Карыштырган кылым колунда...

* * *

Карыштырган кылым колунда
Кайышпаган мендей жанды көр:
Сальеринин барам жолунда
Башкалардай болбой кайдыгер.

Кыялымда ак жип ородум
Гүлчамбарга эбак жоголгон.
Элес-булас эстеп коёмун:
Күнөөсү жок нота тонолгон.

Ай-талаага алар чачылган,
Жапан аары табат гүлдөрдөн.
Кечте чыксаң, көңүл ачылган
Сыйкырдуу бир укмуш күүлөрдөн!

Уу-дуу түшкөн кичи бекетте
Уят сөздөр чыгат тартынбай.
Мен үңүлөм көөнө китепке,
Жашаганга жанды карч урбай.

Жашка толуп таңда кареги,
Мага келип ыраак талаадан,
Коюу сыра ичет Сальери
Бүкүрөйүп сыраканадан.