«Он эки кездешүү (1949—1990)» түрмөгүнөн
Кырк тогузунчу жыл
Эгерде жаның ооруса,
Деңизге чыккын чарчабай,
Толгон Ай көктө салаңдап
Турганда бышкан алчадай.
Эгерде жаның ооруса,
Жүрөктө сыздап жаратың,
Жээгине жаткын акырын,
Жараңды деңиз жаласын.
Жакшылап билип бул ишти,
Жасашың керек абайлап
Турганда бышкан алчадай
Толгон Ай көктө салаңдап.
Жапжашыл болгон бактарды
Көк түтүн каптап өрүлөт,
Негедир бизге баардыгы
Көгүлтүр болуп көрүнөт.
Таң калып жүрбө ошондо
Зор толкун капыс жарыла,
Жээкке чыгып сулуу кыз,
Олтурса сенин жаныңа.
Жердеги эле жан окшоп,
Жомоктон артык мында чын,
Сылап-сыйпап шыбырайт:
«Убада бербе, кымбатым,
Сөз деген — оор жүк ашыкча,
Эч нерсе мага айтпагын.
От көзүң карап билемин
Эмнени ойлоп жатканың.»
Чырылдабай чегиртке,
Толкундар пастап кемиди.
Көрөсүң жакын турганын
Эң эле назик эрини...
Жакшылап билип бул ишти,
Жасашың керек абайлап
Турганда бышкан алчадай
Толгон Ай көктө салаңдап.
Досторуң мейли күлүшсүн,
Сен уктап жатсаң керек деп,
Алтүндө таттуу түшүңө
Болбогон нерсе кирет деп...
Күлүшсүн мейли ишенбей,
Кеп-сөздү койгун байкабай,
Толгон Ай көктө салаңдап
Турганда бышкан алчадай.
Элүү үчүнчү жыл
Өчө элек добуш артымда
Тарс этип жапкан каалгадан.
Жолугуш үчүн өзүңө
Шашылып барам кайрадан.
Чымылдап чуркайм кайдадыр,
Алдыга сүрөп кыялым,
Түндөн да озуп, мен сага
Жетчүдөн бетер туямын.
Сөз бердиң беле, шашпа деп
Түн айтат ар кай тараптан.
Көрүнөт ак кар бетинен
Чакан из, чоң из жанашкан.
Тааныдым: канча бастык биз
Москвада кар баскан,
Дүйнөкапар сөзүбүз
Кусалыкка алмашкан.
Жоголуп капыс капалык,
Колубуз алгач кармашкан,
Алдыда бир жан баса элек
Апакай таза кар жаткан.
Айтасың азыр «Ооба...» деп,
Ыр сабындай жараша,
Сенин чакан изиңе
Чоң изим түшөт жанаша.
Унчукпай карды тыңшайбыз
Кычырап ырдай баштаган,
Бизге чейин анткени
Аны эч ким баспаган.
Өчтү го добуш жана эле
Тарс этип жапкан каалгадан.
Жолугуш үчүн өзүңө
Баратам шашып кайрадан.
Түн гүүлдөп дагы эле,
Жааган кар бирок токтоду:
Жашырып коюп кош изди
Компоюп калган окшоду.
Элүү бешинчи жыл
Жасады кандай аракет
Үй ээси бизди жеңгени:
Караңгы тепкич тарапта
Өппөсүн деп сен мени.
Иттен бетер кыңшылап,
Тепкичти санап жатты го,
Мерзляков көчөсүндө
Эшиктин баарын жапты го.
Даяр болуп дайыма
Көп эле зыян келтирди:
Тукуруп бизге мышыкты,
Анан да чаар кемпирди.
Шок балдарга дос болуп,
Койсо керек окутуп:
Шарт күйгүзөт жарыкты
Аябай сени чочутуп.
Кол кармашып биз анан
Турган кезде кыналып,
Тынчтык бербейт түн бою
Чатырдан добуш чыгарып.
Сүйкүмдүү картаң үй ээси,
Мен билбей эмне кыларым,
Жолуксам бүгүн сага деп,
Тепкич жакта турамын.
Качанкы жылдай мен кайра
Баягы эле аймакта,
Тепкичтен ылдый ыргытам
Ширеңке талын чайнап да.
Жооп алалбай турамын
Чатырга төшөп кулакты:
Чал жокпу же бир азга
Башка үйгө кеткен убакпы.
Алтымыш сегизинчи жыл
Сатурналий майрамында
авторго белек берген Клодийге
О, талпынып бир-бирине денелер,
Жолугууну кандай гана эңсеген.
Ал күндөрү Катулл болсом мен эгер,
Арзып күткөн Лесбиясы сен белең.
Күн экенин, түн экенин карабай,
Алып-учуп ашыгып да келчү элем.
«Каалайсыңбы?» деп сурасам жадабай,
«Каалаймын!» деп дайыма жооп берчү элең.
Аздектөөнү эч аянбай денеден,
Жалбарынып жалаң сүйүү тилинде,
Сатурналий шаңдуу майрам не деген
Күмүш кары кычыраган Римде.
Аатаганат, кумар канбас жаштыктан!
Сүлүк курттай жабышчусуң мойнума.
Алтүндөсү кара басып мастыктан
Кирипсиң го Тиберийдин койнуна.
Сабап сени, кечирим да сурадым,
Экөөбүз тең кыйноо тарттык аябай.
Огобетер арзуум күчөп турамын,
Көңүлү түк калбай турган баладай.
Август айы койну жылуу ачылып,
Болдук Римде, болду жана Москва,
Кучактадың сен мойнума асылып,
Баягы эле сөзүң айтып аптыга.
Өжөрлөнүп эч нерседен жазганбай,
Казып алдык көмүлгөндү уяттуу,
Кайталанды акын Блок жазгандай,
Кудум эле ошол пьеса сыяктуу.
Тажабастан телефонго байланам
Күнү деле, түнү деле умтулуп,
«Каалаймын!» деп кыйкырасың кайрадан,
Айныбастан баягыдай унчугуп.
Болот анан Сатурналий майрамы,
Болот мастык күлкү, чуусу аралаш,
Баардыгынын көңүлдөрү жайдары,
Даярдалып бүтпөсө да тамак-аш.
А Тиберий жүрөт анда сандала,
Ал келгидей түн кириши керекпи,
Анан кайра келесиң го сен мага,
Арнаш үчүн ошол баалуу белекти.
Жетимиш үчүнчү жыл
Сен Одесса жакта жашап жүргөндө
Айрылышуу кайгы-муңун жегизди.
Кат жазамын сагынычтуу күндөрдө
Кара сыя кылып Кара деңизди.
Деңиз өзү келип турат кызматка
Канцелярдык келемишке айланып,
Саат сегиз жарымдан түк кечикпей,
Дем жетпеген жер төлөнү жайланып.
Кабыл алып арыздарды жадатма,
Жетекчини көрсө көзү тунарган,
Сыртка чыгып чегип келет чылымын,
Жазат анан калем менен эң арзан
Мен үчүн бир барактарды толтуруп.
Туздуу суунун кылаасына олтуруп,
Эвксинск Понтунда мен жатамын,
Тиги Байдар дарбазадан бөлүнүп,
Стамбулга чейин турам көрүнүп.
Ошондо сен мени алыстан көрөсүң,
Жолугам деп чуркап мага келесиң.
Кубанычка бөлөп сени кымбатым,
Эркелетип саамайыңан сылайын,
Эрип кетсе эт-жүрөгүң элжиреп,
Болосуң да менин асыл жубайым.
Сексен биринчи жыл
Карагай желге күүлөнүп,
Жээк бойлой биз жүрдүк го.
Айрылып жатып түбөлүк,
Жаш чыкканча күлдүк го.
Калбастан бир аз токтолуп,
Күлкүбүз боорду эзгендей,
Жаш бадарга окшодук
Коштошууну көзгө илбей!
Азгырык сезим байкалат,
Элирип биз калдыкпы,
Экилене кайталап
Бийдеги бир кайрыкты.
Жубатып Кудай тим эле,
Сунгандай сайран дурустап,
ОВИР сага дегеле
Бербегендей уруксаат.
Көңүлдөрдү шат кылдык,
Бирге жүрчү жыл көптөй,
Күлүп, күлүп каткырдык,
Эч качан кийин күлбөстөй.
Сексен тогузунчу жыл
Көп болду — кетпей айланып
Сур булут көктү караткан.
Каакым жыт турду байкалып,
Төртүнчү тиги кабаттан.
Жалтырап таш жол, карачы,
Сыя-көк тартып кеткен жер.
Картанын валет, дамасы
Өңдөнөт жолдон өткөндөр
Чагылган көктү жарат да,
Көнөктөп жамгыр төгүлдү.
Адамдар безип заматта,
Көчөлөр жайдак көрүндү.
Куюндата жел айдап,
Шарылдап суулар агат да,
Чуркадың сен жыңайлак
Менин үйүм тарапка.
Тыңшаймын эшик алдында
Түрсүлдөп жүрөк кагышын,
Тепкичке жетип бардың да,
Жакындайт улам дабышың.
Тездесин дедим сагынып,
Келесиң мына, азыр-ай:
Жамгырдан мончок тагынып,
Күн желеси-таажыңдай.
Токсонунчу жыл
Мен деңиз болом өлгөндө,
Сен шашылбай жашагын,
Алдырбай жанды көйгөйгө,
Уза-ак болсун сапарың.
Сагынып сени дайым да,
Көгүлтүр болот бүт өңүм.
Армян капчыгайында
Кездешүүңдү күтөмүн.
Тыңшачы тоодой толкундун
Буркан-шаркан түшкөнүн:
Ошентип сага кол сундум,
Ооба, бул — сени күткөнүм!
Өзүңдү тосом шарпылдап,
Келериң мага айдан ак.
Көбүктөп толкун талпынмак
Согончогуң аймалап.
Толкундана толкуп бат,
Баштагыдай байкашып,
Колундан алам колтуктап,
Төшүңө төшүм айкашып.
Ар бир мүчөң толуктай,
Бүт денеңди көрөмүн.
Тиштегилеп оорутпай,
Үрпүңөн назик өбөмүн.
Жолугуудан чарчап сен
Беттеген кезде үйүңдү,
Шоокум салам алкап мен,
Кусалык коштоп үнүмдү.
Эгерде жаның ооруса,
Деңизге чыккын чарчабай,
Толгон Ай көктө салаңдап
Турганда бышкан алчадай.
Эгерде жаның ооруса,
Жүрөктө сыздап жаратың,
Жээгине жаткын акырын,
Жараңды деңиз жаласын.
Жакшылап билип бул ишти,
Жасашың керек абайлап
Турганда бышкан алчадай
Толгон Ай көктө салаңдап.
Жапжашыл болгон бактарды
Көк түтүн каптап өрүлөт,
Негедир бизге баардыгы
Көгүлтүр болуп көрүнөт.
Таң калып жүрбө ошондо
Зор толкун капыс жарыла,
Жээкке чыгып сулуу кыз,
Олтурса сенин жаныңа.
Жердеги эле жан окшоп,
Жомоктон артык мында чын,
Сылап-сыйпап шыбырайт:
«Убада бербе, кымбатым,
Сөз деген — оор жүк ашыкча,
Эч нерсе мага айтпагын.
От көзүң карап билемин
Эмнени ойлоп жатканың.»
Чырылдабай чегиртке,
Толкундар пастап кемиди.
Көрөсүң жакын турганын
Эң эле назик эрини...
Жакшылап билип бул ишти,
Жасашың керек абайлап
Турганда бышкан алчадай
Толгон Ай көктө салаңдап.
Досторуң мейли күлүшсүн,
Сен уктап жатсаң керек деп,
Алтүндө таттуу түшүңө
Болбогон нерсе кирет деп...
Күлүшсүн мейли ишенбей,
Кеп-сөздү койгун байкабай,
Толгон Ай көктө салаңдап
Турганда бышкан алчадай.
Элүү үчүнчү жыл
Өчө элек добуш артымда
Тарс этип жапкан каалгадан.
Жолугуш үчүн өзүңө
Шашылып барам кайрадан.
Чымылдап чуркайм кайдадыр,
Алдыга сүрөп кыялым,
Түндөн да озуп, мен сага
Жетчүдөн бетер туямын.
Сөз бердиң беле, шашпа деп
Түн айтат ар кай тараптан.
Көрүнөт ак кар бетинен
Чакан из, чоң из жанашкан.
Тааныдым: канча бастык биз
Москвада кар баскан,
Дүйнөкапар сөзүбүз
Кусалыкка алмашкан.
Жоголуп капыс капалык,
Колубуз алгач кармашкан,
Алдыда бир жан баса элек
Апакай таза кар жаткан.
Айтасың азыр «Ооба...» деп,
Ыр сабындай жараша,
Сенин чакан изиңе
Чоң изим түшөт жанаша.
Унчукпай карды тыңшайбыз
Кычырап ырдай баштаган,
Бизге чейин анткени
Аны эч ким баспаган.
Өчтү го добуш жана эле
Тарс этип жапкан каалгадан.
Жолугуш үчүн өзүңө
Баратам шашып кайрадан.
Түн гүүлдөп дагы эле,
Жааган кар бирок токтоду:
Жашырып коюп кош изди
Компоюп калган окшоду.
Элүү бешинчи жыл
Жасады кандай аракет
Үй ээси бизди жеңгени:
Караңгы тепкич тарапта
Өппөсүн деп сен мени.
Иттен бетер кыңшылап,
Тепкичти санап жатты го,
Мерзляков көчөсүндө
Эшиктин баарын жапты го.
Даяр болуп дайыма
Көп эле зыян келтирди:
Тукуруп бизге мышыкты,
Анан да чаар кемпирди.
Шок балдарга дос болуп,
Койсо керек окутуп:
Шарт күйгүзөт жарыкты
Аябай сени чочутуп.
Кол кармашып биз анан
Турган кезде кыналып,
Тынчтык бербейт түн бою
Чатырдан добуш чыгарып.
Сүйкүмдүү картаң үй ээси,
Мен билбей эмне кыларым,
Жолуксам бүгүн сага деп,
Тепкич жакта турамын.
Качанкы жылдай мен кайра
Баягы эле аймакта,
Тепкичтен ылдый ыргытам
Ширеңке талын чайнап да.
Жооп алалбай турамын
Чатырга төшөп кулакты:
Чал жокпу же бир азга
Башка үйгө кеткен убакпы.
Алтымыш сегизинчи жыл
Сатурналий майрамында
авторго белек берген Клодийге
О, талпынып бир-бирине денелер,
Жолугууну кандай гана эңсеген.
Ал күндөрү Катулл болсом мен эгер,
Арзып күткөн Лесбиясы сен белең.
Күн экенин, түн экенин карабай,
Алып-учуп ашыгып да келчү элем.
«Каалайсыңбы?» деп сурасам жадабай,
«Каалаймын!» деп дайыма жооп берчү элең.
Аздектөөнү эч аянбай денеден,
Жалбарынып жалаң сүйүү тилинде,
Сатурналий шаңдуу майрам не деген
Күмүш кары кычыраган Римде.
Аатаганат, кумар канбас жаштыктан!
Сүлүк курттай жабышчусуң мойнума.
Алтүндөсү кара басып мастыктан
Кирипсиң го Тиберийдин койнуна.
Сабап сени, кечирим да сурадым,
Экөөбүз тең кыйноо тарттык аябай.
Огобетер арзуум күчөп турамын,
Көңүлү түк калбай турган баладай.
Август айы койну жылуу ачылып,
Болдук Римде, болду жана Москва,
Кучактадың сен мойнума асылып,
Баягы эле сөзүң айтып аптыга.
Өжөрлөнүп эч нерседен жазганбай,
Казып алдык көмүлгөндү уяттуу,
Кайталанды акын Блок жазгандай,
Кудум эле ошол пьеса сыяктуу.
Тажабастан телефонго байланам
Күнү деле, түнү деле умтулуп,
«Каалаймын!» деп кыйкырасың кайрадан,
Айныбастан баягыдай унчугуп.
Болот анан Сатурналий майрамы,
Болот мастык күлкү, чуусу аралаш,
Баардыгынын көңүлдөрү жайдары,
Даярдалып бүтпөсө да тамак-аш.
А Тиберий жүрөт анда сандала,
Ал келгидей түн кириши керекпи,
Анан кайра келесиң го сен мага,
Арнаш үчүн ошол баалуу белекти.
Жетимиш үчүнчү жыл
Сен Одесса жакта жашап жүргөндө
Айрылышуу кайгы-муңун жегизди.
Кат жазамын сагынычтуу күндөрдө
Кара сыя кылып Кара деңизди.
Деңиз өзү келип турат кызматка
Канцелярдык келемишке айланып,
Саат сегиз жарымдан түк кечикпей,
Дем жетпеген жер төлөнү жайланып.
Кабыл алып арыздарды жадатма,
Жетекчини көрсө көзү тунарган,
Сыртка чыгып чегип келет чылымын,
Жазат анан калем менен эң арзан
Мен үчүн бир барактарды толтуруп.
Туздуу суунун кылаасына олтуруп,
Эвксинск Понтунда мен жатамын,
Тиги Байдар дарбазадан бөлүнүп,
Стамбулга чейин турам көрүнүп.
Ошондо сен мени алыстан көрөсүң,
Жолугам деп чуркап мага келесиң.
Кубанычка бөлөп сени кымбатым,
Эркелетип саамайыңан сылайын,
Эрип кетсе эт-жүрөгүң элжиреп,
Болосуң да менин асыл жубайым.
Сексен биринчи жыл
Карагай желге күүлөнүп,
Жээк бойлой биз жүрдүк го.
Айрылып жатып түбөлүк,
Жаш чыкканча күлдүк го.
Калбастан бир аз токтолуп,
Күлкүбүз боорду эзгендей,
Жаш бадарга окшодук
Коштошууну көзгө илбей!
Азгырык сезим байкалат,
Элирип биз калдыкпы,
Экилене кайталап
Бийдеги бир кайрыкты.
Жубатып Кудай тим эле,
Сунгандай сайран дурустап,
ОВИР сага дегеле
Бербегендей уруксаат.
Көңүлдөрдү шат кылдык,
Бирге жүрчү жыл көптөй,
Күлүп, күлүп каткырдык,
Эч качан кийин күлбөстөй.
Сексен тогузунчу жыл
Көп болду — кетпей айланып
Сур булут көктү караткан.
Каакым жыт турду байкалып,
Төртүнчү тиги кабаттан.
Жалтырап таш жол, карачы,
Сыя-көк тартып кеткен жер.
Картанын валет, дамасы
Өңдөнөт жолдон өткөндөр
Чагылган көктү жарат да,
Көнөктөп жамгыр төгүлдү.
Адамдар безип заматта,
Көчөлөр жайдак көрүндү.
Куюндата жел айдап,
Шарылдап суулар агат да,
Чуркадың сен жыңайлак
Менин үйүм тарапка.
Тыңшаймын эшик алдында
Түрсүлдөп жүрөк кагышын,
Тепкичке жетип бардың да,
Жакындайт улам дабышың.
Тездесин дедим сагынып,
Келесиң мына, азыр-ай:
Жамгырдан мончок тагынып,
Күн желеси-таажыңдай.
Токсонунчу жыл
Мен деңиз болом өлгөндө,
Сен шашылбай жашагын,
Алдырбай жанды көйгөйгө,
Уза-ак болсун сапарың.
Сагынып сени дайым да,
Көгүлтүр болот бүт өңүм.
Армян капчыгайында
Кездешүүңдү күтөмүн.
Тыңшачы тоодой толкундун
Буркан-шаркан түшкөнүн:
Ошентип сага кол сундум,
Ооба, бул — сени күткөнүм!
Өзүңдү тосом шарпылдап,
Келериң мага айдан ак.
Көбүктөп толкун талпынмак
Согончогуң аймалап.
Толкундана толкуп бат,
Баштагыдай байкашып,
Колундан алам колтуктап,
Төшүңө төшүм айкашып.
Ар бир мүчөң толуктай,
Бүт денеңди көрөмүн.
Тиштегилеп оорутпай,
Үрпүңөн назик өбөмүн.
Жолугуудан чарчап сен
Беттеген кезде үйүңдү,
Шоокум салам алкап мен,
Кусалык коштоп үнүмдү.



