Үйлөрдүн, үйлөрдүн үстүнөн...
* * *
Үйлөрдүн, үйлөрдүн үстүнөн,
көгүлтүр булуттар калкышат —
бир гана ушулар биз менен
кылымдан кылымга калышат.
Ак булут жарашат бир гана
таш жолдор үстүндө асманга...
Жоголуп кетпейбиз эч жакка,
Назикпиз, бекембиз таштан да.
Сыртыбыз сынса эгер, мейли дейм,
бузулсун жердеги ченемдер —
кылчайып өпкүнүң эрдимен,
калгының жанымда, колуң бер.
Бөлүнүп калганда качан биз,
көктөгү ак бууну бир гана
канатка кондуруп кетербиз.
көккө ак жарашат буу жана...
Үйлөрдүн, үйлөрдүн үстүнөн,
көгүлтүр булуттар калкышат —
бир гана ушулар биз менен
кылымдан кылымга калышат.
Ак булут жарашат бир гана
таш жолдор үстүндө асманга...
Жоголуп кетпейбиз эч жакка,
Назикпиз, бекембиз таштан да.
Сыртыбыз сынса эгер, мейли дейм,
бузулсун жердеги ченемдер —
кылчайып өпкүнүң эрдимен,
калгының жанымда, колуң бер.
Бөлүнүп калганда качан биз,
көктөгү ак бууну бир гана
канатка кондуруп кетербиз.
көккө ак жарашат буу жана...





