Эчкилер жана Шекспир

Чегемде тооктор тооккана деген эмне экенин билбей, түнкүсүн бактардын шактарына түнөшкөн мезгил эсимден чыга элек. Бактарды, менимче, короз тандаса керек эле, ал бардык тооктор бактарга учуп чыкканга чейин бактын жанында турчу. Албетте, бир үйдүн тооктору дайыма бир гана бакка конушчу. Алар шакта отуруп алып эле тууй беришчү.

Муну айтып атканым, чегемдиктердин тооктору шакта отуруп алып эле тууп, ал эми чегемдик аялдар тооктор тууган жумуртка сынып калбас үчүн дарактын астына чуркап келишип, шейшепти керип кармап турушат экен деп чегемдиктерди көрө албастар кеп салышчу.

Ал мезгилде тооктун уялары болбоптур. Тооктор жумурткаларын адамдар жей баштаганын байкашып, өз тукумдарын улантыш үчүн үйлөргө жакын жердеги бадалдардын арасына тууй башташыптыр.

Үйдүн кожейкеси кечинде үйдүн айланасындагы бадал-куурайларды эки жакка жапырып карап, ак козу карындардай кылып жумуртканы этегине чогултчу. Бизде дегеле эч ким козу карын тербейт. Ал жерде жумурткалар жайнап жатса ким козу карын термек эле. Козу карын терүү — көптөгөн элдердин тамактын тартыштыгынан өнөкөт ач өзөк болууларынын келип чыккан.

...Он эки жашымда мен Чегемде эчки кайтардым жана Шекспирди окудум. Башталышы жакшы эле болгонсуду. Мен турмушту ар тараптуу түшүнө баштадым.

Мага бекеринен эчкини беришкен жок. Туугандарым мени жатып ичер болуп калбаса экен деп чочулашып, мага эчки кайтартып коюшту.

Бир күнү шаарда окуган аталаш эжемдин үйүнөн кокусунан эле Шекспирдин килейген китебин таап алдым. Жай бою аны окудум, кайра дагы окуп чыктым. Жай дагы Шекспирдин тому сыяктуу эле узакка созулду.

— Китеби өзүнөн чоң, — деп чегемдиктер мени ушул китебим менен көргөндө тамашалап калышчу.

Бул алардын китеп окуганга каршы эмес, китептин салмагы менен менин салмагымды салыштырып айткандары болучу. Алар жаныбарларга жүк артып көнүп алышкандыктан, тең салмактын бузулганын дароо эле байкап коюшчу.

— Жайытка жеткенге чейин китепти жонуңа жип менен таңып алсаң жакшы болот. Ал сени артка тартат. Болбосо тик жолдо оңкоңон кетишиң мүмкүн, — деп айрымдары мени токтотуп алып акыл айтышчу. — Китептин мукабасы калың экен, ал эчтеке болбойт. Сен катуу жыгылсаң, биз уят болобуз. Баланы карап коюшса болмок деп айтышпайбы!

— Антип ким айтмак эле? — деп алгачкы учурда кайра өздөрүнөн сурап жүрдүм, чегемдиктер айткандай, аңкоолугумдан адепсиздигимди көрсөтүп.

— Антпей жүр, чегемдиктердин достон душманы көп экенин билбейсиң! Эми сага эс кире баштабадыбы! — деп мени жемелеп коюшчу.

Кээде капысынан эле китепти жакшы көргөндөр да болуп калчу. Алардын бири Шекспирдин томун барактап көрүп минтип айтты:

— Китебиңди кароосуз калтырып сенин бакка чыгып кеткениңди көрүп калдым. Бул жакшы эмес. Эчкилер аны кемирип жебесе да, булгап салышы мүмкүн. Ал эми чычкандар, чынында эле кемирип жеп салат.

Мен ал кезде ырбыйып өтө эле арык элем, боюм пастек болучу. Ошондуктан чегемдиктер бир күнү китебин көтөрө албай жыгылып калат деп коркушчу. Бирок мен алардын сөзүнө такыр таарынчу эмесмин. Ал мезгилде мен келечекте жазуучу болорум жөнүндө кыялданчу деле эмесмин, бирок, эмнегедир, китеп качандыр бир кезде кереги тиерин билчүмүн.

Ошондой болсо да мен ал кезде сөздөрдүн келип чыгышы жөнүндө ойлонуп жүрчүмүн. Дал ушул учурда мен айва деген сөздүн кайдан алынганын таап алдым.

...Тээ илгери бир орус кыз менен кавказдык жигит биздин чытырман токойду аралап, сейилдеп жүрүшүптүр. Алар капысынан шагын ийип самсаалаган мөмөсү бар белгисиз даракты көрүп калышат.

— Ай! — деп кыйкырып жиберет орус кыз.

— Ва! — деп таң калат кавказдык жигит.

Ошентип белгисиз мөмө айва аталып калыптыр. Орус кыз биздин чытырман токойго кайдан келип калганы, алар ошондо айваны жешкенби же жешкен эмеспи, мени такыр кызыктырбаптыр.

Мен Шекспирди окудум. Баронет сэр Джон Фальстаф жана королдун маскарапоздору менин сүйүктүү каармандарым болуп калды. Бир маскарапоз ага тыйын берген сарай кызматкерине минтип айтыптыр:

— Таксыр, эгер айкөл болсоңор, эч качан эки жүздүү болбойсуңар!

Ушул сөз адамга жеткиликтүү айтылган өтө курч сөздөй сезилди мага. Ушул тамаша сөздү эч кандай түшүндүрмөсүз менин мектепте бирге окуган жолдошторум түшүнө алышар бекен деген ой келди. Юморго түшүндүрмө берилгенде, ал юмор болбой каларын билчүмүн.

Мен маскарапоздордун тамашасына каткырдым жана башымды көтөрүп эчкилердин арамзалыгына күлдүм. Мен эчкилерди жайытка айдап жиберип, Шекспирдин томун колума кармаган боюнча бир бадалдын түбүнө отурчумун, алар мени улам-улам карашып, мен китепке алаксып кетсем эле, жакын жердеги жүгөрү талаасына киргенге даяр турушчу. Аларды эч кандай тосмо токтото албайт эле.

Кээде мен Шекспир менен баарлашып жатканымды билдирүү үчүн Фальстафтын кыйла күлкүлүү монологун кыйкырып окучумун. Үнүмдүн күчү менен аларга кубанычымды билдирүүгө аракеттенчүмүн.

Жайыт дөбөнүн этегинде болчу. Дөбөнүн чокусунда тамеки сарай бар эле. Ал жерде аялдар тамеки жалбырактарын жипке тизишчү. Менин үнүм аларга чейин жетүүчү.

— Ша, — деп башын көтөрчү алардын бири, — бул жанагы китептен да кичинекей неме кыйкырып жатса керек.

Кээде алардын эң эле бабырагы чыдабай кетип, бирок сарайдан сыртка чыккандан жалкоолонуп:

— Эй, сен ал жерде ким менен кыйкырышып, каткырып жатасың?! — деп мага кыйкырчу.

— Эчкилер менен! — деп кыйкырчумун ага жооп кылып. Алар кубанып калышчу, анткени ошентип аңкоолонуп койсоң алардын көңүлдөрү көтөрүлүп калат. Менин жообумдан кийин аялдар менин апенди чалыш байкемдин таң калыштуу жоруктары жөнүндө узак, кызыктуу аңгемеге кирип кетишерин кийинчерээк мага айтып беришти.

Менин апенди чалыш байкемдин таң калыштуу жоруктарын жакшылап талдашса да, алар мен жөнүндө айтышчу эмес. Чегемдиктердин өтө сыпаалыгы мына ушунда эле. Ушундай сүйлөшүүлөрүндө кызууланып кетишип жөнү жок орунсуз сөздөрдү да сүйлөп коюшчу, ошентсе да байкемдин таң калыштуу жоруктары туулгандан тартып эле башталган.

Бул айтылгандар байкемдин жашоо-турмушу кийин тынч, карылыгы бакубат болот дегенди билдирбейт. Анын кыял-жоругу башы менен кошо жатат. Ошондой болсо да мен өзүмдүн байкемден качып, бирок жер шарынын экинчи тарабынан ага жакындап келаткандай сезимде боло берем.

Ошентип менен эчкилериме Фальстафтын монологун окуп бердим. Көп эчкилер баштарын көтөрүп мени карашты жана угушту. Атүгүл, күлкүлүү жерлеринде бышкырып жибергендей да болушту, бирок алар тек гана эчки катары бышкырышы да мүмкүн эмеспи. Ошентип, өзүңөр байкагандай, болуп жаткан окуяларга ар дайым байкоо жүргүзүп турам.

Бирок, албетте, көп учурда мен окуганга берилип кетип, бул дүйнөдө бар экенимди да унутуп калганда эчкилер тосмодон секирип киришип, жүгөрүнүн жалбырактарын жеп, сабактарын мүлжүп жиберишет, атүгүл, маш буурчакты да майкаңдашат. Чегемде маш буурчакты көбүнчө жүгөрүнүн жанына айдашат, анткени маш буурчак жүгөрүнүн сабагына чырмалып өсөт. Чегемде канча төө буурчак айдасаң да, астына тирөөч коё албайсың.

Эсиме келер замат эчкилердин артынан чуркайм, тепсегендерин токтотуш үчүн:

— Чек! Чек! — деп катуу кыйкырам. Бул эчкинин тилинде: «кач! Артка кайт!» дегенди билдирет.

Менин үнүмдү уккан сайын эчкилер тепсегенди токтотмок турсун, ары-бери жойлошуп, жүгөрү сабактарын үзүп-жулкуп, ыпылдатып тез-тез чайнап күчөп кетишчү. Буларда деле коруган жерден айдап чыгууда, тезирээк жеп калайын деген сезим болот окшойт.

Анысы аз келгенсип, айрымдары толук жеп бүтпөгөн жүгөрү сабагын оозуна тиштеп алып, жалбырактарды жапырып, тосмодон секирип жайытка чуркап чыгышчу да, жүгөрү сабактарын шашпай аймалай беришчү. Ал эми төө буурчактын сабагына оролуп калгандар, ушул тордон кутулуш үчүн тосмодон секирип, аны кемирип-мүлжүп майкаңдап жиберишчү.

Бригадир алыс жактан эле менин үнүмдү угуп, эмне болгонун түшүнүп, өкүргөн-бакырган боюнча жетип келчү.

— Дагы майкандадыңбы?! — деп күркүрөчү ал. — Сени экинчи китеп окугус кылбасам элеби? Ушул китебиңди отко жагып, эчкиңдин бирин куйкалап шишкебек кылып жейм го бир күнү. Эк, атаңдын оозун урайын!

Бул айтканын кылат деп ойлоп, эчкимди айдап жөнөчүмүн да, бардык коркунучтар өтүп кеткенден кийин кайрадан Шекспирди окуганга киришчүмүн.

Эчкилердин арасында үч кой бар болчу. Алар жерден башын албастан оттой эле беришчү. Кээде гана эчкилер менен жөөлөшө кеткенде, эчкилер аларды сүзгүлөп кууп чыгышчу. Дегеле, койлор тийбесе деле эчкилер аларды бөлөксүнтүп сүзгүлөй беришчү.

Алар койлорду жек көрүшчү. Койлор жүгөрү талаасына киришчү эмес, тосмодон өтүүгө аракеттенишчү да эмес. Мына ушул себептен эчкилер койлорду жек көрүшчү.

Эчкилер койлордон айырмаланып, жайытта жүргөндө тез-тез эле баш көтөрүп, эки жакты карай беришет. Ары-бери шудуңдап чуркап, тоо-ташты аралап, атүгүл аскага да чыгып кетишет. Таштын үстүнө туруп алып маймаңдап кепшеп, эки жакты караганды жакшы көрүшөт.

Кыязы, алар эмне кылууну ойлоно алышат өңдөнөт. Ойлонгондо да аны дароо жасоого аракеттенет. Аскада туруп мисте бадалынын жалбырагын жалмап жаткан эчкини көрсө, аскадан дароо секирип түшүп, ошол жалбыракты татканыш үчүн текиреңдеп чуркап жөнөйт. Ал жерге жетип барып мисте жалбырагын аймай баштайт.

Бүлдүркөндүн шагын аймалап жаткан эчкинин бири ошол эчкилер жайылып өткөн жердеги караган-шакка камалып чыга албай калса, эчкилер жакын эле жерде жайылып жүргөнүн билбей туш тарапка урунуп-беринип, тынчы кетип маарап, туюкка кептелип калганын билдиргенге аракеттене баштайт. Менимче, чөп жеген жаныбарлар чогуу жүргөн короолоштору кайда кеткенин билгенге акылдары жетпейт окшойт.

Дагы бир кызыгы — ал маараса да, аны уккан башка эчкилер маарашпайт. Кыязы, бөлүнүп калган жазаң ушул болот дешет окшойт. Анан аябай тынчы кетип, чебеленип үстөккө-босток маарай бергенде гана эчкилердин бирөө аны карап көңүлкош гана маарап коёт.

Бул учурда эчкилердин биринин мойнунан шыңгыраган жылаажындын дабышын угуу да кызык. Бирок, камалып калган эчки, бул музыкалык добушка көңүл буруп да койбойт. Анткени ар кандай өлчөмдөгү жылаажындар башка жаныбарлардын — уйлардын, буйволдордун, эшектердин мойнунда да болуп, эчкилер ага эчак көнүп алышкан эле.

Дал ушул учурда башка эчкилер бейиштин төрүндө жүргөнсүп, камалып калган эчки абдан айласы кетчү. Эчкилерден дайын жок, ушул учурда дагы бир адашкан эчки анын маараганына жооп кылып маарап жиберет.

Алардын экөө тең жайылып жүргөн эчкилердин бири маарап жаткан экен деп ойлоп, жолугуша албай урунуп-беринишип айлалары кете баштайт.

Мындай учурларда ал эчкининин жайылып жүргөн эчкилерге карай барганга күчү жетпей калат. Башка эчкинин үнү чыккан жакка тикенектердин арасынан, чатышкан чытырмандын арасынан жол издеп жулуна берет. Үндөрү кыркырап чыкпай калса да, маарагандарын токтотпой бири-бирине карай жулуна беришет.

Эчкилердин үндөрү бул ааламда жалгыз калгандай, бири-бирине жетсе эч качан бөлүнгүстөй сезилет. Ошентип атып адашкандар акыры табышат. Бир азга жайлана түшүшөт, бирок бирин-бири карап да койбойт.

Тобуна кошулуш үчүн бардык күчү менен аракеттенип, эчкинин үнү чыккан жакка тикенек сайгылаганына карабай жулунуп жаткан эчки эчтеке болбогонсуп бүлдүркөндү аймалап жей баштайт.

Алар бирин-бири карап да койбостон оттоп жүрүшкөн. Алардын жанында бардык эчкилер жайылып жүрөт деп ойлошкон. Ал экөөнү тең эчкилерден бөлүп кайдадыр бир жакка айдап жибериш болчу. Эчкилер жалгыздыкты жаман көрүшөт, баары толук болгондо гана бейкапар оттой беришет.

...Күн бою гүлдөгөн жашыл майсаңда жаттым. Асманда көзгө көрүнбөгөн торгойлор тынымсыз сайрап жатышты. Асман — алгачкы музыканын булагы.

Тармал койлор тармал бедеде жайылып жүрүштү, алар Дарвиндин мыйзамы боюнча тармал болуп жаралышкан.

Бал аарылар эби-сыны жок суучулдардай болуп гүлдөргө конуп жатышты.

Чөптөн чөпкө секирген чегирткелер.

Гүлдөрдүн үстүндө калдалаңдап учкан көпөлөктөр.

Кандайдыр бир ири, мага тааныш эмес аарыдай болгон канаттуу ызылдаган боюнча гүлгө учуп келди, бирок ага конгон жок. Улам-улам ызылдаган боюнча келип, гүлдүн үстүндө абада асылган боюнча дирилдеп туруп калып атты, мен аны гүлгө консо жакшылап карайын деп аябай күттүм. Бирок ал өтө ызылдаган бойдон гүлдүн үстүндө турду да, бул гүлдө керектүү нектар жок экенин билдиби, башка гүлгө учуп кетти. Кайрадан анын үстүндө ызылдаган боюнча дирилдеп турду да, кайрадан эле башка гүлгө учуп кетти.

Бирок анын кайсы бир гүлгө конгонун бир да жолу көргөн жокмун. Анын гүлдөн гүлдү тандай бергени мени абдан таң калтырды. Мен ага абдан кызыгып калдым. Анын тынымсыз эле ызылдай бергени да таң калтырды. Ушинтип эле жүрө берсе ал эмне жейт? Ал акыры деги кайсы гүлдү тандайт?

Бир күнү кечке жуук ал мага жакын жердеги гүлдүн үстүндө ызылдаган бойдон дирилдеп турганын көрдүм. Капысынан эле гүлгө конбостон туруп, ичке узун ийнеси — тумшугу менен гүлдүн так ортосун сайгылап жатканы батып бараткан күндүн нурларына чагылышып жарк дей түштү. Мен Шекспирдин кээ бир түрү суук каармандарындай болуп аны көрүүгө качантан бери даярданып жүрсөм да, анын айлакердигин байкаганда селт дей түштүм.

...Жайыттын чекесинде Сабид өрөөнүнө чейин жапайы мөмө-жемиш дарактары — алча, кара өрүк, алма, алмурут, анжир, жаңгак өсүүчү.

Алар бышканда, көп учурда мөмө байлагандан баштап эле аларды терип жей берчүмүн, ошону менен ботаникалык ачылыш жасачумун. Ал жөнүндө дүйнөгө билдирүүнү негедир унутуп калчумун. Бирок айтпай койгонго караганда, кеч болсо да айткан жакшы эмеспи.

Мен мындай бир мыйзам ченемди байкадым: мөмө канчалык даамсыз жана сиңимдүүлүгү аз болсо, мөмө дарагы ошончолук түшүмдүү болот экен.

Эң түшүмдүү дарак алча болчу. Анын жалбырагына караганда, мөмөсү көп эле. Бирок мөмөсү абдан ширин эмес, суулуу жана кычкыл болчу.

Кара өрүк кыйла даамдуу, бирок мөмөсү кыйла эле аз.

Жапайы алмурут жана алма кара өрүктөн таттуу, бирок алардын мөмөсү кара өрүктүкүнө караганда аз, ошондой болсо да ал бактар өтө эле чоң.

Анжир алма менен алмурутка караганда кыйла эле таттуу, бирок мөмөсү кыйла эле аз.

Акырында эң эле даамдуу жана азыктуулугу жогорусу — жаңгак. Бирок, бактын өтө эле чоңдугун жана шактардагы мөмөлөрдүн санын эске алсак, мөмөсү тигилердикинен аз.

Мөмө-жемиштерди жеп көрүп, жаратылыштын аппетитим айткан улуу мыйзам ченемин таптым. Мөмө канчалык даамдуу болсо, андагы заттар ошончолук пайдалуу болот экен, бирок мөмөнү азыктандыруучу сейрек ширелерди тамыры кыйындык менен алат. Ошондуктан мөмө канчалык даамдуу болсо, бактын түшүмү ошончолук азыраак.

Бак канчалык мөмөнү мол байласа, өзүнөн мөмөнү ошончолук көбүрөөк күбүп түшүрөт. Ошондуктан алчанын түбүндө дайыма чочколор болуп, алчанын данектерин иттикиндей болгон тиштери менен тарсылдата чагып, шалпылдатып жей беришет.

Чочколор өздөрүнүн чалпылдатып чайнаганына сыймыктангандай, алчаны чайнаган боюнча баштарын көтөрүп туруп калышат. Алар чалпылдата үн чыгарып чайнагандарынан да ыракат алышкандай сезилет. Көп чочколор алчаны тумшуктары менен ары-бери тоголотуп, апылдата сугунушат. Алча түгөнгөндөн кийин алар башка кыйла даамдуу мөмөнү жегенге өтүшөт, бирок шалпылдатып жегендери көп байкалбай калат, мындан алар даамды жакшы айырмалай алышпайт окшойт деп жыйынтык чыгарса болот. Демек, бул жерге ботаникалык эмес, башка мыйзамдар керек окшойт.

Дагы бир башка ачылыштарды да жасасам керек эле, бирок алар жөнүндө азыр эстей албай жатам. Кийин эсиме түшсө айтып берем.

...Кечинде жеңем эчкилерди сааганда, кээде түшүнбөстүктөр да болот. Чегемде (гуманизмдин акыркы тиреги) эчкини же уйду сааганда, адегенде улагына же музоосуна энесин бир аз эмизип, ийитип алат. Саагандан кийинки сүтү ошол балдарына калат.

Улактарды бир бирден коё беришет. Кубанычтуу маарап, улак маарап жаткан эчкилердин бирине чуркап келет, бирок көп учурда өзүнүн энесин тааныбай, таптакыр башка эчкинин эмчегин эме баштайт. Баарынан кызыгы, чоң эчкилер деле өзүнүн улагын тааныбай калып, шанаңдаган боюнча башка улакка желинин тосуп берет.

Бирок жеңем улакты желкесинен алып, өзүнүн энесинин желинине алып келип коёт. Ал өзүнүн энесинин эмчегин эмгенден кийин гана эчки ийийт, ошондон кийин гана жеңем саай баштайт.

Ошол учурда башка улак эме баштаган эчки, өз улагын тааныбай калган күнө­өсүн сезет, бирок өзүнө эмес, жеңеме таарынгансып, өзүнүн улагы келгенде, дароо ийип бербей коёт. Улагына сүт көбүрөөк калсын дегени го.

Кожейке менен эчкинин ортосунда татаал психологиялык күрөш жүрөт. Улактын биртике эле эмишине мүмкүндүк берип, улакты куйругунан тартып алат да, энесин саай баштайт. Ушул учурда жаңылыштык менен чоочун улакка эмчегин эмизген эчки, ката кетирген күнөөсүн мойнуна алгансып, өтө аярдык менен өзүнүн улагын жалап кирет.

Ошондой болсо да сүтү чыкпай калгандай түр көрсөтүп, таш эмчек болуп туруп берет. Кожейке бул жөнүндө билет. Башка улак эмгени да, өзүнүн улагы эмгени да эске алынат.

Кожейке кайрадан өзүнүн улагын салат, улак желинди тумшугу менен түрткүлөп тамшана эмип киргенде, эчки акырындык менен ийий баштайт. Бир аздан кийин жеңем улакты абайлай эмчегинен чыгарып алып, эчкини саай баштайт.

Он мүнөттөй убакыт өткөндөн кийин эчки маңыроо түрдө бурулуп карап, ээмп аткан улагы эмес, жеңем саап жатканын көрөт (бул учурда эчки эмнени ойлоду болду экен?). Эчки башка улак эмгенин эстеп, желининен кайрадан сүт чыкпай калат. Жеңем өз улагын дагы салып, эчкини кайрадан ийитет, ушул бир нече жолу кайталанат.

Айрым эчкилер башка улак эме баштаганда эле анын башка экенин сезип, аны жолотпой кубалаганын акыйкаттык үчүн айтып койгонубуз оң. Бирок мындай сезгичтик сейрек болот.

Менин байкашымча улактын өзү энесинин эмчегинин өзгөчөлүгүнө такыр маани бербейт. Эмди да, болду! Ушул жагдайда адам баласы дагы ымыркайында улактан эч бир айырмаланбайт.

Бул айтканымды жеке өзүнүн турмушунан айтып жатат деп ойлобогула. Анткени өзүмдүн эмчектеги кезим эсимде жок. Андан бери өтө эле көп мезгил өтпөдүбү.

Кашаага киргизилген эчкилер тынчып калышты. Түн. Тымтырстык. Уктап жаткан эчки кыймылдаганда мойнундагы жылаажын шыңгыр дей түшөт, кайрадан тымтырстык. Биз дагы уйкуга киребиз.

Менин бала кезимдеги эстеп калгандарым ушулар. Төрт жашымда болсо керек эле, атамдын падыша тактан түштү деп айтканы элес-булас эсимде калыптыр. Андан башка окуялар эсимде жок.

Мен атама ишендим, эми мага өтө эле көңүлсүз боло баштады. Мен көчөгө чыгып минтип ойлодум: падыша жок болсо, ушул мен басып турган жер эч кимге тиешелүү эмес да, ага эч ким жооп бербейт да. Мен өзүм деле жетимсиреп тургам, бирок ээси жок жер мага абдан аянычтуу сезилгени эсимде. Апамдын дыйкандын кызы экендиги канымда ойноп кетсе керек.

Кошуна бала мени менен ойногону жүгүрүп келди. Бирок мындай учурда кандай оюн болмок эле!

— Падыша тактан түшүптүр, — дедим мен ага жашоо-турмуштун өзгөргөнүнө кандай ойдо болгонун билгим келип. Бирок менин айтканымды ал такыр эле түшүнгөн жок.

— Ал азыр кайда? — деп сурады бала.

— Ал таптакыр жок, — дедим мен анын үмүтүн үзүп. Бирок бул сөз да ага эч кандай таасир бербегенин байкадым.

Анын жообуна канааттанбай ыза болгон мен жалгыз кеңири кыялдануу үчүн андан бөлүнүп кеттим. Кыязы, бул аң-сезимимдеги кризис болду окшойт. Албетте, мен буга чейин эле Совет бийлиги жөнүндө уккан болчумун, бирок падыша ушул иштердин башында турат деп ойлочумун.

...Ошондой болсо да менин Шекспирге өтө эле берилип калганымды айтпай эле коёюн. Кээде Шеспирдин тому жок эле эчки кайтарган учурум да болду. Менин байкаганым, ал кезде эчкилерге абдан көңүлсүз эле. Бул учурда алар жүгөрү талаасына киргенге аракет кылышкан жок, анткени мен ар дайым карап даяр турчумун жана жакындаса эле жолун тосчумун. Ушул жайда эчкилер, эгерде менин колумда Шекспирдин тому жок болсо, алар жүгөрүгө кире албасын түшүнгөндөй болушту.

Эгерде эртең менен колума Шекспирдин томун кармаган боюнча эчкилерди кашаадан чыгарсам, алар так секирип көңүлдөрү ачык болор эле. Эчкилер бири-бирине секирип ойной беришчү. Алар Шекспирде аялдар эркекче кийинип, тескерисинде, эркектер аялча кийинип алган учурларын эсиме салышчу.

Бул жерде бурмалады деп шек саноо болбогон кеп, бирок эчкилер өтө эле салмак менен баскан текелерди ээликтирүүгө аракеттенишчү. Бул гаремде жумушу жоктон эриккен аялдардын көтөрүлүшкө чыкканындай эле болучу. Бирок бул сезондон сырткаркы сүйүү оюнун текелер сурдануу менен жактырбай жаткандай туюлчу. Алар унчукпай гана эс алууга мыйзамдуу укуктарын түшүндүрүп коюшчу.

Аларды да түшүнсө болот. Текелер болгону төртөө, эчкилер болсо кырктай эле. Эчкилер менин колумдан Шекспирдин томун көргөндө бүгүн кыйла эркин болушарын түшүнүшүп, ачыктан ачык эле көңүлдөрү көтөрүңкү экенин байкатып коюшчу. Эчкилер менин Шекспирди окушумду каалап жатканы түшүнүктүү болучу. Андан аркысын өздөрү билишчү. Текелер деле, албетте, менин Шекспирди окушумду каалашчу, бирок эчкилерге караганда жоошураак болушчу. Бирок койлор болсо Шекспирге таптакыр эле кайдыгер карашчу.

Шекспирдеги сарай кызматкерлеринин бири-бирине жамандык издегени менен эчкилердин арамзалыгынын ортосунан мен көп жалпылыкты таптым. Бул мени кубандырды, азыр ойлосом өзүмдүн дүйнөгө болгон көз карашымды аныктоо үчүн аракет кылып жатыптырмын.

Ошентип адам — эчки менен Шекспирдин ортосундагы бир нерсе гана экенин түшүндүм. Ушул темага карата акыркы математикалык изилдөөлөр менин болжолумду далилдемек турсун, андан ары тереңдетти дешет. Эчкилерге майдаланып бөлүнгөн Шекспир таза түрдөгү адамды берип жатканы аныкталды деп айтышат. Бергенде да калдыксыз берип жатат дешет.

Муну текшерүү үчүн өзүмдүн Москвада жашаган мезгилиме көз жүгүртөм. Мен бул жакка окуганы келгенде, алгачкы күндөрү бири-бирине карама-каршы болгон эки окуяга абдан таң калгам.

Бир жолу шаардын борборунда жүрүп, милиционерге келдим да, кайсыл бир көчөгө кандайча өтөрүмдү сурадым.

Милиционер мага капысынан эле өтө аппак болгон мээлей кийген колун көтөрүп честь берип, меймандостук менен мага керектүү көчөгө барчу жолду көрсөтүп койду. Мага, али кичинекей балага ушундай аппак мээлей кийген колу менен честь берди!

Мага ушул жакшылык кылган окуя өтө күчтүү таасир берди. Мүмкүн ошол жүндөн токулган мээлей Чегемдин эчкилеринин жүнүнөн жасалган болуп жүрбөсүн деп ойлой коюп, абдан кубанып кеттим. Бирок менин чегемдик экенимди кайдан билди болду экен?

Бир нече күндөн кийин мага таптакыр эле түшүнүксүз, ал түгүл менин эсимди чыгарган бир окуяга күбө болдум. Милиционерлер эч кандай мээлей кийбестен эле көчөдөгү бардык машинелерди оройлук менен кубалап, жолдун жээгине чыгарып жатышканын көрдүм.

Бир мүнөттөн кийин аркасынан пулемет менен кууп келаткансып, аткан октон алда-жалда менен аман-эсен качып чыккансып шуулдаган ылдамдык менен жүрүп бараткан өкмөттүк автомобилдерди көрдүм. Аларды эч ким кууп келе жатпаганын өз көзүм менен көрүп ишендим.

Мен Москвада болгон жылдары ушундай окуяларды көп жолу байкадым, бул бардык башкаруучуларга мүнөздүү өздөрүн башкалардан жогору койгон кадыресе эле жоруктары экенине ишендим. Муну мен биринчи жолу Сталиндин мезгилинде көрдүм. Андан кийин мезгилдер алмашты, бирок башкаруучулардын өздөрүн башкалардан жогору койгон жоруктары кала берди.

Москванын жанындагы гүлдөгөн талаалардан мен кээде жалгыздан оттоп жүргөн эчкилерди көрүп калчумун, аларды көбүнчө жесир кемпирлер кайтарар эле. Бир эчкини бир кемпир кайтарчу. Чегемдиктердин салты боюнча эчки кайтарган кемпирлер чоң таштекке кир жууп жаткан абышкадай эле болучу. Мен алгачкы учурда кемпирлерден: бир короо эчки эмне болгон? — деп сурагым келип жүрдү.

Бирок чегемдиктердин сыпайылыгы мага бул суроону бердирген жок.

Мени баарынан көбүрөөк эмне таң калтырды? Жалгыз эчки башка эчкилердин жок экендигине көңүл бурбай эле тыптынч оттоп жүрөт. Ушул мага жапайыдай сезилди. Ички сезимим менен күрөшүп, мен эчкиге байкоо жүргүздүм. Большевиктер эчкини өз тукумдарын унуткарганга чейин жеткирген турбайбы деп ойлодум. Бой көтөргөн эчки жоошуптур, Россия, кубана бер!

Москвада узак жашаган мезгилимде мен жазуучулук турмушумдан көптөгөн ачылыштарды жасадым. Албетте, андан азыр мен жазуучуларды багып жатам деген келип чыкпайт. Андан көрө алар менин өзүмдү багышты жана адашкан эчки, мыйзам ченемдүү тарап кеткен эчкинин бири катары мени жазалашты.

Фальстафка карата менин сүйүүм менин жазуучулук тагдырымда фальстарт болгон жок деп ишенем.

Эргүү — жазуучу үчүн бакыт. Бирок адамды бакыттан башка эч нерсе бактылуу кыла албайт. Табият бизге бакытты сейрек учурда гана тартуулайт. Бакыт — сейрек келе турган конок экенин билүү менен бактылуу болгула адамдар.

Окурман менден: жакшы жазуучу эмнеси менен жаман жазуучудан айырмаланат? — деп сурашы мүмкүн.

Окурман бул жөнүндө менден сурабаса деле жооп берүүгө ашыгам.

Орто жазуучулар деле, таланттуулары деле бир эле нерсе жөнүндө жазышат.

Орто жазуучу минтип жазат:

— Мен ресторанга кирдим жана өзүмдүн досумду көрдүм (атын айтат), ал мурда мен көргөндөй эле арак ичип отуруптур.

Таланттуу жазуучу минтип жазат:

— Мен ресторанга кирдим жана өзүмдүн досумду көрдүм (атын айтат), ал мурда мен көргөндөй эле арак ичип отуруптур, мен дагы мурдагыдай эле ага кошулуп калдым.

Бир сүйлөм бардыгын өзгөртөт. Өзүн дагы тамашалап кошуп айтуу окуяны жакшыртат жана ичкич досун шылдыңга калтырбайт.

Дегеле өзүн өзү тамашалай албаган жазуучу, эртедир-кечтир окурмандын тамашасына кабылат.

Ошентип, эчкилерге бөлүнгөн Шекспир адамды берет. Мен муну күлкү үчүн бир жакшы окумуштууга айтып бердим, бизди Шекспирдин тамашаларына болгон сүйүүбүз достоштуруп койду. Биз бири-бирибизге тамаша үчүн убакыт таап жашаганга үйрөнүүгө жардамдаштык. Бир күнү маанайым чөгүп турганда төмөнкү ырды жазып койдум.

Оорлоштум, болукмун да, толукмун,

Бирок өзүм мурункудай элемин.

Көз нурум да өчүп барат,

Досторумдун, кастарымдын, дегеле адамдардын

Тааный албайм кимиси ким экенин,

Ийинимден оору басып турса да,

Жашап жатам, жашап жатам жанчыла.

...Көк деңизден толкун ыргыткан краб

Буттары сынып кыйналса да,

Деңизде жашаганга аракет кылат...

Оорлоштум, болукмун да, толукмун,

Бирок өзүм мурункудай элемин.

Бир нече күндөн кийин ал мага келди, мен ага ушул ырды окуганга бердим. Бул мезгилде менин маанайым көтөрүлүп калган эле. Ал тынымсыз тамекисин тартып, бул ырды өтө эле узакка окуду, андан кийин башын көтөрүп минтип айтты:

— Эгерде бул ырды башка шаарда окуган болсом, мен дароо сага жардам берүүгө аракеттенмекмин.

Мен оңтойсузданып, сөз табалбай карабаластап калдым. Анын үстүнө, космополитизмге каршы күрөшүүдө ал үчүн оор жылдарда кынтыксыз эрдик жасаганын билүүчүмүн. Тамашөкөй!

Биз көп учурда кээ бир темада талашып-тартышып жана тек гана сүйлөшчүбүз. Көп учурда пикирлерибиз бирдей болор эле, кээде гана ар башкача болуп чыгуучу, бирок бул биздин достугубузга эч кандай таасир этчү эмес.

Пикирлерибиз ар башкача болгон айрым учурлар төмөнкүлөр болучу.

Катаалдык — келесоолукту болтурбоого аракеттенген келесоолук аракети.

Арамзалык — караңгылыкта коркоктукка сокку уруу.

Талдоо жүргүзүү ар кандай ыракат алууну жок кылат, бирок ыракат алууну талдоо жүргүзүү менен узартат.

Көпкө талашып-тартышкандан кийин биз адамдын эволюциялык өнүгүшүнүн так илимий багытын аныктадык: живоглот, горлохват, горлоед, оглоед (соргок), шпагоглот, виноглот, куроглот, мудоглот, трухоглот, мухоглот (слухоглот), горлодер, горлопан, горлан жана акыр-аягында полиглот.

Эгерде эми жеңилдей түшкөндөй болсок, ага али эрте деп эскертем, анткени өнүгүү бул циклдүү түрдө болот жана бардыгы бир эле тартипте кайталана берет. Байкуш полиглотко чыдай албай, эволюциялык тепкич бузулат жана бардыгы кайрадан живоглоттон башталат.

Адамдарды эчкидей көргөн адам эчкинин этин жейби деген суроодо биздин пикирлерибиз эки башка болду. Мен мындай адам эчкинин этин жебейт дедим. Ал болсо менин пикиримди өтө эле субъективдүү идеализм же, орой айтканда, солипсизм деп эсептеди.

Мен ага эчкилерге бөлүнгөн Шекспир адамды берерин азыркы мезгилдеги илим далилдеген деп жылмаюу менен жооп бердим, ал мени шылдыңдагандай кашын көтөрүп, мени жактагансыды. Ал бирөөнүн пикирин илип алганды билүүчү:

— Аның туура! Бул ачылышка жыйырма жыл болбодубу! Атүгүл, тескери далилдөө да пайда болгон — адамдарга бөлүнгөн Шекспир эчкини берет.

— Эмне үчүн бул жөнүндө мурда айтылган жок эле? — деп таң кала сурадым.

— Анткени бул мамлекеттик сыр болуп эсептелген, — деп жооп берди ал. — улуттук ой жүгүртүүнүн жашырын сыры болгон. Бирок америкалык тыңчылар биздин улуттук ой жүгүртүүнүн жашырын сырын уурдап алышканда, биздин тыңчылар америкалыктардан улуттук ой жүгүртүүлөрүнүн жашырын сырын уурдап алышкан, бул эки жашырын сырлар бири-бирине дал келген, демек, сырлар жашырын болбой калган. Согуш коркунучу жоюлган, демократия бизде эчкилер үчүн огороддой эле гүлдөп өнүгө баштаган жана ар бир өлкө өзүнүн бутунун алдындагы тоютка өткөн. Чынында эле ар бир өлкөнүн өзүнүн бутунун алдындагы тоюту бар, бирок бул башка тема.

Айтмакчы, менин окумуштуу досум илимий тажрыйба жүргүзүү үчүн эч ким жашабаган аралга жалгыз калтырылган. Мурда макулдашылгандай, үч жылдан кийин ага мекендештери сүзүп келишкен.

— Үч жылдык жалгыздыктан кийин сизде кандай күчтүү таасир болду? — деп андан сурашты.

— Абийирим эс алды, — деп ал күтүүсүздөн жооп берди, бирок бир аз жумшарып, минтип кошумчалады, — ал жерде жапайы эчкилер абдан көп экен.

— Алар эмне, адамдарбы? — деди бирөө анын жумшара түшкөнүн туура баамдап.

— Ооба, адамдар да, бирок жаңы эт дагы, — деп түшүндүрдү ал мени менен болгон талаш-тартышын тымызын уланткан сыяктанып.

Мекендештери ага өздөрү үчүн жана мекендештери үчүн баары бир таарынып калышты.

— Анда, сизди ал жерге дагы үч жыл калтырып койбойлубу? — деп сурады алардын бири кычыгына тийип.

— Эмне, сиз адамзат үч жылда эле оңолуп кетет деп ойлойсузбу? — деп жооп берди менин досум трап менен көтөрүлүп баратып. — Менимче, адамзат Шекспирдин мезгилинен бери эле өзгөрө элек, бирок тамаша катары айтсам, кайра начарлап кетти.

...Жок, баары бир өсүш бар деп өзүмө шыбырадым. Чегемдин тооктору азыр бактарга конушпайт, түнкүсүн тоокканага түнөшөт. Мүмкүн, учса жакшы болот беле? Айтканга оңой, бирок кандай татаал! Бактарга азыр тоокканага түнөгөн тооктордон кыйла чоң канаттуулар конушары белгилүү болгону качан.

...Бирок мен азыр кайдамын? Чегем кайда? Кандай болсо да менин эчкилер менен жүргөн кезим абдан жакшы учур экен.