Почта тарыхы

300 жыл бою
Моңгол эзүүсү мерез экен,
орустар тастыктап аны келишкен.
Бирок андай эмес экен,
алар жөн гана кат-кабар ташып беришкен.
300 жыл бою
Кат үйүлүп жыйналыптыр,
А бирок окуганды билишпей кыйналыптыр,
Ошон үчүн Москва далай өрттөлүп,
Алоо отко баткан белем,
Караңгылык жоголсун деп
окулбаган каттар менен.

Акыры Иван Грозный
Чыгышты карай аттанды,
Казанды алып, батышка анан
жөнөтө баштайт каттарды —
качкын князь Крубскийге.
Ошол каардуу каттарга
Улуу Петр жооп берет
деңизден ары Голландияда жатканда.
Андан соң Екатерина, бул да Улуу,
мыктылардын эң мыктысын издеди,
Вольтер мырза менен алакасын үзбөдү.

Ал эми Напалеон болуп Бонапарт,
Москваны өрттөп дагы сүр күтпөй,
эркиндик, теңдик, боордоштук деп
алдын ала
митаам элди үркүтпөй,
кербез ак сөөк французга жарашкан
эпистолярдык* кат жазууну тараткан.
Почтаны жеткирүү жакшырганы
декабристти лүйнөсүн жөн жаткырбады:
Россияны кайра түзүү керектигин чамалап,
Сибирден катка жазып тапшырганы —
Лондондогу Герценди ойготуштууга болгон далалат.
Аларга эми Владимир Ильич өзү,
алысты көргөн монголдой жүлжүйүп көзү,
кат жазууга киришкен
Женевададан, Цюрихтен.
Анан мына, болуп өттү
Октябрь төңкөрүшү кубаттанып,
Монгол почтасынын
өтө зарыл иликтөөсү сыяктанып,
чыгыштын жообу ачылып жай,
батышка болгон чакырыктай.

Жакынкы 300 жыл, демек,
Кандай жооп бизге апкелет.

__________________
* Өз ара мамиледе иш боюнча кат жазышуу. Анда көркөмдүккө маани берилбеген. Ошент-
се да мындай байланыштын көп түрлөрү бар.