Бергениңер үчүн рахмат. Эгерде эле берсеңер...

* * *

Бергениңер үчүн рахмат. Эгерде эле берсеңер.
Аш кылайын мен да берем кайтарылчуу белек ал.
Балдар бизден төрөлсө да, бизге баары берилсе
Баардыгы кудайдыкы керек болсо бул саптар.

Айтып жатам жөнөтөмүн, ибадатка ал жерге.
Мүмкүн, болсо кабыл алгын— баары сенин колуңда.
Көнсүн бир аз тынчтансын да анан кызмат көрсөтсүн
Үй үстүндө көгүчкөндөр учуп кайра конууда.

Мына эл каттоо, мына эшектин жүрүшү.
Берем дедим отто дагы, түшүмдө.
Жылдыз күбө — жылбас дүмүр жыгачтай.
Төлөө эмес, эң кыйыны төлөө күнүн күтүүдө.

Анан башым көтөрүп каргылданып,
Ырайым кыл теңирим ачууландым.
Ал жактагы дүйнөлүк бейишиңден
Ажырата көрбө деп жалдырадым.

Күттүм, күттүм качан эми алмакчы.
Баш дарбаза. Келе жатат эл дагы.
Мына бүттү, түштү мына денеси.
Бек кучактап бирок такыр бербеди.