Күнөө күбөлөрү

Улан кезден ширмач* болуп алгам да,
Билгем анан милийсага түшүп калганда:
менин гана энчимдеги из бар тура манжамда.
Ууруга бул өлүмдөй өзгөчөлүк керекпи —
өмүр бою бактысыздык эмеспи!
Кайталангыс сүрөтпү, жоголсунчу балакет,
Кыйналсам да — кескилеп, кылдым канча аракет,
Бирок акча бетиндеги белги сымал тайбаган
чыккынчыдай чыга келди кайрадан.
Кылмыштагы алхимия канга бөлөп кызыл-ала,
ууктурдум аки ташка, бертоллет тузуна да.
Баары бир каргыш тийгир сызыктар дагы мына,
багынбаган абийирдей келе берди калыбына.
...Чүпүрөк-чапыракка кызыкпагам жашыман —
аңырайып карагандар жакпайт мага башынан.
Ырларымда эч кимге келбейт эч бир окшошкум,
аларды ошо манжамдын изиндей көрүп соттошсун.


* Ширмач — чөнтөкчү бала.