Жашоо айлампасы

Балалык акылмандыкты кыялданат, Акылмандык чындыкка далбастайт. чындык бакытка кусаланат, Бакыт кыялга жан таштайт. Кыялдар үмүткө умтулат, Үмүт ишенимге тартылат. Ишеним абийирди чакырат, Абийир сүйүүгө артылат. Сүйүү эрдикти талап кылат, Эрдик издейт назик аялдыкты. Назиктик энеликти самап турат, Энелик ырдайт балалыкты.