Ивандын кызы, Ивандын энеси
(повесттен үзүндүлөр)
Ашкананын терезеси кире бериш подьезддин, кишилер кирип-чыккан сайын кыйчылдаганы жаңырып угулуп турган анын эшигинин үстүндө болчу. Күйүткө батып, чыдамсыздык менен күтүп жаткан акыбалында Тамара Ивановна үйдүн кайсы гана бурчунан болбосун, атүгүл күйөөсү уктап жаткан батирдин аркы тарабындагы уктоочу бөлмөдөн да эшиктин ачылып-жабылган үнүн эшитмек, бирок көчө тарапты караган жана бирөөнү күтүп жаткан таризде бир нече сааттан бери терезенин жанында какыйган боюнча жылбай турду. Ал жак караңгы жана жымжырт болчу. Кире бериштеги лампочканын жарыгы сквердин жана андагы бийик картаң теректердин чатыр сыяктуу ар тарапка жайылган бутактарынын арасындагы балдар аянтчасы тосулган жапыз тосмого чейин араң жетип турду. Мына ушул кыймылсыз жана күңүрт жарыктын айлампасына эч ким кирген жок. Тамара Ивановна ушунчалык чыңалууда болуп, ушул кезге чейин өзүн күлгө айлантып жибербеген ички кызуусунун узактыгынан чочулагандыктан, ал көзгө сайса көрүнгүс караңгы скверде кандай гана караанды болбосун байкамак жана алар келе жаткан бурчтан кандай гана болбосун кадамдын шыбыртын уга алмак. Бирок, анын бири да жок, баары тымтырс жана катып калган сыяктуу болуп турат. Уктап жаткан үйлөр менен тосулган жана үн жете бербеген көчөдөн адегенде машиналар кечиккен канаттуулар жем жеген жеринен учуп баратышкандай болуп шуулдап өтүп жатты эле, азыр ал жакта да ээндик өкүм сүрүп калды.
Түндүн бир оокуму, мүмкүн, саат үчтөн өткөн болсо керек.
Күйөөсү уктап жатат. Кантсе да апасы менен атасы жашоодо ар башкача болушат: мындайда апасы кантип уктай алат? Балдарда, балким, атанын жарымы бар, бирок бул жарым баланы бойдо көтөрүп жүрбөгөн жана эне гана сезе алган өзүнүн курсагындагы ошол түбөлүктүү, түгөнгүс катыштык болбогон бир үзүмдөн гана турат. Кийин чоң кишиге айлана турган өз баласын төрөө менен ал төрөттө жана жыйрылып тырышканда бардыгын сыртка чыгара бербейт: карында жаткан ошол эле бала анда түбөлүккө кала берет. Эми Тамара Ивановнанын жүрөгү гана эмес, анын өзү да бүт бойдон уюган ооруга айланып, анын ичиндегилердин баары кыйноо тарттырып жатты. Бирок бир нерсе өзүнчө, өзгөчө оорутуп, кан тамырларын дүүлүктүрүү жана бир сөздү кайталоо менен кыжаалат кылып жатты. Ал, апасын чакырып жаткан Светка кыжаалат болуп жатат...
Кечинде бул кыйноо башталганда күйөөсү Анатолий үйдө жок болчу. Бирок Тамара Ивановна анын Демин менен жүргөнүн билчү, алар бир айдан бери сүйлөшүүдөн ары илгерилебеген кандайдыр бир жалпы ишти баштап жатышкан. Жаңы жашоодо кыйла чечкиндүү жана тажрыйбалуу Демин демилгечи болгон. Ал ошол замат, эски турмуш бийик дөңсөөдөн калдыр-шалдыр боло тоголонуп-көмөлөнүп, калдыктарын туш-тарапка чачыратып кулай баштаары менен эле Анатолий экөө дос болгонго чейин табышышкан автобазадан бошоп кетип, кайсы бир жерде жабдуучу болуп иштеп, азыр борбордук базарда өзүнүн киоскасын ачып, электр лампочкаларынан жана боёктордон тартып автоунаалардын тетиктерине чейинки ар нерселерди сатуу менен алектенген. Анатолий болсо жыйырма жылдык өмүрүн берген базадан кете албай, улам барган сайын аз-аздан, анан калса арзыбаган рейстерге чыгып, кайра кайтканында — айтуунун өзү да уят! — кээде отун менен, кээде кык менен, ал тургай таптакыр бош бойдон келчү. Аягына дейре чыдап келди да, акыры аны көчөгө чыгарып салышты. Кереги жоктуктан улам жашоосунун бир бөлүгү гана эмес, жан дүйнөсүнүн да бир бөлүгү таш боордук менен керте чабылды: ошол жактан, автобазадан ал үч жыл бою эркектердин катарында машина айдап жүргөн Тамараны жолуктурду.
Тамара Ивановна аны кечки саат он бирден кийин Деминдикинен телефон аркылуу издеп тапты. Ага чейин ал кийинки көчөдөгү Светканын узун бойлуу жана толугунан келген курбу кызы Люсиникине жүгүрүп барып келди, эгерде анык куурчактай жүзү — тегерек чоң көздөрү, кичине жаактары болбосо, аны толугу менен жетилген аял катары кабыл алууга болот. Анын калп эле корккондой болгон жана ошол эле учурда кубанган жүзүнөн бул кыз Светканы күндүз гана көргөнмүн деп чынын айтып жатканын түшүнүүгө болбойт эле. Базардан көрдүм, алар жумуш сурап жүрүштү, Лида Тополь да алар менен болгон. Эч кандай жумуш табылбай, ал, Люся соода комплексинин жанына курбу кыздарын таштап кеткен. Кетип баратып Светка менен Лидага жынсы куртка кийген кавказ улутундагы бир жигит жакындап келгенин байкаган.
Бул баруусунан бир гана жыйынтык болду: Люся Лида Тополдун дарегин айтты, ал алыста, кичи райондо жашачу.
Ошондон кийин үйгө кайтып келген Тамара Ивановна Анатолийге телефон чалып, Светканын табылбай жатканын эч күмөн саноосуз айтты. Анын тогуздан кеч келгени буга чейин такыр болгон эмес. Бул саат ага үй босогосун аттай турган убакыт катары көрсөтүлгөн жана ал тогуздан кийин өз каалоосу менен бир жерде кармалып калууга батынбайт болчу. Андан бир жаш кичүү Иванга көбүрөөк уруксат берилген, жайында, азыркыдай эле, түн ортосуна чейин каалаганындай жүрө берчү, анын мунусу эч кимди чочутчу эмес: жигит эмеспи деп коюшчу. Ал эми бул такыр башка жагдай — он алты жаштагы татынакай, жумшак мүнөз, бардыгын билгиси келген жана ошол убакта салынган жолдон чыгып кеткен кыз болчу. Ал мектепке эрте, алты жашында барып жана эрте эле тогузунчу классты аяктагандан кийин окуу милдеттүү эмес деген кайдан-жайдан бир келген кандайдыр бир адатка кабылуу менен мектепти таштап салган. Сонун жашоого жакыныраак деп сатуучулардын тогуз айлык курсуна барды. Ал бул курстарды бүтүрсө да жашы жете элек дешип жумушка алышпайт. Андыктан курстарда чогуу окуган курбу кыздары менен бирге базарга жайма-жай барып, соодагерчилик ишти сурап-билип, сатып алуучунун алдында өзүн көрсөтө баштады.
Мына ушундай.
Анатолий Демин менен бирге, Деминдин машинасы менен келди. Тамара Ивановна өзүн коёрго жер таппай, ашкананын терезесинин жанында жылбай турду да, коюу күүгүмдү жирей кууш жана ой-чуңкурлуу өткөөл жол менен «жетинчи» үн чыгарбай жана калкылдап акырын жылып келип токтогонун, андан Анатолий атып чыгып, бир саамга Деминди күтүп токтоп туруп калганын көрдү. Анын мунусун оңой эле түшүнсө болот: ал азыр өз үйүнө күтпөгөн жерден каптап келген коркунуч менен кошо жалгыз көтөрүлүп чыгып, аялынын корккон жана талапчыл көз карашына туш болгусу келген жок. Бирок Тамара Ивановна Деминди көргөндө жеңилдей түштү. Аны менен ишенимдүүрөөк болот. Демин машинадан түшүп, адаттагыдай эле бүкүрөйүп, мектеп окуу китептеринде сүрөттөлгөн алгачкы адамдардай болуп ийиндерине илинип турган узун колдорун салаңдатып алдыга эңкейген бойдон кире беришке биринчи кадам таштады. Ачык турган эшикке кирип, Тамара Ивановнанын чыңалган жүзүнөн кыздын али жок экенин түшүнүп, ал адатынча күңгүрөнүп жана киркиреп айтты:
— Дүрбөлөң түшпө. Ага али эрте. Дагы да убакыт бар.
Бирок, бул жөн гана сөз экенин баары, анын ичинде өзү да түшүнүп турду. Таасири жок сөздөр.
Алар Иванды үйгө калтырып, кайра келишкенче уктабай турууну, телефондун жанынан алыс кетпей нөөмөттө болууну табышташып, сыртка чыгышты.
Анан жөнөп кетишти.
Түн жылуу, караңгы жана күңүрт тартып турду, жамгыр жаайт болуш керек. Ары-бери өткөндөр жок, бирок жарыш уюштуруш үчүн үч-төрт жылдын ичинде бул жерге дүйнөнүн төрт бурчунан алынып келинген машиналар эркиндикти сезүү менен чымылдап-зуулдап жүрүп жатты. Эми бөтөн жердин жарыштары азыр бардыгында — чүпүрөк-чапыракта жана булгаарыда, чайнектер менен табактарда, сабиз менен картөшкөнүн үрөндөрүндө, балдарды окутууда жана профессорлорду кайра даярдоодо, ойноштук ыракаттанууларды жана жалпы көңүл ачууларды уюштурууда, чөнтөк шаймандарында жана учак кыймылдаткычтарында, көчө жарнактарында жана мамлекеттик сөздөрдө жүрүп жатты. Өзүбүздүкүнүн баарын сүрүп чыгаруу менен бардыгы бир заматта боштукка кирип кеткендей болду. Болгону акыркы сапарга гана эскиче узатып жатышты. Эми көбүнчө чиркөөлөрдө жаназа окуу менен маркумду көөмп калышты: бир эле убакта алдыга, жылт-жылт этип жаркыраган жана кызык көрүнгөн белгисиздикке карай оңбогондой секирик жасоо менен бирге, артка, өлүктү көргө коюу менен аяктаган турмуштун көндүм агым-түзүмүнө коркуу менен кайра кайтуу болуп жаткандай туюлат. Ошол эле учурда алар теңме-тең бөлүнгөндөй көрүнөт — кээ бирлери көпөлөктөр сыяктуу отко карай умтулушса, башкалары момолойдой болушуп жерди казып киришет.
Алар үн-сөзү жок жүрүп баратышты, бир гана Демин чет элдик машиналар аны алдынан кесип өткөндө же жакынкы жарыкка которууну зарылчылыгы жок катары көрүү менен каршы тарапта жандырылган кубаттуу фаралары менен көздү уялтканда кыңкылдап калып жатты. Борборго түшүп келип, эски көпүрөдөн Ангаранын сол жээгине өтүшүп, оңго бурулуп, шаарды артка калтырышты. Эки тарапта тең караңгылык чулгап турду. Арткы орундукта олтурган Тамара Ивановна селейип калбаш үчүн эңкейип, айнектин алдында башын буруп, асмандагы жылдыздарды карай баштады. Алар жок эле, бийикте суу котурдай болуп шаардын электр жарыктарынын кубулмалуу жаркырагы көрүнүп турду. Тамара Ивановна жылдыздарды таба албай, аларды карап жатып бир нерсени жоромолдоп ойлоп койгонун эстей баштады, бирок бөлүнүп, эки бөлүккө ажырап кеткендей, эми алардын ортосунда азмаз кабар бар сыяктуу болуп такыр эстей албады.
— Биз жай баратабызбы? — Демин анын козголушун өз билгениндей түшүндү.
<...>
Тамара Ивановна турмушка чыга электе өзүнө көп жолу таң калуу жана тынчсыздануу менен карачу. Ошол эле учурда ого бетер таң калуу жана тынчсыздануу менен өзүн да ойлочу. Кыштакта алар беш бөлмөлүү чоң үйдө жашашкан, ал короонун ичин карай тереңдеп кирип кеткен, кызы болсо көпкө дейре эшиги салынбаган жана кочкул кызыл оор парда менен жабылган алыскы тосмону ээлеп турган. Анын кетээрине эки жылдай калганда атасы эшиктерди койгон соң бул тосмо бөлмө түрүнө окшошкон. Ал жакка анын алдында сулууланып, жасанып-түздөнүү керек болгон жана дагы деле кызматын өтөп келе жаткан, ич жагындагы сыры каңтарылып түшкөн, кыйшайган, быдырала болгон бийик чоң күзгүнү алып келип коюшту. Тамара уктаар алдында үйдүн ичинен илгичти илип, күңүрт күзгүнүн алдында түнкү ич көйнөгүн өйдө көтөрүп, дээрлик ар бир өспүрүм кыз аялдык жашоонун жакындап келе жатканынан кабар берген өзүндөгү бардык өзгөрүүлөргө сырдуу талып калуу менен көз сала турган сыяктуу эле өзүнө өтө үңүлө карачу. Ал өзүн чындап эле жактырчу эмес: кыска бойлуу, толугунан келген, ийиндери көтөрүлгөн, буттары чың, булчуңдуу, бир аз узунураак болгондо жана алардын баарын бир аз буруп койгондо жана түз кеткенде болмок. Ага аял бүтүндөй башынан-аягына чейин ылдыйдан өйдө, асманга жана күнгө карай курулгандай болушу керектей көрүнгөн, ошондо узун бойлууларды, кадимки көндүмдөн жогору көтөрүлүшкөндөрдү көбүрөөк сылап-сыйпап эркелетишет, ал тургай аялдын денесинин клеткалары да кара буудайдын узун данын эске салып турушу керек. Ошондо алар сезимтал, назик, кубанычтуу жана жагымдуу болушат.
Ал бою узун болбой турганы менен дароо эле келише албады. Бирок ал «өтө узун бойлуу» болгусу да келген жок, бул үчүн ал кандайдыр бир чараларды көрүп, өзү үчүн кайсы бир колдонмолорду түздү. Эми ал энеден туума болуп күзгүгө жакындаганда аны тынчсыздандырган нерсе бул эмес болчу. Бул биринчи көз карашта, кирүүдө гана болуп жатты. Мына эми ал өзүн таанып-билүү жана денесин сүрткүлөө, даярдануу, узунунан кеткен кыймылдар менен сылоо менен кирди да көзүн жумду.
Бул зарыктыруучу жана сезимтал күтүү абдан жакшы болду. Капталдарына акырын чачыраган жай толкундай болгон алсыроо жогортодон ылдый карай агылып, кандайдыр бир кысылыштарда жагымдуу чыйралуу менен тереңдегинин жана төмөндөгүнүн баарын ойготуп, кайрадан жазылып, эми ишенимдүү түрдө жооп толкун менен жогору карай сылай баштады. Ал жерде бардыгы тартылып, токтоп, чубуруп, анын деми башка бир жактан алсыз гана термелип чыгып, ойгонгон, эргиген сезимдер тынымсыз агылып жатты. Ал бүт бойдон толук козголуп, денесинин түсү ийкемдүүлүк менен жумшак жаркыракка айланды — дал ич жагынан акырын чыккан доош менен дээрлик үнсүз, алдейлеген ыр жаңырып турду: аны ал кайсы бир убактарда укса керек:
Тынч, тынч
Дарыя агып жатат.
Жамгыр, жамгыр
Көп топтоду.
Ой люли, ой люли,
Дарыя, буркандаба.
Өзүңдүн таза сууңду
Ылайлаба.
Аны анда камтылган, бирок бул физиологиялык гана эмес, ошондой эле түшүнүксүз, үрөй учуруучу, бирок бардыгы үчүн бирдей болгон, анан да физиологияга караганда өзгөчө бир рух менен тутанган көзгө көрүнбөгөн, ичтеги, кыйла сезимтал: же тынч, уйкулуу, жай козголуп, назик түрдө көкүрөккө жеткен, же күтүлбөгөн жерден толкундануудан улам буттун учу менен көтөрүп жиберүүчү ошол эле көкүрөктүн өзүнө капысынан канат байлатып, сыртка жарып чыгуучу аял сыры дегдетип турду. Анын өзүндө ачылууга батынбаган бир нерсе жашап, аны сезип жана издеп жатканына бактылуу болгонсуп жаткандай. Ал өзүнөн ошол эле назик кусалыкка баткан үн менен чыккан ырды бир нече жолу уккан. Ал өзүн таптакыр билбей тургандыгы тууралуу ойдон апкаарып кетти. Көрүнүп турган нерселердин баары кандайдыр бир функцияны аткарат, жашоо жана жашоону улантуу үчүн бардыгы иштейт, бирок канча аял болсо ошонун бардыгын тең төшөккө жана ашканага тийиштүү кылып коюу мүмкүн эмес. Алардын баары ал жерлерге батышпайт жана баарысы эле күйөөсүнө таандык болбойт. Ал эми дене кумары эмес, өзүн таза кармаган, чарбасын жөндөп караган, эркелетүү жетишпей турганда аялды сылап-сыйпаган жана анын кылдарын акырын-акырын тартып турган өтө сезимтал бир нерсе эркин калаары аныкпы? Кээде Тамара Ивановна өзүндө катылган бул бөлүктүн алдында уялчу, анда ал каалоонун оту менен эмес, таза көңүл эргүүнүн оту менен жалындап күйүп, бүт бардыгы атырылуу жана ээ-жаа бербей бактылуу эрдик жасоо үчүн даярданып жаткан. Ага окшогон көп-көп миллиондогон аялдардын биринен болгон ал ушул өзгөчө өтө сезгичтигинин, өзүнө-өзү сүңгүп кирүү жөндөмдүүлүгүнүн аркасында өзүн ушундай жана ушундай эмес, дагы бир нерсеси бар кайталангыс адам деп эсептей турган.
Атасы аны шаарга узатып жатып, өзүн аябай мастай болумуш болуп көрсөтүп эскертип айтты: кызым, күйөөгө чыккыча өзүңдү көзүңдүн карегиндей сакта. Башкача сөздөр менен айтты, бирок аны которуунун зарылчылыгы жок эле: ал аларды так ушундай түшүндү, атургай, аларды айтууга өзүн мажбурлаганы үчүн атасына таарынды. Эми ага да Светка үчүн аларды кайталоого аргасыз болгон учур да келди; о, Кудай, балдарга ыйгарылган, өз кезегинде тузагы көп болгон өз алдынчалуу жолго чыгышкан бойго жеткен балдардын ата-энеси болуу мөөнөттөрү бат эле келип жетти. Светка аны уялганынан жана ыңгайсыздыктан көзүн жашыруу менен укту, бирок бул ушундай болушу керек эле: мындай түшүнүктөрдө алардын баары, атүгүл Анатолий да чын тийбес бойдон калышкан. Үй-бүлөдө орой сөздөргө, уятсыз түрдө сүйлөшүүлөргө жол берилмек тургай, сырттан келгендердин бирөөсүнөн эле ушундай сөз чыгып кетсе чоң чыр чыкмак. Демин да Тамара Ивановнадан коркчу, эң керектүү сөздү айтууга туура келгенде, ошол кезде али кичинекей балдарды аябай кубандырып, Демин көп жөтөлгөндүктөн анын көндүм болгон тилин одоно келекелешкенден кийин ал бул сөздөрдү түшүнүксүз кылып айта баштачу. Эркин жашоо-турмуштун келиши менен сыйкырдуу кумура сыяктуу болгон телевизордон жийиркеничтүү нерселерден даярдалган ботколор байма-бай көрсөтүлүп, босогону аттап өткөн жана көчөгө толуп чыккан аларды токтотууга сөз жок болуп калганда Тамара Ивановна көпкө ойлонуп олтурбастан эле телевизорду күрс эттире полго ыргытып талкалап, колун жууган.
— Ашыкча кетпе, апакеси, — деди жоош Анатолий. Алар балдары бар дээрлик бардык үй-бүлөлөрдөгүдөй эле бири-бирин өзүнөн өзү эле «апасы», «атасы» дешкен.
Ал мындайраак болуп, терезенин алдында туруп, көзүнөн аккан жашын кыздардай болуп бетине сүртө ыйлап жиберди. Мына ушундай чыңалуулардан кийин адаттагыдай эле ал бир күн бою таштай болуп катып, жай жана кыйналып сүйлөчү. Тамара Ивановна анда бала бакчадан кийин почтага жумушка жаңы эле келгенинде басмаканадан жана вокзалдан почтальондорго алынып келинген, угуп-көрбөгөндөй таржымалдар жазылган, укмуштуудай сүрөттөрү бар түркүн түстүү гезиттердин көрүнүштөрү анын үрөйүн учурду. Журналдар шыр өтүп кетчү эмес; ушул эле жерде, почтада сатылуучу китептердин мукабаларында буттарын өйдө көтөрүшкөн сулуулар тикирейишип, бардыгына кемсинткен таризде күлүмсүрөп карашат. Ал почтага өзүнүн эски адистиги — телеграфчы болуп иштөө үчүн келди; телеграммалардын тексттери да өзгөргөн: акылсыздыктар жана кордоп-кемсинтүүлөр канчалык чекке чейин жол берерин текшерип жатканга окшогон адепсиздиктер, жашырын жана ачык коркутуулар, сөгүнүү, кандайдыр бир абракадабралар толуп кеткен. Бирок мындан ары эч нерсеге тыюу салынган эмес, баары ачык, эркин, аёосуз жүрүп жатты — алар канча болбосун бардык ээнбаштарды таап чыгууга, алардын жаман кылыктарын бир жерге чогултуп, жок кылууга, а алардын өздөрүн этап боюнча жөнөтүүгө шашып жатышкандай. ...Бирок, кайда? Жөнөтчү жер жок, бул тентектик каптабаган бир да бурч калбады.
Кандайдыр бир тик тоолордон агып түшкөн бул булганыч көчкүнүн алгачкы жылдарында Тамара Ивановна алсыздыктан, бекинип калуунун, бул ыпластыктын буркандап, кайнап жаткан агымынан, өз жолунда жогору көтөрүлө шылдыңдаган шаттануусунан качып кетүүнүн мүмкүн эместигинен улам ыйлай берчү: көкүрөгү кысылып, оору кыймылсыз жаткан таш сыяктуу ичине жайлашып алып, бир нече сааттап деми кыстыгып турат. Ал эми ыйласа, корккон жүрөккө көз жашын төгүлтүп, ал ысык жашы менен тоодой ташты жылытканда ал ордунан козголгонсуп, деми бошой түшөт. Бирок качанкыга чейин көз жашың менен кутула аласың? Ал эмнегедир ыйласамбы, ыйлабасамбы? — деп ойлонуп калганын сезип калды. Демек, ыйлабай, аялдык алсыздыкка алдырбай коё алат турбайбы. Анда эмне үчүн мындай учурда ичинде толуп турган ошол ысык оордуктун бүтүшүнө, эрксизден жеңилденүүгө ишенүүгө, өзүн өзү алдаганга, моюн сунууга үйрөндү? Бүт-бүт бардыгын алмаштырган, ата-энеге, мугалимге жана мамлекеттик кызматкерге айланган абийирсиздикти көз жаш менен кууп чыгууга болобу? Жок, болду, көз жашты агызганды токтотуу керек!
Кай жерден мындан кутулууга боло турган чепти көбүрөөк издеген сайын Тамара Ивановна Ангаранын жээгиндеги өзүнүн айылын, кайың менен карагай өскөн кең чабындыны, жээктердеги май айындагы черемуханын ак гүлдөрүн, кыштакка тараган анын жагымдуу жытын, гүлдөгөндөн кийинки көчөлөрдү аппак болуп каптаган черемуханын бурганагын, бийик, өзүнүн астына жерди батырган асманды, ал эми анын алдында күн баткан тараптагы Ангара суусунун агымын, оор жана багынган, чөп баскан жана кантсе дагы туулуп өскөн жээктерин эстеди. Мына ушунун баары биригип, жылтылдап, ойноп, шуулдап, бири-бирине чогула түшүп, кайра тарап, кай жагынан кирбегин ар тараптан көрүнүп, эмнени сурасаң да ошонун баарын тең көз алдыңа жакындатып жана тартылып турат... Мына ушунун баары унутчаактык дегенди билбеген Тамара Ивановнага териге жабышкан сыяктуу болуп ачык-айкын, жандуу жана оорута жаман абалга дуушарлантып, ал баарында тең эле ушундай боло берерин жана бул эстен кеткис эстутум ага кыйноо катары берилгенин изилдеп чыгуудан коркту. Түшүндө маркум энеси ага бир нече жолу келип, бир нерседен коркконсуп эки жагын каранып, шашылып, өз кезегинде Тамара Ивановнанын энесинен бир нерсени талап кылган өзүнүн маркум апасы, Тамара Ивановнанын чоң энеси жөнүндө айтып берди. Анын эмнени талап кылып жатканын түшүнүү мүмкүн эмес эле, бирок ал жакта да кандайдыр бир мамилелер улантылып жаткандыгынан улам да үрөйү уча тургандай боло түштү. Ушундай эле жапырык менен кыштактын көрүнүшү жана анын талаалар, аркы өйүзү жана мал үчүн тосулган жайыттардын кенен жан-жактары менен курчалганы тартылып жатты. Бирде Ангаранын ары жагындагы токой чарбасынын конок үйү жана сууга алып баруучу тапталган тепкич, бирде кыштактагы үйдүн маңдайындагы бир капталы бар, экинчи жан бутагы сынган, анын катуу шамал болгондо желпилдеп ийиле түшкөн, уч жагы каскакка илинген кездеменин энин эске салган ак кайың тартылат. Бирок бул дагы эсте тутулуп калгандардан экендиги түшүнүктүү. Бирок кээде же таптакыр унутулуп калгандардын, же аны менен таптакыр болбогон, ал кеткенден кийин гана болушу мүмкүн болгондордун көрүнгөнү таң каларлык жана түшүнүксүз эле. Мына, ал шалбааны аралай бачым басып баратат, оң жагында кыштак жана Ангара, сол жакта жалбырактары түшкөн токойдун ары жагынан чөбү чабылган талаалар көрүнүп, абасы тунук, күзүндөгүдөй суук тартып, ичиркентип турат, кабыктары жарылып кеткен картаң ак кайыңдардын бирине жакындап келип, ылдыйкы бутагында жип ийрүүчү чарык илинип турганын көрдү. Мунун эмнеси бар экен? — чарык турбайбы, керексиз болуп калганда алып чыгып, көргөзмө үчүн коюшкандыр — балким, пайдалуу буюм жок болуп кетпесин деп бирөө алып кетет. Бирок мурунку аяндарда эч кандай жип ийрүүчү чарык болгон эмес, анүстүнө Тамара Ивановна ал тургай аяндарда да ушунчалык эстутум менен бардык жалгыз аяк жолдорду кыдырып чыкчу, андыктан эч нерсе байкалбай калышы мүмкүн эмес эле. Ал кеткенден кийин төрөлгөн балдардын жүздөрү пайда боло баштады. — «Сен кимдикисиң?» — «Зыряндукумун». Торсогой бала аны кызыгып карайт, ал да бейтааныш эжеке менен жолугуп калганына таң калат. — «Зыряновдордун кимисиники?» — «Люсяныкы». Тамара Ивановна Зыряновскийлерде Люсянын бар-жогун эстутумунда көпкө чейин иргеп-издеп чыкканы менен, такыр эстей албады. Бирок, эгерде акыркы кыштак аралашмасынын бул жараны ушундай бир ишенимдүүлүк менен өзүнүн фамилиясын жана энесинин атын атап жаткан соң бар болуш керек? Алар жомоктон жаралбаганы көрүнүп турат.
«Бардыгы — балалык да, карылык да, кубаныч да, кайгы-касирет да Ангара аркылуу өтөт», — деп алардын кыштагында философиялуу ой жорумдашып айтышчу. Өмүр да зуулдап өтүп, жаңы үлүштү агызып келип, агын суу болуп турганында майда таштары аркылуу таң кала тургандай капкайдагы жомокторду айтып берчү. Азыр болсо баары түбүнө барат, чөгөт. Тамара Ивановна ушуну эрксизден ойлоду, чынында эле Ангаранын таза жана шарпылдаган сууга толушу же оор, кыймылсыз бөөт-чөөт болуп турушу анда отурукташкандардын көбөйүшүнө жараша боло тургандай туюлду. Ооба, баары ылганбастан жана кайдыгерлик менен түбүнө кетет. Анан мындан эмне күтүүгө болот? Ал эмне деген кен, ал кандай зарылдык үчүн адамдар тарабынан элестете албаган алыскы келечекке иштелип чыгылат?!
Апасы чынында икону жана сыйынуулары жок эле динге ишенген, бирок ал Кудайдын ысмына сөз тийгиздирчү эмес жана аны көп эске түшүрчү. «Кудай алдында баарын аткаруу керек, — деп ал кызына акыл-насаат айтчу, — ошондо ал сени байкайт жана коргоого алат». Тамара анда чоңоюп калган. «Бирок Кудай баарыбызды кантип биле алат? — деп ойлонуу менен сурап калчу ал. — Анткени биз көппүз, тим эле бүтүндөй миңбиз». Анан буга атасы кошулчу. Анын жердеги иштердин асмандагы эсеби жаатында өзүнүн түшүндүрмөсү болгон. «А биз баарыбыз суу ичкени дарыяга барабыз, — деди ал жарым тамашага, жарым олуттуулукка салып, башын ийкеп отуруп. — Дарыясыз, биздин Ангарасыз эч ким жашай албайт. Бардык дарыялар Кудайдын жанынан агып өтөт. Ал аларды карап, күзгүдөгүдөй ар бирибизди көрүп турат. Түшүндүңбү?» Түшүнбөй турган эмнеси бар экен? Ал башын ийкеп, алды жакты былк этпестен тиктеп туруп калды. Бирок, бул сөздөр кийин канча жолу эсине түштү, ал эртең менен шаардагы батирдин суу акчу чоргосун ачканда көпкө токтоп калган суу тозоктон чыккансып түтүктөн серпиле дирилдеп атылып чыкканда жандүйнөсүн козгоп кетчү. Бул жерде кайдагы күзгү, кайдагы камкордук, шыпаа болуу?! Бай адамдар чоргодон агып чыккан бул суудан бекеринен жийиркенишпейт, алар желим чака менен ичтеш бидондорду алышып же Байкалга же булакка барышат. Алар тамак-ашты да, дем алган абаны да ылгай алышат, дене оорулары тамак-аштан жана суудан пайда болорун эң сонун билишет.
Эх, жашоо бул токтобогон жүрүш, өзү менен өзү жүрүп кете берет, сен анда асмандагы күндү шаңга бөлөп шаштырган айымдардай болуп отурбайсың, а таштарда, баткактарда жана башка жолу жок жерлерде артыңда орду толгус жаракаттарды калтырган изиң сүрүлүп кете берет.
Эми кайрадан Тамара Ивановнада анын жандүйнөсүндө катылган, эрктен тышкары тейде өзүнөн-өзү агылып чыккан муңдуу жана таза ыр жаңырды. Кайрадан ичке, сезимтал, бир да доошто төгүлө бербеген үн угулду:
Жеңил, жеңил
Кайык сүзүп барат.
Ачуу көз жашымды мен
Кайыкка төктүм.
Ой люли, ой люли,
Жүрөк, ыйлаба
Бактылуу менин энчимди
Түшүрүп салба.
Тамара Ивановна өзүн аяп үшкүрүндү, бүдөмүк, орто заар боло жана изденүү менен ойлоду, бирок ойлору адатынча бат эле бир нерсеге барып такалып калды: терең туңгуюкка түртүп жиберишкенде «түшүрүп салба» дегенден не пайда?.. Аракет менен көкүрөгүн көтөрүп, ал аларды, өзүнүн жадатма ойлорун түздөдү да, үмүттөндүрүүчү нукка бурууга аракет кылды. Бирок анда да көпкө кармалып туруу кыйын болду. Ага анын кырк жылдан бери жашап келген кечээги бекем бейпил дүйнөсүнүн эч нерсеси калбагандай көрүндү, тегеректегинин баары жер кыртышынын эбегейсиз аралашып-жылышуусунан кийин калдык-сыныктарга толгондой болуп, алардын бир бөлүгүн рельефтүү жайма-жай кырка кылып жогору карай түртүп чыгарып, башка чоң бөлүгүн жан ачырлык башаламандыкта туш-тарапка чачыратып жиберген, бирок ал жакта жана бул жакта да карама-каршы күчтөр гана эмес, дегеле эч кандай күчтөр жок, болгону окшошпогон формаларда катып калган урандылар гана жатат. Анан күтүлбөгөн жерден бул көрүнүш өзгөрүлүп, урандылар жакшы ойлонулган түзүлүштөргө ээ болуп, бейтааныш, бирок ошондой болсо да иреттүү, жок дегенде иреттүүлүк кезегине тизилип, бул коркунучтуу учурга чыдоо, балдарыңды жана өз жаныңды коргош гана керектей сезилди — качандыр бир кезде жашоо орундашат, орундашпай коюшу мүмкүн эмес!.. Ушуга жетүүнү абдан каалап, жашап турганында эс алгысы келди! Анан ал өзүнө тарткан жумшак ыр агымы менен коштолду:
Тынч, тынч
Дарыя агып жатат.
Көз жаш, көз жаш
Көп акты.
Ой люли, ой люли,
Дарыя, буркандаба.
Кайыкка жол
Салып бер.




