Авиатор
(романдан үзүндү)
Гейгер түшкү тамактан кийин кетти. Мен анын Валентина киргенде тумагын колуна кармап пальточон чыгып баратканын көргөм. Адегенде биздин кабаттан, андан соң тепкичтен анын улам узап бараткан кадамдарынын дабышын уккам. Мен бул тууралуу кыялдансам да, Гейгердин уруксат бергенине карабастан эки күнгө чейин Валентинаны жаныма жат деп суранган жокмун. Мына, азыр сурандым.
Ошентип ал менин жанымда, алаканы менин алаканымда. Чачтары менин кулагымды кытыгылоодо. Мени ушинтип жатканыбызды бирөө-жарым кармап алса эмне болот деген ой кыйнап жатты. Башка бир айыптуу, ал гана тургай жосунсуз иш болсо да эч нерсе эмес, анткени биринчиси — айыптуусу болуп кетиши ыктымал, а мунусу... Себеби мында бардыгы ушунчалык назик, жүрөк калтаарытар, түшүндүрүшкө кыйын нерсе, бул качандыр бир кездерде бизде болуп өткөн деген сезим айланчыктыйт. Валентинадан аны менен мурда мындай нерсе, бул тууралуу кандайдыр бир эскерүүлөр, эскерүү тургай божомолдор дагы болду беле деп сурадым. «Жок, болгон эмес, эгерде мындайдын өзү таптакыр болбосо кайдан эстемек элем?» деп жооп узатты ал.
А менде бул болгон, аныгында, муну мен ойлоп тапкан жокмун да. Биз дал ушундай эле кол кармашып, чеке тийиштирип кыймылдабай жатканбыз керебетте. Ошондо мен шилекейимди жута албай, анымды угуп коёбу деп чочулагандыктан калп эле жөтөлүмүш эткем — биздин мамилебиз ушундай адаттан тыш болчу. Же болбосо муунум кычырап кетсе дагы чочулачумун, анткени биздин мамилебиздин бардык абадан да жеңил эбелектүүлүгү, бардык назиктиги дароо желдей тарап кетчүдөй сезилчү. Анда денеге таандык эч нерсе жок эле. Мага анын манжасы, анын сөөмөйү, сөөмөйүнүн седептин кабырчагындай болгон тептегиз жана кызгылтым тырмагы эле жетиштүү болчу. Мен жазып жатам, а колдорум болсо калчылдоодо. Алсырагандыктан, этим ысыгандыктан эмес, сезимдин улуу чыңалышынан. Жана дагы, андан башкаларын эстутумум менден жашырып жаткандыктан. Бул эмне эле?
— Бул эмне эле? — деп кыйкырам көз жашымды көлдөтүп Валентина карындашыма. — Эмне үчүн менин өмүрүмдүн бактысы менин эсиме толугу менен келбей жатат?
Валентина муздак эриндери менен менин чекеме ыктайт.
— Мүмкүн, анда ал бакыт болуудан калаттыр.
Мүмкүн. Бирок муну түшүнүш үчүн баарын эстеп чыгуу зарыл.
Эстейм. Тоңгон дарыядагы трамвай рельстери. Терезенин тушундагы күркөлөрдөн ары бир жээктен экинчи жээкке өтүп жаткан электр трамвайчасы. Вагон айдоочунун эки көзү борошо менен иңирди теше тиктейт, бирок тиги жээк али көрүнбөйт. Чырактар жолго араңжан жарык чачат, алардын бүлбүлдөгөн жарыгында муздун ар бир дөмпөгү жарылган жарака же түбү терең аң сыяктанып көрүнөт. Вагон айдоочу бүт ыкласын бир жерге топтогон, анткени ал үмүт деген шооланы эң акырында жогото турган адам. Кондуктордун кайраты күчтүү, бирок ал суудан ууртап өзүн өзү чыйралтууну унуткан жок, антпесе суук менен береги айлуу түндүн көрүнүшү кимдин болбосун башын айлантып коюшу мүмкүн, а кондуктор болсо сергек болуп турууга тийиш. Белетттерди беш тыйындан сатат, аларды тоңуп калган манжалары менен айрыйт. Алардын астында бир саржан суу, капталдарында борошо, бирок анын морт кемеси, муздагы саргыч жарык өз максатына — күңүрттө жоголуп кеткен зор шпилге умтулат. Мен бул шпилди жана бул дайраны тааныдым. Эми мен кайсы шаарда жашаганымды билем.
Бейшемби
Мен Петербургду аябагандай жакшы көрчүмүн. Бөтөн жерден кайтканда ушунчалык бактылуу болор элем. Анын болгон-күткөн гармониясы көз алдымда мени бала чактан чочутчу жана капа кылчу хаоско каршы турчу. Мен азыр өмүрүмдө болуп өткөн окуяларды кадимкисиндей калыбына келтире албайм, болгону мени ошол хаос ташкындап чыккан учурда аралчаларга бөлүнүп жайгашкан Петербург тууралуу ойлор гана сактап калчу...
Валентина жамбашыма ийне сайды. Кандайдыр бир витаминди. Витаминдер оорутат, бул шприцтер эмнегедир башка дарыларга караганда абдан эле жагымсыз. Мен ойлорумду жоготуп алдым...
А, ооба — гармония. Олку-солкусуздук. Мына биз атам-апам үчөөбүз: мен ортодо, алар эки жагымда Фонтанкадагы Театральная көчөсүнөн Александринск театрына жолдун так ортосу менен мени жетелеп келатышат. Алардын өзүлөрү — симметриянын, керек болсо — гармониянын эле нак өзү. Ошентип келе жатабыз, атам мага үйлөрдүн ортосундагы аралык туптуура үйлөрдүн бийиктиги менен тең, ал эми жолдун узундугу үйлөрдүн бийиктигинен ондогон эсе узун деп айтты. Театр жакындаган сайын улам бийиктеп, чочулатат. Асманда булуттар удургуй баштады. Анан дагы: көчөгө жаман бир башка ат берип коюшту. Эмне үчүн?
Анан дагы өрт эсиме түштү. Өрттүн өзү эмес, күз башында, күүгүм кирип келаткан маалда Нева проспекти менен аны кантип өчүрүүгө баратышканы. Алдыда таскактаган кара ат. Акыр замандын периштесиндей болуп бирөөсү сурнай үйлөйт. Сурнай үнүн уккан жолдогу арабалар ары-бери чачырап аларга жол бошотууда. Арабакечтер аттарын шапалактап, четке ыкташат. Ошентип Нева проспектинде ачылып берген жол менен өрт кызматкерлерин ташыган араба атырыла жөнөп барат. Жез каска кийген өрт өчүргүчтөр узун арабада бири-бирине далысын салып отурушат, алардын төбөсүндө өрт бөлүмүнүн туусу желбирейт. Туу астында — коңгуроо каккан брандмейстер. Өздөрүнүн камаарыбастыгына карабастан алар капалуудай байкалат: анткени алардын жүздөрүнөн буга чейин көзгө көрүнбөгөн, кайсы бир жерде башталган, аларды кайсы бир жерде күтүп жаткан өрттүн алоосу чагылышып турат.
Келаткандарга өз өртү небак чулгап алган Екатерина бакчасынын алоо-саргыч жалбырактары сампарлайт. Апам экөөбүз чоюн торчого жөлөнүп жалбырактардын жеңилдиги арабага кантип өтүп жатканына көз салуудабыз: алар жерден желдей көтөрүлүп, Нева үстүндө жа-ай каалгыйт. Өрт өчүргүчтүн артынан лом, түрүлгөн түтүктөр жана шатылар салынган кош аттуу араба, анын артынан буу насосу жүктөлгөн араба (казандан — буу, морунан — түтүн чыгат), анын артынан күйүк алгандарга жардам берчү медициналык араба каалгып жылып баратат. Мен бырылдап ыйлайм, а апам мени «коркпо, балам» деп сооротот. Мен коркконумдан эмес, бул кишилердин кайратына, бийик атак-даңкына, кыймылсыз катып калган сүрмө топтун алдында, коңгуроо доошу астында алардын ушунчалык шаңдуу баратканына суктанып, толкунданганымдан ыйлоодомун.
Мен брандмейстер болууну аябагандай самачумун. Өрт өчүргүчтөрдү көргөн сайын ичимден «мени да катарыңарга алгылачы» деп жалбарчумун. Нева проспектинде империалда кетип баратканда «өрткө баратам» деп элестетчүмүн өзүмдү. Өзүмдү саал капалуу жана салтанаттуу кармаганым менен, алоолонгон өрт ичинде болуу кандай экенин элестете албасам да, көз кырыма көпчүлүктүн суктана карап, жаалап жатканы урунуп, башымды саал кыйшыйта жалжылдаган көздөрүм менен жооп узатып калчумун. Акыр-аягы мен өрт өчүргүч боло алганым жок, бирок азыр, көп убакыт узаган соң аныма өкүт кылбайм.
Ишемби
Кечээ кечке текшерүүдөн өттүм. Ушундай бир кызык таасир... Жок, ооруган жок, ал тургай жагымсыз да болбоду. Аспаптары таң калтырды — мындайларды эч качан көрбөптүрмүн. Мен, албетте, аспаптар боюнча адис эмесмин деңизчи, ошентсе да өзүмдүн сезгендеримден башка эмне тууралуу кеп кылмак элем. Бирок бул сезимдер таптакыр таң каларлыктай.
— Мен эсимди көпкө жоготуп койдумбу? — деп сурадым кийинчерээк Валентина карындашымдан. — Жаңы аспаптарды алып келгиче эс-учу жок жаттымбы?
Жооп узатуунун ордуна Валентина чачтарымдан сылагылап, менин жаныма жата кетти.
Мени качандыр бир кезде Анастасия ушинтип сылагылаган болчу. Карасаң, капилеттен анын атынын каалгып чыга калганын. Анын ким экенин, мени эмнеге сылагылаганын эстей албайм, бирок эмнегедир мени Анастасиянын сылагылаганы эсимде. Анын манжалары чачтарымды аралап келип, бир кезде ойлуу токтоп калып жаткан. Чекемден ылдый кулагыма чейин сыйгаланып келип, кулагымдын учтарын жеңил укалап койгон. Ошондо мен анын ушунчалык катуу шуудараганын уккам. Кээде Анастасия чекеме чекесин такап алып менин саамай чачтарымды, сарыны карага, өзүнүкүнө кошо өрүп жатчу. Бул бизди аябагандай ышкылантчу, биз ушунчалык ар башка элек.
— Эмнени ойлоп жатасыз? — деп сурады Валентина карындашым.
— Мени сен эле дечи, макулбу?
— Эмнени ойлоп атасың?
Эч нерсени. Эч нерсе эсимде жок болсо мен эмне тууралуу ойлонмок элем. Мынакей, эсимде Анастасиянын атынан башка эч нерсеси калбаптыр. Мен анын атын жана буудай ыраң чачтарынын жытын да унутупмун. А мүмкүн, эсте калган таасирден улам Валентинанын чачынын жыты (аныкы дагы буудай ыраңдуу) качандыр бир кездеги менин бактылуу учурумду эске салып жаткандыр.
Жекшемби
Гейгер мага «Робинзона Крузону» алып келди. Жөнөкөй тилде жазылган жаңы басылышын эмес, революцияга чейин чыккан 1906-жылкысын. Мен бала чакта дал ушунусун окугам. Мунумду ал билди бекен? А мен аны көзүмдү жуумп туруп, Анастасиянын чачтарындай болгон жытынан бир кармаганда эле билмекмин. Менин мурдумда бул китептин жылтырак кагаздарындагы басмакана боёгу түбөлүккө кала берди. Ал — саякаттын жыты эле. Барактардын шуудураганы Робинзонду күндөн калкалаган ошол аралдын аябагандай жазы, ачык-жашыл, желге үлп-үлп термелген, таң эртеде тунук шүүдүрүм каптаган жалбырактарынын шуулдаганын эсестетет. Мен китепти барактап, кийинки бетте эмне барын жатка билчүмүн. Ар бир сап арылаган сайын өткөн өмүрүмдө мени коштогондордун бардыгы — чоң энемдин жөтөлгөнү, ашканада жерге түшүп кеткен бычактын шыңгыры, аяктан буркурап чыккан майдын жана атамдын папиросунун жыты тирилип чыга келчү. Китепте берилген маалыматтарга караганда ушулардын бардыгы 1906-жылдан мурда болгон.
Дүйшөмбү
Каалганын тешигинен: бүкүрөйүп алып колбасадан тептең кесип, биринин артынан бирин сугунуп жаткан киши көрүнүп турат. Кебетеси капалуу. Үшкүрүнүп коюпп кружкадагы аракты дем албай тартып ийет да, оозун жаланып коёт. Кез-кез терезеге көз чаптырат. Аякта коргошунга окшоп жалбырактар кыйгачтана ылдый кулоодо. Алар каалгып түшүшү керек эле, бирок аларды шамал айдап кетүүдө. А мен болсом ушулардын баарын каалганын түбүнөн эмес, көрүнбөй турган обочодо, караңгы коридордон байкап турам. Мага өзүн аңдып турган бирөөнү байкоос албаган бул кишинин эмне кылып жатканы кызык. А ал болсо колбасаны улам кесип сугунуп, кружкасын алаардын алдында колун аарчып коюп улам арак ууртоодо. Бул кайда жана качан болду эле?
Бир топ күндөн бери менин дене табым 37,5дан аша элек. Алсырагандык акырындап алыстап, өзүмдү жакшы сезе баштагам. Кээде чарчаганга чейин керебетте олтурам, бирок мурдагыдан бат чарчачу болдум. Илгери мындай бир кыйноо болгон: кишини жерге буту тийбегидей кылып устунга же тар скамейкага отургузуп коюшчу. Уктоого да, эңкейүүгө да болбойт. Колдору тизесинде. Ошентип аны буттары уюп калганча күнү-түнү отургузуп коюшчу. Аны устунга мингизүү деп аташкан. Кыскасы, ушинтип башым маң...
Же болбосо: мына биз Лиговодо, Полежаев паркындабыз. Июнь айы. Аякта анча чоң эмес, бирок парк үчүн көл сымал жазы көрүнгөн Лиговка суусу бар. Кире беришинде — көп сандаган экипаждар, ландолор, мен атамдан бүт шаар ушуякка көчүп келишкенби деп сурайм. Атам бир саамга мен эмнени сурап жатканымды: чын эле билбестиктенби же сынап жатабы деп териштире ойлонуп туруп, жок, баары эмес деп жооп узатат. Менин суроом чын жүрөктөн чыккан — мен көп эл чогулганын жакшы көрөм. Ал кезде андан бетер жакшы көрчүмүн.
Чөптө — дасторкондор, самоорлор, патефондор. Биздин патефонубуз жок, аны катарында отургандар кантип айлантып жатканын тиктейм. Ким отурганы эсимде жок — бирок бурагычтын кантип айланып жатканын азыр да көрүп турам. Көздү ачып-жумгуча кирилдеген, кекечтенген музыка жаңырат. Ыр ырдалат. Ушул кичинекей, тамагына суук тийген ырчылары толтура кутучаны алгым келген. Аны эркелетип багып, кышкысын мештин үстүнө жаткырып, эң башкысы — аны көндүм кылдаттык менен айландыргым келген. Бурагычты айлантуу мага жөпжөнөкөйдөй, ошол эле учурда төгүлүп-куюлган үндөрдүн белгисиз сыры, кереметтин универсалдуу ачкычындай туюлган. Айланып жаткан колдун кыймылында үнсүз аспаптарды тирилтип ийчү дирижёрдук таякчанын шилтемдери, болмуш мыйзамдарына баш ийбеген дагы далай моцарттык бирдемелер бар эле. Кээде менин уккан кайрыктарымды ичтен кыңылдап, өзүмө өзүм дирижёрлук кылган кездерим болгон жана аным көбүнесе мыкты чыкчу. Эгер менде брандмейстер болуу кыялым болбогондо, мен, албетте, дирижер болмокмун.
Июндун ошол күнү биз дирижёрду көргөнбүз. Анын таякчасынын тилин жым дебей уккан оркестри менен ал акырындап жээктен алыстап баратты. Ал парктык эмес, симфониялык оркестр эле. Кантип батышканын билбейм, алар салда тизилип туруп алышкан, анан суу үстүн алардын музыкасы жайпай берди. Салдын тегерегинде кайыктар, өрдөктөр сүзүп жүрүштү: калактын кыйчылдаганы, өрдөктүн каркылдаганы угулуп жатты, бирок ушулардын бардыгы дирижёрдун сыйкырдуу башкаруусу менен музыкага жуурулушуп кетип жатты. Музыканттардын ортосунда турган дирижёр ошол эле учурда жалгыз болчу: бул адистиктин кол жетпей турган кайгысы дагы жок эмес. Анысы, балким, брандмейстердикиндей айдан ачык көрүнбөстүр, анткени ал кармашкан өрттү көз көрөт, дене-турпат сезет, бирок дирижёр менен музыканын ички табияты жүрөктү өрттөн аша
куйкалайт, ов!
Шаршемби
Азык-түлүк карточкасын алуучулардын төрт түрү бар:
Биринчиси — жумушчулар. Бул бир күнгө бир фунт нан. Толук жетиштүү.
Экинчиси — кызматчылар. Бул бир күнгө чейрек фунт нан.
Үчүнчүсү — кызматы жок интеллигенттер, болгону сегизден бир фунт.
Түртүнчүсү — буржуйлар. Алар сегизден бирди эки күнгө алышат. Ошентип жыргап жата бер дегени мунусу...
Гейгерден азык-түлүк карточкасы азыр дагы колдонулабы деп сурадым. Ал аны эми колдонбой калдык деп айтты. Кудайга шүгүр! Карточканы, өзгөчө, керосин менен самынга алмаштыруу азаптын азабы, анан бакыттын таалайы эле го, чиркин!
Ортоңку менен 8-линиянын бурчундагы Васильев аралында жаңы берүү пункту ачылганын билдим. Петроградск аркылуу мен ошол жакка жөнөдүм — жаңы орундар тууралуу элдин баары эле биле беришпейт, адатта ал жактарда кезек азыраак болот. Булуңдан шамал согуп, майда кар себелеп, ызгаар кулакты каарыйт. Фуражкамдын сыртынан салынып алсын деп мага чоң энемдин жоолугун беришкен (а чоң энем небак эле кайтыш болгон), бирок, мен акмак, аны байлангандан уялгам. Тучков көпүрөсүнүн үстүнөн шамал мени аз эле жерден учуруп кете жаздады. Портфелимден жоолукту алып чыктым да, тумчуланып алдым. Эмнеге уялдым дейм да — борошо ушунчалык ургандыктан бир карыш жер көрүнбөйт. Мейли, көрүнсө деле — жоолук ичинде мени кимиси таанымак эле? Бирок, 8-линияга жеткенде мен аны чечип салдым.
Кезекке турдум. Пелагея Васильевна мага:
— Мен Пелагея Васильевна, кезекте сенин алдыңдамын, бирок мен шамал тийбеген жерде далдалана турайын ээ, — деди.
— Албетте, — дедим мен, — Пелагея Васильевна, бара бериңиз?
— А сен кезектен чыгып кетпейсиңби? Эгер кетип кала турган болсоң айтып же эскертип коюп кетегөр, айланайын!
Мен башымды ийкедим, бирок ал ордунан козголбой тура берди.
— Мен тура берет элем, — дейт, — бирок этим ысып калыптыр. Ушунча турсам эмне болорун билбейм. А керосинсиз тамакты кантип бышырам?
Аңгыча Николай Кузьмич келип калды:
— Бара бер, Пелагея, сенин ордуңа мен туруп берейин. Эч камсанаба.
Ал ага өз кезегин бошотту.
— Николая Кузьмичтен менин кадырым жан.
Тургандардын бардыгынын тумактары, ийиндери, каштары карга басылган. Кээ бирлери буту менен бутун тепкилеп коёт. Пелагея булуңдан башын кылтыйтып, Николая Кузьмичке ишеңкиребей карайт. Ал Пелагеяны көрө сала сыпаа баш ийкегилеген болот.
— Ыракмат сага, Николай, — деп коюп ал кайра булуңга ыктайт.
Биринчи саатта бардыгы бири-бирин тамашалашып, сөз арасында керосин жок канчалык оор экендиги тууралуу кобурашышат. Керосин жана отун. Үчүнчү сааттан өтүп калган маалда кайдан-жайдандыр мага тааныш Скворцов келип калды. Жалпы маекти колдой, Скворцов 1919-жыл — анын өмүрүндөгү эң жаман жыл болгондугун жобурай баштады.
— А сенин өмүрүңдүн он тогузунчу жылы качан болду эле? — деп сурады кезекте тургандардын бири, — Дегеле, мындайча айтканда, бул жашоодо сен эмнени көрүпсүң?
— Биринчиден...
Жооп узатып жатып Скворцов өзүн мен турган кезектин толук укуктуу мүчөсү катары көрсөткүсү келет. Үнү калбаат. Бирок кезектегилер аны шекший карап турат.
— Мына бу, — дейт Николай Кузьмич мени көрсөтүп, — эртеден бери турат, биз аны тааныйбыз. Мен анын ордунда турган Пелагея Васильевнаны тааныйбыз. (Булуңдан Пелагея дароо башын кылтыйтат.) Сени болсо, кечирип коюңуз, көргөн эмеспиз.
Скворцов ийиндерин куушурду эле, ал жерден туруп калган карлар үбөлөнүп түштү. Бир аздан соң Скворцов борошого кирип жок болду. Талаш-тартышсыз, унчукпастан жок болду. Менин өмүрүмдөн биротоло жок болду, анткени аны, менимче, ошол бойдон өмүр бою көргөнүм жок.
Шейшемби
Шкафта Фемиданын статуэткасы, аны атама юридика факультетин бүткөн күнү тартуулашкан. Мага аны эмчекте кезимде эле көрсөтүшүп: бул деген Фемида деп айтышкан болчу. Кийин коноктор келип калганда: «Фемида канакей?» деп сурашчу, мен кичинекей сөөмөйүм менен аны көрсөтчүмүн. Мен Фемиданын ким экенин билчү эмесмин, шкафта турган акыр-чикирлердин бири экен деп ойлочумун. Мага Фемиданын колундагы таразадан башкасынын баары жакчу. Анткени таразасы кыймылдачу эмес. Жетиге чыккыча чыдадым, анан аны кыймылдуу кылыш үчүн аларды ийип-чоюп, балка менен койгулап көрдүм. Алар чайпалып турушу керектигине, болгону кайсы бир жери такалып калганына бөркүмдөй ишенчүмүн. Тараза, албетте, сынып түшүп калган эле.
Бейшемби
Бүгүн эртең мененки кароодон кийин Гейгер палатада калды. Колу менен үстөлдүн кырын жанып койду.
— Сиз Валентинадан канча убакыт эс-учу жок жатканыңызды сураган жоксузбу...
Үстөлдүн кырына эки колу менен жөлөнүп мени тиктеди. Мен жабууну ээгиме тарттым.
— Бул дагы сырбы?
— Жок. Жандандыруу ийгиликтүү жүрүп жатат, ошондуктан айрым бир нерселерди сизге айта берсе болот деп ойлойм. Бирок анча-мынчасын эле — дарооле баарын эмес.
Тимеле ушуну гана күтүп тургансып, үч чыны чай кармап Валентина кирип келди. Мен анын кофе экенин анын буту босогону аттаары менен билдим. Жыты аңкыйт. Мыкты кайнатылган кофе — аны мен акыркы ирет качан татты элем? Мени жөлөп олтургузушту, мен керебетте, Гейгер менен Валентина отургучтарда.
— Иш мындай, — деди Гейгер, — сиз чынында узак убакыт эс-учу жок жаттыңыз, дүйнөдө да көптөгөн өзгөрүүлөр жүрдү. Мен алар тууралуу сизге аз-аздан айтып берип турам, а сиз болсо башыңыздан эмнелер өткөнүн акырындан эстей бересиз. Сиз менен биздин милдет — ушул эки агым бири-бирине ооруксунтпай жуурулушууга тийиш.
Кофе жытына жараша ырасында мыкты экен, ал тургай, андан саал өйдө. Гейгер космосту өздөштүрүү тууралуу айта баштады. Көрсө, биз америкалыктар менен бирге тээ бир топтон бери космоско учуп жатыппыз. Мунун эмнеси бар экен, Циолковскийдин идеясы боюнча бул күтүлгөн иш эле да. (Кофе ичкенде мага бир гана нерсе, кант жетишпейт негедир. Канттан алсам болобу деп сурадым. Гейгер сиздин организм глюкозаны кандай кабыл аларын билбей турам деп эки анжы болду.) Космоско алгач орус көтөрүлүптүр, а бирок америкалыктар биринчи болуп Айга конушуптур. Космос жана Ай тууралуу аз билсем да, менимче, аякта кыла турган иш жок.
— Адамдар деңиздин эң терең жерине чейин түшүштү, — деп улантты Гейгер.
Башымды ийкемиш эттим.
— Биздин учурубузда ушуларды ойлоого болот беле? — деп сурады Валентина.
— Ооба, — дедим, — ошондо эле кандайдыр бир идеялар бар болчу.
Жарманкелерде австралиянын тургуну деген оюнчуктар болор эле деп айта баштадым. Суу куюлган айнек баллончодо көзү томпогой кичинекей киши (айнектен жасалган) сүзүп жүрчү. Баллончонун үстүндө резина мембрана бекитилген. Мембрананы бассаң — австралия тургуну тегеренген боюнча тереңге кетет. «Австралия тургуну деңиз түпкүрүнө түшүп кетти, бакыт-таалайга жетти!» — деп кыйкырып турчу сатуучу. Сатуучу эмнегедир бир бутунан сылтып басса да, үнү бирде бу жерден, бирде тиги жерден угула жарманкени чарк айланып жүрөр эле. «Австралия тургуну... түшүп кетти...» Бакыт-таалай издегендердин ушундай, кыймылсыз, сулк көрүнүшү бардыгынын оозун ачырчу. Австралиялыктардан айырмаланып, орус тургундары, албетте, мынчалык чарк айланганды билчү эмес.
Гейгердин колу Валентинанын ийининде. Манжалары өзүнөн өзү анын чачтарын тароодо. Гейгер мени көргөзүп, ага шыбырап калды:
— Бул деген жөн гана табиятты өздөштүрүү эмес, бул жерде бакыт-таалайга умтулуу тууралуу кеп жүрүүдө...
— Бакыт-таалай, менимче, сизди өзгөчө толкундантпайт го дейм? — деп сурады Валентина.
— Андан, негизи — дедим, — кайгы-кападан башка не пайда.
Валентина Гейгердин колунан бошонууну ойлоп да койгон жок. Күлүп коюп турат маңкайып. Кызык, экөөнүн ортосунда кандайдыр бир мамилелер бар болду бекен? Ага абдан камкор карап калыптыр тиги кургуруң.
Гейгер мага техника жаатындагы бирдемелерди айткандай болду, бирок мен алардын баарын эстеп кала алган жокмун. Ооба, азыр алар «шарик калем» (калем ичиндеги шарик) менен жазып калышыптыр — Валентина бир нече күн мурда менден эмнени катты десе, анысы ушу турбайбы. Алар мени толкунданбасын дешсе керек. Чынымды айтсам: мени ал толкунданткан жок.