт, жаман да болбойт. Ал эми үчүнчүсүндө — падыша Николайдын башы чегилген күмүш рубль, бул — бакыт чүчпарасы...

— Тук-тук! Кимдир бирөө келди! — деп кыйкырды Троня бираз катуураак. — Тук-тук! — деп ал акыры, капилеттен өздөрүнүн ашкабактарынын астынан маниловдордун эгиздери угуп калышып, ашкабактардын кесилген оозунан сөөмөйлөрүн чыгарып ага эшикти ачып бергенге чейин тырыша кайталай берди.

Троня кире бериш бөлмөгө башын баягысындай эле ийинине катып, шалп-шулп эттире бөжөңдөп кирди. Анысы — бейтаанышты туурагандагысы.

— Ой, бу ким болуп кетти?! — деп таң кала кыйкырып жатты Анна чоң эне калп эле Троняны тааныбай жаткансып.

Ната да таанымаксанга салды.

— Ооба, бул биздин Латыш эмеспи! — деди ал алакандарын алдыга жайып, артка кетенчиктеп. А анын артында тармал жүнү жана заңгыраган бою боюнча жанаа эле бардыгы таанып койгон Латыштын өзү турган.

— Жо-жо-ок, Наточка, андай эмес! Бул деген менин Лёсигим! Менин Лёсигим! — сөөктүү узун манжаларын асмандата титиретип, Ангелина ага каяша кылган болду. — Мына, карабайсыңбы: шляпа да ошонуку... боз фетрден!

Бирок Тронянын Латыш да, Лёсик да болгусу келген жок.

Кичинекей шляпасынын астына бүт денесин жашырып алгансып, турган турушун өзгөртпөстөн Троня кире бериш бөлмөнүн ортосунда кылтыйып башка сунуш күтүп жатты... Күттү, күттү: жүзүндө эмес, тек гана көзүнүн жана мурдунун астындагы бырыштарындагы өзүнүн өзгөчө бир жылмаюусу менен жылмайган тейден көздөрүн тияк-биякка ойноктотуп жатты, ал эми эриндери менен ээгинде, дайымкыдай эле, өмүрү өчпөс өкүнүч кала берди. Анан бир маалда чыдабай кетип, шляпасын алды да, баладай шайыр кыйкырык салды:

— Мен Фирсмин!

— Бул кандайча, Фирс али кичинекей эмеспи? — деп Ната эркелете күдүктөндү. — Фирс сүйлөбөйт да.

— Фирсмин! Мен Фирсмин! — деп кайталап жатты Троня андан да ишенимдүүрөөк кылып. Анан Латышты көрсөтүп, кубанычтуу жарыя салды: — А жанагы шайтан мынакей!

Ошондо менин жүрөгүм титирей түштү. Анткен себеби мен Тронянын азыр эмне кыларын дапдаана элестеттим... Мына азыр — анысы көз алдыма тартылды — ал эки буту менен шыбырыта жер тээп, далысына бирде тиги колун, бирде берки колун ыргыта бийлемиш этип качандыр бир ирет көчөдө созгон баягы сөздөрүн кыжырдана кыйкырды.

Шайтан! Шайтан! Сары шайтан!

Тозокто чайкайт ташагын!

Ташагы менен кыздарды чакырат!

«Ой, кайдагы кыздар тууралуу айтыбатасың, Тронечка?» — кулагыма анын ээ-жаа бербес кызыгуусу ар убак өзүнүн артында жупунулукту да, арамзалыкты да катып жатчу Ангелинанын өктөм үнү угулду. Ошондой эле бүткүл округ тургай, бүт дүйнөдө болуп жаткандардын бардыгын билүүчү Торонянын: «А момундай, Глина чоң апа, сиздин небереңиз ойногон картадагыдай... Жакшынакай... Жалаптар тууралуу...» — деп ачууланбай, тырыша, ал тургай жактыра жооп узаткан үнүн да уктум.

Бирок, бактыга жараша, ошол рождество түнү мага элестелгендейлер, мага угулгандайлар болуп өткөн жок, негизи болуп калышы мүмкүн чыгар бир күнү.

Өзүмдү саксактап калуу аракетинде мен шашыла, Ангелинанын үнү менен каадалана сүйлөп: «А эмнеге биз жасанган кишини чүчпаралар менен сыйлабай жатабыз?» деп эскерттим да, ошо замат Троняга азыр эле табактан аш-айрыма илип чыккан чүчпараны суна салдым. Анын ичинде падыша Николайдын башы чегилген күмүш рубль бар эле, аны мен аш-айрынын учу катуу бир нерсеге тийгенден улам дароо сезгем.

Троня сыйкырдуу чүчпараны тиштеп, анын ичинен көпчүлүктүн кубаттоосу менен өзүнүн жыл боюнку бакытын алып чыккандан бир мүнөт өткөндөн соң гана менин көңүлүм жайлады.

Падышанынбы же Лениндинби, кимдин башы тартылбасын, металл рублди Троня аябагандай жакшы көрчү. Ал колуна падыша рублин бек кыскан бойдон дароо артка бурулуп, ачык турган эшиктен караңгыга, жылт-жулт эткен борошого атып чыкты да, көрүнбөй кетти...

Сегизинчи пароход

Тронянын үйү бар эле. Бирок кандай гана үй дейсиң! Бул андан жалгыз гана жоон темир чыбыктардан оймо кылып тордолгон жапкыч капкагы бүтүн калган дарбазанын тегерек мунарасы болчу. Дарбазанын ичиндеги короодо терезелеринин ортосунда жалпак колонналары бар эки кабаттуу үйдө качанкы бир мезгилде, Анна чоң эне айтмакчы, «Азовдогу жети параходу жана миллион күмүш рубли» бар Корней Манилов чоң ата жашаптыр, мына ушул тар мунарада бири-бирин алмаштырып үйдү кайтарган маниловдук кароолчулар отурушчу экен. Ал жерге Троня качан жана кантип жашап калганы округдагылардын эч кимисинин эсинде жок. Аны Тронянын өзү да унутуп калган. Кээде ал кароолчу мунарасы анын үйү экенин да эстен чыгарып ийчү.

—Тлоня, бай үйүңө! — өтүп кетип бараткан Лёсик кеч күүгүмдө Троня колонканын жанындагы муздак ташка чыгып алып турганын көрө сала кээде ушинтип буйра сүйлөп калчу.

Троня аны угуп, шарт жөнөп калчу. Бирок мунарага эмес, андан аркы көчөгө чыгып кетчү. Же болбосо ордунан жылбай туруп, Лёсикке минтип калчу:

— Үйгө баргым келбейт. Мунарада жашагым келет.

— Сен эмне, Тлоня, кейесоосуңбу! Сен осерде жасайт эмессиңби! — деп жооп узатчу Лёсик толкундана Троняны сүйүнтүүгө аракеттенип.

Мындай жылуу кабардан кийин Троня өзүнүн мунарасына эч кимди жолотпой, ага жакындап келгендердин кимисине болбосун «бул үй меники!.. мага аны Люсик айтпадыбы» деп кыжырга тийе кылыктана сыймыктуу кыйкырып калмайы бар. Бирок Троня бир нече күн өткөн соң, анын башка маанилүү ишине — өңү менен түшүнөн күнү-түнү ажырабастан шаарды бүт аралап ары-бери жортконуна тоскоолдук түзгөн бул кылыгынан тажап кетчү.

Ошентип ал бирде бул, бирде тиги жол менен каяккадыр шашып жөнөчү: аянттарды кесип өтчү, чиркөөнү карай ашыкчу, Аксайга түшчү, талаага чыгып кетчү, анан шаарга кайтып келчү. Мындай сейилдөө учурунда ал мунарасын байкачу да эмес, кокус ага кирип калса чоочун үйгө киргенсип аста баса аярлай абай салчу.

Тронянын мунарасында, отургуч менен үстөл (Троня ошого жатып уктачу) араңдан зорго баткан тегерек таш бөлмөдө мен көп ирет болгом. Мага ал жердин ушунчалык ысык жарыкта күңүрт караңгыга сүңгүп кетүү жана туурасы эки алакандай болгон айнексиз терезесинен көчөнү кароо аябагандай жакчу. Бул жерден баары башкача көрүнчү. Кудум телескопту тескери жагынан карагансып бүт-бардыгы алыстай, таанылгыстай, ошону менен бирге ушунчалык даанадай көрүнүп кетчү. Ал тургай чоң энемдин үйү да ичкери кире орнотулган терезе тешиктери менен бирге жапжарык болуп толугу менен көрүнгөндүктөн тааныш эмес сыяктанып кетчү. Ал аркылуу көчөнү канча караган сайын менин көз карашым алыскы жана жакынкы нерселердин бардыгына тепетең чачырап, ошончолук кыймылсыз катып калчу. Нерселер адегенде өздөрүнүн дааналыгын, андан барып өзүнчө тургандыгын жоготуп, ошондон кийин гана тептегиз ала-була мунарыкка айланчу. А анын артынан мени анын бөтөн тектүүлүгүнө байланыштуу каршылык кылууга мүмкүн болбогон кызыктай абал курчап алды. Ал мага таандык эместей: ал менин «менимди» сыгып чыгып, мага капталдан качырып кирген сымал. Мен «мен» эмес эле, капилеттен менин көрүүмдү ээлеп алган, мунарадан карап, ыксыраткан сенектик жана кубанычтуу шалдырагандык, ошону менен бирге көз алдыңда, көчөдө, окуругда, мунаранын калың дубалынын тышында болуп жаткандардын бардыгына карата эстен тана кайдыгер кароо сыяктуу ушул өзүнө тиешелүү абалы менен кандайдыр бир акыл-эссиз, формасы жок жандык туюлам. Мен көпүрө жээгиндеги тосмолордун боюндагы чөп баскан көчө менен үн чыгарбай ылдам өтүп бараткан бейтааныш велосипедченге ал азыр мына-мына терең аңга (чеке-белин алабата каптап, ошондуктан ага байкалбай турган) жыгыласың деп кыйкырып айта албадым, антип коюшка менин түк алым келбеди: мен болгону анын кантип күп эте жыгылганын, жер үстүнөн алдыңкы дөңгөлөгү, хром капталган рулу, бүкүрөйгөн далысы, андан соң токтобостон айланган бойдон арткы дөңгөлөгү кантип жок болуп кеткенин боор толгобостон, шылдыңдабастан, атургай ушунчалык берилүү менен байкап турдум. Мени эки колун төбөсүнө жазданып (уктап аткан түр көрсөтүп) биздин бактын астында так эле Родянын башынын үстүндөгү бутактарга буттарын кере чоюп, кызыл-тызыл юбкачан бакка чыгып алып кострюлга кара өрүк терип жаткан биздин Заираны шыкаалап жатканы таптакыр кейиткен жок. Разин кыясындагы бурулуштан бурулуп, капилеттен биздин көчөдө пайда болгон атына сүрөттөр менен кооздолгон арабасын чеккен, кыры шалпайып түшкөн шляпачан эски-уску алгычты көргөндө менин ышкым баштагыдай ысып-күйбөдү. Ага болбогон бир айрык-кесикти, эң жок дегенде тизилип турган идиш-аяктардын артына катып койгон чоң энемдин желпигичин болсо да тапшырып, анын ордуна ооз кыякты, чопо ышкыргычты же ал тургай калем учтагыч макини алмаштырып алса болот. Бирок мен желпигич үчүн чуркашты ойлоп да койгон жокмун. Ушул мүнөттөрдө мен бир нерсе тууралуу ойлоп, бир нерселерге аракетим менен же ой-пикирим менен катышууга, бирдемелерди каалоого же каалабоого таптакыр жөндөмсүз элем. Менин эрким ачык көрсөтүүгө жарабай бузулуп калган дүрбүдөй болуп, тегеректеги дүйнөнүн эч бир окуясын даана көрө албай жатты. Заира, эски-уску алгыч, Родя, жыгылып түшкөн велосипедчен, мунаранын таш терезе текчесиндеги жылтырак кочкул-жашыл коңуз, алыстагы шыптардын морлору, ылдыйкы көчөнүн көк тиреген теректери — мына ушулардын бардыгын мен бир эле учурда көрүп да, көрбөй жа турдум.

Дүйнө менин сезимдериме таасир эте албады. Мен ал тургай ушул мүнөттөрдө дүйнө барын жана мен ал дүйнөдө жашаарымды да түшүнө албай жаттым. Бул өмүр-турмуштун өзүнүн өзөгүндө көз караштын өтөле чаржайыт жаңылыштыгынан жаралган жок болмуштун кандайдыр бир өзгөчө формасы эле. Менин көз карашыма эмнегедир Тронянын дал ушул мунарасында гана ушундай өлүк жана магдыраткан элегейлик жугуп калчу. Албетте, кез-кезде мунарадан алыста деле андай кезең кездеше калчу дечи, мисалы, тапчандагы түшкү тамак учурунда, Ангелина тарелкаларга буусу буркураган шорпону куюштуруп жатканда (тапчандагы түшкү тамакты Анна чоң эне эмес, ар убакта ал тейлечү), мени капилеттен так эле ушундай абал туткундап кетээр эле. Бирок аным узакка созулчу эмес.

— Дагы тирмийип калдыңбы! — дечү Ангелина ошол замат менден тимеле коркунучтуу же зыяндуу бирдемени кармап алгансып. — Бол, ойгон! — деп буйрук кылчу ал. — Бат! Уктуңбу дейм?

Мен болгону сөздүн өзүн эмес, алардан куралган үндөрдү гана укканыма карабастан жооп катары башымды ийкеп туруп калчумун. Башымды ийкеп жатканым менен баары бир ар кыл түстөрдүн мунарыктаган түпкүрүн үңүлө тиктегеним улана берчү. Ошондо Ангелина капталдуу фарфор шорпо куйгучка оор чөмүчүн чөгөрүп ийип, бошогон колун суукка тоңгон бетти кантип ушаласа, так ошондой камкор ыкчамдык менен көздөрүмдүн алдынан ары-бери чайкап калаар эле. Анысын менин көздөрүм өздөрүнүн сезимдери жана ойлору менен кошо умачтай болуп ачылып, нерселердин турпат-сынын көндүм, кадимки жана дал өзүндөй түрүндө илип, кыймылдай баштаганга чейин уланта берчү. Андан кийин Ангелина минтип караганга болбосун, мындай тирмийип тиктей берип кокусунан сокур болуп каларымды, ал тургай байкабастан өлүп калышым мүмкүн экенин аябай түшүндүрө турган.

— Же жин даарып кетиши ыктымал, — деп коштоп кетчү Ната.

— Тронядай болуппу? — деп сурадым мен Ната жана Ангелина Анна чоң эненин көзүнчө мени менен макул болбой тургандыгын, анын ордуна унчукпастан кутулуп, аны менен бирге көздү, өмүрдү, акыл-эсти сакташ үчүн кантип туура караш керек, дегеле адептүү балдар өзүн кантип алып жүрүш керек экендиги тууралуу узун сабак тарбия-насааты тып токтоорун алдын-ала биле туруп.

Тронянын мунарасында мен канча кааласам ошончо тирмийчүмүн. Аныма Тронядан башка эч ким тоскоолдук кылчу эмес. Бир жолу ал терезенин тешигинен дайыма эле бир жерде — суу колонкасынан анча алыс эмес Разин кыясы менен Кавказ көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн үстүндө бош чакаларын кармап алып уктап турган Корней чоң атаны карап турганымда артымда болуп калыптыр. Колонканын өзү да, анын катарындагы атылып жаткан фонтанга окшош мажүрүм тал да көз кырымда болчу. Троня мени шиштей катуу жана учтуу манжасы менен ийинге аярлай түрткүлөп, акырын кобуранып койду.

— И-и, мунарадан караган жагып атабы?.. Абдан жакшы.

Ал муну бир башкача айтты дейсиң (кыялданбы? түшүнүү мененби? — билбейм), мен бир саамга анын жинди экенине ишенбей да кеттим. Бирок менин күдүктөнүүм ошо замат чачырап жок болду. Терезени карап, андан кийин андан башын чыгарып Троня капилеттен округдагылардын бүт баарына тааныш, бир эле маалда тажаалданган таарыныч менен кандайдыр бир ачуу калжаңдаган шайырдыктын добушу кошоктошо угулган өзүнүн курч, жагымсыз үнү менен бакырып калды:

— Эй, Корней! Корней!

Пароходуң канакей?!

Тигине... Ойгонгун!

Сүзүп бартат пароходуң!

«Пароход... пароход... А мен болсом эмне деген пароход деп ойлоп жүбөймбү?..» — деп же кубанганы, же кайгырганы билинбей күбүрөнүп калды арадан эки күн өткөн соң Манилиха байбиче үйүнүн жанындагы топтошкондордун арасында чак түштөгү ачуу ысыктын аптабында капкагы эки капталына ачылган капталы бийик табыттын көтөргөн колдор менен кошо чайкала кантип сүзүп баратканын карап туруп. Кандайдыр бир абдан жалпайып калгансыган, эч качан ийнине салып көрбөгөн күрмөсүн кийген Корней чоң ата анда жүзү саргыч тартып жылаңбаш жана жылаңач маңдайынын астындагы ойлорунда эмненидир тырыша карап жаткандай көрүнөт.