Квартира толо конок...
* * *
Квартира толо конок.
Апам буурчак көйнөкчөн.
Чоңдорду эки бөлсөк болот:
жакшы, жаман өрнөкчөн.
Рюмкалар шыңгыр этип,
папиросту жандырмай.
Нью-Йоркко бирөө кетип,
дөңгөлөктүн алдында
бирөө калып, күүгүм кирет,
бүтөт тосттор, тамаша.
Мунусунда рак жүрөт,
бирөө эстен адашат.
Жарык өчөт бул бөлмөдө.
Элдин жүзү көрүнбөйт.
Отуз мындай жыл өңгөгө
коштошууну төгүндөйт.
Коштошууда дагы деле,
болуп бүкүр, кашка баш,
каалгабызды кагып эле
койчу, күтөт башка жаш.





