Алтайлык шаман күйүттө
Ушинтип эле кетип калды садага,
Орустарга, тоо артында калаага.
Сүйүүм эле, жашоодо кубанганым,
Бектай болчу ысымы анын.
Оо, далайга кусаландым мен ага,
Акырында дапты ошо колго ала
Кайрылдым эң ак көңүл делген бир
Үлгөн аттуу асмандагы кудайга:
«Кайрып бергин Бектайымды сен мага».
«Колдон келбейт» — Үлгөн жооп кайтарды.
Мен кайрадан дапты алдым да,
Эрлик аттуу кара ниет кудайга
Үлгөнгө кайрылгандай ага да
Датым айттым: «Кайрып бер деп Бектайым».
«Кайрып берем! — деди ал ишенимдүү —
«Күйөөсүнө алып келем мен өлүмдү,
Анан ал айласыздан кайтат сага,
Жүрөт ал көзүң менен тең айлана,
Жашайт ал күнү-түнү сен деп гана.
Бирок да көңүл-ою башка жакта,
Ошондо да болот абдан алыстыкта.
Буга каршы сен эч нерсе кыла албайсың».
Орустарга, тоо артында калаага.
Сүйүүм эле, жашоодо кубанганым,
Бектай болчу ысымы анын.
Оо, далайга кусаландым мен ага,
Акырында дапты ошо колго ала
Кайрылдым эң ак көңүл делген бир
Үлгөн аттуу асмандагы кудайга:
«Кайрып бергин Бектайымды сен мага».
«Колдон келбейт» — Үлгөн жооп кайтарды.
Мен кайрадан дапты алдым да,
Эрлик аттуу кара ниет кудайга
Үлгөнгө кайрылгандай ага да
Датым айттым: «Кайрып бер деп Бектайым».
«Кайрып берем! — деди ал ишенимдүү —
«Күйөөсүнө алып келем мен өлүмдү,
Анан ал айласыздан кайтат сага,
Жүрөт ал көзүң менен тең айлана,
Жашайт ал күнү-түнү сен деп гана.
Бирок да көңүл-ою башка жакта,
Ошондо да болот абдан алыстыкта.
Буга каршы сен эч нерсе кыла албайсың».




