Өзөндүн музу өзгөрмө. Коркунуч уюйт тиземе...
* * *
Өзөндүн музу өзгөрмө. Коркунуч уюйт тиземе.
Жасалма бакыт кез келбе, жетелеп жарга түз эле.
Бул кандай? Карап телмирдим алмашкан заман эргүүсүн.
Билбеймин: эми мен киммин, жашаймын деги эмне үчүн?
Караят дароо асманың, каз-өрдөк көлгө айланбай.
Көркөмдүү кино тасманын өзөгүн кыркып салгандай.
Машине жолго батпаса, кандектер үрсө дөбөтчө,
Башталып таңың башкача, күнүң да өтөт бөлөкчө.
Жан барбы буга түткөндөй, кетпейсиң кантип куюндап?
Артыңан куугун түшкөндөй бак-дарак турат шуулдап.
Кас душман каптап камыштай, атыңды бөрү жээринде...
Ачылат көзүң чайыттай тик жарлуу Волга жээгинде.
Кудай-ай! Бийик асканын көк музун дайра көзөдү...
Ал анан? Кино тасманын кыркылып калган өзөгү.