Боз кепкачан бала бойдон кармалсам...
* * *
Боз кепкачан бала бойдон кармалсам,
өзүм менен өзүм болуп келем-эй.
Жалган-чындын ортосунда сандалсам,
сентябрдын жалбырагын тебелей.
Аллеяда жайлуу орунду мен издеп,
каңгып жүргөн биз экөөбүз элебиз,
өткөн күндү келер күнгө желимдеп,
кетебиз да, кайра мында келебиз.
Муңдуу сүрөт кетпейт эч бир эсимден:
өчөөрүнө күздүн калган аз убак,
көлчүктөрдө түшкөн мөмө четинден,
ырлар анан ортосунан жазылат.
Ырдын башы эбак эле жазылган,
бирок эсте изи дагы калбаптыр.
Жамгыр болуп тамчылаган чатырдан,
Балким, ошо болгон эмес таптаакыр.
Бирок, бала болгон эле чынында,
жан адамга көрсөтүүдөн кызганган
дептерине жазчу дымып ырын да,
акыркы сап бүтөрүнө аз калган.
Боз кепкачан бала бойдон кармалсам,
өзүм менен өзүм болуп келем-эй.
Жалган-чындын ортосунда сандалсам,
сентябрдын жалбырагын тебелей.
Аллеяда жайлуу орунду мен издеп,
каңгып жүргөн биз экөөбүз элебиз,
өткөн күндү келер күнгө желимдеп,
кетебиз да, кайра мында келебиз.
Муңдуу сүрөт кетпейт эч бир эсимден:
өчөөрүнө күздүн калган аз убак,
көлчүктөрдө түшкөн мөмө четинден,
ырлар анан ортосунан жазылат.
Ырдын башы эбак эле жазылган,
бирок эсте изи дагы калбаптыр.
Жамгыр болуп тамчылаган чатырдан,
Балким, ошо болгон эмес таптаакыр.
Бирок, бала болгон эле чынында,
жан адамга көрсөтүүдөн кызганган
дептерине жазчу дымып ырын да,
акыркы сап бүтөрүнө аз калган.




