Алма сатар каз

  — Сиз, мадмуазель, бардыгы эмне менен башталганы тууралуу сизге төкпөй-чачпай айтып беришимди каалайсызбы? Жакшы, андай болсо диктофонуңузду жандырыңыз. Эгер чылым чегип алсам каршы болбойсузбу? Ошентип, токсон үчүнчү жылдын жайында тартыштык кезеңи келди эле го, андыктан тартыш күздү элестетип көрүңүз. Октябрь айы. Бу жаныбыздагы эле Подмосковьедеги Лопатниково айылы. Бөлмөнүн токойду караган терезесинде көз айнекчен киши дембе-дем тамеки чегүүдө. Үстөл үстү толтура китеп.

Бул филология илимдеринин кандидаты, пединституттун окутуучусу. Иван Буниндин чыгармачылыгы боюнча лекциялардын циклин даярдап жатат. Анын маанайы абдан пас. Акчанын тартыштыгы жанын кейитүүдө. Он беш жылдан бери быйыл биринчи жолу үй-бүлөсү менен түштүккө бара албай калып, эмгек өргүүсүн аргасыздан айылдагы кайненесиникинде өткөрүүгө мажбур болду. Кайненеси мыкты киши. Анысы эч кандай киреше алып келбегенине карабастан күйөө баласынын эмгегин абдан сыйлайт. Огороддо кыбырап-сыбырап жүрө берет.

Аялы болсо шаарда, жумушта. Ал дагы күйөөсүнүн кесибине сый мамиле кылат, бирок анын чыдамы чегине жетип барат. Филолог муну билет. Ал ошондой эле, эч кандай лекциялар курсу, ал тургай укмуштай мыктысы да үй-бүлөнүн каржылык акыбалын оңдой албастыгын да жакшы билет. Ал тамекисинин калдыгын чертип салыш үчүн терезеге бурулуп, бактардын ортосунан кайненесинин кошунасын, пенсиядагы бардык эле милийсалардай шатыра-шатман, олбурлуу, Каз деген каймана аты бар мурду муштумдай болгон кишини көзү чалат. «Кел, ичели» деп кол жаңсайт кошуна. Илимдин кандидатынын ички дүйнөсү бардыгына чыйт түкүрүп салып эс оогончо ичип коюп «эл катарында» болуу деген каалоо менен жан-алы калбай күрөшүп жатат. Акыр-аягында ал терезеден түшүп келип, шайыр ментке кошулду да, алар өз эмгек өргүүсүн Лопатниководо өткөрүп жүргөн кранчы Степаныч менен бирге бактын көлөкөсүнөн орун алышты.

Каздын короосундагы кара өрүктүн алдына жайгашышты. Чер жаза отурушту. Мент абдан мыкты аңгемечи экен. Укмуштуудай тарых-таржымалдарын айтып отурса тимеле аягына чыгар түрү жок. Степаныч улам-улам таңдайын такылдатып, кубаттап турду.

— Да-а, мунун баарын жазып алыш керек экен.

Филолог ага кошулуп, жазып алса жаман болбос эле деп башын ийкейт.

Эки бөтөлкөнүн мойнун сындырган соң улантсак кантет деген маселе кабыргасынан коюлду. Кандидат өзүнүн ыңгайсыз кырдаалга кабылганын түшүнүп, эрдин кырча тиштеди. Анткени сыйлап коюу кезеги ага келген эле, а чөнтөктө бир тыйын жок. Кайненеден сурап көрсөбү? Жо, андан көрө муунуп өлгөнү артык эмеспи. Бир кызарып, бир татарып ал «эмки жолу» дегендей ардеме-бирдемелерди жобурап он саат онтоду сыягы. Абалды кранчы оңдоп кетти.

— Ошого чейин күтүп отурмак белек. Ке, алма саталы, ошону менен окей болот.

Интеллигент бул сунушка жан деп макул болуп, сүйүнүп кетти. Кайнененин бүт огороду жерге түшкөн антоновка алмасына толтура.

— Албетте, сатабыз, — деп мантаңдай жарыя салды кандидат. Степаныч үйүнө мүшөктөр менен түбү темир тордон жасалган чакаларды апкелүүгө чуркады. Ал топуракка булганган алмаларды суу колонкасынын астына жууш үчүн абдан ыңгайлуу. Жарым сааттан кийин Степанычтын запорожеци төрт мүшөк алма менен үч жайдары сатуучуну Москваны карай зымырап алып жөнөдү. Шаарга чейин болгону бир жарым чакырым. Мурдагы өнөр жай комбинатынын имаратында жайма базар жайгашкан: астын үстү кылып көмкөрүлгөн жащиктер, анан сезонго жараша жашылча-жемиш, алма, өрүк, капуста. Жыйырма-отуздай кемпир туруктуу сатуучу ал жерде. Запорожец эки центнер антоновка-алма менен ал жерге «Боинг» корпорациясы авиамоделисттердин слётуна келгендей кирип токтоду.

Каз Степаныч менен бирге көздү ачып-жумгуча жергиликтүү соода стили тургай, баа саясатын кошо таш талкан кылып ташташты. Эгер кемпирлер алманын ар бир кили үчүн эки жүз элүү сом сурашса (93-ж.), кранчы менен мент аларды жүз жыйырма, атургай жүз сомго да бере салып жатышты. Бат эле соолуга түшкөн филолог ачык багажниктин артында кымырынып отурду. Өзүн аябагандай ыңгайсыз сезет. Дегеле ал өзүн базарда сатып алуучу катары да оңтойсуз сезчү. А бу жерде... бирок качып кеткенге да болбойт.

Атаандаш-сатуучулар жөөлөп-каптап киришкенде ага андан да жаман ыңгайсыз боло баштады. Алардын көп сөздөрү кранчыга багытталса да, кандидат айрым эскертүүлөрдү өзүнүн эсебине кабыл алды. Степаныч менен Каз кезектеги алуучуну кабы менен узатып коюп каткырык салып турушту. Мүшөктөр бат-баттан бөксөрүп, бошоор кези келип калган.

Анча-мынча алма калган маалда имараттын бурчунан бирдей кийим кийип, чачтарын окшош алдырган, томпок баш, чоюн булчуң эки жигит чыга келди. Кандидаттын жүрөгү муздун сыныгындай тоңо түштү. Мына-мына зыр коёюн деп, анысын эптеп жеңгендей болду, бирок ошол замат анысына өкүт кылды. Жигиттер түптүз эле запорожецке бет алышты. Каз менен Степанычты теше тиктеп, сагызды чалп-чалп чайнап туруп калышты. Мурдакы мент эки колуна түбү тордуу эки чаканы кармап беймарал туруп берди, а кранчы болсо калчылдай баштады.

— Ар бириңен бир чолок, — деди бири.

— А эмне үчүн? — камаарыбастан суроо салды Каз. Көрсө, жигиттер «орун үчүн» төлөм талап кылып жатышыптыр, мент аны эмнеге төлөшү керектигин таптакыр, ал тургай атайылап эле түшүнгүсү келбей жатты. «Алмалар меники, а орун болсо жалпыныкы». Кемпирлер кайгылуу оюндун аягы эмне менен бүтөр экен деп кызыга карап турушту. Экинчи жигит күрмөсүнүн чөнтөгүнөн муштумун сууруп чыкты, муштумдун ичинен бардемеси чырк дегендей болду, анан аяктан бычактын мизи жылт этти. Анысы Степанычтын курсак тушуна мээленген. Ал болсо «азыр, азыр» деп калтырап-титиреп, артка кете баштаган, жартылап калган мүшөктүн четине буту чалынып чалкасынан түштү. Эки буту асманга сорок этти. Анын коргошун куюп койгондой оор ботинкесинин башы түптүз эле бычакчан жигиттин «жан жерине» келип тийди. Тиги болсо онтой сөгүнүп, оң санын уучтап отуруп калды.

Мурунку милиционер, балким, бул каракчыларга каршы аскердик аракеттердин башталышыдыр деп чечип, өз жүрүшүн жасады. Биринчи жигитти колундагы чака менен баштан ары берип калды. Тагыраагы, чаканын түбү менен ушунчалык катуу урду дейсиң... Торлору дыр-р эте ыдырап, бетинин терисин беш тилип келип чака бандиттин башына кийилди. Бандит баа деп бакырган бойдон качып жөнөдү. Бирок ага эч нерсе көрүнбөй, күү менен келип жарыктын устунун сүзүп, чалкасынан кетти. Шарт тура калып, дагы сүзүп көмөлөндү. Көрүнүш кудум голливуд киносундай өнүгүп, атургай бутунан жаракат алган куу тумшук бечара өнөгүнүн жоругун карап олтуруп оорусун унтуп койгон сымал. Каз болсо эчтекени эстен чыгарган жок. Ал дагы эле чөк түшүп отурган жигит тарапка кадам таштады да, бычакты уучтап турган колун керилип туруп тепти дейсиң... Аяктан качыр-кучур үн чыкты. Рэкеттердин экөөсү тең эки башка үңүлдөп улуган тейден базардын эки тарабына безип жоголушту.

Ошо күнү кечинде кандидат сумкасына китептерин тыкты да, ың-жыңын билдирбестен шаарды карай зуу койду. Көп узабай кымбаттуу кайненеси кеселдеп, аны бир нече айга оорунакага орноштурушту. Ошентип Лопатниково менен байланыш таптакыр үзүлгөн. Ал ортодо филологдун материалдык абалы уламдан-улам оорлоп баратты. Айылдан келген эки мүшөк картөшкө жаңы жылдын алдында желип бүткөн. Ошентип, акыры филологдун Лопатниководогу кампага сапар салар күнү келип жетти.

Ошо күнү ал бир баш катырган диссертацияга баасын жазып бүтүрөйүн деп камынган, бирок жубайынын бул тууралуу уккусу да келген жок. Укмак тургай, жок акчанын шылтоосу менен ага биринчи жолу чыныгы уруштун четин кылтыйтып көрсөтүп койду. Ызы менен таарыныч окумуштууну метродо да, автобуста да калчылдата титиретип жатты. Ал акыркы аялдамадан секирип түштү. Жолдун бопбоз карында таманы менен тайгаланып, автобустун куйругун айланып өтө жолдун ортосуна ойт берди. Кырсык деген каш менен кабактын ортосунда деген ырас, кайдан-жайдан атып чыккан «мерседеске» урунду. Мунун мерседес экенин ал чалкасынан жатып, көз кыйыгына машинанын радиатору илингенинен улам билди. Машинанын каалгаларынын чык-чык этип ачылганын укканда филолог четке сойлоп жөнөдү. Ичинен чет элдик машинанын кенедей бир жери чийилип калбаса экен деп тиленип жатты.

— Ого, бул илим турбайбы! — Ал өзүнүн үстүнөн жайдары, эң башкысы тааныш үндү укту. Бул үндүн ээсин ал дароо тааный алган жок. Атургай аны ордунан көтөрүп тургузуп, кийимдерин күбүй башташканда дагы ал мойнунда узун ак шарфы менен узун кара пальточон киши ким экенин айрып тааный албай турду.

— Эмне, тааныбай жатасыңбы?

Кандидат ошондо барып тааныды. Ал Каз деген каймана аты бар мурдагы мент эле.

— Сага эмне болгон? — деп сурады филолог пальтого, шарфка жана мерседеске карата.

— Аман-эсенсиңби? Жүр кеттик, шашпай айтып берейин. — Каз горилла маймылга окшогон шоопуруна бурулду да: — «Аврорага» — деп буйруду.

— Эмне деген «Аврора»?

— Бул менин түнкү клубум. Азырынча көп суроо бербей тур, жакында бардыгын билесиң.

Мерседес аларды тез эле жеткирип келди.

— Чечинип отур, азыр бул жер бош.

Улам-улам эстеп, көзү жабышайын деп араң турган гардеробщик филологдун эски пальтосун жүгүнө кабыл алды.

— Тетиги жакта менин мыкты эки столум бар, — Каз гардеробдун сол тарабын көрсөттү, — биллиард столдору, бирок аларга таңга маал жатып укташат. Андан ары — жалгыз колдуу бандиттер. Кийинки залда карта ойношот.

— А рулетка да барбы? — деп сурап калды конок эмнегедир.

— Албетте. Эгер тегереткиң келсе, кечке чейин калууга туура келет. Тейлөө кызматы бүт уйкуда. Биз биякка барабыз. Ал жак менин барым болот.

Айлана жымжырт, терезелерден кочкул-көгүш жарык шам күйөт. Каз кожоюндук басыш менен кадамдап өзүнүн ордун карай бет алды. Басып кетип баратып асмандан түшө калгандай жетип кеткен официантка өзүнүн «эски досун» эмне менен сыйлагысы келгенин айтып жатты.

— Кел, илим, отур.

Кайдан-жайдандыр шириндигине караганда кымбаттыгы мыкты көрүнгөн закүскөлөр коно баштады стол үстүнө. Коноктун кооз бокалы жыты аңкыган бирдемелер менен өзүнөн өзү эле толуп чыкты.

— Курвуазье, коньяк, кел кагышып коёлу.

— Мейли, кел... эмне эле, айта баштабайсыңбы.

— Азыр, азыр. Болду, кете берсең болот. — Акыркы сөздөр столду айлана тызылдап жүргөн официантка багышталды.

Филолог өзүнүн апкаарыганын басыш үчүн бокалын түп калтырбай көтөрдү. Оозуна ак балыктын кесимин ыргытып, уга баштады.

— Баягыда биз кантип алма сатканыбыз эсиңде чыгар. Эки күн катар чардадык, акыры, акча түгөндү. Тажаганда тажрыйбаны улантууну чечтик. Степаныч адегенде баш тартты, көрсө, ошо окуяга чейин өзү дагы ошо бычагы бар күчүктөргө акча төлөчү экен, ошондуктан коркот тура. Макул дедим ага, бул ирет мушташпай эле төлөп коёлу дедим. Биз дагы үч мүшөктү жүктөдүк да, жетип келдик. Сата баштасак эле, ме сага, бизге бир кемпир басып келди да, колума таңгак акча карматты. Чыныгы акчалар. Бул эмне деп сурадым. Көрсө, биздин чабуулдан кийин ошо өлүмүш рэкетирлер базарга жолобой жоголушуптур. Кемпирлер ыраазылык иретинде, албетте, биздин аброюбузду таануу иретинде дагы анча-мынча сыйлап коюуну чечишиптир. Биздикилердин тарбия-таалими ушундай, баары бир кимдир бирөөлөргө берип туруш керек. Мен го, эмне деген менен ментмин, бирок ошончолук эле адепсиз киши эмес чыгармын. Акчаларын колуна карматып кууп чыктым. Алмабызды сатып ийип кетип калдык, кийин дагы эки-үч жолу келип-кеттик. Ошондон соң кемпирлер мага жакындабай калышкан. Кийин чыкты ачыгы, көрсө алардан алымды Степаныч менден катып чогултуп жүрүптүр. Арам сирке десе! Мен андайлар менен дос болбойм. А катын-калачтар болсо бүт районго ал жерди мен колго алган деп жайып жиберишиптир.

Официант кайрадан учуп жетип, столдун үстүнө асылып калгансыды: күл түшүргүчтү алмаштырды, бөтөлкөнү илип алып кожоюн менен конокту шыпылдата тейлеп жатты. Каз ага:

— Кетчи ары, мен өзүм, — деди ызырына.

Дарооле жүз элүүдөн куйду. Ичип жиберишти.

— Алмалар деле бүтөйүн деп калган. Мен кичине эринип койдум, көрсө туура эмес кылган экемин. Карасам эле, бир жолу биздин базардын жанына капкара болгон кымбат машина келип токтоду. Андан үчөө чыгып келатат. Бүттү деп ойлодум ичимден, эми алардан чака менен тап берип кутула албайсың. Башка салганды көрөрмүн деп камынып калгам. Эки өгүзү менен кандайдыр бир маанилүү байкенин келгени көрүнүп эле турат. Ал мени четке чакырды, бардым. Болду эми, кайра артка кайтпайм го деп ойлогом. Ал байке анча бойлуу эмес, көздөрүнүн асты салаңдаган, сүйлөгөнү бакубаттуу. Биз алар менен тротуар аркылуу ары бир өттүк, бери бир өттүк, ошентип ал мага өзүмдү туура эмес алып жүргөнүмдү түшүндүрдү. Бул базарды ал тезекке да теңебейт экен, түкүрүп ойнобойм деди. Көрсө иштин баары принципте жатыптыр, бул райондо тооктордун көчөнү кесип өтүшүн да кайдагы бир алма саткан Каз эмес, жеке ал гана чечет экен.

— А сен?

— А мен эмне, унчуккан жокмун. Коркконумдан тилим таңдайыма катып калыптыр. Мен бул байке менен тамашанын кереги жогун дарооле сезгем. Көзүн кысып койсо эле менттин, болгондо да мурдагы менттин башы ыргыган турбайбы. Аягында менден мен аны түшүндүмбү-жокпу деп сурады. А мен байкуш кыжаалаттыктан уламбы, ырсыйып туруп берипмин. Кыязы ага таптакыр келесоо же арсыздай көрүнсөм керек. Муну мен анын жүзүнөн байкадым. Анткени анын жүзү кубарып, каардуу боло түштү. Анда, мейли деди ал мага. Анан сөөмөйүн мурдума кезеп, муну өзүң кааладың, башың баш, багалчагың кара таш деди.

— Анысы коркутуп атканыбы?

— Ошо да! Эң башкысы, мунун баарын катын-калач да, өгүздөрү да көрүп-угуп турушат. Андан да кызыгы: ал менин теримден кантип абажур жасайт, а мен болсо арсыз ырсайган бойдон кантип катыган бойдон турам, ошонун баарын тимеле чучукка жеткире баяндап атат.

— Андан арычы, андан ары эмне болду?

— Же өлүк эмес, же тирүү эмес үйгө кайттым. Нак ошол күнү менин туулган күнүм болчу. Эки бир тууганым тең келип калышыптыр куттук айтканы. Виталик — ал Палашевский базарында эт сатат, а Борька болсо бажыда иштейт. Ага ал тургай пистолет тагынууга уруксат. Бирок, муну жөн эле айтыбатам. Биз ичтик, аябагандай ичтик, анткени акча мол болчу. Мен эрдемсип кетип бардаңкемди алып чыктым да, бөтөлкө атышмак үчүн бир туугандарымды дөңгө ээрчитип жөнөдүм. Ошентип коркууну кубалап кутулдум. Ооба сага, деп ойлодум, мен силерге оңой эле алдыра койбойм! Келе бергиле, ким кимди жайлаар экен! Эртең менен келишти.

— Ошол өгүздөр менен букачарбы?

— Жок, райбөлүмдөн. Үчөөбүздүн тең колубузду толгоп шаарга алпарып, камерага тыгып ташташты. Эмне болуп кетти деп коём. Менде аңчылык белет бар, коомдук тынчтыкты бузгандыгы үчүн минтип кармашпайт эле. Эки күн кармап жатышты, андан кийин нөөмөткө мурда мени менен кызматташ сержант туруп калыптыр. Ал мага айтып атпайбы, көрсө менин туулган күнүмдө машинасы менен кошо баягы мени коркуткан бандитти жан сакчылары менен бирге жардырып кетишиптир. Биз бир туугандарыбыз менен чогуу дөңдө бөтөлкө атышып аткан маалда. Экөө ошол эле жерден мүрт кетип, ал эми жан сакчыларынын бири жаны чыгып баратып паханы мени менен, Каз менен базарда катуу сөгүшө кеткен деп айтууга үлгүргөн экен.

— Бул жөн гана дал келгендик!

— Бирок ага эч ким ишенбейт! — деди Каз энтиге шыбырап. — Кыскасы, мени коё беришти, атургай ардактап узатышты. Терегимдегилердин баарынын мамилеси өзгөрдү. Мени менен мурда таанып-билбеген, керек болсо көрсө да көрмөксөн болгондор да учурашып өтүшчү болду. Жалпысынан, жеке менин түшүнүгүмдө, ошо бандитти мен жардырып жиберди деп ишенип алышты.

— А сен түшүндүрүп көргөн жоксуңбу?..

— Кимге?! Кантип?! Бир туугандарым менен сүйлөшүп көргөнгө аракеттендим — күлүп коюшту ичимтап турбайсыңбы дешип. Ошондуктан убактылуу бир жакка кете турайынчы дедим. Твердеги таежемкине. Жаңыле камынып аткам. Так ошол маалда бир жаш жигит келип, мени менен эки ооз сөз бөлүшүүнү каалаган адамдар бар деп айтып калды. Эми накта бүттү деп ойлодум...

Саня чекесин ушалап, тамекисин чекти да, жакын арада официант жокпу дегендей эки жагын каранып алды.

— Мен сүйлөшүүгө чыктым. Ал так ушул, биз отурган столдо болду. Мени үч киши тосуп алышты, сен аларды билбейсиң, тааныбайсың дагы. Менин түшүнүгүмдө алар мени көпкө айланчыктап, мага көз кырын салып жүрүшүптүр. Мен көбүнесе үн катпай, тайсалдап отурдум. Мен эч нерсе талашпайм. Мага алардын кылмыш чөйрөсүнөн эч нерсенин кереги жок. Өзүм үчүн үй-бүлөлүк бейпилдикте, тынч жашай берем дегендей түшүндүрүүгө аракеттендим. Мен ойлогом — аларга баарын жеткирдим го, эми жайма-жай арадактуу эс алуумду улантууга кетем го деп. А алар болсо менин бир туугандарым менен бандасы барын кыйытып атат деп ойлошсо керек. Бизди коркутуштун кереги жок дешти. А мен болсом, кудай уруп кетсин, коркутуп аткан жерим жок, тескерисинче, өзүм коркуп атам, болгону тынч коё бергиле дедим. Алар тигиндей чыгышты, кеңешип-кепчишишти да, жарайт, эгерде чын эле биздин ишке кийлигишпей турган болсоң, сага ушу клубду беребиз, сен аны баары бир жеңип алдың дегендей айтышты. Ошондон бери...

Официант ысык тамакка эмне берүү керек деген суроо менен сылык-сыпаа кайрылып, дагы келди. Каз ачуусун араңдан зорго кармап турганы көзүнөн көрүнүп турган.

— Ысык тамакка ыпысык арак. Жоголчу ары.

— Тамак бергичтерди эмнеле мынча жактырбай атасың?

— Буларды гана эмес, шоопурларды, жуунткучтарды, жалаптарды, маркерлерди. Сөз тыңшагычтардын бардыгын жактырбайм. Эгерде кимдир бирөөсү менин чынында ким экенимди билип калса эмне болорун элестетип көр!

— Ой-баай!

— Кептин баары так ошо ой-баайда болуп атпайбы. Мен эмне үчүн сени көрүп сүйүнүп кеттим, сени менен жок дегенде ачык сүйлөшсөң болот. Аялым мени кайсы бир кыз менен кармап алды — ажырашып тындык! Аны менен кызыма бирден батир, бирден машина сатып бердим. Азыр жалгыз жашайм. Степаныч мени, ишенсең койсоң өзүң бил, чындап эле авторитет көрөт экен.

— Ой-баай! — деп үн созду филолог авокадонун тилимин чайнап жатып.

— Сен мага кез-кез келип тур, балким, бу жерде жигитчилик кыларбыз. Коркпо, чөнтөгүңө акча тыга албайм, мен түшүнөм го, сен андай киши эмессиң, бирок сыйлагандан аянбайм. Өмүр-турмуш тууралуу аркы-беркини кептешип отурабыз.

Кандидат үйүнө картөшкөсү жок мас, бирок гүл кучактап кайтты. Ошондон улам чоң чатактан кутулуп кетти. Өзүнүн алма мафиозасы менен кезигишкенин жобурады да, оонап уктап калды. Филологдун аялы түн ортосунда ойгонуп, жанынан жубайын таппай калды сыйпалап. Ашканага атып чыгып караса күйөөсү столдо чала туздалган памидорду банкасынын оозунан сугунуп жеп жаткан экен. Анын жүзү аябагандай ойлуу.

— Сага эмне болду? — бунин таануучунун аялы чочуп кетти.

— Мен өзүмдүн турмушумда бирдемелерди өзгөртүүнү чечтим, — деп жооп узатты күйөөсү.

— Барба аякка, алтыным, бандиттерге, кереги жок, акча жок болсо кудай алсын, эптеп-септеп бирдеме кыларбыз, — деп аялынын эки көзүнөн салаа-салаа жаш кетти.

— Түшүндүм, — деди корреспондентка диктофонду өчүрүп жатып. Кандидат Бунинди таштап, үй-бүлөсүн камсыз кылыш үчүн детектив жазып баштады.

Кабинеттин кожоюну трубкасын оозунан алып, ичин күбүдү.

— Ырасында эле, мен баяндаган окуядан болжолу жарым жылдан кийин коммерциялык бир басмадан «Алма сатар Каз» аттуу криминалдык роман жарык көрдү. Бирок анын автору кандидат эмес, а... мурдагы мент эле.

— О-ой? Сиз мени тамашалабаңызчы? Сиз ушунчалык кызык баяндадыңыз деп коюңуз, а мен башкы каарман болуп филолог саналат деп ойлоп алыпмын.

— Билсеңиз, мен он бешке жакын детективдерди жаздым, азыр алардын кандайча аяктаары өзүнөн өзү эле калемиме илешип келет. Ал эми Бунин боюнча адис ырасында эле өз турмушунда бирдемелерин өзгөрттү. Сынчы болуп кетти. Азыр ал менин китептерим боюнча сын жазат. А мен ага жакшы төлөп берип турам.

Корреспондентка диктофонун сумкасына салып жатып:

— Түш-шүнүктүү. Бирок бир нерсеси түшүнүксүз — казиноңуз бар туруп, адабиятка эмнеге кирип кеттиңиз? Эч кандай романдан мынчалык акча таба албайсыз да? — деп сурады.

— Туура. Бирок көп узабай менден казинону тартып кетишти. Кыязы, кимдир бирөө менин калжырактарымды угуп калса керек. Дагы жакшы, өлтүрүп салышкан жок. Кокустук мени чалчыктан төрдүн төбөсүнө чыгарды, анан кайра тумшугум менен ылайга ыргытып салды. Ушундан соң кантип жазуучу боло албайсың?

Корреспондентка ордунан турду.

— Аябагандай кызык таржымал экен. Анда мага жакпай турган бир гана нерсеси, бул сиздин романдын аталышы. Эгерде аны «Антонов алмалары» деп атап койгондо укмуштай сонун болмок.

— Сиздин оюңузга толугу менен макулмун, менин деле ошентким келген. Бирок кандидат өлө каршы болуп туруп алды, эгер мен анте турган болсом башыңды жулуп салам деп чыкпадыбы. Билсеңиз, мен ага ишендим. Ушинтип жашап келем — бир жагымда бандиттер, бир жагымда — Бунин.