Менин лейтенантым

(романдан үзүндү)

Биринчи бомбалоо

Чыныгы коркууга, жүрөк титиреткен коркунучка мен боз бала кезимде согушта туш болдум. Ал деген бомбалардын алгачкы жарылышы эле. Биздин эшелон, элдик кошуундар 1941-жылы июль айынын башында фронтко аттанды. Немис аскерлери Ленинградга тездик менен жакындап келаткан. Эки күндөн кийин эшелон Ленинграддан жүз элүү чакырым алыс жайгашкан Батецкая станциясына келди. Элдик кошуундар жүк түшүрө баштаганда күтүүсүздөн немис учактары пайда болду. Мен канча учак чабуул жасаганын билбейм. Мен үчүн асманды учактардан караңгылык каптады. Жайкы таза, ачык, жылуу асман күүлдөп, титиреп, күркүрөгөн үн күчөп баратты. Кара көлөкөлөр бизди каптап кирди. Мен жээктеги жардан тоголонуп, жакын жердеги бадалдын түбүнө үстөмөндөп жыгылдым, калың бадалга башымды тыктым. Биринчи бомба түшкөндө жер солк этти, анан бомбалар күргүштөп улам түшө берди, жарылууларга күркүрөгөн үндөр кошулду, баары солкулдап, жер астын-үстү болду. Учактар кайкып, биринин артынан бири жалгыз гана бутага шукшурулду. Ал бута мен элем. Алардын баары жерде жаткан мени гана мээлешип шукшурулгандыктан винттерден урган ысык абалары менин төбө чачтарымды үйлөп кетип жатты.

Учактар улуп-уңшуп, жерди карай учкан бомбалар андан бетер жүрөк титирете уңулдайт. Алардын ачуу чаңырыгы мээни көзөп, көкүрөккө, ашказанга кирип, ичеги-карынды аңтарды. Адам айкырыгына орун калбады, учкан бомбалардын ачуу чаңырыгы бардык боштукту ээлеп алды. Ал жүлүндөгү бардык сезимди сууруп алып, башка нерсени ойлоого эч мүмкүндүк бербеди. Жүрөк титиреткен коркунуч мени жутуп алды. Жарылуу үнү бир аз жеңилдик бергенсийт. Үстүмдөн ышкырып учкан бомба чачырандылары тийбесин деп ансайын жерге жабышам. Коркуу үйрөттү. Ышкырык арасында секунддук тыныгуу кылам, денеме жабышкан терди, өзгөчө кыйгыл жыттуу терди сүртүш үчүн жана асманды кароого башымды көтөрөм. Бирок, ошол көкмөк күнөстүү бейпилдиктен андан да аша кулак жарган, улуп-уңшуган жаңы үн пайда болот. Бул жолу крест сымал кара көлөкө так мен жаткан бадалга түштү. Мен кичирейүүгө, кандайдыр бир жол менен денемдин эбегейсиз чоңдугун азайтууга аракет кылдым. Чөп арасында менин карааным канчалык байкалганын, чулгоо оролгон буттарым чыгып турганын, шинелдин таңылчагы аркамда уркуюп турганын сездим. Топурактар башыма ургулап атты. Жаңы чабуул. Шукшурулган учактын үнү мени жалпайтып салды. Өмүрүмдүн акыркы ирмеми ушул ачуу үнгө кошулуп жакындап келе жатты. Мен сыйындым. Мен бир да дуба билчү эмесмин. Мен эч качан Кудайга ишенген эмесмин, жапжаңы жогорку билимим менен, астрономия жана физика мыйзамдары менен Кудай жок экенин билчүмүн, бирок, азыр сыйындым.

Асман мага чыккынчылык кылды, эч кандай диплом, билим жардам бере албады. Ар тараптан мени карай учкан ажалдар менен жалгыз калдым. Кургаган эриндерим шыбырады: Теңир, ырайым кыл! Мени куткар, өлтүрбө, ажал мага тийбей өтүп кетсин, суранам, Теңир, ырайым кыл! Эбактан бери белгилүү болгон бул эки сөздүн мааниси капысынан ачылды — Теңир... ырайым кыл!.. Мага белгисиз тереңдик бир аз ачылып, ошол жерден мен билген, билбеген ысык сөздөр кызуу төгүлдү — Теңирим, сактай көр, мен Сенден суранам, бардык олуялардын атынан...

Жакын арадагы жарылуудан кимдир бирөөнүн денеси көккө көтөрүлдү, бечаранын канжалаган бир үзүмү жаныма шалп этти. Бийик, ышталган кирпичтен курулган суу соргуч мунара түштө көрүп жаткандай акырын, дабышсыз кыйшайып, темир жол курамына карай кулап келатты. Паровоздун алдына кулап жарылды, паровоз жооп кайтаргансып ак бууга оролду. Жардыруулар темир жолду жулуп-үзүп, талкалап, шпалдарды учурду, вагондор оодарылып, бекеттин терезелеринин ичинен кызгылт түскө боёлуп жарык чачты, жалындап күйүп жатты, бирок мунун баары алыста бир жерде болгонсуйт, көргүм келбеди, көрбөгөнгө аракет кылдым, жашыл чөптүн сабактарын карадым, арасында кызыл кумурска кыбырап жүрөт, жоон кубарган курт узун чөптүн бутагында салаңдап илинип турат. Чөп арасында кадимки керемет жай мезгил, жылуу, бир калыпта, акылга сыйгыдай жашоо уланууда. Кудай жек көрүүгө жана өлүмгө толгон асманда эмес. Кудай бул жерде, гүлдөрдүн, көнөкбаштардын, курт-кумурскалардын арасында...

Учактар уламдан-улам шукшурула берип, бул айлампа бүтпөдү, тозоктун аягы көрүнбөдү. Ал бүт дүйнөнү жок кылгысы келди. Мен эмне, чын эле, согушта эмес, ушинтип эч нерсе кылбай, эч бир ок чыгарбай өлүшүм керек беле? Менде граната бар болчу, бирок аны шукшурулган учакка ыргыта албайсың да. Мени коркунуч былчыйтты. Деги мендеги коркунучтун аягы барбы? Бомбалоо болсо коркунучтун улам жаңы: жийиркеничтүү, уятсыз, кудуретсиз жана күчтөнгөн толкундарын чыгарып жатты, мен аны токтото алган жокмун.

Мүнөттөр өтө берди, мен өлбөдүм, мен илээшме бир былжырга окшодум, адам болбой калдым, денем коркунучка толгон арзыбаган айбанга, макулукка айландым.

...Жымжырттык акырындык менен кайтып келатты. Өрт чартылдап, жалын жалбырттайт. Онтогон жарадарлар. Суу мунарасы кулады. Күйүк жыттанат, шамалсыз абада түтүн, чаң чөгүп жатты. Бүлүнбөгөн эле баягы асман бейкапар ачык ажары менен жаркырап турду. Чымчыктар чыйпылдашат. Жаратылыш өз ишине кайта баштады. Ал коркуу дегенди билбейт. Мен болсо көпкө чейин өзүмө келалбадым. Ындыным өчтү, өзүмдөн жийиркенип, ушунча, жеткен коркок экенимди эч качан ойлогон эмес экенмин.

Бул бомбалоо өз милдетин аткарды, мени дароо жоокерге айлантты. Албетте, башкаларды дагы. Үрөй учурган коркунуч денени бир нерсе кылды, башкача оңдоп салды. Андан кийинки жардырууларды кадыресе кабыл алдык. Таңкалычтуусу, бомбалоо натыйжасыз болорун билдим.

Алгач, алар адамдын психикасына таасир этет, а чындыгында, жоокерди өлтүрүү кыйын окшойт. Мени өлтүрүү оңой эместигине ишендим. Башкача айтканда, мага ок тийбейт экен. Бул өзгөчө жоокердик сезим, ал башпаанек тапканга, учуп келаткан минанын же снаряддын үнү аркылуу кай жерге түшөрүн аныктоого жардам берет, бул өлүмдү күтүү эмес, бул салгылашуу.

Каршылык көрсөтүү, ок атуу, душманды коркутуу аркылуу биз коркунучту жеңдик.

Согуштун алгачкы айларында немистин жоокерлери өзүнүн каскалары, жашыл шинелдери, пулемёт-автоматтары жана танктары менен жерде, учактары менен асманда үстөмдүк кылып жүрөк түшүрдү. Алар жеңилгис болуп көрүндү. Биздеги жалпы чегинүүлөр негизинен ушул себептен пайда болгон. Аларда курал-жарактын артыкчылыгы, такшалган жоокердин атак-даңкы болгон. Биз, элдик кошуундар, аянычтуу көрүндүк: чабандес кийген көк шым, өтүктүн ордуна — ботинке менен чулгоо. Шинель чак эмес, башыбызда пилотка...

Үч жума, бир ай өттү, баары өзгөрө баштады. Биздин снаряддар да, октор да душманды талкалаганын, жарадар болгон немистердин да кыйкырып, өлүп жаткандарын көрдүк. Акыры немистердин чегингенин көрдүк. Алгач чакан уруштарда артын карабай качкандар болду. Бул жаңылык эле. Туткунга түшкөндөрдөн билдик, көрсө, биз — элдик кошуундар чабендестердин шымын кийип алып душмандын үрөйүн учуруптурбуз. Элдик кошуундардин туруктуулугу, алардын кайраты Луга линиясындагы ылдам чабуулду токтотту. Немистердин бөлүктөрү бул жерге тыгылып калды. Жүрөк түшүргөн, алгачкы катуу соккулардан кийин пайда болгон көңүл чөгөттүк жоголду. Биз коркпой калдык.

Блокада учурунда аскердик тажрыйбалар теңелди. Биздин ачка, снаряддар менен начар камсыз болгон жоокерлерибиз жогорку рухтун күчү менен жакшы тамактанган, жакшы куралданган душманга 900 күн бою өз чегин бербей турду.

Өзүмдүн жеке тажрыйбам боюнча, менимче, коркуудан арылуу процесси бизде бардык жерде, башка фронттордо да болду. Согушта коркуу сөзсүз болот. Тажрыйбалуу жоокерди да жандап жүрөт, бирок ал эмнеден коркуш керектигин, учурга жараша өзүн кандай алып жүрүүнү билет, коркуу кайратты аларын да билет.

Жеке коркуу менен жамааттык коркууну айырмалаш керек. Акыркысы кутту качырат, дүрбөлөңгө түшүрөт. Буга, мисал, курчоодо калуу коркунучун алалык. Ал капилеттен пайда болот. Тылдан немистик автомат тытырап, «Курчоодобуз!» деп бирөө кыйкырса эле — жалпы качуу башталат. Курчоодон чыгуу үчүн артка безишкен, тылга чуркап, жол тандабай, чымын-куюн болуп жөнөшкөн. Туруштук берүүгө да, качкандарды кармоого да мүмкүн эмес эле. Массалык коркуудан мээ иштебей калат. Согуш маалында, нервдер чыңалып турган учурда бир эле кыйкырык, бир эле коркок жалпы дүрбөлөңгө салууга жетишет. Курчоодо калуу коркунучу согуштун алгачкы айларында пайда болгон. Кийин курчоодон чыгууну, жана жарып чыгууну үйрөндүк, курчоодон коркпой калдык.

Коркууга каршы дабаа, чынын айтсак, бул — күлкү. Корккондо адам күлбөйт. А эгер күлсө, анда коркпой калат, коркунуч күлкүгө чыдабайт, күлкү аны өлтүрөт, четке кагат, жок кылат, болбоду дегенде, убактылуу болсо да унутасың. Ушуга байланыштуу керемет жазуучу Михаил Зощенконун оозунан уккан бир окуяны мисал келтиргим келет.

Өлөрүнө аз калганда Жазуучулар үйүндө анын кечеси уюштурулат. Зощенко чоңдордун каарына калып, чыгармалары жарыяланбай, чыгып сүйлөөгө тыюу салынган. Кечени жашыруун пландашат. Буга чыгармачылык отчёт шылтоо болот. Эл чакан тизме боюнча чакырылат. Зощенко сүйүнөт. Акыркы убакта обочолонуп, эч жерде болбой, эч жакка чакырылбай калган — коркушчу.

Кече таасирдүү майрамдык маанайда өттү. Зощенко эмненин үстүндө иштеп жатканын айтты. Ал «Менин жашоомдогу таң калыштуу жүз окуя» аттуу аңгемелер жыйнагынын үстүндө иштеп жатыптыр, алардын айрымдарын бизге айтып берди. Окуган жок. Кол жазмасы жок окшойт. Мүмкүн, али жаза электир. Алардын бири биздин темабызга түздөн-түз байланыштуу. Мен аны, тилекке каршы, бир гана Михаил Зощенко билген керемет тилде эмес, өзүмдүн сөзүм менен айтууга туура келет.

Бул согуш убагында, Ленинград фронтунда болгон. Биздин чалгынчылар токой жолу менен баратышкан. Кеч күз болчу. Таман астында жалбырактар шуудурап, добуштарды угууну кыйындатат. Алар автоматтарын даяр абалда кармап көпкө басышат, балким, чарчашты. Жол кескин бурулган жерден немистер менен капилеттен бетме-бет жолугушат. Биздикиндей эле чакан чалгындоо тобу. Эки жак тең алдастап калышат. Буйрук берилбесе да немистер жолдун бир тарабындагы арыкка, биздикилер экинчи тараптагы арыкка секирип жашынат. Ал эми бир жаш немис жоокер далбастап, адашып, советтик жоокерлерге кошулуп жашынып калат. Анысын дароо байкаган жок. Качан гана ал жанында жаткан жоокердин маңдайындагы жылдызды көргөндө жүрөгү түшө айгайлап, арыктан ыргыйт, жолду бир эле зор секирик менен кесип өтүп, сары жалбырактарды сапырган бойдон аркы арыкка жашынат. Коркунуч ага ушунчалык күч бериптир, мүмкүн ал рекорддук секирик жасагандыр.

Муну көрүп биздин жоокерлер да, немистер да каткырышты. Арык ичинде, жолдун эки жээгинде отуруп алып, автоматтын ооздорун жогору каратып, байкуш жаш солдаттын үстүнөн ыкшып күлүп жатышты.

Ошондон кийин кантип атышасың? Күлкү аларды жөнөкөй адамдык сезим менен бириктирди. Немистер жылмайып арык менен бир тарапка, биздикилер экинчи тарапка сойлоп жөнөштү. Бири дагы ок атпай тарап кетишти.

Жайкы бакча

Бөлүнүшөр алдында үчөөбүз тең Петровский сарайынын артында, байыркы римдик жамбашы чоң бир сулуу кудай айымдын жанында жолугуштук. Ал биздин сүйүктүү жайыбыз болчу. Мында кыздарыбыз менен да кездешчибиз. Көлөкө салкын, Жайкы бакчанын чабылган чөптөрүндө нур жебелери ыкшоо жылып баратты.

Бен зениттик бөлүккө, Вадим жээк артиллериясына туш келди. Алар замбиректери менен мактанышты, экөө тең университетте окуп жүргөндө лейтенант наамына ээ болушкан, жапжаңы гимнастерканын жакаларында кызыл кубиктер жаркырап турду. Офицердик форма аларды өзгөртүптүр. Айрыкча Вадим: чыкыйына жылган фуражка, өзү айткандай, фуранка, анын ичке бели жылдыз тогоосу бар кур менен курчалган. Баары жылтырата тазаланган, тим эле жалтырайт. Бен кап кийип алгандай көрүндү, жарандык кийими эстен чыга элек окшойт, анын кейигени да жарандыкча эле, ал биздин жакындап калган ажырашуу кайгысын жеңе албай турду.

Мен аларга тең келе албадым: гимнастерка — эски, колдонулган, бутумда — мурда кийилген ботинке, чулгоо жана кереметтүүсү, кавелерия үлгүсүндөгү көк диагоналдуу галифе шымы. Ошентип, бизди, элдик кошуундарди кийинтишти. Көп жылдар өткөндөн кийин мен ошол күндүн эски, өңү өчкөн сүрөтүн таптым. Эң сонун фотосүрөтчү Валера Плотников ошол, акыркы жолугушуудагы караңгылыктан үчөөбүздү компьютердин жардамы менен дубалап Кудайдын жарыгына алып чыкканда гана мен өзүмдү ушундай кийимчен көрдүм. Ушул кебетем менен, ушул кийим менен мен фронтко кетиптирмин. Алар мени шылдыңдап күлгөнү эсимде жок, тескерисинче, ачууланышты: чындап эле, Вадим айткандай, ыктыярдуу деп атаган жоокерди, мени, түзүк кийиндире алышкан жокпу?!!

Алар кыжырдануу менен «Ленинградды көкүрөгүбүз менен коргойбуз!» деген бардык митингдерде кайталанган чакырыктарды цитата кылышты. Көрсө, бизде, төштөн башка эч нерсе жок экен да? Автоматтарга, танктарга каршы төшүбүз менен чыгабызбы? Акылсыз сөз айкашы, бирок, чулгоолорго караганда, биринчи кезекте — төш менен!

Ушул элдик кошуунга жазганына, чулгоо бергенине да ыраазымын, жалдыратып, араң дегенде бронумду алдырбадымбы.

— Башкача айтканда, пехота, катардагы жоокерсиң! Элдик кошуунга жалаң сабатсыз, каратаман караңгы батрактар, союл менен чабуулга чыккандар барат. Согуш — бул кесипкөйлөр үчүн, — деп Бен кызуулана сүйлөдү.

Алардын мен үчүн күйүп-бышкандарына жашып кеттим. Мен үчүн алар Фортунага жаккандар. Университет Вадимге чоң үмүт арткан. Теориялык физиканын корифейлеринин бири академик Фок өзү ишенген. Бул, Вадим Пушкарев улуу ачылыштарды жасайт деп айткан. Ал эми Бен математик катары өзгөчөлөнгөн, ага Лурье, атактуу илимпоз колдоо көрсөткөн. Ал илимдин доктору, а балким, мүчө-корреспондент болсо керек.

Мен алардын достугуна, катардагы инженер болсом да мени кабыл алышканына сыймыктанчумун... Алардын катарында торопойдой көрүнчүмүн, алар мага салыштырмалуу аристократтар эле. Менде каратамандык толтура. Бирок, алар да мени бир нерсем үчүн жакшы көрүшсө керек.

Вадим чөнтөгүнөн бир фляжка арак алып чыкты, «атамдыкы», — деп түшүндүрдү ал, Биринчи империалисттик согуштан калыптыр, кезектешип бирден ууртадык, сүрөткө түштүк. Бендин кичинекей «лейкасы» бар болчу. Өтүп бара жаткан бирөөдөн сурандык. Объективдин жылтыраган кареги бизге тигилди, капыстан ошол тешиктен муздак илеп ургансыды, саамга мунарык ачылып, ар бирибизди белгисиз келечек шыкаалады. Вадим олуттуу боло түштү, а Бен бизди кучактап, душманды опоңой эле жеңебиз деп ишендирди, «күтпөгөн фактор» өтүп кетсе эле, биз аларды күчтүү сокку менен жайлайбыз, анткени —

...тайгадан британ деңизине дейре

Кызыл Армия

баарынан

күчтүү!

Биз ажыраштык, бирок, көпкө эмес деген ишенимде. Биз баары бир аларды талкалайбыз дедик.

Бирок, бат эле көңүлүбүз калды, ал үмүтсүздүккө айланды, үмүтсүздүк — аргасыздыкка, аргасыздык — кыжырга, немистерге да, биздин аскер башчыларга да болгон кыжырга айланды, бирок, көңүлдүн түпкүрүндө, тереңинде сакталган, түнөргөн, сурданган ачуулуу ишеним бар эле.

Биз негизги аллея менен келаттык, байыркы Рим кудайлары бизди карап калышты, алар үчүн мунун баары баштан өткөн, бир кездерде болгон — согуш, империянын кулашы, кара тумоо, кыйроо.

Ноябрда мен Карель фронтунан Бенден кат алдым, ал зениттик батареяны башкарат экен, эң акыркы саптарда гана, кыязы, батына албады окшойт, Ораниенбаумдун алдында Вадимдин өлүмү тууралуу жазыптыр, чоо-жайы белгисиз, университеттик бир полктогу жоокерлер аркылуу угуптур. «Бирок мен ишенбейм», — деп сөзүн аяктады Бен. Ал кезде өлүмгө көнүп калган элем, бирок буга мен да ишенбедим. Согуш бүткүчө ишенген жокмун, азыр да ишенбейм.

Ошол жекшембиде

Кызык, мен бул таңкалычтуулук тууралуу эч качан ойлогон эмесмин, мен муну кокустан болгон төп келүү деп эсептейм, башкача айталбайм. Менин сүйүүм 1941-жылдын июнь айында тутанып, белгисиз тагдырдын чечими менен 22-июнда жалындады, ошол жекшемби күнү эртең менен Дудерхофко барып токойдо сейилдеп жүрүп, өзүбүзгө жаккан ээн жерди тандап жашындык. Менин ниетим, кийинчерээк мойнума алдым, эң жийиркеничтүү болчу. Ошол жалындаган жаш жылдары аял берчүсүн берсе ала берчимин. Алар өздөрү бул сөздөрдү көп колдонушат — «каалайм», «берем», «бербейм», «каалаганга берем». Ушул убакка чейин бир топ аялдар менен болдум. Ким, кыздыгынан ажыратканын сурабайм, мен «ачылгандарын» колдондум, аздыр-көптүр тажрыйбалуу болчу алар.

Бул жерде башкача болду. Такыр башкача. Мен анын кыз экенин сездим. Чынында, бул мага жаккандан мурда чочутту. Ал убакта адеп-ахлак эрежелери бейкалыс деп эсептелчү эмес. Кийинчерээк белгилүү болгондой, ага караганда мени коркуу көбүрөөк тынчымды алыптыр.

Ошол күн көк-жашыл болуп, гүлдөгөн сирень жайнайт, келе жаткан аптаптын илеби, күн менен түн теңелгендеги жыпар жыт аңкыйт, уйку качырган ак түндөр, кайнаган кан. Биздин мамиле тереңдеп, чечүүчү чекке жакындады. Өтүү же баш тартуу калды. Муну мен да, ал да каалаган эмес. Ал менин ниетимди билчү, мен да анын болжолдоп жатканын билдим, ушундан улам өзүбүзчө көпкө күлдүк. Күлүп, башын артка таштады, кара чачтарын булгалап: «О, суу!» — деп кыйкырды кыз. Анын аппак тиштери жагымдуу жаркылдайт. Күлкүдөн ыракаттануу акылымды курчутту. Мен аны кайра-кайра жеңгим келди. Экөөбүздүн роман үч айга созулду, мага аздык кылды. Анын жигиттеринин арасында кадыр-барктуу байкелер да бар эле. Бир чоңу кызды ресторанга алып барып, икра менен сыйлачу, ал мактанып, мени чычалатып айтып берчү. Борбордук лабораторияда бир улук кызматкери бар эле, албетте, таланттуу, келбеттүү имиш. Бир шылтоо таап, оппонентти көрүү үчүн лабораториясына кирдим. Чынында эле менден бойлуу, тармал чач, боорукер жылмайган жакшы адам экен. Римма аша чаап айтпаптыр, калп айтканды билчү эмес, чынчылдыгы менен мени элжиретээр эле.

Заводдун китепканасынан мен америкалык электротехника жөнүндө журналын алып, түстүү мукабасы жана баш макаласы көрүнүп тургудай кылып курткамдын чөнтөгүнө салдым. Менин да шурум-бурум эмес экенимди көрсүн да. Ал эми Дудерхофто көзүнө көрүндүм — кең арыктан секирип, рекорд койдум. Кандайдыр бир эптүүлүк, күч пайда болуп, байыркы инстинкт иштеп, адамга жаратылыш берген сапаттар кайрылып келет, чымчыктар серенаданы талыкпай ырдашат, өз башын аябастан тоңкулдак тоңкулдатып, сүйүү чакырыктарын каккылайт, ургаачыны гана эмес, жаз жандуулардын баарын күчкө толтурат, эркек да өзүн көрсөтөт, ырастайт, жогору көтөрөт.

Жаратылыш менен бактылуу болобуз. Биз бир канданбыз, биз да ырдаганды, чөпкө оонаганды жактырабыз, күрөшкө даярбыз.

Биздин алдыбызда токой архитектору тарабынан атайын салынгандай жапжашыл алачык сымал пайда болду. Жаттык, тийишүү оюну башталды, өбүшүү, кайрадан тийишүү. Анын аппак тиштери, таза деми мага ширелерге толгон табияттын бир бөлүгү болуп көрүндү, мен бүгүн ушул жаш, тунук жалбырактарды өөп жаткандай сездим.

Анан мен өзүмө көп суроо берчүмүн: эмне үчүн башка эриндер, башка денелер, алар да сулуу, жаш, бирок мындай дене ыракатынаа жеткирген эмес?

Үстүбүздөгү липа күндүн нурун жашыл торуна кармады, бүгүнкү күн жылуулукту, бакытты убада кылды. Күтүлбөгөн жерден үндөр угулду, катуу, орой, башкалар да аларга жооп беришти, солдон, оңдон, тез жакындап келатты.

Ордумдан туруп, аскерлердин пилоткачан баштарын көрдүм. Алар тизилип басып, илгерилеп, токтоп, кээ бир жерге белгилерди казышты. Биздин жаныбызга бир чарчы топчусу бар кенже лейтенант келди:

— Кеткиле, бул жерде турганга болбойт.

— Эмне болду? — деп сурадым.

— Согуш, — деп ал кыска айтты да, бир жакка чуркап кетти.

Бизди кубалоо үчүн башка акылдуу сөз табылбаса керек. Айлана да ишенбей, чымчыктардын сайроосу менен ырдай берди.

Биз чуркап, күлүп, кол кармашып келаттык, Римма ого бетер кумарлуу көрүндү.

Биз кеч киргенде кайтып келаттык. Поезд ичи толтура. Эптеп тамбурда турдук бири-бирибизге жабышып, ошого жыргап. Айланада согуш, жардыруу жөнүндө сөз болуп жатты. Ким менен согушту — немистер мененби? Мен таң калдым, ишенбедим, бирок анын чын экенин түшүндүм. Бул чындык эмнени билдирет, мен түшүнгөн жокмун, бирок жалпы кабатыр болуу толкуну акыры бизге да жетти.

Биздин роман кандай өөрчүмөк, белгисиз, мурда болуп жүргөн сыяктуу мендеги жаштык жаңы-жаңы сүйүүлөрдү эңсемек, балким, бул болсо бат эле түгөнүп ­калмак.

Вокзалдан мен заводго бардым. Уккандарды тактап-аныктап, ишенбеген сөздөргө ишенип ынануу керек эле.

Заводдо элдик кошуунга жазылуу башталыптыр. Парткомдун жана комсомол комитетинин эшигинин алдында кезек күткөндөр пайда болду. Мен да жазылууну чечтим: кандайча, согуш — менсиз башталабы?

Бул жерде эмне көбүрөөк болгонун түшүнүү кыйын — мактануу, атуулчулук, авантюристтик? Мен согушту олуттуу кабыл алган жокмун. Германияны кыдырып, нацисттерге сабак берүү үчүн бактылуу мүмкүнчүлүк пайда болду. Менин авантюристтик оюм кызык, күтүүсүздөн таң калычтуу формага айланды. Бир жолу Юрий Олешанын Ленинградга келгенин угуп, «Европейская» мейманканасына көргөнү бардым. Эмнеге, себеби — жаңы эле анын «Көрө албастык» романын окуп, суктанып, ага өз оюмду айтууну чечтим. Досум Костяны көндүрдүм, ошентип эки студент Юрий Карловичке барып, бөлмөсүн каккылап турду. Эч кандай гүл, белекке торт, жада калса себептүү шылтоо камдап албаппыз. Олеша аялы менен чай ичип отурган экен. Же балким — шарап, мен түшүнгөн жокмун. Босогодон окурмандык кубанычты жар салдык. Тепкичте туруп бир аз чечендигимди көрсөттүм. Юрий Олеша унчукпай карап тыңшап турду, андан ары эмне болорун күттү, бизди паузадан кантип чыгат деп ойлоду окшойт. Кудай жалгап, аялы «балдарды» үйгө чакыр деп кыйкырды.

Андан кийин эмне болгону эсимде жок: үй ээси анын сценарийи боюнча тартылуучу тасма тууралуу бирдемелерди айтып, кайда окуурубузду өтө кызыкпай эле сурады. Кийин цитата кыла тургандай эч нерсе айткан жок. Бул сапар пайдасыз болду деп эсептесе болот. Бирок, ошентсе да, Юрий Олеша тирүү адам болуп калды, мен анын китептерин өтө мээримдүүлүк менен кайра окуп чыктым — бул кыска бойлуу, олдоксон адам, чебердик менен сөздөрдү айкалыштырып, башкалардын китептерин окуганды жакшы билет экен.

Мени элдик кошуунга алышкан жок, танктардын башкы конструктору Ж. Я. Котинде СКБнын инженери катары тизмеде элем. Парткомго, дирекцияга, комсомол комитетине арыздандым. Даттана турган жерлер көп. Бир жумадан кийин «бронду» алып салууга жетиштим. Элдик кошуундун Биринчи дивизиясына окууга кирдим. Мен бактылуу элем. Эмнеге?.. Сүйүү мени сактап калат эле, роман жаңы эле тутанган, жаңы танктын үстүнөн иштөө атуулдук сезимди каалагандай канааттандырмак.

Согуштун үчүнчү айында мен өзүмдүн чечимимди, өжөрлүгүмдү, бекер эле убара тартканымды түшүнбөй калдым.

Ырас, жакшылап карасаң, менин досторумдун дээрлик бардыгы аскерге кетти — Вадим, Бен, Илья, Леня. Бирок, алар мобилизация болушту. Костя мага окшоп өзүнүн радио институтунда бронь менен олтурат, ал аны кош колдоп кармап алган.

— Мен өлкөнү төшүм менен коргобойм,— деди ал.

— Бул сөзмө сөз эмес, каймана мааниде айтылды да.

— Сага мылтык бериштиби? Берген жокпу? Мына! Эмне менен согушасың?

Мени эч нерсе токтото алган жок, мен Римманын алдына мурда кийилген гимнастеркачан, көк диагоналдык галифе шымчан, чулгоо оролгон оор ботинкелер менен чыктым, күлкүлүү көрүндүм, бирок өзүмдү гусарь, чабандестей сездим. Эгерде тапанча курумда болсо, бирок алар жөнөөрдө противогаз жана өрттөй турган бөтөлкө беришти.

Мен үчүн негизги табышмак, эмне үчүн кыз мени башкалардан артык көрдү. Жаңы бүткөн инженер, кедей үй-бүлөдөн чыккан, атасы Сибирде, сырткы келбети — анча эмес, ырдабайт, эч нерседе ойнобойт, спортчу эмес, суроо туулат — мунун сыры эмнеде? Сүйүүнүн сырын түшүндүрүү кыйын.

Анын кыз болгондугу анын сүйүүсүнүн далили болчу, ал деген көп нерсени билдирет. Ал эмес, эркектердин да кыздыгы теңдешсиз тазалык сезим жаратат, кандай болгон күндө да ошол түн эсимде. Кыйчылдаган керебеттен жерге көчтүк, кошуна бөлмөдө апам менен эжем уктап жатышкан; каргышка калган угулуу айбандардай болуп сүйүнүүнү, кыйкырууну, өкүрүүнү, өзүңдү тыюуну, сүйүүгө берилүүнү кыйындатты. Бирок, баары бир, өзүңдү кармоо жагымдуу болду, түнкү асманда прожекторлордун кооптуу издөөсү, жана ачык терезеден шамал урганы. Сүйүүнүн башталышы, бутак сымал жылдыздарга, чексиздикке тик көтөрүлдү, дайыма ушундай боло тургандай сезилди.

Фронтко жөнөтүлөр алдындагы шаардагы акыркы жумалар, дивизиянын түзүлүшү, Шереметьев паркындагы машыгуулар, тамак-аш карталары, бомбалоолор — баары жандап, тийбестен, эч кандай жолтоосуз, тоскоолсуз биздин мамилебизди күчтөнтүп өтүп жатты.

Тажрыйбасыздык бардык жерде — согушта, сүйүүдө, тамак-аш карталарында болду. Эч ким азык-түлүк камдап алган жок, эвакуациялоо тууралуу эч ким ойлогон жок. Бирок биз булуттарга учпай, ЗАГСка бардык. Мен сунуштадым. Кол менен жүрөктү эмес, каттоону сунуштадым. Жөнөкөй турмуштук таза сунуш киргиздим. Бул 1941-жылдын сентябры эле, согуштун үчүнчү айы, немистер Пушкинге жакындап калышкан. Мен бул никенин келечеги жок экенин билчүмүн, жана менде да жок эле, ошол учурда Германияны жеңүү оңой эмес экенине, жана бул согушта жөө аскердин аман калбасына ынандым. Ошол биринчи жылы бир жоокер орто эсеп менен төрт күн фронтто жашады. Римма жаш жоокерге болгон биринчи сүйүүсүн, жок дегенде эстейт, кээде үшкүрүнүп, ушул сыяктуу таттуу лирикалар ойго келет.

Мен анын күбөлүгү үчүн болбогон тыйын жөнөткөнүмө ыраазымын, аз да болсо.

Чайковскийдеги ЗАГС жабык экен, алар бомбадан баш калкалоочу жайга кетиптир. Владимирскийдеги ЗАГСка снаряд тийиптир. Стачек аянтына бардык. ЗАГСтан ЗАГСка барып, эки жолу, үч жолу катталып, тепкичтерде кечке күтүп отурууга биз даярбыз... Акыры жолубуз болду, анын паспортуна мөөр басылды, менин жоокердик китепчеме мөөр коюлбайт экен.

Шаарда гүл жок эле. Невскийде «Норд» кафесинде бизге повидлосу бар пирожки, кофе жана эки стакан кызыл шарапты көп акчага беришти. Официант кыз биздин үйлөнүү үлпөтүн белгилеп отурганыбызды билип, эки эклер алып келди. Римма, анын бактысы, анын көздөрү, анын күлкүсү бош столду толтуруп салды. Аны карап коюу жетиштүү болду. Аял үчүн үйлөнүү үлпөтүнүн мааниси чоң. Мен ага жөн гана суктандым, тамашаладым, куймак, пирог жасаганды үйрөнүшүн талап кылдым.

Биз биргелешкен жашоо үчүн эч кандай план курган жокпуз, мен фронтко, ал заводго кайтып барат. Күн жылуу эле, жайкы көгүлтүр көйнөк, төшү аябай ачык, күнгө күйгөн көкүрөктө кичинекей алтын медальон жатат. Дагы — мойнунда кочкул-көк жибек жоолук же шарф. Күтүлбөгөн жерден түшүндүм, атам менен апамдан башка мени ушул кыз эстейт, ал аркылуу мен бул дүйнөдө бир канча убакытка чейин калам. Ал күтөт, мен фронтто жүрүп сагынам.