Биз 17 жашыбызда чылым чеккени чыкканбыз...
(үзүндү)
Маша
Сен мени таштап кеткенде, тагыраагы, кеткен жоксуң, тек гана кетенчиктеп байкоостон түтүктү колдон түшүрүп ийип, а ал болсо үйдүн төбөсүнөн өлөрмандай болуп төмөн карай ала салып телефондогу сөзүбүз үзүлүп калганда, сен дайыма мени менен сүйлөшкөндө боло келгендей: мына-мына колуңдан түтүктү түшүрүп ийип саалга тыным орноп, анан байланыштын «тү-тү» деген үзүгү угулуп, ошону менен кайра сага чалып жете албай калган сыңар биздин баарлашуубуз ийгиликсиз аяктаган...
Сен, ошентип, менден кеткенден кийин, айтмакчы, андай учурлар далай ирет кайталанбады беле: сен ресторандан болобу, көчөнүн ортосунан болобу эч себепсиз капилеттен кете берчүсүң, же бир жөн-жайын айтып, түшүндүрүп койсоң бир жөн, анан эки күн издеп таап ал эр болсоң...
Сен кете бердиң, а мен болсо бул оюн эмес экенин сездим. Мени сом балыгындай салмактуу жин тийген суучул куткаруучу тумчугуп бараткан өпкөмө дем алдыруунун ордуна, тескерисинче, менин өпкөмдү кагаз баштык сымал оп тартып куруштуруп, мына-мына жаным чыгып кетчүдөй болгон ушунчалык ысык, башынан ылдый ылай шыбанган коркунуч басты...
Ушундай бир упуранган опасыз абал. Балким, мен мурдагымдай болуп өлүп бараткан чыгармын, бирок сен кайтып келчүсүң: а мен боюнан бошонгон бактылуу айым сыяктанып, кубанганымдан уттуруп бүк түшкөн абалымды ошол замат биротоло унутаар элем.
Сен телефондун зымдары менен кете бердиң, кийинки күнү да, бир жумадан кийин да чалган жоксуң. Ошол көз ирмемде — бир жуманы бир көз ирмемге батырып койгон мезгилдин мерездигин кара, мен чын эле баары бүткөндүгүн түшүндүм. Ошондо өтүп кеткен жети күнүм сыйкырланган өлүк сымал көөп чыгып, тарс жарылды да, миңдеген азаптуу борпоң мүнөттөргө чачырады.
Бир ирет мен аскер радисти сыяктуу сенин номуруңду үч саат катар тере бердим — тү-үт, тү-үт. Мен сага смстерди жиберип жаттым. «Сен — баланчанын ити!» деген орой жооптор жана «Сүйүктүүм, эмне болду, айтып койчу?!» деген алсыз назик жалбарынган суроолор...
Мен, атургай, сен отурган дааратканаңа чейин эшик чертип жеткенге дейре далалаттандым, бирок сен менин комментарийлеримди кылдаттык менен отоп, а мени «төшкө тептиң» (жылаңайлак кууп чыгып, далыма канжар матырдың).
Мен сенин босогоңду кайтарууга ниеттендим — ичкери кирүүгө мүмкүн эмес, лифтке кетчү жолду төшү төөдөй консьержа тосуп алыптыр, андыктан ал ниеттен баш тартууга туура келди. Мен сени жалгыз эмес, мага карата жазма өнөрүңдү көрсөтчүдөй, башка бир эркек жандык менен келип калабы деп чочудум.
Наристелер көзүн кычыштырган ыпыр-сыпырды оозуна сала берген сымал сен дагы мени өзүмдүн кезектеги кагаз чүрпөмдү көйрөңдөнө жана чочулай тааныштырып жаткан китеп дүкөнүнөн өзүңдүн үйүңө сүйрөп кеттиң.
Мен анда Москвага жаңы эле келгем. Акча тапканы келдим деп санагам. Ноябрдын алгачкы ызгаары ишимди аба ырайынын көрүнүшүнө айлантып салды: бут алдында аппак болуп кычыраган акча табуум бир заматта тоңгон муз болуп кубулбаспы.
Үй-жайсыз мен үч күн басманын офисинде жашадым, андан кийин «Жылуу Стан» метросунун жанынан жарыбаган бир бөлмөнү жалдадым. Көп узабай «Жылуу Станым» кантталган кургак жемиш болуп ортоазиялык мигранттык географияга: өзбекстан, ьажикстан, жылуустанга айланды...
Кичинекей кыздай болгон кодоо кожойке эшиги жок, анын ордуна ардактуу эс алууга чыккан терезе жапкыч илинген, ал эми терезесине байыркы замандагы бинт сыяктуу чаң баскан гардина илинген бөлмө үчүн сегиз миңди сыгып алды. Жазуу столу жок болгондуктан мен адегенде ноутбугумду терезенин текчесине коюп, челектей болуп кыйшайып араң жайгаштым. Кийинчерээк дубал эмерегине көчтүм. Эмеректин бир жапкычы чептин көпүрөсүндөй болуп тик ылдый ачылат экен. Мен аны стол ордуна колдондум. Ал ушунчалык кууш болгондуктан ага ноутбугум гана батып, чычканчасы батпай калды. Олдоксон кыймылдап калганда аным ылдый кулап, асынып өлгөн киши сымал боосунда чайпалып туруп калат.
Дивандын үстүндөгү саргарган дубалда качандыр бир кездерде картиналар же сүрөттөр илинген, кыры жок шапкедей жалпак баштары бар үч мыктын жылаңач баштары чыгып турчу. Терезенин жыртыгынан жел үйлөйт. Мен ага чүпрөк тыгып бүтөгөнүмө карабай, баары бир суук киргенин койгон жок.
Мен бат эле жазма жумуш таап алдым, он беш миң рублге журналга ай сайын бир колонка материал жазып бере турган болдум. Анысын бир нече күн ичинде арыдан-бери чүргөй салып, эмне кылсаң өзүң бил деп редактордун колуна салып берем. Калган убактымда жумуртка баскансып жаңы китептердин үстүндө отурам. Ал эми дем алыш күндөрү сени менен болом. Ошентип катары менен төрт ай артта калды.
Сен Сегизинчи марттын алдында токтоттуң мага келгенди. Журналда иштеген тааныштарымдын бири: «Кызың укмуштай дурус киши экен. Март майрамына белек берем дегенден кутулткан турбайбы» деп кадыресе тамашалап калды. (Мен башымды жоготуп койгондуктан бардыгынын ар бирине сен тууралуу даттана бергенимди моюнга алам). А мен болсом ал акмактын аёсуз келекесине ырсая күлүп тим болдум, бирок жандүйнөм тиш ооругандан ашыра онтоп жатты ошондо.
Мен кандайдыр бир көңдөй жана сенек немедей болуп, көкүрөгүм жазгы желге термеле, бош полиэтилен баштыгындай дирилдеп жаткандай туюлду. Басыгым да бузулду: салабаттуулугумду жоготтум, айрылып калган афишадан бери ары-бери чайпалам, баласын жоготуп ийген энеден бетер ар жак-бер жагымды элтең-селтең каранам...
Ушунчалык олдоксон, тынчы жок болуп кеттим. Чыйк эткен үн тургай, жалт көрүнгөн кыймылдан да чочуп кетем. Бир жолу үстөлдүн кырына илинген шымым шыпырылып түшүп кетти. Кийимимдин мына ушул дабышсыз, бирок күтүлбөстөн жасаган кылыгы аз жерден жүрөгүмдү чагып сала жаздады.
Жараланып жабыркаган мен бечараны ошол замат табият кырсыктары менен шаар бакчасынын санитарлары жабыла басып жыгылышты. Менин чыгармачылык майыптыгымды туя салган редактор биринчи жолу жаратпай, колонкамды баштан-аяк чийип ыргытса болобу. Каргыш тийгирди кайра чүргөп жетип барсам, кудай урган аным да жараган жок. Ошентип басма мени каратып туруп, ыйлатып туруп алдап кетти. Кожойкем болсо жаман эшик жапкычы үчүн батир баасын он миңге көтөрө салбаспы: жакпаса кете бер, төрт тарабың кыбыла деп.
Жалпы пастернактык айдактоого ошол эле жетпей тургансып менин башка шаардык, мен ал үчүн үшүп-тоңууга (каражат табууга) кеткен жубайым да кошулду. Чалып калыптыр. Таманга салып жанчаар кезек келгенин кантип сезе койду, билбейм: «Акмак! Сен бизди таштап кеттиң!» деп аңкылдап кирсе болобу. Минтип айкыра элек болчу ага чейин. Анын жанында менин алтын уулум, кичинекей каралдым каргылданган үнү менен апасына жалынып-жалбарып жатканы угулуп турду: «Апа, апакебай, урушпачы атамды!»
Ага эмне деп жооп узаттым, билбейм.
— Мен Москвада сен айткандай «сыгышып» жүргөнүм жок, келесоо, иштеп жүрөм! — деп каяша ыргыткансыдым.
Жубайым бышактай аяктады сөзүн:
— Өлүп кет, шуркуя!..
А мен эч таарынган жокмун. Каргыш-уруш баштагы маанисин жоготкон. Шуркуя деп койсо эмнеси бар экен?! Ал мени ушундай эле ийгилик менен, айталы, дарбазачы деп каргашы деле ыктымал болчу: «Өлүп кет, кудай албаган дарбазачы!» деп.
Кийинки жуманын башында сенин жоктугуң дем алуу-кан тамыр тутумунун көйгөйү болуудан кала баштады. Кусалык сөөккө өттү. Ар бирине темене сайып салгансып кабыргаларым качырайт. Уктап калыш үчүн валокординди уучтап ичмей адатым. Анымдын алы ашып кетсе эки саатка жетет, жетпесе жок. Таңата бутумдун учунан төбөмө чейин ысык спирт сүйкөп салгансып кара тер басып ойгоном — ошондо мен ойгонуп туруп жатпай эле, «менин ак-саргылым кетип калды, менин Мэрилинге окшошум...» деген жападан-жалгыз ой менен түтөп-быкшып жаткандай сезем өзүмдү.
Адегенде сага аракты каршы коюуга аракеттендим. Жайбаракат жубатуума ден соолугум кашайып көнбөй койбоспу. Он эки эли ичегимдин он эки жарасы жарыша кабылдап, каптап кирди жабыла. Эртең менен зарына ашказаныма алоолонто от жагып, мен ысык чок кусуп жатканымдай туюлчу.
Сага болгон баары бирдей, түрмөнүн дубалындай муздак кусалыктан улам мен эмгекке жөндөмдүүлүгүмдөн ажырадым.
Баягы менин шамдагай манжаларым карелиялык кайың сөздөрдү учтап иштеп чыгууну унутту — ошентип байкуш токарь оомийин болду. Менин колонкамды конфискациялап салышты.
Шайтан азгырык жана акыл-эстен айнуу менен бир ай өттү арадан. Андан кийин мен сени майда сыныктардай алыстата баштадым өзүмдөн. Баягы смстерди өчүрүп, ноутбуктан сүрөттөрүңдү тазаладым. Сенин журналыңды «менин ордумду кимге алмаштырды экен» деп саат сайын барактаганда да токтоттум.
Сен мени чалгы менен чаап, бутумду кыйдың. Бирок жасалма бут кийип, «Калинка» бийлеп башка колонка издей турган кез келди.
Адегенде кожойкенин чаңсоргучу менен куралданып, бөлмөнү жыйнап-терип коюуну туура көрдүм. Кылым турган дивандын артындагы чаң кенинин ичинде мурдагы тургундан калган жийиркеничтүү тарыхый табылга — осьминогдун үзүк мурутуна окшогон кара-кочкул сыя түстөгү колдонулган презерватив маңкайган бойдон жаткан экен, андан байкуш чаңсоргуч менден аша жийиркенди белем, соруп ийип какап-чакап, кыркырап-шуркурап токтоду.
Бирок сенин ар-саргыч чачыңа арбалып, байланып-тушалып жүрө бериштин кажети не деген айла жоктун акылына көнүп, мен кайрадан китеп жаза баштадым. Аны менен кошо көз кыйыгымды Марияга бурдум.
Сен аны көргөнсүң. Биз экөөбүздүн мамиле-жайыбыз жалындап турган чакта электрондук почтама жүрөк элжирете кат жазган гуглчу желмогуз Машаны билесиңби?
Моюнга алам, сени көтөрүп-чыдаш оор эле. Театрды да, операны да көрөйүн деген көзүң жок. Кинону андан бетер. Эмнеден ыракат-кубаныч аларыңды билбейм.
Же сага, эмне, кагазга туура жайгаштырылган сөздөн башка эч нерсенин кереги жокпу? Сени бети-башы уяттан кызарып чыкканына карабастан башы куурайдан жапыз кодопиштерди кемсинткенине калп каткырган каяктагы бир каардуу маскарапоз цирк гана алаксытат көрүнөт.
Сен ошондо эле Машанын өңү серт деп жактырган эмессиң. Анын өңүн көрбөсөк да, биз экөөбүз эзиле күлгөн элек. Көрдүң го, ал менин эмейлиме кирип алып ырларын жөнөтүп турчу. «Амансызбы, асылым. Аметист ташым. Мен сенин сыйлоочуңмун. Ал сыйлоочу жана ыйлоочу дегенди билдирет. Шириним менин, мага абдан маанилүү ой-пикириң...» деп күлдүрө кат жазбады беле.
Сен ошол жарым баалуу аметист кубаттоолорду жана Машанын ыргактуу метафораларга толтура, шампан атырылганындай тарс-түрсү арбын бирдеме-сирдемелерин да шылдыңдап күлгөн элең.
Маша жаанга жуулган асман жарыктарынын жана жашыл чөптөрдүн жарашыктуу көрүнүштөрүн ыракаттануу менен ырга салчу:
Жер бетондон корсет кийип курчанып,
Асфальт үстү тепселенген жалбырак.
Түнкү жамгыр ыйлайт жашын куюлтуп,
Алжапкычым коркунучтуу, мупмуздак.
Кызганчаак шак кургап калган бутагы,
Бири-бирин кыжырдана сайгылайт.
Туман аны азыр жетип жутабы?
Ай асманда каалгып салкын көз салат...
«Төшжапкыч жана алжапкыч, күн керемет, үргүлөйсүң, досум, сага не керек!» дегенин укканда сен каргадай каркылдап каткыргансың. Мен да сага кошулуп карс-карс күлгөм. Сүйүнүп кеткениңде сени кантип күлдүрүш керектигин түшүнгөм. Сен, ырасында, лириканы көтөрө алчу эмессиң. Ошондуктан мен сенин келекелүү табиятыңа жагыш үчүн ыр чүргөөгө киришчүмүн.
Сырттагы кар жерден издейт эмнени?..
Өлтүрдүм да, өрттөп ийдим мен сени.
Сегизинчи мартыңа карата он тогузунчу шанель атыры жыпар жыттуу хору менен келатты эле, бирок сен ал тартууну күткөн жоксуң.
А мен болсо ошондо Машага жооп жаздым. Токтоолук менен мактап койдум. «Саат чыркырап көздү ачты, туман аралай түш качты» деген жаңы ырымды жибердим.
Мен унчукпай турдум, Маша дагы ың-жыңсыз токтоп турду. Декабрда, экөөбүз чогуу болгон кездердин так орто ченинде, сен биринчи репетицияңды өткөрдүң — эки күн катар жоголуп кетип кайра табылдың, кыязы, менин жалгыздыкка, жанталаша кан түкүргөнгө али көнө электигимди баамдасаң керек.
Маша мени жаңы жылым менен куттуктады. «Көгүшүм менин! Менимче, сага ден соолук жана бакыт каалашат чыгар. Мен болсом сенин мени куттуктоо гүлчамбарым менен эске тутуп калышыңды каалайм. Ошондуктан сага: эмки жылы сенин шыбыңа сары торопой жабышып калышын тилейм! Билип койгун — мен бул майрамда жалгызмын, чачтарымды кырып салгам, кичинекей мырзадай ак жуумалмын жана морстон ууртап олтурам» деген каалоо-тилегин жолдоду.
«Мейли, сары торопой жабышып калсын», — деп жооп узаттым мен эрктүү манжалардын кумарлуу жөргөмүш кыймылын, карамозовдук кыянат чалдын бардемелерди аңтарып-теңтергенин элестете. Ал эми кичинекей мырзасы болсо жалгыздыкты, алсыздыкты, жылтырата кырылган алаанын былжырагын жана морстун кызгылт тамчысындай туюлду. Мен «ойлоп көрсөң, көрүнбөгөн Маша бир заматта мени жазгырып алды» деп жооп бердим. Бирок мен сага аябагандай ашык элем, а ГУГЛдагы талапкерим тек гана менин элестетүүлөрүмдү ийгиликтүү ууландырып койду.
Ал андан кийин да мага бат-бат кабар жөнөтүп жатты. Сен менин жанымда жок кезде: «Каро мио, Сиз тууралуу абдан кабатырмын. Жаман бир нерсе болгон жокпу? Тагыраагы, арыктап кеткен жоксуңбу? Мен өзүм арыкмын, бирок ыркыйгандарды жактырбайм...» деген бирөөсү келген.
Мен Маша мени жубатыш үчүн жаралган деп ишенип алыпмын.
Баарын жууп-жыйнап бүткөн соң (сыя-кочкул гондондон коркунучтуу белгини ойлобогон өзүмдүн айыбым!) мырзайымды жолугушууга чакырдым. «Маша, биз сени менен жарым жылдан бери таанышпыз. Кел, көрүшөлү» деп жаздым.
Мен көйрөңдөнө көптүк маанидеги «биз» дегенди жана «Машенька, уруксат этсеңиз, Машенька, чечсеңиз, Машенька, алааңызды ачып койсоңуз...» дегендерди болочок үчүн аяр сактап койдум.
Борбордо, Пушкиндин эстелигинен жолугалы деп макулдаштык. Анын алдында кар жааган, ар кай жактан агылган ылайдан жер капкара көрүндү. Тегеректин бардыгы тоют жана айдалган аңыз жыттанат. Күн кайрадан жылымык тартып, бирок жылуу манжалары менен бирде тиги, бирде бул жерди ишенимсиз кармалап көрүп жаткандай мээлүүн.
Мен күтүп турдум. Маша болсо кечиккенден кечигүүдө. Мен өзүмдүн коло ортомчумду тегеренип, сени карап жаттым, алтыным — анткени Маша сенин так өзүңдөй болуш керек деп толук ишенгем.
Он беш мүнөттөн кийин телефон чалууну чечтим. Мага алдын ала телефон номурун жөнөткөн, акыркы эки саны төрт-төрт экени эсиме бекем уюп калыптыр. Элестетсең, алтыным, Машанын номуру сенин номуруң сыяктуу эле оозун керген жылаандын жаагындай экен.
Маша «Мен келдим, бирок сизди таппай жатам», — деп жооп берди: телефондон Машанын үнү менен кошо твердин ызы-чуусу угулду. Машина пипилдетип өттү, мен эгиз клаксондун үнүн эшиттим. Маша жакын эле турган.
Ошентип мен Машаны көрдүм...
Андай эмес. Мен аны көрүп турдум, бирок ал Маша экен деп ойлогон да жокмун. Мен аны көздөрүм менен издеп жаттым, бирок ал өзү озунуп сөз баштады:
— Бул менмин, көгүлтүрүм...
Мыйыгынан жылмайды, ошо замат мен Машаны шаштырып койгон эркектик чочулоом үчүн жек көрүп турганын түшүндүм. Кайсы бир бутакта отурган карга жүрөк түшүрө каткырып ийди.
Эгерде Машанын тиштери он экинчи таймс нью роман кегль(тамгалардын өлчөмү. — Котормочу.) менен терилген болсо, маңдайкы эки кашка тиши он сегизинчи вердана менен терилген. Машанын тиштерине бүкүрдүн же эркек экени, же аял экени билинбеген бет түспөлү куюлуша жарашат — менин тээ илгерки кагаз фантазиямдагы көрүмчүнүн дал өзү. Ал элеттик Башметтикиндей чачы бар скрипач майып балага окшош — майланыша ийинге чейин түшкөн сейрек каре. Өйдөңкү эрини гусар балладасы сыяктуу: ме-ни му-рут-суз жаш жи-гит деп ата-шат, не-гиз-сиз ай-тып жа-ты-ша-ат!.. Мурч сээп салгансыган, безетки баскан мурун. Чыбырчыктаган кызгымтыл маңдай. Аппак кыла тазаланган эриндери бор жеп алып доскада турган коркок окуучунун дал өзү. Ийилип чыгып турган ийиндери — эсиңде бекен, мен сага арнап чыгарган ыр: «Ийиндери бечара чалгынчынын оркойгон...»
Мен колду шилтеп: «Бул не деген акмакчылык тамаша? Кана чыныгы Маша?!» деп бакырып басып кеткен жапайыга жакын болчумун.
— Саламатсызбы, Маша, мына ушинтип көрүшүп турабыз ээ, — деп шыбырандым мен. — Жүрүңүз, кофе ичели.
Мен андан башка кандай айла кыла алат элем? Мен, албетте, дарооле Машаны колдон, колтуктан алганым жок, ал жайбаракат жанымда басып келатты.
— Иштер кандай, Маша? — деп ага карадым. Ал атайылап эле баштан-аяк карап алсын деп артта келаткан сыңары. Анан, албетте, анчейин деле коркунучтуу эмес экен. Кадимки эле өңү серт теңтуштардын бири — балким, бираз улуураак болсо керек. Карапайым кийинген — үстүндө тизеге чейин шөлбүрөгөн капюшондуу көк пуховик, астында — жынсы шым менен суу жукпас өтүк.
— Иштерби? Абдан жакшы, менин көгүшүм. Мен түз эле өлүк койгон жерден келатам...
— Ах, Маша, эмне үчүн сиз бүгүн кездешүүгө ыңгайсыз күн деп айтып койгон жоксуз? Биз аны башка күнгө жылдырып койбойт белек. Жоготуу сиздин үй-бүлөдө болбогондур деп үмүттөнөм?
— Үмүттөнбөйле коюңуз, каро мио! — Машанын каректери жайнап чыкты. — Менин бир тууганым өлдү, — ал менин алдастаганымдан толук ыракат алып жатты.
— Маша, арты кайырлуу болсун...
— Ал мени мындан он беш жыл илгери зордуктап салганда көңүл айтсаңыз болмок, — Маша саргыч тарткан шрифттери менен кекеничтүү ырсайды. — Бирок, түшүнсөңүз, мен аны узатууга барбай коё алмак эмесмин, — деди кайрадан көз кыры менен каарый.
О, Кудай, ай! Мизгирь өңдөнүп кач, көрүнбөстөн качып жогол...
Мен Машаны Кофе-Хаоско чейин эптеп сүйрөп жеттим — анткени тартип ушундай.
Жума күнкү жаш кечте бардык столдор ээленип кетиптир. Тамеки чеккен жарымынан орун табылды. Биз ёлканын оюнчуктарындай шатыра-шатман жана аңкоо чалыш адамдардын ортосунан орун алдык.
Мен менюну барактайм, Маша болсо күрөш алдында чекеси менен беттерин машыктырып жаткандай. Мен бизге Машанын кайгы-капасына уйкаш капучинону сунуш кылдым.
— Агынан экини! — деп сурадым Хаостун тейлөөчүсүнө.
Сөз жүрбөй койду. Маша тооктун чычаңындай болгон эриндерин бек кысып, кыркылган куйрук сымал ары-бери чайкап жатты.
Анан:
— Өкүнүчтүү, көгүлжүмүм. Биз сен экөөбүз биринчи жана акыркы ирет көрүшүп жатабыз. Сиз экинчи кезигүүгө келбейсиз... — деди.
Аны ушунчалык кыйналуу менен айтты. А мен ага эмне дей алат элем, алтыным? Ал туура айтып жаткан. «Коюңузчу, сиз эмнени айтып жатасыз, Маша, биз сиз менен дагы далай ирет...» — деген калптан тапшырык куткарып кетти кудай жалгап.
Маша чычаңды капучиного малды да, капилеттен өтүп кеткен бир тууганына кайрылды:
— Бирок сиз Альбертти айыптабаңыз, каро мио. Келиңиз, мен аны сизге көрсөтөйүн...
Маша колун колтугуна салып, жалпак тери портмоне сымал бирдемесин сууруп чыкты да, үч×төрт өлчөмдүү сүрөттүн сыныгын алып чыкты. Сүрөттө Машага саал-паал окшогон тосток көз бирөө карап турат.
— Ал менден үч жаш улуу болчу. Математикага абдан таланттуу эле. Бирок армиядан айыкпас жинди болуп кайтты Аяктан аны зордуктап коюшуптур, көгүшүм менин. Ал өзүн өлтүргүсү келген, натыйжада мени зордуктап салды. Апам аны билгенде аз эле жерден өлүп кала жаздады. Биз эч жакка айткан жокпуз, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын дедик. Бирок мен аны кечирдим!..
Маша үнүн өтө бийик чыгарып жатты. Анын каарман аңгемеси, балким, коңшу столдорго чейин угулган чыгар.
Маша оозун чыныга матырып, анысын эриндериндеги кофенин коюу чачыласы менен сууруп алды.
— Ал ашказан рагынан кайтыш болду. Бул ага уучтап тыккан укмуштай дарылардын кесепетинен. Ал аябагандай толуп кеткен, чачтары жыдып түшүп калган...
Жаныбыздагы столдон:
— Муруттары болсо с... түлкүнүкүндөй! — деген жаштар кыткылыктап калышты.
Маша, эмнегедир «түлкүнү» өзүнө карата кабылдады. Ал түк баскан эриндерин аарчынып, капучинону колуна алды да, душмандарын карай басты. Мен Маша сөгүнгөндөй бирдемелерди быдылдап келип оройлонгондордун бетине аны кантип чачып ийгенин түшүнүүгө да үлгүрбөй калдым. Мен ыңгайсыздыктан катып калдым.
Алтыным, ишенесиңби, бирөөгө өлүм, бирөөгө кайгы. Кашык-тарелкалар калдырап-шалдырап, эки стол катар оонап калды. Жабыр тартуучу — ак кофтачан тамашакөй кыз — эки көзүн жайнатып көкүрөктөн ок жегендей отуруп калды. Анын коңшусу:
— Оля-а! Оли-и-чка-а! — деп чыркырап, салфетка менен капучино жаракатын аарчып жатты. Тютчевдин Гебасына окшогон Маша болсо бош чынысын чагылгандай чартылдата акы-терки шилтөөдө. Жарадар кыздын жолдошу анысын кагып коргонот. Адегенде дымып калган чылымчылар чурулдап киришти: «бул эмне, эмне деген шумдук?» Кофенин жана Хаостун тейлөөчүлөрү жардамга ашыгышты. Булганып калган жолдош чалыш Машаны омуроолоп токтоду, анын чечкинсиз жүзүнөн «жазалоого болбойт акталсын» деген жазуу даана байкалып турду. Аңгыча эле Маша токтой калып, башын салмоордой тегеретип чалкасынан кетти. Полдо титиреп-калтырап, эмеле ичкен көбүктүү капучиносун эркиндикке коё берип жаткансып оозунан ак көбүк атып чыкты. Кимдир бирөө «тезинен тез жардам чакыргыла, тилин чайнап салбаш үчүн оозуна тыгын жасап ийгиле» деп кыйкырып жатты.
Мен бул чын эле эстен тануубу же ал жөн эле өлүмүш болуп жатабы, түшүнгөн жокмун. Маша бардык боорукерлердин айтканына көнүп, кол аарчыны өрө салып жасаган ооздукту унчукпастан тиштенди. Дагы бир-эки мүнөтчө ооналактап, ит сымал силкинип-силкинип алды да, тура сала мага кайрылды:
— Көгүлжүмүм! Мени үйгө алып бар...
Мен жолдон көчмөн-азиатты тосуп, Машаны эптеп машинага тыктым да, беш жүз рубль карматтым. Ал мага жармашып, тротуарга кулап түшө жаздай колумдан тартып жатты:
— Кетпесеңиз! Кечирип койсоңуз!..
— Кымбатым, сиз эч кандай күнөөлүү эмессиз!.. — Мен Машаны ары карай итерип, айдоочуну шаштырдым: — Кетпейсиңби батыраак, шайтан алгыр!
Кетти, алып кетти. Алтыным, ошол кечте мен сени эстедим. Мен Машага тоюп тургам.
Ал мага эки сааттан кийин чалды. Мага көчөнүн үнү угулуп жатты. Маша азиат мени зордуктоого аракеттенди, беш жүз рублимди тартып алып, орто жолго ыргытып кетти деп чарылдап жатты. Ал аз эле жерден өлүп кала жаздаптыр, бирок Пионерлер үйүндө эки жыл көркөм муз тебүү менен машыккандыктан, боюн жыйып, капталынан жыгылганга үлгүрүптүр.
Мен:
— Маша, дароо милицияга кайрылыш керек, — дедим.
— Аны эч ким издебейт, — деп жооп узатты Маша. Анан минтип кейип-кепчиген болду: — Мен бүгүн сени чочутуп койдум ээ, менин таттуум, мен ушундай убара кылдыра берем... Бирок сизге чалып турсам болобу?
— Албетте, Маша...
Кудайдын куттуу күнү чалат! Анын мобильнигинде сааттап сүйлөшүүгө жол берген кандай тариф орнотулганына акылың жетпейт. Ал чек дегенди билчү эмес. Буктурмадан чыга калгансып жолугууга чакырат:
— Андан кийин лавр жалбырагын, имбирь менен кызыл мурч кошуңуз... Каро мио, конокко келип кетпейсизби, мен сизди сыйлап коёюн...
Мен кутулуш үчүн болгон айла-амалдарды колдончумун: атым аксак, камчым сынык дегендей...
— Кутман таңың менен, менин момпосуюм! Ойгондуңузбу? Мени бийге чакырууңузду каалап турам... — Маша кулактын тарсылдагын жара каткырып калат. — Сиз эч нерсе кылбайсыз, каро мио. Музыка уккуңуз келеби?..
Бум-ца-ца, бум-ца-ца, бум-ца-ца.
— Угуп атам, Маша...
— Штраус! Кереметтүү. Келе, колуңузду бериңиз — мобу жерге, белиме коюп тегеретиңизчи мени...
Ушундай-ушундайдан жинди болуп кете жаздайсың. Бирок мен макул болдум. Биз жумасына үч-төрт жолу бийлечүбүз. Мазурканы, польканы, краковякты, тангону...
Летке-енкеге «секир-отур, эртең менен турга» кашая каршы болдум:
— Маша, мен бийлөөдөн чарчадым. Кудай жалгагыр, иштетчи деги!
Ал таарынып калды да, бир жумача чалбай койду. Алтыным, анын таарынычын анча баалабай коюпмун.
Чалды. Телефонум күш-быш эте дем алып, бышактап кирди:
— Көгүлтүрүм, кырсык болду! Мен сизге кызым бар деп айтпадым беле...
— Ооба, Маша...
— Элеонора кызым. Ал он беште. Менин мурдагы жарандык күйөөм Юра, физик-теоретик, сегиз жыл мурда илимден кетип, бизнес менен алектенчү, Аргентинага оптика була кабелин сатчу. Аларды чечендер калкалачу. Юра аларга абдан көп карыз болуп калып, алар Элеонораны уурдап кетишти! Алар мага чалып, акча талап кылышууда. А Юра болсо таптырбай кетти!..
Лезгинка бийи башталды.
— Бирок мен сага кантип жардам бере алам, Маша?!
— Алар менен сүйлөшүңүз!..
— Ким менен?
— Менин Элеонорамды уурдап кеткендер менен!
— Маша, мен чечендер менен сүйлөшкөндү билбейм. Аларга мен эмне дешим керек?!
— Опузалап коюңуз...
Кырк мүнөтчө Машаны жооткоткон болдум. Сооронбосту сооротуш — бул Сизифтин түйшүгү.
Мен Машанын айткандарына анча ишенген жокмун...
— Көгүшүм... — деп ойготот ар таң сайын. — Кечирип коюңуз, мен сага чындыктын баарын айтканым жок. Элеонора... Ал Юранын кызы эмес. Анын чыныгы атасы — маркум бир тууганым Альберт!..
Саат сайын ушу... Кудайым өзүң сактай көр...
— Ошондо менин боюма бүтүп калыптыр... Юра бул тууралуу шектенген эмес. Чечендер дагы билишпейт, алар Элеонораны Юранын кызы экен деп ойлошот. А чечендерге чындыкты айтсак не болот?! Балким алар Элеонораны кайтарып беришер? Аларга ушуну айтыңызчы, бул сиздин колуңуздан келет, мен сизге ишенем! Балким, чалып коюшар? Мен сиздин телефон номериңизди берейин!..
— Маша, суранам, менин номеримди эч кандай чечендерге бере көрбө!..
Мен дивандан турдум. Уйкум умачтай ачылды. Алыстан аткычтардын даргасына окшогон крандар бүлбүлдөйт.
Маша түштө дагы чалды.
— Көгүлтүрүм! Баарын өзүм жайгардым. Батиримди сатууну чечтим. Сизден жалгыз гана өтүнүчүм — ортомчу таап бериңизчи! Мен алдамчылардан ушунчалык корком!
— Маша, кымбаттуум, бирок менде тааныш риелторлорум жок! Интернетте ар кандай фирмалар толтура — карап көрбөйсүңбү...
Мен телефонго жооп бербей калдым. «Мен роумингдемин» деп смс жибердим.
Маша телефондон кат жазышканга көчтү: «Көгүлтүрүм, мен сени ушунчалык сагындым!», «Сиз качан келесиз? Кеңешиш керек», «Сиздин гениалдуу манжаларыңыздан өбөм», «Мага квартира үчүн швейцариянын франктары менен эсептешүүнү сунуш кылышууда. Макул боло берейинби?»
Маша дары ичкендей так болчу — күндө таптак төрт маал чыгып турчу.
Ар бир күн Машадан кабар берет. Бирок көп узабай тамашасыз драма ойнолду.
«Элеонораны өлтүрүп салышты!», жыйырма беш мүнөттөн соң: «Тезинен чалыңыз, болбосо жүрөгүм жарылып кеткен жатат!»
Мен титиреп кеттим. Машанын кайгысы ушунчалык катуу.
Эки сааттан кийин смс келди: «Саламатсызбы. Мен Машанын сиңдиси Валериямын. Мен сизге анын телефонунан жазып жатам. Маша биринчи шаардык ооруканада, абалы абдан оор». Башка кол жазма. Баягы, поэтикалуу Маша эмес, гречиха акшагындай прозалуу Валерия.
Алдоого көнгөнүм жок. Муштумумду бек түйүп, жооп жазбадым.
Күндүз: «Бул мен, кайрадан Валерия. Мариянын акыбалы оорлоодо. Татаал операция жасалганы жатат».
Кечинде: «Операция ийгиликсиз аяктады. Өлүп калышы ыктымал. Валерия».
Түнүчүндө: «Мария комага түштү. Коштошууга келип кетиңиз».
Кээде мен бул каттардын автору ким болду экен деп шектенип кетчүмүн, башыма ар нерселер шыкаалап, мыжып эзчү...
Түнкү экиде мени манжалары менен сайгылагандай кайгылуу кабар ойготту: «Мария кайтыш болду».
Жаалы күчтүү драматургия тажрыйбасыз жана ышкылуу Машаны мүрзөгө айдап кетти. Эми анын эстафетасын ким улантат? Викториябы?
Эртең менен: «Мария менен коштошуу эртең мененки саат 11де. Биринчи май метросу, 7-Парк көчөсү деген дарекке келиңиз, баланчанчы үй, түкүнчөнчү батир. Катышууңузду ырасташыңызды суранам. Мындан ары тынчыңызды албайм. Валерия».
Кез-кез алардын баары: сиңдиси Валерия, физик Юра, чечендер, тоок чычаң Маша менен көрүшүп коюш үчүн топурак салууга барсамбы деген ой кылт этчү...
А бирок барбасымды билчүмүн: биринчи май дареги биринчи апрелдик сөөк коюу фарсын бир чакырым алыс түрттү.
Алтыным, мен ошол оор мүнөттөрдө сенден баягы телефон чалууларым жана жазган каттарым үчүн, иймектей ийилген сөөмөйүңдүн артынан аңдып кубалаганым үчүн кечирим сурагам: кайткын, келгин, курушпа, анан экинчи урушпа.
Мен сени коё бергем, алтыным...
А күндүз смс келди: «Менин ажалым тууралуу аңыз ашыкча. Башка Мария өлдү. Оопай сиңдим Валерия, адатынча, чаташтырып алыптыр, аны кечирип коюңуз. Негизи, аябагандай көп нерселер болуп кетти — келиңиз, көрүшөлү! Сиздин Маша».