Ars poetica
Көрчү, окурман! Көзүң ачып көрүп кой!
Жок дегенде бир аз көңүл бөлүп кой!
Көз кырың сал! Жок, караба быякка!
Мага эмес, жинди, өйдө кара — тыякка!
Каалабасаң — менин сөзүм ынатпа,
Кара, бирок, не жаркырайт ыраакта!
Кебез, элес... жок, аларды унуткар,
Блок да эмес, суу үстүндө булуттар.
Булуттарды чагылдырган нур беле,
Аны далай көрсөң керек мурда эле.
Эстедиңби? Ал дайыма ушундай!
Кеп ушунда — баягы эле учурдай!
Күн батарда көрчү алоолоп жатканын!
Сонун бекен? Анда мени мактагын.




