Сонун болмок ырды өзүңө каратсаң...
* * *
Сонун болмок ырды өзүңө каратсаң,
болор-болбос нерселерден жаратсаң,
арасына күлкү кошуп курулай,
ичи көңдөй сөздү тизип шурудай,
жалаң кемтик жасалмага толтуруп,
жамырата болбогонду болтуруп,
дөөпүрөстүн дөөрүп салган кебинен
илип алып оозун ачкан жеринен,
түркөй Хармс жиндегендей кылсакпы,
сындырбасын айнек сымал ыр сапты,
жарыктай же жортуп жүргөн шамалдай
сызып өтсө эч ким кармап алалбай,
жылт коюп да түнкү нурдай тарамак,
кислоталуу сур булутту аралап,
жел тийгизип кетмеги бар ошондой,
чоң калаанын чаңындагы озондой.




