Аркадалуу храм

Судак чеби, эгер Башкы капканын
сол жак дубал тарабында турсачы —
көңүл бөлүп өзгөчөлөп байкоого
көчөлөгөн жандардын жок ынтаасы,
орсок тиши ооздон чыккан түркүктө
обологон топтомолок кумпасы,

сегиз кырдуу кыска моюн ушундай
Жараткандын үйүнө да агылып,
ооздон түшпөй тынчтыктагы келмеси,
жээкке урунган толкундардай жайылып,
жапайы бир талаа-түздөн дарбыган
Мухамбеттин үмөттөрү тайынып,

«Ляй-иллаха ил-алла» деп баш урат;
Лигурийск саз жолунан жамырап
келишкендер ар өнөргө жакындар,
«Патэр ностэр» дегенине табынат
өздөрүнчө өлүү тилде кайталап;
«Шма Исраэль» бозгундары кабылат,

ар тамгасын акыл-эске уютуп,
түрмөктөгү сөздөрүнө арбалган;
кургактын да, деңиздин да көп жерин
багынткандар «Отче наш» деп жар салган,
деге менен желегине ишенип;
каардуу Мартин осуятын карманган

мураскерлер айтат «Фатэр унзэрди»;
Эгем дешип жерди жеке бийлеген,
тутунгандар байыркы Ной турагын
«Хайр мэрди» даңазалап сүйлөгөн,
көп көйгөйдөн капалыкты бөпөлөп,
аң-сезими төмөнгө баш ийбеген;

баары мурда болчу мында, ал эми —
ачып эшик, музей болуп өзгөргөн,
дубалына сүрөттөр да тартылып,
жазуулар көп түркүн тилде сөздөрдөн,
адамзатты аркы-терки бөлбөстөн,
угуп Кудай улуулугун көргөзгөн.