Ак кайыңдын күкүгү кышта үн катпас...
* * *
Ак кайыңдын күкүгү кышта үн катпас.
Керең болуп эсим да пастап, кулак пас.
Жок эч нерсе келмеден башка ойдо чын:
Кечир мени, Обо-Эне, муңдан Колдоочум.
Таяк тык-тык, такасы бар өтүгүм да тыкылдап,
мектебиме баратамын көпүрөдө тыпылдап,
суу боюнда кыңкылдатып кыл аспапты бир майып,
обонго да окшото албай ойноп жатат кыйналып,
ал анткени азыр жашоо түккө турбас шор сындуу,
анткени ал самолёттон самокатка олтурду,
жаштыгы же мессершмит, медсанбатпы айыптуу,
ак кайыңдын күкүгү кышта үн катпасы анык бу.
Көпүрөдө, ак тактайда мени менен келаткан
жашоо болчу болгондой, өгөй-эне гүл ачкан —
огородду казган жерде, теске салып бакчаны,
киночу Гулин чуркап жүрүп кроссворд чечип жатканы,
балбан делген устат музыкант Тадэ барат көшөрүп,
баян эмес, кирпич салган чоң кутуну көтөрүп,
чыңаганы булчуң эмес, жанданат деп дух кандай,
абаны да дирилдетип «Жапан аары учкандай».
Тагдыр! мына — коңшу жашап, болгун мында санакта.
Анан бизди кезек менен көмөт кайың тарапка,
айлана бүт дымырап, күкүк гана үн салган...
Обо-Эне, Колдоочум, кечир бизди муңканган.