Кыз үлпөтү

Катя сыймыктанат,
          колунан баары келген бар күйөөсү
                кеңири келечектүү;
Лена сыймыктанат, өзү жалгыз
           өстүрүп жатат уулун түк кайгырбай
                эч кимге колко кылбай;
Света сыймыктанат,
           бар анын адистиги
                жогору маяналуу кызматы, иши;
Таня сыймыктанат,
           жеке менчик батири бар
                жасалган табит менен, баары даяр.

Башка аялга кетип калды Катянын күйөөсү келечектүү.
Жылдар өттү, бааланган жок Ленанын
            сыноолордо чыңалган
                 кайраттуу жан дүйнөсү.
Света иштен кеткен мүнөзү келише албай —
                 күнү бою халатчан жүрөт талбай.
Таня батиринде өзү жалгыз, сезилет капалуудай.

Ар жылы 8-мартта чогулушат кыз үлпөткө.
               Катя таттуу токоч, торт апкелет,
Лена — сыр менен ышталган эт.
               Света — мыкты чылым, виносун кумар үчүн,
а Таня музыканы заманбап коёт дагын,
               жайнатат үстөлүнө салаттарын.

Бири баштайт: — Айтышат Грецияда тээ байыркы,
жалаң айым-амазондор жашаган
болгон дейт ушундай бир ээн аралы,
эркектерди өздөрүнө
жарым карыш жолотпогон,
кокусунан бороон-чапкын алда бирин апкелсе
өлтүрүп салышчу экен ошол жерде!

Бул таржымал жан берип бүт баарына,
               көңүлдөр көтөрүлдү бир заматта:
баа беришип гректердин акылман кептерине,
               угушту ырын эстрада чеберинин,
бийлешти бир-бирине кептелише,
               талкуулашты болочок муун тууралуу,
жана да таттуу токоч, ун тууралуу
               аарчып салып боёгун эриндердин.
— Жакшы баргын, Катя, — сен керемет көрүнөсүң
жарыгында бул үйдүн күүгүмдөнгөн!
— Жакшы баргын, Лена, — олтуруп троллейбуска,
           андан ары ээн жол менен тез өтүп кет шашыла!
— Жакшы баргын, Света, — оң жакка бас,
анан солго,
               кетесиң тоңу кара парк аркылуу.
— Жакшы калгын, Таня, —
идишин жуу токочтордун даамдуу-таттуу!..